"Агым", 07.11.08 - 26-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сандан санга: сериал

Бейтаалай
Назгүл Калмамбетова
- Сиз эмне, Замира эже менен кайра жарашайын деген оюңуз барбы? Ачыгын айтыңыз, эгерде ошондой болсо, мен Актанды уурдасам да алып кетем. Актан сиздин да, Замира эженин да баласы эмес, ал менин балам, мен төрөгөм!.. - деди ызаланган Алтынай.
- Актан сенин балаң болсо, анда эмне үчүн төрөп, таштап, артыңды карабай качып кеттиң эле? Сен буга чейин Актан өз балаң экенин билчү да эмессиң… Эгерде бул жерге келип, Актанды багып калбасаң, экөөбүздүн ортобузда мамиле болбосо, таштаган балаңды таба алаарыңды бир Кудай билет. Эми антип айтпай жүр. Эгерде, баары жакшы болсун десең, Замира менен Актан тууралуу урушпа. Актан сенин балаң экенин эч ким билбеши керек, - деп эскертти Алмаз.
- Менин бүгүнкү кубанычым ушинтип жалп өчөбү! Мен Актанды баарыбир эч кимге бербейм!..- деп көзүнүн жашын агызган Алтынай ары басты.
l
Жаңы эле кубанычы койнуна батпай, өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу адам катары сезип аткан Алтынайдын шаабайы сууп отуруп калды. Демейде ашканада тамак жасап, оокат кылып кылдырап жаны тынбай жүрчү Алтынайдын дымы чыкпай өз бөлмөсүндө жатты. Даяр тамак-ашка көнүп калган Замиранын карды ачып, жанында ойноп отурган Актанды жетелеп ашканага келди. Муздаткычты ачып, Актан экөө жумуртка кууруп жеп, ширеден ичип бөлмөлөрүнө кирип кетишти. Алмаз да эмне кылаарын билбей конок тосчу бөлмөдөгү диванга чалкалай отуруп телевизор көрүмүш болгону менен санаасы санга бөлүнүп, оюн бир жерге топтой албай атты. Аңгыча аркы бөлмөдөн чыккан Алтынай:
- Мен эмне кылайын, тамак жасап, мурдагыдай эле жүрө берейинби же бул үйдөн кетишим керекпи? - деди көзүнүн жашын аарчып.
- Сени бул үйдөн ким кет дебатат?
- Замира эже…
- Ал айта берет. Айтпай жүрдү беле, буга чейин деле канча ирет сени кетирем деп аракет жасады. Бул үй меники, канча эмгек, аракет жумшап ушул үйдү салдым эле, эми Замирага бошотуп чыгып кетмек белем, эч жакка чыкпайм.
- Замира эже да чыкпайм деп атпайбы?
- Мейли чыкпаса, чыдап жашай берсин! Азыр кош бойлуу болуп турат, болбосо үйдөн эчак эле кууп чыкмакмын. Аны урушуп, кууп чыккандан элден уялат экенсиң. Эмне кылышты да билбей калдым.
- Анда мен бул үйдөн кетем… Мындан ары минтип жашай албайм, - деди Алтынай.
- А баланы кантесиң? Эгерде кетем десең, Актанды эч качан көрбөйсүң, - деп Алмаз Алтынайды ушундай жол менен кармап турууну чечти. Болбосо, Алтынайды кетпе деп жалдырап, аны алдап-соолап тоодой бакытты, сүйүүнү берем деп сөз бермек. Азыр Алтынайдын талуу жерин тапты. Мен үчүн болбосо да Актан үчүн калат деген ойго жетеленди.
Айласы кеткен Алтынай эмне кылаарын билбей ыйлап жиберди. Минтип буларга өчөшкөндөн эч пайда таппасын билди. Акыры өзүн-өзү колго алып, Актан үчүн баарына чыдайм деп ойлоду да, эч нерсе болбогондой ашканага барып, тамак жасап, күнүмдүк ишин аткара баштады. Тамак даяр болгондо Замира менен Алмазды ашканага чакырды. Замира Актан менен тамактанып алгандыктан Алтынайдын чакырган тамагына келген жок. Ашканада Алтынай менен Алмаз маңдай-тескей отуруп унчугушпай тамактанышты. Эмнегедир Алмаздын мүнөзү да өзгөрүлүп калганын Алтынай эми сезди. Ага ашыкча сөз айткандан айбыгып унчукпай отурду. Ал эми Алмаз Алтынай менен Даниярдын сүйүүсүнөн жаралган Актанды багып жүргөнүнө арданып, мындан көрө эч нерсени билбей, укпай эле жашай берсем болмок экен деп өзүнөн-өзү намыстанып атты. Эмнегедир Алмаздын көзүнө Алтынай жеңил ойлуу кыздардай көрүнүп, аны жек көрө баштаганына өзү да таң калды. Мүмкүн Алтынайды Даниярдан кызгангандан улам ушундай болуп атпасын деп да ойлоду. Бирок…