"Агым", 07.11.08 - 29-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу дүйнө

Сапар СОПУБЕКОВ жана НАЗМИнин жоруктарынан
(Назминин баяндоосунда)
- Таластан гастролдон кайтып, Бишкектин автовокзалына токтоткон машинебизге жөнөдүк. Ырчы Ынак Осмоналиев мага бир кап картөшкө салып берген. Концерттик костюмдарды жүктөнүп, Сапар менен Мирлан Жетигенов капты көтөрүп келатышкан. Жол кыскарталы деп вокзалдын машине койчу жайына артынан кирип келатабыз. "Аңырайып эмне мынча ачык, машинелерди тоноп кетсе эмне болот" деп ойлоп койгом. Бир маалда эле ошол жайдын чоң эшигинин оозунда олтурган үч киши "Кач, качкыла!" деп кыйкырып калышты. Кол жаңсашкан жакты карасак, азиат тибиндеги ушундай бир көлөмдүү ит бизге карай атырылып келатат! Качып жөнөдүк. Кап көтөргөн Сапар менен Мирлан бурулбастан, арты менен чуркап келатышат. Жазгы чөп шүүдүрүмдүү эмеспи, анан да берки күнү жамгыр жааган эле. Мен сыйгаланып кеттим, мага Сапар чалынып, анын үстүнө Мирлан жыгылды. Жанагы ит Мирландын бутуна 10 см. жетпей калды. Ошентип, аман калдык, болбосо, ал ит тиштегенин кое бербейт экен. Бир-бирибизди карап алып, каткырып бүтпөйбүз. Анан үйгө келгенде гана эсибизге келип, чоң кырсыктан сакталганыбызды түшүндүк.


  Студ-элес

Быйыл шоу өкүлдөрүнүн арасында экинчи билим алууга аттангандар арбын. Студенттик күндөрүн сагынгандай. Ошол эстен чыккыс мезгилдерден кеп салалы деген ниетте ырчыларга четинен кайрыла баштадык. Бүгүнкү мейман - НЕЛЯ. Ырчы кыз Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүсү, ал эми бүгүн Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун студенти.

"Диплом мага сүйүнүч да, өкүнүч да жараткан"
Студенттик курактагы…
Ой-кыял. Мектепти аяктаганда жаңы, кызык факультет деп кеңеш беришип, экологияны сунушташкан. Өзүм саякатты жактырам. Бир гана Кыргызстан эмес, өз кесибим боюнча дүйнө кыдыргым келчү. Меккени көрүү өзгөчө тилегим эле. Анткени, бул мусулман парзы эмеспи. Ошол кезден бери тилек боюнча келатат.
Терс сапаттар. Көп кечикчүмүн. Шылтоом транспорт болчу. Себеби, үйүм шаардын четинде. Канчалык эрте чыксам да, негедир кечигип калчумун. Бирок, сабактар аябай кызык болгондуктан, бир да сабак калтыргым келчү эмес. Дегеле дал ушул университетти аяктаганыма эч өкүнбөйм.
Ийгилик. Жаңы студент аталганда эле "Алло, мы ищем таланты" сынагында диплом менен сыйлангам. 2002-жылы КУУнун сулуусу аталгам. 2006-жылга чейин "Весна Бишкека", "Алатоо жазы" өңдүү студенттик конкурстардын бирин калтырбай катышып, жыл сайын диплом алып, лауреат атыгып жүрдүм.
Группалаштар. Бюджеттик бөлүмдө жетөөбүз гана окучубуз. Кыздардан Толгонай деген курбум экөөбүз гана элек. Азыр да доспуз. Группалаштар чачыранды болуп, көбү башка өлкөлөрдө экен. Кээде уюштуруучулардын гана чакыруусу менен барып, группалаштарымдын тойлоруна катышып калам. Күнүмдүк турмушта эмес, группалаштар менен көбүнчө тойлордо кезикчү болдук.
Аудитория. Мага лекциялык заңгыраган аудиториялар жакчу. Лекция жазган ушунча кыйын болчу. Анткени, ар бир тамганы кооздоп олтуруп, жетишпей калчумун. Кийин кыскартып жазганга үйрөнсөм деле үйдөн өз жазганыма өзүм түшүнбөй кыйналчумун. Кийин лекцияда мен эсалып, тез жазган кыздардан дептерлерин алып кетип, кайрадан сулуу тизмектеп көчүрүп алчумун.
Окутуучулар. Деканыбыз аябай боорукер, ушунча келишимдүү, жөнөкөй адам эле. Студенттер менен аралашып, баары менен тил табышканга аракет кылчу. Конкурстарга көп катышканымдан, сабактардан ошол киши уруксат алып берчү. Карыя мугалимдер катаалырак келет эмеспи. Алардын кыжырына тийбегенге аракет жасачубуз. Кыргыз улуттук университетинин экология факультетинин окутуучуларына ыраазычылыгымды баса белгилеп коеюнчу. Анткени, ошол кишилер чыгармачылыгыма башынан колдоо көрсөтүшкөн.
Конфликт. Өзүм каарман болбосом да, курбум Толгонайдын айынан башка факультеттин кыздары менен сүйлөшпөй калган учур болгон. 1-курста бизди Көлгө жөнөткөн. Бир себептер менен 3 күнгө кечигип бардым. Ошол кыска убакыттын ичинде эле курбум башка факультеттин кыздары менен жаңжалдашып кетиптир. Аябай арык, кичинекей, бирок, тили курч эле. Сөз менен жеңип, баарын ордуна коюп коюптур. Эң кызыгы, ошол эле кыздар менен бара-бара жакшы мамиледе болуп кеттик. Негизи, турмушта өзүм көп урушкум келбейт. Жаңжалдашып турганча, унчукпай басып кеткеним жакшы.
Табылгам - курбум Толгонай, азыр да мамиле улап келаткан мугалимдерим. Студенттик сахна мени чоң сахнага түрттү. Эң алгачкы күйөрмандарым - группалаштарым болгон. Алар журналисттерден биринчи суроо жаадырып, псевдонимимди талкуулашкан.
Жоготуу. Маркум атамдын демилгеси менен ушул факультетке тапшыргам. Жакшы окуп, дипломду атама көрсөткүм келчү. Ал эми университетти аяктап, дипломду алганымда менде бир чети сүйүнүч, экинчиден, өкүнүч болгон. Ал киши студент болгонумду көргөнү менен, дипломумду колго алып, куттуктап чекемден сүйө албай калды.
Арзуу. 14-февраль күнү аябай көп кат алчумун. Кээде ушунчалык аракет менен жасалган башкача бир открыткалар келчү. 5-курска чейин алып жүрсөм да, 1-курста эң көп кат алсам керек. Дос балдарым көп болчу. Кээсинен өзгөчө мамилени байкасам да, ортодогу достукту гана сактагым келчү. Аларга кеңеш берип, кыздар менен сүйлөшкөндү, алардын көңүлүн кантип ээлөөгө кеңеш бергенди жактырчумун. Менин кеңештерим дайым окуяны оңунан чыгарчу.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы