"Агым", 07.11.08 - 10-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Миң түркүн адам

Барак ОБАМА
4-ноябрда АКШ өзүнүн 44-президентин шайлады. 47 жаштагы Барак Обама Американын тарыхындагы президенттик жарышты жеңип алган биринчи афроамерикалык өлкө башчы болуп калмакчы. Жаңы президент өз милдеттерин аткарууга 2009-жылдын 20-январынан баштап киришет. Ага чейин Обама өз командасынын курамын аныкташы керек. Көпчүлүктүн баамында, бул шайлоо өлкөнү жаңы нукка буруп, жаңы тепкичке чыгарып, зор тарыхый мааниге ээ болот. Шайлоого 136,6 миллион адам катышып, жүз жылдык рекордду какты. Ал эми Барактын атасы Барак Хусейндин мекени Кения. Бул өлкөнүн башчысы Мваи Кибаки 6-ноябрь күнүн АКШнын жаңы президентинин урматына улуттук майрам деп жарыялады.
Дмитрий МЕДВЕДЕВ
РФнын Федералдык жыйынынын алдында сүйлөп жатып, өлкө башчысы президенттин конституциялык ыйгарым укук мөөнөтүн 6 жылга, ал эми Мамлекеттик Думаныкын 5 жылга узартууну сунуштады. Медведевдин пикири боюнча, аткаруу бийлиги Мамдуманын көзөмөлүндө болуп, ал жыл аягында ишмердиги боюнча парламентке отчет бериши керек. "Бул негизги мыйзамды оңдоо эмес, түзөтүү гана" деп билдирди президент.
Карла БРУНИ
Англиялыктар атактуу адамдардын арасынан Франция президентинин жубайын дүйнөнү таңданткан мыкты айым деп табышты. Буга Брунинин мурдагы моделдик ишмердиги жана өлкөнүн биринчи айымы экендигине карабастан ырчылыкка ынтызарлыгы себепчи болгон.
Серж САРГСЯН
Армениянын оппозициялык "Айкакан жаманак" гезитинин бетиндеги президентке кол салуу боюнча маалымат учурда өлкөнүн коопсуздук кызматы тарабынан иликтөөгө алынып, макаланын автору, журналист Лусине Барсегянга кылмыш иши козголду. Анда Карабах согушунун ардагери, учурда Франциянын жараны Саргис Апцанян ушу тапта президент Серж Саргсянга кол салуунун бир нече сценарийи пландаштырылганын билдирген. Саргистин сөзү боюнча, бул маалымат ишенимдүү булактан алынып, ал эми Саргсянды жок кылууга Армениянын экс-президенти Роберт Кочерян кызыкдар имиш.
Николай ВАЛУЕВ
Атактуу боксердун кароолчуну сабагандыгы боюнча сот иши аягына чыкты. Петербургдун райондук соту Валуевдин аппеляциялык арызын канааттандырган жок. Эми боксер кароолчуга келтирген зыян үчүн 100 миң рубль өлчөмүндө айып төлөп кутулат.




ДҮЙНӨКҮН
КҮЙДҮЙНӨ. Германиянын Ганновер шаарынан жүрүп бараткан автобустан өрт чыгып, анда бараткан 36 пенсионердин 20сы тирүүлөй өрттөнүп кеткен. Полициянын айтымында, жүргүнчүлөрдүн бирөөсү тыюу салынганына карабастан, дааратканага чыгып, жашыруун тамеки тарткан. Жакшы өчпөй калган тамекиден улам өрт чыгып, даараткананын эшиги ачылып калган да, ал бүтүндөй автобуска жайылып кеткен. Айдоочу унааны токтоткондон кийин ондон ашуун адам автобустан секирип кетүүгө үлгүргөн. Окуя 16 жылдан берки Германияда катталган ири кырсык катары белгиленүүдө.
ГҮЛДҮЙНӨ. Австралиянын борбору Сидней шаарындагы падышалык ботаника багында Индонезиядан алынган сейрек кездешүүчү титан-арум гүлү пайда болду. 1,5 метрге жеткен титан-арум 3-4 жылда бир гүлдөп, өлүмтүк жыттангандыктан, дүйнөдөгү эң сасык гүл деп табылган.
ТАКДҮЙНӨ. Гималай өлкөсү Бутандын бийлик тагына расмий түрдө 28 жаштагы Джигме Кхесар Намгьел Вангчук отуруп, дүйнөдөгү эң жаш монарх атагына ээ болду.
АТДҮЙНӨ. Британиялык өспүрүм башкалардан өзгөчөлөнүү максатында ысмын 14 сөздөн турган ат менен алмаштырган. 19 жаштагы Джордж Гаррат комикс каармандарынан улам эми "Captain Fantastic Faster Than Superman Spiderman Batman Wolverine The Hulk And The Flash Combined" деген атты алып жүрөт. "Капитан Фантастик" өз атын Интернет-сервистин жардамы менен болгону 10 фунт стерлинг төлөп өзгөрткөн.
ЧЫРДҮЙНӨ. Франция дермотологдору Кытайдан импорттолгон бут кийим ден соолукка зыян келтиреэрин айтып чыгышты. Алардын пикири боюнча, кытай бут кийимдеринин курамында мурда эмеректерде кездешкен экзема оорусун пайда кылуучу диметилфумарат заты бар. Кытай бут кийимин пайдаланган айрым француздар ооруканага кайрыла башташкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
ЖИНДҮЙНӨ. Американын Аризона штатында эртең менен чуркап бараткан аялга түлкү кол салган. Бутун тиштөөгө ниеттенген түлкүнү аял моюндан алса, жырткыч анын колуна жабышкан. Жабырлануучу түлкүнү кутурмага текшертүү үчүн бир километр жолду жаагы карышып калган түлкү менен "кучакташып" келген. Ооруканадан да бир дарыгерди жарадар кылууга үлгүргөн бул жандими түлкү кутурма менен ооруганы белгилүү болду. Учурда жабыр тарткандар дыкат дарыланууда.
ТАҢДҮЙНӨ. Дубайда суу үстүндө укмуштуу мейманкана курулду.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


МЕКСИКА. Сан-Луис-Потоси шаарынан учуп келаткан самолет Мехиконун чок ортосундагы трассага кулаган. Кырсыктан улам самолеттогу жүргүнчүлөрдүн бардыгы, алардын арасында Мексиканын ИИМ министри Камило Моуриньо жана жердеги 5 адам өлүп, 40тай адам жараат алган.
ЕВРОСОЮЗ Россия менен стратегиялык өнөктөштүк туурасындагы жаңы Макулдашууну иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырганын билдирди.
КОНГО. Көтөрүлүшчү-генерал Лоран Нкунданын жоокерлери өлкөнүн чыгышында жайгашкан Киваньа шаарын ээлеп алышты. Миңдеген шаар жашоочулары калаадан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.
ПУЭРТО-РИКО. Губернатордук шайлоонун жыйынтыгы менен финансылык махинацияга тиешеси бар деп айыпталган бийликтеги Анибаль Асеведо Виланын ордуна шайлоочулардын 53% добушу менен Луис Фортуно келди.
ИСПАНИЯ Усама Бен Ладендин уулу Омарга саясый башпаанек берүүдөн баш тартты.
ПЕРУ. Кен байлыктарды иштетүүдөн түшкөн каражатты акыйкат пайдаланууну талап кылган жумушчулар менен полициянын кагылышуусунан 2 адам каза болуп, 50дөйү жараат алган. Жергиликтүү бийлик бир айга өзгөчө кырдаал абалын киргизүүгө мажбур болду.
ПАКИСТАН. Белгисиз адамдар Пешавар шаарындагы эл аралык аэропортту реактивдүү снаряддар менен аткылашып, учуп конуучу жайды кыйратышкан. Кол салуудан 15 полиция кызматкеринин өмүрү кыйылды.

WWW булактарынан даярдаган Канышай Бешбаева