"Агым", 07.11.08 - 18-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Тасмага айланган тагдыр

Доктурбек Кыдыралиев:
"Зулайка менен да, Айке "менен да мамилем жакшы"
Бир кезде "Ак илбирстин тукуму" тасмасында Кожожаштын ролунда жарк этип эл эсинде калган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Доктурбек КЫДЫРАЛИЕВдин жылдызы кайрадан жанды. Ал жакында Чыңгыз Айтматовдун "Кош бол, Гүлсары" повести боюнча казак кинорежиссеру Ардак Амиркулов тарткан тасмада башкы ролду - Танабайды ойногон. Тасманы ушу тапта бишкектиктер көрүп жатышат. Жакында ШКУ өлкөлөрүнүн экинчи эларалык Ысык-Көл кинофестивалында Танабайдын ролу үчүн Д.Кыдыралиев "Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн" сыйлыгына татыды. "Кош бол, Гүлсары" тасмасы Астанада өткөн Евразия эларалык кинофестивалында баш байгеге ээ болуп, сыймыктуу да, сыйлыктуу да сапарын дүйнө жүзүнө улантууда. Эл Кожожаш деп тааныган киноактер Доктурбек КЫДЫРАЛИЕВ менен кино өнөрү тууралуу аңгемелештик.

- Доктурбек ага, көп жылдан бери көрүнбөй, билинбей кайда жүрдүңүз?
- Кыргызстанда эле жашап жүрдүм. Бирок СССР кулагандан кийин, кино каралбай калды. Москвадан айтылуу Алексей Баталовдун мектебинен окуп келген он бештей кыз-улан жумушсуз калышты. Алардын ичинде "Кожожашта" Зулайканы ойногон Гуля Кыдыралиева, Айкени ойногон Гүлнара Алимбаева да бар эле. Мен сүрөтчүлүк кесибим менен калдым. "Кожожаштан" кийин мени казактар киного чакыра башташты. Себеби, 1987-жылы эле алардын "Султан Бейбарс" деген тасмасында ойногом.
- Ошо тушта Төлөмүш Океев "Чыңгызханды" тартмак болуп, сиз да ошо тасмага даярдангандай болдуңуз эле…
- Төлөмүш Океев менен Булат Мансуров "Чыңгызхандын" сценарийин жазышкан. Сценарий жактырылып, актерлор тандалып, кино тартыла турган жерлер даяр болуп, баарыбыз күтүп калганбыз. Мен Боорчу деген аскер башынын ролун ойноого даярданып жүргөм. Кинону тартууга каражат табылбай, акыры сценарий италиялыктарга сатылды. Италиялыктар америкалыктар менен биригип, америка варианты менен "Чыңгызхан" тартылды. Кинонун жарымы Кыргызстанда тартылып, Америкадан Ричард Тайсон баштаган он эки киножылдыз келди. Мен да тандоого катышып, кайра эле баягы өзүм даярданып жүргөн ролду ойнодум. Бирок англис тилинде жаттап ойнодук. 1992-жылы кышында кинонун теңи Пекинде тартылып, жаз менен бүттү. "Чыңгызханды" эл эмес, биз көрелекпиз. Төкөм (Төлөмүш Океев - А.С.) кийин аны Италиядан көрүптүр. Мага "кино аябай каардуу болуптур, кан көп төгүлүптүр" деди. Жумушсуз отурганда мени кайра казактар чакыра башташты. Ушу кезге чейин алардын он үчтөй киносуна тартылдым, төрт-беш жолу башкы ролдо, калгандарында башкы ролдордун биринде. Ошон үчүн бул аралыкта менин ишим Кыргызстанда белгисиз болуп калды.
- Сүрөтчүлүгүңүздү таштады-ңызбы?
- Таштаганым жок. Мен кинодон, сүрөтчүлүктөн башка эч нерсе кылалбайт экемин. Бир нерсе сатуу, бизнес жасоо колдон келбейт экен. Кинолордо роль ойногонум менен, сүрөттөрүмдү сатып оокат кылып жүрдүм. Сүрөттү да авангард багытында тартам, ошон үчүн биякта аны көп түшүнүшпөйт. Көбүнчө Америка, Франция, Казакстанда сүрөттөрүм сатылат. Андай сүрөттөрдү түшүнүү үчүн биздин элге дагы элүү жылдай убакыт керек.
- Сүрөтчүлүгүңүз алдыга кетип, айланаңыздагылар сизди түшүнбөй, андан жүдөгөн жагдай болобу?
- Өнөрканамда отурганда кээде айылдан кишилер келип, "бул эмне, тиги эмне?" деп сурашат. Түшүндүрүү оор, анткени алар баары бир башкача кабыл алышат. Мен бир нерсе тартсам, анын элесин гана берем. Мисалы, ат тартсам, анын туяктарын жок кылып жиберишим мүмкүн. Биздикилер "мунуң эмне, атты аттай эле, тоону тоодой эле тартпайсыңбы" дешет. Ошонүчүн сүрөттөр жөнүндө көп айткым келбейт. Мен деле тоолорду, аттарды жакшы тартам. Себеби, тоо арасында аттарга, жаныбарларга жакын чоңойгом.
- Каскадерлук өнөрүңүз да бар да.
- Накта каскадер болбосом да, ушу убакка чейин каскадерлор ойной турган учурларды деле өзүм ойноп келатам. Бирок азыр абайлап калдым, анткени жыгылсаң мурдагыдай болбой, оор болуп калат экенсиң. Азыр 54кө келдим. Танабайды ойногондо атка жайдак минип чабыш керек болду. Салмагым 92 кг эле. Бир айгырды алып келишти. Бир да жолу кармалып минилбеген, азынаган азоо айгыр экен, бээлерди көргөндө огобетер жиндеп кетет. Буга минип чапсам арка-мойнум астымда калат деп, эч кимге билгизбей тамакты тарта ичип, көп кыймылдап жөө бастым. Тоого эки жолу мергенчиликке барып келе койдум. Мергенчи болуп эчтеке атпайм, бирок кыймыл керек болду да. Ошондон кийин 79 кг.га түштүм. Анан жанагы айгырга минип, жайдак чаптым.
- "Кош бол, Гүлсарыны" казактар тартып атса, башкы ролду биз ойнойт элек деп кызгангандар болгондур?
- Бир топ актерлор Ардакка ачык эле "Эмне үчүн Танабайды Доктурбек гана ойнош керек, мен деле ойной алам" дешти. Ардак аларга "алдагы салаңдаган курсагыңар менен ойной албайсыңар" деп койду.
Айтматовдун бул чыгармасы боюнча мурда да кино тартылып, анда Танабайды Нурмухан Жантурин деген казактын мыкты актеру ойногон. Ардак мага "Танабайды ойнойсуң, даярдана бер, сенин курагың да, баралың да келип турат" деп үч жыл мурда айткан. Ошондон баштап ойлоно баштадым. "Кош бол, Гүлсарыны" онунчу класста окугам, анда балалык кылып көп түшүнбөпмүн. Москвада окуп жүргөндө аны бир түндө окуп чыгып, ыйлагам. Киного тартыларда кайра окудум. Ардак кинону тартаарда Чыңгыз Айтматовго келип, уруксат алып кеткен. Сценарийди бир жылда беш жолу өзгөртүп жазды.
- Ардак деп көп айтып жатасыз, ушу кинорежиссер жөнүндө кеп салсаңыз.
- Ардак Амиркулов менен Москвада катар окудук, ал ВГИКте режиссерлукка, мен сүрөтчүлүккө. "Султан Бейбарска" тартылып атканымда ал келип, "мен жаңы кино тартам Доха, сени чакырам" дегенинен көп маани бербей эле "макул" деп койгом. Анан мени "Отрардын кыйрашы" деген эки сериялуу тасмага башкы ролго чакырды. Тасма Чыңгызхандын убагында кыпчактар ага каршы согушуп, элин кандай коргогону жөнүндө экен. Ал тасмага Сүймөнкул аке (Чокморов - А.С.) да тартылмак. Кино тартылып атканда ал эки жолу келип көрүп, бирок атка чабалбайм деп ойногондон баш тартты. Себеби, ал а кезде аппарат менен жашап калган. Сүймөнкул аке мени тарбиялап өстүргөн адамды ойномок. Режиссер ага "Сиз тынч отурган учурларды ойноңуз, атка чапкан учурларды Доха ойносун, аны алыстан тартайын" десе да болбоду. Сүймөнкул аке "мен ойносом жанды берип, бардыгын өзүм ойношум керек" деп койду. Ошентип Ардактын биринчи киносуна тартылдым. Бу кинонун оператору да Сапар Койчуманов деген кыргыз жигит болду. "Отрардын кыйрашын" америкалык кинорежиссер Мартин Скорсезе тандап алып кетип, азыр ал Америкада көрсөтүлүп жатат. Ардак Амиркулов экинчи жолу "Абайдын жаштыгы" тасмасын тартып, анда да мен Абайдын агасы Такежанды аткардым. Үчүнчүсү ушул "Кош бол, Гүлсары" болду.
- Сизди Голливудга чакырылды деп уктук эле?
- "Чыңгызхандан" кийин Голливудга чакырышкан. Тил билбегенимен калып калдым. "Чыңгызханды" тарткан кинорежиссер менин атка чапканымды, чабышканымды көрүп таңгалган. Мени машинесине салып алып, "эгер тил билсең, Африкада, Америкада, Италияда кино тартсам да сени чакырмакмын" деди. Мен "сөз сүйлөбөгөн, бирок чабышкан жерлерге чакырбайсызбы" десем, "андай ойногондор Голливудда да, Италияда да кытайлар менен япондордон аябай көп. Сага андай эмес, роль бериш керек, жакшы актер экенсиң" деген. Москвада окуп жүргөндө англис тилин үйрөнүп албаганыма аябай өкүндүм.
- Сизге сүрөтчүлүк менен актерлуктун кайсынысы жакын?
- Сүрөтчүлүгүм жакын. Алдыңда холст турса, идея көкүрөктө болсо, өзүңө өзүң бийсиң. Актерлукта режиссер сага тапшырма берет. Бирок мен көп учурда режиссерго баш ийбей, өз билгенимдей ойнойм. Ролду сүйлөп ойноо оңой, сүйлөбөй ойногон кыйын. Актер болуш үчүн дүйнөлүк искусстводон тарта элдик өнөргө чейин жакшы билишиң керек. Бизде театрды жакшы билгендер кинону билишпейт, же тескерисинче. Музыкадан Шостаковичтен Токтогулдун "Тогуз кайрыгына" чейин билишиң керек. Сүрөтчүлүктү, живописти түшүнүү да чоң жардам берет. Ушулардын бардыгын билсең гана мыкты актер болосуң. Бизде ушундай бир бала бар. Ал Болот Бейшеналиевдин Азиз Бейшеналиев деген уулу. Ал өзүн тарбиялап, таптап алып жүрөт.
- Сиздеги чапчаңдык, шамдагайлык кайдан? Спорт менен машыгасыз го?
- Атам Ыскак чоң мергенчи болгон, аталаш агаларым жылкычы эле. Чалманы кыйын урчу. Ат үстүндө чаап баратып, каалаган атка, койго чалма уруп кармап алчу. Тогуз биртуугандын ичинен атама жакыны мен элем. Мылтыгын кармалашып, артынан калчу эмесмин. Севастополдо, деңизде аскердик кызмат өтөдүм. Биякка келип көркөм өнөр окуу жайында окуп жүргөндө жашырынып каратэ менен машыкчубуз.
- "Кожожаштагы" Айке менен болгон мамилеңиз турмушта эмне болду?
- Мен Зулайка менен да, Айке менен да жакшы мамиледе калдым. Зулайканы ойногон Гуля Кыдыралиева азыр да "Мен Доханын биринчи аялымын" деп тамашалап калат. Танабайды ойногондо да эки аялдын ортосунда калдым. Жайдар өз аялым болсо, Бүбүжан да кийин жардамга келип, бир бозүйдө чогуу туруп калдык. Режиссер муну атайын кошкон. Анткени Танабай менен Гүлсарынын тагдыры окшош. Гүлсары өз үйүрүн кандай коргосо, Танабай да жакшы көргөн аялдарын ошондой коргойт. Тилекке каршы, ошо кездеги түзүлүш экөөнү тең талкалап, карыганда экөө тең жалгыз калбадыбы.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтсаңыз.
- Биринчи үй-бүлөмдөн эки балам бар. Улуу баламдын аты Улан, 26да, банкта иштейт. Экинчиси Бакыт, Кыргыз-орус славян университетинде окуйт. Экөө тең жакшы жигиттер болушту, мени тартып бойлуу. Азыркы келинчегим Нуржамалдан бир кыз, бир уулум бар. Союз кулаганда менин да турмушум бузулуп, балдарым ары жакта, мен бери жакта калып кыйынчылыкты тарттым. Үй жок, өнөрканада жашаган учурлар болду. Өкмөт мурда мага үй берген, бирок ал Осмонакун Ибраимовдун учурунда эле бирдеме болуп атып дайыны чыкпай кетти. "Чыңгызхандан" тапкан акчама үй алгам, бирок аны балдарыма таштадым. Азыр элден кем да, ашык да эмес жөнөкөй эле жашап жүрөм. Буюрса чоң үйгө жетем деп ойлойм. Жаңы жылдан кийин кайра Казакстанга кетишим мүмкүн. Эгер каражат бөлүнсө, аяктан да, "Кыргызфильмден" да сунуштар болот деп турам.

Аскер САКЫБАЕВА