"Агым", 07.11.08 - 24-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Тамчы кабар

Белгилүү модель Алтынай ИСМАНКУЛОВА бүгүн Кореяда дүйнөлүк студент сулуулар конкурсунда ат салышууда. Бул 20 жаштагы сулуунун өмүрүндөгү 8-эларалык сулуулар сынагы.

Улуттук теледе "Сулуулук сырлары" берүүсү старт алмакчы. Анда ыктыярдуу каармандарга пластикалык операция жасалып, ал толугу менен телекөрүүчүлөрдүн назарына салынат. Операцияга чейин жана операциядан кийинки келбет салыштырылып, жыйынтыктары белгиленет. Каалоочулар КТР номурларын бураса болот.

АСЕМА актриса, ырчы гана эмес, жакындан тарта сценарист, режиссер аталуу аракетинде. Жыпар Исабаеванын "Адашкандар" аттуу китебинин негизинде сценарий жазып, Асема аны экрандаштырууга киришти. Башкы ролдо да өзү. Ал эми тасманын продюсери - жолдошу Акжол.

Продюсер Назгүл НАСИЕВА жума ортосунда кесиптеш, ырчы, тууган, досторун бүт чогултуп, туулган күнүн белгиледи. Кечеде Элмара Турсуналиеванын үнү шаңшыса, куттуктап келген меймандар туулган күн ээсин бенгал шамы, түстүү фейерверк менен тосуп алышты. Продюсер Назгүл быйыл 36га толуп олтурат.

Телеалпаруучу, шок жигит Эрмек НУРБАЕВ акыры көздөгөнүнө жетип, кыргыз КВНин - "Тамашоу" клубун ачты. Азырынча курамында - 14 команда. "Тамашоунун" ачылыш урматына ноябрдын алгачкы күнүндө ага мүчө топтор ат салышып, тамаша жаңыртышты. Жаңы жылга дейре аталган клуб мүчөлөрүнүн саны 20га жетиши мүмкүн. Себеби, шок кыз-жигиттерге дагы эшик ачык!