"Агым", 07.11.08 - 23-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  КҮЗ - 2008

Мода эксперттери кыргыз модасына суктанууда
Сооданын шарты боюнча аты чыккан товардын баасы бир кыйла жогору болот. Биздин жеңил өнөр-жай тармагында өндүрүш жакшы жолго коюлганы менен, атагы алыска тараган дизайнерлер саналуу гана. Дизайнерлердин жаш муунун тарбиялоо катары "Кыргызстан мода жумалыгы" жылына эки маал өткөрүлүп турат. 28-октябрдан 2-ноябрга чейин кезектеги "Күз" мода жумалыгы болуп өттү.
Конкурстук программага студенттерден тартып ири ишканаларга чейин катышышты. Адаттагыдай "Заманбап эника", "Жаңы көзкараш", "Шаардык стиль", "Авангард" ж.б. номинациялардагы коллекциялар болду. Бул сапар студенттердин аткаруусунда кичинекей балдар үчүн 2 коллекция көрсөтүлдү. Буга чейин кыргызстандык мода жалаң чоңдорго арналып келген.
Дизайнерлерди сынаганы советтик замандан бери атактуу дизайнерлер Зухра Мукамбетова, Татьяна Воротникова, Мадина Тапаева, чет элдерден "PARSONS" университетинин профессору, эларалык эксперт Тамара Альбу (Нью-Йорк),
"Русский Силуэт" фондунун президенти Татьяна Михалкова (Москва), "Райса" мода театрынын жетекчиси Райса Раимбекова (Павлодар) чакырылып, иш-чарага эларалык статусун беришти.
Татьяна Михалкова Кыргызстанга биринчи ирет келиши. Ал биздин модага суктанганын жашырган жок: "Кыргызстан биз үчүн ачыла элек өлкө болуп, бул жакта мода бар экенин уккан эмесмин. Силердин дизайнерлердин талантына, ойлоп табуучулугуна, улуттук технологиялардын заманбап түрдө жашап келатканына таң калып, суктандым. Ал эми модел кыздарыңар дүйнөнүн алдыңкы подиумдарына чыгууга татыктуу экен". Конкурстук программанын жеңүүчүсү, "Дыхание спорта" аттуу Анастасия Минакованын коллекциясы жаш дизайнерлердин "Русский Силуэт" конкурсунун 2009-жылдын май айында өтүүчү финалына жолдомо алды. Казакстандык Райса Раимбекова да бул коллекцияга өз баасын берди: "Аткарылышы, түстөрдүн келишкени, эң негизгиси - кийгенге даяр кийим. Башка дизейнерлерден кийизден жасалган кийимдер, шарфтар аябай жакты. Казакстанда дизайнерлер кийиз менен иштешпейт".
Жибекке жука кийиз беттеп жасалган түстүү шарфтар Кыргызстандын өзгөчөлүгү болуп калды. Этно-стилдеги юбкалар, күрмөлөр, тигиши жок сумкалар, үй тапичкелери чет элдиктер үчүн кызыктуу буюмдар. Анткени алардын башкы сапаты - колго жасалганы. Кийиз менен иштөө ыкмалары кыргыз уздарына эле эмес, өнөрчүлүккө кызыккандарга да тааныла баштады. Франциядан билим алган "IMAGE" студиясынын жетекчиси Надежда Шульган 2007-жылы алгачкы коллекциясында кечки көйнөктөрдү көрсөтсө, ушу мода жумалыгында түстөрү кубулган жибекке жука кийиз гүл болуп түшүрүлгөн шарфтарды көрсөттү. Биздин улуттук кол өнөрчүлүк бүгүнкү күндө модага кирип, жогору бааланганы кубандырбай койбойт.
Тамара Альбу Кыргызстандан өзү үчүн жагымдуу ачылыш жасаганын белгилеп, 2009-жылы АКШдан окуучуларын алып келүүгө убадасын берди. Анын окуучулары дүйнөгө таанымал "Донна Каран", "Викторяс Сикретс", "Кристиан Диор" маркасынын Нью-Йорктогу офисинин кызматкерлери ж.б.
Ушул сыяктуу иш-чаралар жаш муундарга эстетикалык сезимталдуулукту, кийим тандай билүүнү, маданияттуулукту үйрөтөт. Подиумда көрсөтүлгөн ар бир кийимдин кайсы учурга арналып, кайсы жашка туура келгени толук айтылат. Ал эми эң мыкты деп табылган коллекциялардан акыркы моданын үлгүлөрүн, түстөрдү айкалыштыруу, аксессуарларды туура тандоо жолдорун байкап, таанышып алса болот.

Нуржан АЛЫМКАНОВА