"Агым", 07.11.08 - 9-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сөз жана сөөк

Калем кадыры тозбосун
Бүгүн 7-ноябрь басма сөз күнү. Колуна калем кармагандар майрамыбыз деп жүрүшөт. Журналистиканын, журналисттердин күңгөй-тескейин ошо чөйрөдөгүлөрдөн башка ким айтат? Ушу себептүү түрдүү пикирлерге орун бердик.

Саясый доордун локомотиви
Каныбек ИМАНАЛИЕВ, мурдагы журналист, "Туран" саясый партиясынын теңтөрагасы
- Саясатчы катары эмес, мурдагы журналист катары азыркы кыргыз басма сөзүнө кандай мүнөздөмө берет элеңиз?
- Баары салыштырмалуу. Ортазиянын башка өлкөлөрүнө салыштырганда биздин журналисттер профессионалдык жактан да, көзкарандысыздык боюнча да тигилерден бийик турат. Россияныкына караганда биздикилердин профессионалдык деңгээли төмөнүрөк, басма сөз эркиндиги артка кетти. Эркин телеканал да жок. Эркин басма сөзгө, эркин журналисттерге куугунтук көрсөтүлүүдө. Кыргыз журналистикасы акыркы 15-17 жылда саясый доордун негизги локомотиви болду. Негизги саясатчылар журналисттер менен тыгыз байланышкан.
- Журналистика коомду алга сүйрөй алдыбы?
- Муну бир жактуу айтыш кыйын. Эркин ой, аң-сезимдин өнүгүшүнө сөзсүз оң таасирин берди. Эркин сүйлөө, жазуу, эркин сүрөт тартуу, обон чыгаруу сыяктуу эле адамдын табигый эркиндиги. Бирок сөзгө жоопкерчиликтүү мамиледе мүчүлүштүк бар. Мурда журналисттин коом алдындагы моралдык да, профессионалдык да жоопкерчилиги өтө чоң эле да.
- Дегеле азыркы журналисттерде жоопкерчилик барбы?
- Азыр ар кимдин деңгээлине жараша. Анткени ар кандай гезиттер чыгып атат. Жоопкерчилик жөнүндө айтканда, "Би-би-си" радиосунун журналисттери ар бир факты, окуяга абдан этият мамиле кыларын айтса болот. Кээ бирлери факт эмес, кыргыз тилин сыйлабагандары да кездешет.

"Бул жөн эле белгилүү дата"
Бермет МАЛИКОВА, "Вечерний Бишкек" гезитинин атайын кабарчысы:
- Майрамыңыз менен!
- Бул күндү мен майрам деп эсептебейм. Жакшы журналисттердин ишин өкмөт баалайт, бирок баарыныкын эмес.
- Сиздин оюңузча, журналисттин ишин өкмөт эле баалаш керекпи?
- Айрым компаниялар да баалашат, бирок ар кандай болот. 7-ноябрь журналисттердин кесиптик майрамы же майрамы эмеспи деген суроого жооп берүү мен үчүн оор.
- Дегеле басма сөз күнүн белгилөөнүн зарылдыгы бар беле?
- Бул жөн эле "Эркин Тоо" гезитинин биринчи жолу чыккан күнүнө туш келген белгилүү дата. Мен үчүн майрамдардан эки эле майрам бар, бири жаңы жыл, экинчиси туулган күн.

"Журналисттер маяна, калем акыны актоого мажбур"
Бермет БУКАШЕВА, "Лица" гезитинин башредактору:
- Азыр журналисттердин саткынчылыгы жөнүндө айтылып жатат. Сиздин оюңузча, эгер саткынчылык болсо, ал эмнеден болууда?
- Байкуш журналисттер деле үй-бүлөсүн багышы керек да. Алардын сатылганы гезиттердин кожоюнуна, алардын көрсөтмөлөрүнө байланыштуу. Эмнени кандай жазыш керек, кайсыны жазбоо керегин ошолор аныкташат да. Мен деле башка жактан заказ болгондо гана сатылат дегенге кошулбайм. Журналисттер болгону гезиттин кожоюнуна көз каранды. Ушу бир чети саткандыкка жатат, анткени журналист маяна, калем акы алган соң, аны актоого мажбур.
- Журналисттердин ушундай абалы басма сөзгө, коомго кандай таасир тийгизип атат?
- Таасири жаман болууда, ошондон улам гезиттерге ишенбөө пайда болуп жатат. Көп адамдар маалыматтардан чындык менен жалганды ажырата албай жатышат. Бир жагынан бизде анча деле трагедия жок. Баарыбир журналисттердин иши пайдалуу эле болуп атат. Биз болбосок, эл маалыматты кайдан алышат эле? Маалыматтарды ар ким өз деңгээлинде ылгап алышат. Ойлонгон адам чындыкты акыры табат.
- Сиз саясатчысызбы же журналистсизби?
- Негизи мен биздин саясатты жактырбайм. Бирок саясат жөнүндө жазган журналист катары айла жок аны менен аралашып жүрөм. А бирок эч нерседен көз карандысыз болууну каалайм. Эч бир топко кызмат кылбай, баарына бирдей болууну эңсейм. Бирок чындыкты жазсаң эле оппозиция деп ойлошот. Чындыкты айтуу жана сындоо биздин парзыбыз да.
- Сиздин гезит кимге көз каранды?
- Эч кимге көз каранды эмес. Гезиттин негиздөөчүсү катары мага гана баш иет. Балким ага саясатка болгон менин көз карашым таасир тийгизип аткандыр. Мен көз карандысыз болгум келет. Бирок басма сөзгө чыгалбай аткандарга сөз берем. Мисалы, оппозициядагылар басма сөз беттерине кенен чыгалышпайт, аларга ошонүчүн гезит аркылуу мүмкүнчүлүк берем. Бирок бизге жаккан нерселерди жазсак эле ошолорго кызмат кылгандай түшүнбөш керек. Биринчи кезекте биз өз окурмандарыбыз, өлкөбүз үчүн аракет кылабыз.

Чиновниктер баары бир тынч укташпайт
Мүсүркул КАБЫЛБЕКОВ, публицист:
- Кыргыз басма сөзү азыр "төртүнчү бийлик" кызматын аткаруудабы?
- Менимче аткарып жатат.
- Кантип?
- Биздин кыргыз журналисттери баарыбир чиновниктерге тынчтык бербей келатат. Журналисттерди кууп, соттоп, коркутса деле баарыбир чиновниктер алардын курч калеминен сестенип турушат. Ошон үчүн алар эртең менен гезиттерди окушат. Журналисттердин жазгандарына көңүл бурушат. Бизде күчтүү журналисттер бар.
- Сиздин оюңузча кыргыз басма сөзүндө олуттуу журналисттик материал басымдуу кылуудабы же ушак көптүк кылуудабы?
- Башкасын айтпай эле коеюн, бирок айрым басылмалардын деңгээли мени абдан таңгалдырат. Анализ, факт дегенден эчтеке жок эле, карандай ушак, фактыларды бурмалоо, улутчулдуктун фактылары учураган гезиттер бар. "Жаңы ордо" гезити жөнүндө айтып жатам. Мындайда дегеле журналисттин деңгээли жөнүндө сөз кылып кереги жок. Анткени алар фактыларды бурмалап, жалган нерселерди жазып жатышат.
Аскер САКЫБАЕВА




О, уйкашкан улуу учур
Өктөбүрдүн келген кези
Сары түс Өктөбүрдүн келген кези.
Салкын жел өөдө-төмөн
желген кези.
"Охулап" колун үйлөп
бечаралар,
Ой-кырдан тезек издеп терген кези.

Жарык чырак жалп этип өчкөн кези,
Жамбаштан мупмуздак сыз өткөн кези.
Көөлүк таппай калпагы жок
кара кыргыз
Көмүр издеп өтүкчөн суу
кечкен кези.

Баалардын асман-айлап учкан кези,
Байкуштар эмне көрсө жуткан кези.
Чоңдоруң карт кекирип, казы чайнап,
Чоңойгондор эки бутун бир кончко тыккан кези.

Сулуу таңдар суук тартып өткөн кези,
Сууларың коюу тартып аккан кези.
Тойбогон эл түшүнө таруу
кирип,
Тоокчо күүгүм кирсе жаткан кези.

Унутулуп өрт сымал жайдын кечи,
Улутунтуп Өктөбүр айдын
кечи.
Ма десе беш жүз кышың
бирге келсин!
Мантайып мансаптуу жок
кайгы жечү.

Алгала, эгемендик келген өлкөм,
Алакчылап байлыкты берген өлкөм.
Күйүп бүтүп түгөнүп баратат деп,
Күндү өчүрүп салбаса экен бүгүн-эртең!!

Жолочу РЫСБАЕВ