"Агым", 07.11.08 - 13-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Өмүр соңу өкүттөгү биринчиледилер
Мао Цзедун жана Цзян Цин

Мао менен таанышканга чейин бул айым үч жолу турмушка чыгууга үлгүргөн. Мао Цзедун 1937-жылы ноябрда академияда лекция окуп жатып, өңү жылдыздуу жаш келинге көңүлү түшөт. ЦК КПКнын политбюросунда Мао Цзедундун бир кездеги революционер жубайы менен ажырашуусуна каршылыктар болуп, репутациясы шектүү аял менен председателдин никеге туруусу өзгөчө нааразылыкты жараткан.
Цзян Цин сүрөткө түшкөндү, карта ойногонду, бийлегенди жанындай жакшы көрчү. 1950-жылдары ал Кытайдын ички саясатына кийлигишүүнү көздөйт да, мамлекеттин маданият иштери боюнча толук ыйгарымдуу өкүлү болот. Алгачкы жылдары "маданий революциядагы" аялынын иштерине Маонун ишеничи күч болуп, аялынан өзүнө чоң таяныч, дем издейт. 1969-жылы "биринчи леди" Политбюрого кабыл алынат. Бирок, бара-бара аялынын жүргүзгөн иштерине Мао Цзедундун ишеничи кайт болуп, аны менен сүйлөшүүнү да каалабай, кат аркылуу гана байланышып калат. Адаттагыдай эле Цзян Циндин кезектеги "жолугалы" деген суранычына: "Көп жыл бою айтып келген нерселерди жасабадың. Көйгөйлүү иштер менен иштебей, болбогон нерселер менен алышасың. Жашым 81ге келди. Колуңда бийлигиң чоң. Көзүм өтүп кетсе кийинки тагдырың эмне болорун ойло" деген жообун жиберет. 1974-жылы Политбюронун заседаниесинде экөөнүн ортосунда кайым айтыш жүрөт. Мао Цзедун ошондо биринчи жолу аялы тарапты сөөмөйү менен кезеп: "Муну шанхайлык бандадан деп айтса болот. Төртөөңөр мага өзүнчө күч көрсөтпөгүлө!" деп анын шериктештерине да тиш кайрайт. Ушундай мамилесине карабай, Цзян Цин баскан-турган жеринде өзүн Председателдин ишенимдүү өкүлү катары жар сала берген. Журт атасы 1976-жылы 9-сентябрда көз жумат. Бир айга жетпей Пекинде "төртөөнүн бандасы" камакка алынат. Расмий билдирүүсү жөнөкөй эле: "Төртөө контрреволюциялык төңкөрүш даярдап аткан". Сот процесси 1980-жылы гана башталат. Цзян Цин сот залынан: "Революция кылмыш эмес, каршылык кылуу - кадыресе көрүнүш" деп сотторго кыйкырып, күнөөлөрдүн баарын четке кагат. Ага өмүр бою камакта олтуруу жазасы тагылат. Түрмөдөн алгач көзү көрбөй калып, андан кийин тамагынан рак экени аныкталып, нур менен дарылануудан улам чачтары түшөт. 1984-жылы денсоолугуна байланыштуу үйүнө, Мао экөөнүн кызы Ли Нанын колуна келет. 1991-жылдын 14-майында таң эрте анын асынып өлгөн өлүгүн табышат.
Кытайдын партиялык ишмерлери Мао Цзедундун жанына бир кездеги жеңил ойлуу актрисанын сөөгүн коюуну, мавзолейди булгоону туура көрбөй, анын денесин өрттөп, коомчулуктан жашырып күлүн кызынын колуна карматышкан.

Михаил Горбачев жана Раиса Горбачева

Горбачев мамлекет башына 1985-жылы келет. Мына ошондон баштап Россияда Сталиндин убагынан бери келаткан каада - мамлекет жетекчисинин жубайы элге чыкпасын деген тартип бузулат. Горбачевдун жанында аялынын пайда болушу, кайда болбосун аны ээрчип жүрүшү революция катары кабыл алынган. Батыш журналисттерине берген кайсы бир интервьюсунда Горбачев мамлекеттик иштерди үй шартында да талкууларын жашырган эмес. Раиса Максимовна коомдук иштерге баш-оту менен киришип, советтик маданият фондун башкаруу президиумунун мүчөсү болгон. Ошол учурдагы М.Горбачев менен Америка президенти Р.Рейгандын жолугууларына баам салып жүргөндөр бир жагдайды байкашкан: эки улуу державанын өз ара мамилесинен тышкары, эки канайымдын ортосунда да келишпестик турган (президенттер жалпысынан төрт жолу расмий жолугушкан). Американын "биринчи ледиси" Нэнсинин эскерүүсүнө көз салып көрөлү: "Раиса Горбачева менен жолугушуу алдында экөөбүз тең абдан толкундандык. Эмне жөнүндө сүйлөшөм деп баш ооруттум. Бирок, ал санаркоом бекер экен, Раиса алгачкы мүнөттөн баштап эле сүйлөй берди, сүйлөй берди - арасына бир-эки сөз кыпчытып калууга араң үлгүрүп аттым. Ал коммунисттик система, советтик искусство, көбүнчө марксизм-ленинизм темаларын, ал эмес бир-эки жолу америкалык саясат системасынын кемчиликтери боюнча да лекция окууга үлгүрдү".
СССРдин президенти 1991-жылы 25-декабрда кызматын өткөрүп бергенде үйбүлөсүнө оор мезгил башталат. Экс-президенттин үйбүлөсүн бир сутканын ичинде кызматтык квартирасынан чыгарышат. Саясый олимптен кеткенден кийин изоляцияда калып, телевидениеге, жана башканын баарына жол жабылат. Бирок, Горбачевдор коомго өздөрүнүн айтчу ойлорун айтып, моралдык күчүн сактай алышты. 1996-жылдагы президенттик кампанияга катышуудагы оорчулуктар, күйөөсүнүн элден кагуу жегени көп күйүттү алып келип, Раиса лейкемия оорусуна чалдыгат. Аялы менен ардайым ынак мамиледе жашап келген Горбачев аны дарылаганга болгон күчүн жумшады. Раиса Горбачева 1999-жылы 20-сентябрда Германиянын клиникаларынын биринде каза болду. Тагдырдын кара тамашасы - ал лейкемия менен ооруган наристелерге дайыма жардам берип келген эле...

Франклин Рузвельт жана Элеонора Рузвельт

Рузвельт - Элеоноранын өз фамилиясы. 1901-жылы АКШнын президенти болгон Теодор Рузвельттин кичүү инисинин кызы. Ал эми Франклин Рузвельт анын алыс туугандарынан болот. Ф.Рузвельт Нью-Йорктун губернатору боло элек кезде эле Элеоноранын аты аялдар кыймылынын активисти катары тааныла баштайт. Франклиндин мамлекетти башкаруусу өлкөдө оор абал болуп турган кезге туш келип, 1932-жылы Улуу Депрессиядагы Американын президенти болуп шайланат. Ушул күндөн баштап "биринчи лединин" жүрбөгөн жери калбайт. Түрмөдөн баштап көмүр шахтага чейин кыдырып, баардык нерсени иликтеп жазат. Таңгалычтуусу, коопсуздук кызматынан баш тартып, мамлекет ичин өзүнчө аралачу. Элеоноранын коомдогу активдүүлүгү өзгөчө роль ойногону 1936-жылдагы шайлоо кампаниясында көрүндү. Бул президенттик шайлоодо демократтарды мурдагыга салыштырмалуу беш миллионго көп адам колдогон. Ал эми күйөөсүнүн үчүнчү мөөнөткө барышын Элеонора каалаган эмес, "анын өлкөгө кылчу кызматы деле түгөндү" деген ал. Анүстүнө Франклин Рузвельттин денсоолугу да солгундай түшкөн эле. Бирок, 1940-жылы үчүнчү мөөнөткө ат салышуусун колдоого аргасыз болду. Себеби, бийликке түштүк консерваторлордун же ирландык католиктердин келиши, Гитлер менен согушпаш үчүн алардын өз ара сүйлөшүлгөн бүтүм чыгарып алуу коркунучу турган эле. Ошентип, президенттик тактыдагы эң оор жылдар башталып, денсоолуктан тышкары, өлкөдө кайрадан экономикалык абал, социалдык көйгөйлөр курч алат. 1941-жылдын декабрында АКШ экинчи дүйнөлүк согушка киргенден баштап Элеонора Рузвельт фронттордо болуп, ооруканаларды кыдырып, оорулуулардын тизмесин, үй даректерин, телефондорун тизмектеп, Нью-Йоркко келгенде алардын туугандарына күн бою отуруп чалып чыкчу.
Акүйдөгү 12 жыл аралыгында Элеонора 348 пресс-конференция өткөргөн. Жылына 300 миң кат алып, аларга жооп бергенге аракет кылчу. Китеп жазып, журнал-гезитке макала берчү. 1944-жылы төртүнчү мөөнөткө барып жаткандагы сөзүндө Ф.Рузвельт дүйнөдөгү тынчтык көйгөйүн көтөрүп чыгып, катуу басым жасаган. Дал ушул президент мамлекеттер биримдигин Бириккен Улуттар Уюму (ООН) атайт. Президент фашизмди жеңген күнгө жетпей, 1945-жылдын 12-апрелинде мээсине кан куюлуп каза табат. Сөөк коюу аземи Вашингтондо өтүп, АКШ эң мыкты президенттеринин бирин акыркы сапарга узатат. Мына ошондо Франклиндин мураскери Гарри Трумэн күйөөсүнөн ажыраган Элеонорадан кандай жардам керектигин сураганда, айым өзүнө гана тиешелүү мүнөздө жооп берет: "Жок, менин жардамыма сиз муктаждырсыз? Олуттуу көйгөйлөр эми сизде эмеспи?" 1945-жылдын декабрында президенттикке келген Г.Трумэн мурдагы "биринчи ледини" БУУдагы америкалык делегациянын мүчөлүгүнө бекитет.
Өмүр соңунда тагдыр аны эркелете алган жок. Мамлекеттин мурдагы "биринчи айымы" мээ сөгүнөн туберкулезго кабылып, узак убакытка оорудан кыйналды. Ошондо да акыркы китебин бүтүрүүгө далалат кылды. Анын "Эртең - демек бүгүн" аттуу китеби ал кайтыш болгондон кийин жарыкка чыккан.

Хуан Перон жана Эва Дуарте

1943- жылы Аргентинада аскердик төңкөрүш болгон убакта Эва байланыш министри, полковник Имбертти азгырганга үлгүрөт. Кийинки жылдын январында үрөй учурган жер титирөөдөн кыйраган Сан-Хуан шаарына кайыр-садага жыйноо кампаниясына катышып, Имбертти үлкөн кайрымдуулук майрамын уюштуруусун суранган. Ошол кечеде алдыңкы катарда отурган башка полковник - Хуан Перонго анын көзү түшүп, мындан ары аны менен бирге болуу максаты менен таанышуу кадамын таштайт. Перондун биринчи аялы рак оорусунан каза болгон эле. 1944-жылы Хуан Перон аскер министри, андан соң вице-президент орундарында иштеп турган.
24 жаштагы Эва Дуарте 49 жаштагы полковниктен айрылбаш үчүн элдик саясатчыга айланат. Өз квартирасында Перонду жактоочулардын салонун уюштуруп, баардык жыйындарда, жолугушууларда Хуанды коштоп жүрөт. Бирок, 1945-жылдын 9-октябрындагы кийинки аскердик төңкөрүш Перонду отставкага алып келип, ал камакка алынат. Мына ошондо эч кандай саясый тажрыйбасы, олуттуу көз карашы жок Эва профсоюз лидерлеринен жардам сурап, жакыр катмарда жашаган эбегейсиз көп элди чогултуп көчөгө чыгат да, 17-октябрда Перонду бошотуп алууга жетишет. Экөө эртеси эле никесиз баш кошуп, декабрда чиркөөдөн өтүшөт. 1946-жылы Хуан Перон президенттикке келет. Ал улуттун идеалы, эркектердин үлгүсү, ал эми Дуарте улуттун жана үйбүлөнүн баалуулугун, кутун сактаган айым катары бааланып, аларды идеалдуу саясый жуптар деп аташат. Экөө "Перон башкарат, Эва багыштайт" формуласында иштешет. Хуан аялын өзү менен элдин ортосундагы көпүрө катары көрөт. Жубайлар таасирдүү төрт гезитти, баардык радиокомпанияларды көзөмөлдөп, нааразы болгондордун жазасын беришчү. Эвита кайрымдуулук фондун башкарып, фондго акча которбогондорго тиешелүү чара көрчү. Жыл сайын 9-июлда өлкөнүн эң чоң проспектисинде миллиондогон эл чогулуп, "Перон, Перон!", "Эвита, Эвита!" деген перонисттик гимнди созгон маалда "ажайып жуптар" президенттик имараттын балконунан пайда болуп, алгач Перон, анан Эвита сөз сүйлөчү. 1947-жылы Аргентинанын экономикалык абалы начарлап, европалык мамлекеттердин өлкөгө болгон ишенимин сактап калыш үчүн Перон чырайлуу аялын Европага, эларалык биринчи жолугушууга жөнөтөт. Эки айга созулган турнеде ал Испания, Франция, Италия, Швейцария ж.б. болуп, ар бир жерден жогорку деңгээлдеги сый көрөт. Эки ай ичинде экөө байланышпаган бир да күн болгон эмес. 1951-жылдагы кезектеги президенттик кампания перонисттик ассамблеянын ачылышы менен башталып, "Хуан Перонду - президенттикке, Эва Перонду - вице-президенттикке!" деген формуланы көтөрүп чыгышат.
Тилекке каршы, өз кандидатурасын алууга Эвага өкүттүү себеп болду. Ага рак оорусунун диагнозу коюлуп, чет элдик эң мыкты дарыгерлер да, швейцариялык клиникадагы дарылануу да жардам бербей, Эвита күндөн күнгө алсырап баратты. 1951-жылдын 17-октябрында жалпы журт Эвитанын күнүн майрамдады. Жубайына сөз берердин алдында анын үнү угулсун үчүн президент миңдеген элдин мемиреген тынчтыкты сактоосун өтүндү. Өзү Эванын белинен кучактап, таяп турду. Ушундай акыбалында да Эвита Перонду колдоого, ал үчүн өлүмгө да даяр болууга элди үндөдү. Хуан анын көкүрөгүнө перонисттик жогорку орденди таккан маалда ал күйөөсүнүн ийнине башын жөлөп, солуктап ыйлады. Өмүр соңундагы бул митингдеги көз ирмемдер документалдык тасмага тартылып алынган. Эва 1952-жылдын 26-июлунда жан чыдагыс кыйноодо өлдү. Душмандардын табасы канып, аны жакшы көргөн журт аза күттү. Бүтүндөй Аргентина коштошкон мындай сөөк узатууну Латын Америкасы буга чейин көргөн эмес. "Ыйлаба Аргентина, мен сага жашоомдогу эң кымбат нерсемди - Перонду таштап кетип жатам!" деген ал. Күйөөсүнө болсо аскер кызматындагыларга эч качан ишеним артпоосун, элге гана таянуусун кеңеш кылган. Бирок, ал көз жумгандан бир нече айдан кийин эле кезектеги аскердик төңкөрүш жүрүп, Хуан Перон мамлекеттен качып чыгат. Атуулдугунан, наамдарынан, мүлкүнөн, укуктарынан ажыраган президент узак убакыт сыртта жашап, 60 жылдыгын досторунун тар чөйрөсүндө тосот. Бул арада ал бийчи Исабель Мартинеске үйлөнөт. 1970-жылдын башында Аргентинага көчүп келүүгө уруксат берилип, ажыратылган нерселерин, президенттик пенсиясын, атайын кароолун жана башкаларын аскердик бийлик кайрып берет. Перон кайрадан саясый жашоого активдүү катышып, 1973-жылдын 23-сентябрындагы шайлоодо президенттикти утуп алат. Бирок, турмушундагы бул салтанат узакка созулбай, Хуан Перон 1974-жылдын 1-июлунда инфарктан көз жумат.

Даярдаган Салтанат КЫДЫРМАЕВА