"Агым", 31.10.08 - 7-бет: •

Коомдук-саясый гезит
№67, 31.10.08-ж.



 Хайл, Сайракан!


Айтматов сыйлыгы арыбайт
- "Айтматов күмүш медалы" кыргыз кинорежиссерлорунан жалгыз эле Болот Шамшиевге жана Голливуд жылдызы Марк Дакаскоско ыйгарылышына көпчүлүк нааразы болуп, Ч.Айтматовдун далай чыгармаларын экрандаштырган Т.Океевдин, Г.Базаровдун, М.Убукеевдин унутта калганын айтууда. Бул тууралуу сиздин пикир?

Абибилла ПАЗЫЛОВ, Кинематография департаментинин директорунун милдетин аткаруучу:
- Чындыгында бул сыйлык жылына бир-эки кишиге эле берилет. Былтыр бул наамга ыраматылык Мелис Убукеев ээ болгон. Ага киного кошкон салымы үчүн деп берилген. Аталган сыйлык ушуну менен токтоп калбайт. Алдыда Төлөмүш Океевдин 75 жылдык мааракеси бар. Айтматов кыргыз үчүн түбөлүктүү. Андыктан бул кишинин чыгармаларын тасмага тарткандар, ролдордо ойногондор келечекте куру калбайт. Ар ким эмгегине жараша өз баасын алат. Мүмкүнчүлүк болсо баарына ыйгарабыз.

Байболованы ким таарынтты?
- Айтылуу саясатчы, экс-депутат Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболова "Парламенттик шайлоо учурунда бийлик Байболовдорду тизмеден алып салсаңар, силерди шайлоодон өткөрөбүз деп соодалашканда жакшы санаалаштарыбыз, ал тизмеге кирбесе койсун, биз депутат болобуз дегендер чыккан" деп "Асман" гезитине интервью берди. Мунун чындыгы барбы?

Темир САРИЕВ, "Акшумкар" саясый партиясынын лидери:
- Биз шайлоо алдында "эгер расмий бийлик менен сүйлөшүүгө барсак, баарыбыз бир позицияда турабыз" деп макулдашканбыз. Эгер Нуржамал Сатаровна ушинтип айтып жатса, айрым маалыматтарга таянып айтып жаткандыр. Мүмкүн тизмедеги башка талапкерлер сүйлөшкөндүр. Жеке мен өзүм расмий бийлик менен шайлоо алдында да, андан кийин да сүйлөшүүгө барып, соодалашкан эмесмин.

Аман АКМАТОВ




"Жаңы Кыргызстандын" жаны күйдү же...
Үсөн акеге дөөлөт жабыштыбы?

Кечээ күнү, 30-октябрда Тоголок Молдо-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыковго тиешелүү айтылуу "Даназык" акционердик коомунун имаратынын бир капталынан өрт чыкты. Ал жерде тиш дарылоочу клиника, дарыкана, "Ысыккөлинвест" банкы, "Жаңы Кыргызстан" саясый партиясынын башкы офиси ж.б. көптөгөн коомдук уюмдар жайгашканы белгилүү. Өрт өчүргүчтөр өрт чыккандан толук жарым сааттан кийин жалын кошкон кара түтүн күчөп турганда келди. Бирок өрт өчүргүч машиненин суусу 15 мүнөткө жетпей түгөнүп калып, андан соң экинчи машине жете келди. Акыркы кездеги көз жоосун алган пластикалык эшик-терезелер, дубал жасалгалары бензинден бетер күйөрүн кечээги өрт ырастады. Көз ачып-жумганча өрт экинчи кабатка көтөрүлүп, жалындаган өрт эшик-терезелерден чыгып жатканда окуя болгон жерге Үсөн Сыдыков да жете келди. Эгер өрт өчүргүчтөр дагы бир аз кечиккенде имарат толугу менен күйүп кетмек. Аны менен кошо "Ысыккөлинвест" банкы да күймөк. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. Айта кетчү нерсе, өрт өчүргүч машинелер өтө эле эски. Жадагалса суу аккан шлангдары да ар жеринен тешилип, тамтыгы чыккан.
Өрт - тилсиз жоо. Бирок өрт өчүрүү тармагын баштан-аяк жаңылоо зарылдыгы кечиктирилгис экенин моюнга алуу керек. Анткени алардын өрт өчүргүч деген аты эле болбосо, бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт.

Аскул
КЕНЖЕБАЕВ




Күзгүгө каран!
Бешимов оппозиционерби же "хоппозиционерби?"
Социал-демократ Бакыт Бешимовду күн алыс телеэкрандан көрүп, гезиттерге интервью берип, бийликке сын айтканына көнүп деле бүткөнбүз. Бирок "Учур" гезитине жарыяланган акыркы интервьюсу боюнча аны менен полемикага чыккым келип турат.
Бакыт мырза "чү" дегенде эле "учурунда Акаевдин бийлиги менен күрөшсөм, эми Бакиевдин бийлиги менен күрөшүп жатам" деп төш кагыптыр. Канчалык аракет кылсам да, анын Акаев мезгилинде башын канжыгага байлап коюп, бийлик менен былчылдашкан оппозиционер болгонун такыр эстей албай койдум. Бар же жок экени билинбей ОшМУда жүрчү, кийин депутаттыкка шайланды. Анда деле топ жарып, чындык үчүн чыркыраганын көргөн эмесмин. Ырас, Д.Үсөнов, М.Эшимканов, А.Мадумаров "Эл " партиясын түзүп, таскагы катуу чыкканда кыска мезгил аларга шынаарлаша калды окшойт. Бирок көп өтпөй эле Индияга элчи болуп кетип, ошол бойдон март революциясына чейин дайыны чыкпай дымып калды. Бирок ал жерден убакытты текке кетирбей, Акаевге индустар өлкөсүнүн кымбат баалуу белектерин тартуулап, келечектеги дагы бир карьерасы үчүн кам көрүп жүргөн тура.
Бешимов интервьюсунда "ар бири өзүнүн үстөлүн кучактап отуруп калды" деп Ф.Кулов менен М.Эшимкановго сынтагыптыр. Мен анык билем, кабардар кишилерден уккам, март революциясынан кийин Бакыт мырза Акүйдү айланчыктап, улам бирөөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, майлуу кызматтан үмүт кылган. Бирок жаңы бийлик жылма саясатчыга анчалык ишенбедиби, айтор, эч кандай кызмат сунуш кылбады. Күтүп-күтүп түңүлгөн соң, азыр социал-демократтардын желегин желбиретип, оппозиционер болуп жүргөн кербези. Эгер ошондо бийлик "соороно тур" деп оозуна упчу салып койгондо, Бешимов деле азыр бир үстөлдү кучактаган бойдон тымпыйып отуруп калмак.
Социал-демократтар фракциясынын лидери "менин идеологиям, саясый принциптерим" деген сөздү кайра-кайра кайталаганды жакшы көрөт. Ал коммунист болгон-болбогонун анык билбейт экем, бирок жогоруда айтылгандай, "Бей-бечаралар" (Эл) партиясында жүргөн. Кийинчерек "Акшумкарды" пааналап, парламенттик шайлоонун алдында депутаттыкка өткөнгө шансы көбүрөөк дедиби, Текебаевдин "Атамекенине"" кошулду. Бирок "атамекенчилер" мандат керек болсо капчыкка каткан акчаңды чыгар деген талап коюшту окшойт, Атамбаевдин этегин кармап СДПКга өтө качты.
Ушундан кийин Бешимов саясый позиция жөнүндө сөз кылганга кантип оозу барды экен? Партия ал үчүн саясый көзкараштары, пикирлери окшош кишилерди баш коштурган саясый уюмбу же утурумдук кызыкчылыктарын ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү чайкоо базарбы? Сексен-токсон жашка келсе да позициясынан, көзкарашынан тайбай, партбилетин сандыгында сактап отурган эски коммунисттер мындай жорукту укса, "тфү, бетиңе!" дешери бышык.
"Басып алган мүлкүм болбосо, туура эмес жүруш-турушта жүрбөсөм" деп тазасынган депутаттан сурагыбыз келет: эмне, хамелеондой улам желегин, төш белгисин өзгөртүп, улам бир партияга мүчө болгон жаман жүрүм-турумга кирбейт бекен?
"Бул бийлик Кыргызстанга керексиз, ошон үчүн үмүттү үзөлү" дептир Б.Бешимов. Бийлик деген өзү ким? Жогорку Кеңештин депутаты катары Бакыт мырза өзү бийликке кирбейби? Тышкы иштер министринин орунбасары болуп иштеген инисичи? Ал эмне, бийликтин өкүлү эмеспи? Депутаттын сөзүнөн эч кимге: президентке, премьер-министрге, биртууган Бешимовдорго да ишенбеш керек. Алардан үмүтүңөрдү үзгүлө деген жыйынтык чыгарсак туура болобу?
Айтмакчы, Б.Бешимовдун Тышкы иштер министринин орунбасары болуп иштеген иниси Аскар Жолчубековичтин кызы Мээрим Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө атташе болуп иштейт. "Дипломатиялык кызмат жөнүндөгү " мыйзамга жана президенттин "КР дипломатиялык кызмат органдарынын ишин жакшыртуу тууралуу" 2007-жылдын 31-июлдагы жарлыгына ылайык элчиликке кызматка орношуш үчүн талапкер дипломатиялык тажрыйбага ээ болуп, ТИМдин борбордук аппаратында эки жылдан кем эмес иштөөгө тийиш. Ал эми жогорку окуу жайын жаңы эле бүткөн 22 жаштагы Мээрим бул кызматка дайындалганга чейин Улуттук банкта иштеген. Дипломатиялык эч кандай тажрыйбасы жок. Бирок ошого карабастан, бир жарым жылдан бери Нью-Йоркто жүрөт. Анан депутат мырза кантип үйбүлөлүк башкаруу жөнүндө сөз кылып, башкаларга сынтагат, ушуга таңгалам...

Акылбек БЕКИШЕВ