"Агым", 14.11.08 - 16-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Курсагың турса кампайып, кутурууга эмне айып?

Аткаминерлер ашканасы
Акыркы жылдарда Бишкектин көркөм архитектуралык табылгасы катары күн санап түркүн түстө курулуп жаткан ресторан-кафелерди айтууга болот. Коюлган аты да, жасалгасы да сонун. Канчалык көп болгонуна карабай дем алыш күндөрү, майрамдарда орун тийбей, бир жума мурда дайындап коюуга туура келет. Аш-тойлорду абройлуу делген кафелерде өткөрүү адатка айланып, атаандашуу күчөп барат.
Ашказан апызасы
Абройлуу кафе-ресторандарда тамактануу, анын чыгымын төлөө - кардардын чөнтөк дараметине жараша. Катардагы ашкана сыяктуу тамактануучу жайлар деле азыр "кафе" деп көрүнгөндү кашка саясат. Алар базарларда, автобекеттерде, эл көп чогулган жерлерде жайгашкан. Башкаларга караганда тамактын наркы арзан. Андыктан эл көп кирет. Андан кийин чоң көчөлөрдүн четине, кичирайондорго, шаардын сыртына салынгандарын, катардагы кафелерди санасак болот. Кечкисин эстрада ырчыларын ырдатып, кыздарды бийлетишет. Аянты кенен жеке бөлмөлөрү, оюн залдары өзүнчө. Тейлөө шарты жакшы. Тамактардын баасы бир аз кымбат. Ошого жараша "беркилери" да… Негизинен бул кафелерге чакан бизнесмендер, катардагы кызматкерлер, ишкер адамдар киришет. Ал эми карапайым кишилер кез-кезде майрамдык шылтоо менен башбакпаса, чөнтөгү жука.
Каранын сулуусун эмес, калтаңдан изде!
Булардын айрымдарынын сырткы көрүнүшү жупуну болгону менен тамагы өтө кымбат. Кардарлары чет өлкөлүктөр, ири бизнесмендер, ЖК депутаттары, министрлер, атайын кызматтын төрагалары, сот, прокурорлор ж.б. чоңдор. Ошондой кафелердин катарына "Санта Мария" рестораны кирет. Бул жерде кадимки эле бир чыны чай 30 сомдон 100 сомго чейин болсо, кофе 80-250 сом, салаттын түрлөрү 180 сомдон 2000 сомго чейин, вискинин 100 граммы 190-1000, шампан 400-7000, вино 370-800, коньяк 90-900, тамактары 500 сомдон 7000 сомго чейин. Эгер музыка заказ кылсаңыз он миң сом төлөйсүз. Ал эми тамеки тарткыңыз келсе 250 сомдон 1000 сомго чейин санап берүүгө туура келет. Бул жерде иштегендердин айтуусунда, кардарлардын көпчүлүгү дагы эле депутаттар менен министрлер. Албетте, күн сайын киришпейт. Көбүнесе жакшылык окуяларды белгилөөдө чогулушат. Наркы кымбат кафе, ресторандардын катарын "Пекин", "Аристократъ", "Адмирал", "Золотой дракон", "Адриатика" ж.б. толуктайт. Бул жайларда конок болгон чоңдор аш үчүн эмес, аброй үчүн акча төлөшөт.
Жакшы тамак калганча… жакшысы айрылсын
Биз министрликтеги кызматкерлерге, депутаттардын өзүнө чыгып, көбүнчө кайсы жерден тамактанасыз деп суроо узатсак, дээрлик бардыгы үйдөн, шартка жараша ар кай жерден деген жоопту беришти. Бир кезде Аскар Айтматов Тышкы иштер министри болуп турганда "Санта Мария" ресторанына кирип, 18 миң сомго тамактанып чыкканын орус тилдүү гезиттер чуу салышкан. Анткени, агезде 18 миң сомдун баркы күчтүү болчу. Бир аз мурда депутаттар, министрлер мындай кафелерге түз эле кызматтык машинеси менен келсе, азыр бул жоругун коюп, башка машинеде келчү болушту. Биздин оюбузча, мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар айлык маянасын бир түштөнүү үчүн сарптабайт. Кымбат баалуу мындай кафелерге айына бир эле жолу кирүү да оңой акчага турбайт.
Жакында Роза Отунбаева Кыргызстандын эң ири бизнестери депутаттардын колунда турганын айтты. Чынында парламентте олигархтар жетиштүү. Биз да булардын онун санап бергенбиз. Депутаттар арасында казиносу, кафеси барлар көп. Жашырганда эмне, азыр пара алуу, пара берүү сыяктуу коррупциянын өзөгүн түзгөн нерселердин гүлдөп аткан кези. Кабарын уккан менен кармай элекпиз. Анан кантип эле жел менен кошо келген акчага депутат аке же министр бир порциясы 7000 сомдук тамак жеп, 100-200 граммы миң сомдук коньяк ичпесин. Башкасын деле кылат да.
Биздин иликтөөбүзгө ылайык, мындай ресторандарга кирүү "ынак достордун" чөйрөсүндө болот. Эгер кафеге чакыруунун кезеги министрге келсе, ал чөнтөгүнөн акча коротпойт. Министрликтеги майлуу, ары кирешелүү орунда олтургандарга акырын буюруп коет. Алар үчүн 4-5 миң доллар кеп эмес. Эмне демекчибиз, "күнчүлүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин" дегенди биздин чоңдор жогорку чеберчиликте аткарып жаткан кербези.

Аскул КЕНЖЕБАЕВ




  Капчыгыңа карап, кардыңды сыла

Сотогойуңду айтчы, кимдигиңди билип берейин

Аргасыздан бир окуя эске түшөт. Агезде жаңыдан чөнтөк телефону чыгып, модага айланып аткан кез. Кайсы бир аткаминер ажаатканада отуруп алып жубайына звандап атат дейт:"Алло, алтыным, кагаз алып келчи…" Мурда колтелефон ушундай баалуу эле, анча-мынча капчыктуулар гана көтөрүшчү. А азырчы? Башкаларды айтпай ак коелу, бала бакчага барган бөбөктөр дагы сотке менен "сен" деп сүйлөшөт. Ал эми жооптуу кызматты аркалаган чиновниктерибиз өлдү дегенде экиден чөнтөк телефонун колдонушары маалым. Кыргыздын оппозиция-позиция маанайын жараткан саясатчылары, Акүй, Көкүй чиновниктери кандай маркадагы телефон колдонору, эң жогорку баадагысы кимге таандык экендигин изилдеп көрдүк.

Министрлер парады
Министрлердин көпчүлүгү Nokia маркасындагы телефон колдонушат экен. Алардын ичинен С.Раевдикин "старик" десек жарашчудай. Не дегенде, Султан Палван соткесин мындан төрт жыл мурда 2850 сомго сатып алыптыр. Анысы айына 1000-1500 сомдун башын жейт. Ал эми Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов Vertu үлгүсүндөгү сотке колдонот дешет. Мындай маркадагы чөнтөк телефондун эң арзаны 5 миң доллар турса, эң кымбаты 10 миң еврону чапчыйт. Өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен кымбат баалуу кол телефон (орточо наркы 400-500 доллардын тегерегинде) көтөргөндөрдүн тизмеси: Арстанбек Ногоев, Айгүл Рыскулова, Эднан Карабаев жана Камчыбек Ташиев. Булардын көпчүлүгү кеминде экиден аппарат (телефон) колдонуп, Bitel, MegaCom уюлдук түйүндөрүн пайдаланышат. Соткелерине айына төрт миңден 18 миң сомго чейин акча салып "тойгузуп" турушат. Албетте, бул чыгым өз чөнтөктөн эмес, мамлекет чөнтөгүнөн төлөнөт. Көпчүлүгү жашырылган номур (засекреченный номер) колдонушат, сырттан келген чалуулардын музыкасы: тыңын, тыңын, тыңын…

Оппозиция да кем эмес
Оппозиционерлердин көпчүлүгү министрлер сыяктуу Nokia үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун колдонушат. Katel уюлдук компаниясынын кызматын колдонгондору өтө эле аз. Ар биринде болбоду дегенде экиден аппарат бар. Оппозициячыл саясатчылардын ичинен Темир Сариевдин колтелефонун "фигурный" десек жаңылышпайбыз. Башкалардан айырмаланып, Темир мырза бели ичке чөнтөк телефон сатып алган (болжолдуу наркы 400 доллар). Ал эми "Атамекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев эки сотке көтөрөт (Bitel, MegaCom), баасы өтө кымбат эмес, 100-150 доллардын тегерегинде. Оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов Nokia үлгүсүндөгү эки аппаратты үч жылдан бери колдонуп келет (орточо наркы 6000 сом). А.Жекшенкуловдун номурун билгендер, бирдик коротом деп баш оорутпайт. Шаардык телефон аркылуу түз чыга беришсе болот. Сырттан келген чалууларды классикалык музыка коштоп турат. Аликбек мырза айына эки "тулпарынын" "соляркасына" 3000-3500 сом сарптайт экен.
Оппозициячыл саясатчылардын ичинен бир гана Абдыганы Эркебаев чөнтөк телефонун колдонбойт. Атургай смс жөнөткөндү да билбейт дешет.

Кагылайын менин алтын энем…
ЖК төрага орунбасары Азиз Турсунбаев соткелеринин саны боюнча кесиптештеринин арасында алдынкы орунда турат. Тактап айтканда, колтелефон салчу сумкасында алты аппарат жүрөт. Ар биринин орточо наркы 150-200 доллардын тегерегинде. Айына канча сом сарптай тургандыгын тактай албадык. Ал эми анын кесиптеши Бегалы Наргозуев эки аппараттын "атасы". Анын бирин 600 долларга сатып алган. Бирөө-жарым звандаса телефонунан Мирбек Атабековдун "Алтын энем" ыры жаңырат. Бегалы мырзанын дагы бир артыкчылыгы ушул - смске смс менен жооп бергенден тажабайт. Парламентарийлердин ичинен Аскар Салымбеков алигиче смс жазганды билбегени кызык. "Дордойчу" бизнесмен:"Кантип эринбей тамганы бирден теришет? Мага деле смс жөнөткөндү үйрөтүп койсоңор" деп тамашалап калат. "Акжолчу" депутаттын азырынча үч симкартасы бар, алардын ичинен экөөсү Bitel, бирөөсү MegaCom уюлдук түйүнүнө таандык.

"Арвинден" бекер телефон
Кыргыз хирургдарынын алдыңкы сабында турган Сабырбек Жумабековдун жашоосу бейиш. Дегенибиз, "Арвин-Артезиан" фирмасы профессордун байланышка кеткен чыгымын толугу менен төлөп берет. Албетте, бекер эмес. "Арвинге" ыраазычылык иретинде С.Жумабеков компаниянын эмгек жамаатына бекер кызмат көрсөтөт. Ал эми биздин мурдагы кожоюн, УТРК башдиректору Мелис Эшимканов өлкөнүн үч негизги байланыш операторлорунун кызматын пайдаланат. Негизги телефонун маркасы Nokia 6300.

СМС жазып эсиң оойт
Ортомчу позициядагы саясатчылардын бири Тайырбек Сарпашев мындан төрт жыл мурда 150 долларга сотке сатып алган. Ошондон бери анын "көзүнө чөп сала" элек. Айына 1500-2000 сомго "май" куюп турат. Смс жазсаң такыр жооп бербей эсиңди оодарат. Андыктан, убара болбой эле шаардык телефондон түз чыкканыңыз оң. Ал эми экс-акыйкатчы, "ЭрК" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу быйыл эки симкарталуу телефон (Samsung) белекке алды. Аппарат MegaCom жана Bitel компанияларынын номурун алып жүрөт. Жалпы жонунан айына 2100 сом акча сарпталат.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ