"Агым", 07.11.08 - 7-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сейил маек

Бул ирет "Арнамыс" партиясынын лидери, учурда Энергетика дирекциясын жетектеп аткан Феликс Куловду сейилге чакырдык. Октябрдын соңу менен 60ка толгон Феликс мырзанын саясаттан чарчаган-чарчабаганы туурасында төмөнкү маектен жооп тапсаңыз болот, окурман.

Феликс КУЛОВ:
"Менде баары алдыда"
- 60 жаш. Бул куракта адамды кандай ойлор басат, эмнени кыялданат?
- Чыгышта мындай курак жыйынтык чыгарчу маал эмес. Бул руханий өнүгүүнүн башталышы гана. Бир ирет атамдан саясатчы үчүн кайсы курак эң ылайык санарын сурасам, ал айткан эле: "40 жаш эрте, 50 жаш эртерээк, 60 жаш эң ылайык курак" деп. Чындап эле жаш кезде адам ар нерселерге алаксый бериши ыктымал. Адам өмүрүнүн экинчи бөлүгүндө урпактарга кантип из калтыруу туурасында ойлоно баштайт. Жеке кызыкчылык деген өңдүү нерселерден арылып, эл эсинде эмгеги менен сакталууну гана көздөп калат. Ушул - мен үчүн башкы милдет. Албетте, өзгөчө биздин экономикалык шартта бул эң татаал. Энергетика боюнча дирекция түзүү алдында көп ойлондум. Анткени, жүргүзүлүп аткан саясатка нааразылык күч эле. Пикирлештерим менен кеңеш курдум. Жазындагы оппозициянын курултайына тилекке каршы өзүм катышалбай, бирок, сөзүмдү элге басылма түрүндө жеткиргем. Ошол жыйында бизден Бөдөш Мамырова сүйлөп, энергетиканы өнүктүрүү боюнча өкмөткө партиянын сунушу бар экендигин жана аны ишке ашырууга катышууга ниеткердигин билдирген. Курултай катышуучулары аны сүрөөн менен кабылдаган. Биз эч кимден оюбузду жашырган эмеспиз. Кийинчерээк энергетика жаатындагы сунушубузду Президент колдоду, ишке кириштик. Ооба, сын да керек. Сындайлы, бирок, катаал жагдайда кыйынчылыктан чыгуу үчүн кандайдыр аракет да көрүүгө тийишпиз. Англис ойчулу Ф.Бэкон белгилегендей, "В тяжелые времена от деловых людей пользы больше, чем от добродетелей".
- Жакында Темир Сариевдин китеби чыкты. Окуган болсоңуз, кандай ойдо калдыңыз?
- Мага белгилеп көрсөткөндөрүн окуган соң, аягына дейре толук караган жокмун. Анткени, андан аркысы түшүнүктүү. Мисалы, 48-бетинде 18-апрелде Байболов, Текебаев, Сариевден турган делегация президент менен жолугуп, ал жерге Кулов, андан соң Мадумаров келип кошулганы айтылат. Ошондо Кулов бир нерсени айткысы келди. Сариевдер тараптан эч ким ага сөз бербегенин, Куловдун ою аларга кызык эмес дейт имиш. Бир гана нерсени айтайын - ал жерде мен болгон эмесмин! Ошол жерде болгон күндө да эч качан мындай кепти Текебаев да, Байболов да айтпайт эле. Анткени, бул алардын деңгээлинде эмес. Башка учурларына токтолгум да келбейт. Анткени, китепти толук окуп чыккандардын пикиринде чындык аралашкан жалган фактылар камтылган. Т.Сариев "Шах кыргызской демократии" китебинде "МЕН" деп көп колдонуп, жаңы тарыхтагы өз ролун ирилете берген. Андыктан, китебин "Сариев - шах кыргызской демократии" деп атаса туура болмок экен.
- Оппозициянын жаңы концепциясы туурасында не кебиңиз бар?
- Жаңы деп атоо менимче, ылайык эмес. Себеби, анда камтылгандар мурдатан биз тараптан айтылып келаткан гана талаптар. Ошол гана кайрадан сунушталууда десек болот. Биз мурдагы айткандарыбыздан четтебейбиз, конституциялык реформаны тереңдетүүгө дагы да ниеткербиз. Парламенттик республиканы колдой турганыбызды Акаев убагында эле расмий түрдө билдиргенбиз. Ал ойдон кайтпайбыз. Бирок, качан каалоолор ишке ашары - бул башка маселе. Учурда өлкө катаал кырдаалда. Азыр саясат эмес, экономикадан кеп козгойлу. Дүйнөдөгү экономикалык кризис эпкининен биз тыш калбайбыз, ага катуу урунабыз. Электр энергиясысыз экономика жок. Ошол себептен, энергетика боюнча сунуш киргизерден мурун партиябыз өз ара талкуулап, лозунг кабыл алган. Эсиңиздерде болсо, Лениндин: "Коммунизм=Совет бийлиги+электрлештирүү" деген белгилүү урааны болгон. Биздин пикирде, "Кризистен чыгуу=чынчыл бийлик+электрлештирүү". Президент Бакиевди жактырсак-жактырбасак да, анын кайрылуусунан эки нерсени белгилегим келет. Көзкарандысыз башкаруучу компанияларды киргизүү туурасында айтты. Менимче, эч кандай эксперимент жасабастан эле тезинен, анан да материалдык жоопкерчилик тагуу менен бул саамалыкты киргизүү зарыл. Себеби, жоопкерчилик четке кагылат да, баары башкаргысы келет. Менталитетибиз ушундай, ар бир экинчи же үчүнчү кыргыз өлкөнү башкарууга жөндөмдүүмүн деп эсептейт. Кайсы бир мамлекеттик ири ишкананы башкаргысы келеби - өз чөнтөгүнөн чоң акча койсун, албетте, мамлекеттен маяна алып турат. Ийгиликсиз иштедиби, акчасын кайрый албайт. Экинчи, президент мамлекеттик мүлктү башкаруу менен сатуу функциясын бөлүштүрүүнү сунуштады. Биздин мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети сатып гана тим болот, башкарбайт. Мамлекеттик мүлктөрүбүз миллиондогон акчага бааланса да, ал өлкөгө эч пайда алып келбейт. Ошол себептен, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча атайын комитет иштеп, ал мыкты башкаруучу компанияларды табуу менен алектенгени оң. Ушул нерселерди жаңы жылга чейин ишке ашыруу зарыл.
- Саясаттан чарчай элексизби? Рубриканын алкагында сөздү сейил-кепке бургум келип турат.
- Көнүп калган нукта кеп улап кеттим да. Саясаттан эмес, курулай сындан тажадым. Ошондуктан, конкреттүү сунуш менен чыктык. Мага билим бергендер: "Кандай маселе болбосун аны изилдөө, анализдөө конкреттүү чечим менен жыйынтыкталышы зарыл" деп үйрөтүшкөн. Туура чечимби же туура эмеспи, аны эл талдайт. Бизде азыр сын арбын, бирок, жоопкерчиликтүү жана упай топтоодон тыш сунуштар жокко эсе.
- Өзүңүздү өзүңүз жемелеген учурлар кездешеби? Балким, кандайдыр бир чечимден соң…
- Өзүңө өзүң суктанып, сыймыктанган туура эмес да. Албетте, өзүмдү өзүм урушкан учурлар көп. Эгер жанымда мыкты кеңешчилер болсо, же акылдуурак болсом (күлүп), балким, көп катачылыктарды айланып өтмөкмүн. "Акылдуулар башкалардын катасынан сабак алат" дешет. Тилекке каршы, дайым акылдуу боло бербейт экенбиз.
- 60 жаштан соң мусулманчылыкта пайгамбар жашы деп саналат…
- Пайгамбар элге жол көрсөткөн. Тилекке каршы, 60 жаштагылардын баары пайгамбарга тең келалбайт. Ошондуктан, ыйык адамга салыштыруу натуура.
- А динге көзкарашыңыз кандай?
- Динге жана Кудайга ишенүү деген менде эки башка түшүнүк бар. Мисалы, колонияда мусулманчылыктагы бардык майрамдарды уюштурууга, мечит курууга да жардам берчүмүн. Бирок, эмне үчүн мечитке барчу эмесмин? Мечиттин имамы 20 жылга кесилген милициянын сержанты эле. Ал киши мени эмнеге үйрөтө алат? Ушул оюмду такыр жеңалбай койгом. Адамдар Кудайга дин аркылуу жол издешсе, анда анын жаманы жок. Бирок, дин фанатына айланып, Хизб-ут Тахрир сымал аракеттерге баруу - бул Исламга да ылайык келбейт. Түштүктөн көздөрүн гана көрсөтүп, бетин жамынган кыз-келиндерди көргөм. Менимче, бул чектен чыккандык. Куран окуп атканда бычактарды жашыра калабыз, а ички ойлорчу? Менимче, Кудайга болгон мамиледе сырт эмес, ички дүйнө маанилүү.
- Мааракелик куракты кантип белгиледиңиз? Угушубузда жогорку бийлик өкүлдөрү катышпаптыр го…
- Бир дагы министр же депутатты чакырбадым. Мен аларды сыйлайм, баары жакшы адамдар. Бирок, учур катаал. Алар менин дасторконумдан ток тартып же телегейи тегиз боло түшпөйт. Айылга бардым. Байтик айылдык кеңешине 6 айыл карайт. Ар бир айылдан аксакалдарды, мени колдоп келгендерди чакырдым. 300 кишилик кафе экен, 100 адамга ашык келди окшойт. Тойдун бүт шааниси жасалды. Меймандарымды оюн, сөз, ыр, лотерея шылтоосу менен кур кетирбей, баарын белек менен узаттым. Бир сөз менен айтканда, карапайым айылдаштарыма той куруп, ыраазычылык билдирип, бата алдым.
- 60ка келип калган адам балалыгын эстейби?
- Ага чоло деле тийбейт… Китеп жазгам. Жакында Москвада басылып чыгат. Анда эч кимге эч нерсе үйрөткүм келген жок. Албетте, саясат жок эмес, бирок, абдан жөнөкөй. Мемуар сымал десек болот. Аябагандай тарыхый өңүттө болбосо да, карапайым окурманга кызык болсун деген ниетте анча-мынча балалыктан кеп салдым.
- Азыр балалыктан эскергиңиз келбесе, жок дегенде, балалыкта кыялга батар-батпасыңызды билсек болобу? Баары аткарылдыбы?
- Албетте, кыялданчумун. Арасынан конкреттүүсү - ВГИКке тапшыргым келчү. Ал жакка 2 жылдык тажрыйба талап кылынчу. Ошондуктан, университетке сырттан тапшырууга туура келди. Ал менен катар органда кызмат өтөп жүрдүм. Анан ошол нукта жол улап кеттим. Бирок, өкүнбөйм.
(Уландысы 14-бетте)