"Агым", 31.10.08 - 5-бет: •

Коомдук-саясый гезит
№67, 31.10.08-ж.



  Энергетика энебизди таанытабы?

Жарык өчсө да, мээ өчпөсүн

Ошентип, күтүрөгөн күздүн акыркы айына кадам таштадык. "Ак төөнүн карды жарылчу" бул мезгилде токчулук-молчулук орномок тургай, Ильич шамы байма-бай өчүрүлүп, эсибизди эки кылды. Босогодо кылычын сууруп кыш турат. Анда да энергетикалык кризистин азабын тартып, шыйрагыбызды жага турган абалга кептелбейбизби? Азырынча тиешелүү министрлик: "Бардыгы "беш" болот. Ноябрдан тартып Ильич шамы өчүрүлбөйт" кыязында тил эмизип атыр. С.Балкыбеков мырзанын мындай убадасы канчалык деңгээлде аткарыларын убакыт көрсөтөр…

Эч ким күнөөлүү эмес, тагдыр күнөөлүү

Энергетика кризисине кабылганыбызга арааны опсуз ачылган коррупция себепкер экени айтпасак да түшүнүктүү.
Маселен, 2006-жылы Токтогул каскадында суунун жалпы көлөмүнө (17, 15 млрд. метркуб) жыл ичи чогулган сууну кошсок (12,6 млрд. метркуб), 29,75 млрд. метркуб болот. Андан сыртка чыккан суунун көлөмүн (14,3 млрд. метркуб) кемитсек, 2007-жылга карата суунун жалпы көлөмү 15,45 млрд. метркубду түзүш керек эле.
Ал эми таблицада таптакыр башка цифра көрсөтүлүп турат. Мына ушул факты эле энергетика тармагы коррупция сазына батып, айрым адамдардын капчыгын кампайтып атканын далилдейт.
Башталат жегич майдадан
Карапайым калктын электр жарыгына болгон дебютордук карызы 3,3 млрд. сомду түзүп, энергетикалык жоготуу 36-39 пайызды чапчыган;
Энергетика министри С.Балкыбековдун айтымында, Токтогул каскадынан суткасына 207 метркуб суу сыртка чыгарылат. Ал эми электрстанциялар тармагында иштеген адистердин маалыматына таянсак, күнүнө 500 метркуб суу керектелет;
Сатыкка даярдалып аткан "Түндүкэлектро" ишканасы 4 млрд., Бишкек жылуулук тармагы 2 млрд. жана Бишкек жылуулук борборунун (ТЭЦ) баасы 11 млрд. сомдон ашуун. Аталган үч ишкананын береселерин кошкондо жалпы сатуу наркы бир млрд. долларга чамалап барат;
Алматы келишимине ылайык Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга 5.25 млрд. метркуб суу берүүгө милдеттеме алган. Ал эми бүгүнкү күндө Токтогул каскадындагы суунун көлөмү 9,5 млрд. метркуб;
Ноябрдан тартып светти өчүрүү токтогону менен, электр энергияга чектөө киргизилет. Ага ылайык, белгиленген чектен өткөн аймактардын электр жарыгы өчүрүлөт. Бул, биринчи кезекте адам укугун бузса, экинчиден, декабрь, январь айларында Ильич шамын өчүрүү кайрадан улантыларынан кабар бербейби?

Жарыкты маал-маалы менен "жалпайта" чапкандан эмне таптык?
Бул суроого жок деп так кесе жооп берсек болчудай. Сөзүбүз куру болбошу үчүн айрым фактыларды келтирели:
- экономикалык өнүгүү жана соода министри А.Жапаровдун маалыматына ылайык, жарыктын байма-бай өчүрүлүшүнөн ички дүң продукциянын көлөмү 6%га азайып, бюджетке 1 млрд. сом киреше түшпөй калган;
- экс-депутат Карыпбек Алымкулов кичи жана орто бизнес борборун түптөп, ага 50 мекеме мүчө болуп кирген. Учурда 50 мекеменин он экиси ишин токтотту;
- үч фазалуу электр тогун өчүрүүдөн энергетикалык жабдуулар, анын ичинен энергия чыгарып аткан генераторлор күйүп кетиши ыктымал. Бул, техникалык жоготуулардын санын арбытат.

Кризиске кирдик. Чыгуунун жолу барбы?
Мына ушул суроо карапайым калктын жүрөгүн өйүп турган кези. Сууга бай өлкө аталып, XXI кылымда жашап атканыбызга карабай, минтип Ильич шамына зар болуп турганыбыз уят иш. Мындай оор кырдаалдан чыгуу үчүн айрым адистер өз сунуштарын айткан. Маселен, чакан жана орто ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Феликс Куловдун пикиринде, кичи жана орто энергетика боюнча долбоорлор Токтогул каскадында 4 млрд. метр куб сууну (буга жооп иретинде экс-депутат А.Карыпкуловдун маегин окугула - Н.К.) үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Аталган дирекциянын планы боюнча 2012-жылга чейин өлкөбүздө 41 кичи жана орто электр станциялары курулушу керек. Ошол эле маалда биздин өкмөт Казакстандан алынчу 250 млн. кВт/саат электр энергияны бетке кармап, кыштан тоңбой чыгабыз дешүүдө. Суук катуу болгон убакта суткасына 68-70 млн. кВт/саат (өлкө боюнча) электр энергиясы сарпталат экен. Ошондо, казак туугандардан алынган электр жарыгы 3,5 суткадан ашпайт.




Карыпбек АЛЫМКУЛОВ:
"Камбар-Атаны токтото туруп, Бишкек ТЭЦин колго алуу керек эле…"

18- октябрда Алма-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин вице-премьерлери суу жана энергетика ресурстарын пайдалануу боюнча беш тараптуу келишимге кол коюшту. Ага ылайык кыш айларында Өзбекстандан 150 млн. метркуб жаратылыш газын, Казакстандан 250 млн. кВт/саат электр энергиясын алабыз. Ушул жана энергетика кризисине байланышкан маселелер туурасында коомдук ишмер Карыпбек АЛЫМКУЛОВду кепке тарттык.
- Үстүртөн караганда Алматы келишими жемиштүү болуп, бардык көйгөйдөн кутулгандайбыз. Бирок, бул келишимдин артында көп талаш маселелер бар. Кышында Токтогул каскадынан электр энергиясын алабызбы же сууну колдонууну таптакыр токтотобузбу? Алгач ушул маселени чечип алсак болмок. Талапка ылайык 2009-жылдын апрелинен тартып Өзбекстан менен Казакстанга суу беришибиз керек. Эгерде, Токтогул ГЭСин токтотуп коюп, жалаң жылуулук станцияларын жана майда гидростанцияларды колдонсок, алардын чыгарган продукциясы Кыргызстанды камсыз кыла алабы? Бишкек жылуулук станциясы жарым кубаттуулукта иштесе, бир жылда 3 млрд. кВт/саат электр энергиясын бөлүп чыгарат. Мындан сырткары, Ат-Башы жана Быстровка ГЭСи, чакан станциялар: Аламүдүн, Кара-Балта, Ош ТЭЦи толугу менен иштесе, жылына бир млрд. кВт/саат энергия алабыз. Буга Бишкек жылуулук станциясы иштеп чыгарган энергияны кошкондо араң эле 4 млрд. кВт/саат болуп атпайбы. Ал эми биздин бир жылдык ички керектөөбүзгө 12 млрд. кВт/саат электр энергиясы талап кылынат.
- Демек, каалайбызбы-каалабайбызбы, Токтогул
ГЭСин колдонушубуз керек экен да?
- Кеп төркүнү ушунда. Бүгүнкү күндө Токтогул каскадындагы суунун көлөмү 9,5 млрд. метркубду түзөт. Эгерде, суунун көлөмү 6,5 млрд. метркубдан төмөн болсо, өлүк абалга кептелет. Бул, Токтогул ГЭСи аварияга учурап, жок болуу коркунучунда тургандыгын каңкуулайт.
- Анда кандай айла кылышыбыз керек? Дегеле, энергетика кризисинен чыгуунун жолу барбы?
- Мындай оор кырдаалдан чыгуунун бирнече жолун тапса болот. Маселен, Бишкек жылуулук станциясынын коюлган кубаттуулугу 720 мВт болсо, бүгүнкү күндө 200 мВт кубаттуулукта гана иштеп атат. Аны толук кандуу иштетүү үчүн бир сыйра ремонттон өткөрсөк, 48 млн. доллар сарпталат экен. Ал эми кубаттуулугу 360 мВтты түзгөн Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулуш ишине 280 млн. доллар кетет. 2007- жылдын 1-ноябрынан тартып үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин 800 млн. сом сарпталды. Камбар-Ата качан толук кандуу ишке кирерин эчким так айта элек. Болгону эмки жылдын аягында алгачкы агрегатын бермекчи. Ага чейин шыйрагыбызды жагабызбы? Камбар-Атанын курулушун токтото туруп, Бишкек ТЭЦин ремонттон өткөрсөк жакшы болбойт беле.
Мурдагы өкмөт башчысы Ф.Кулов энергетика кризисинен чыгыш үчүн чакан ГЭСтерди куруш керек дейт. Ал айткан 92 майда станцияны курууга 290 млн. доллар сарпталып, бардыгы биригип 178 мВт кубаттуулукта электр энергиясын берет экен. Андан көрө Бишкек ТЭЦин калыбына келтирсек, кубаттуулугу төрт эсеге көп энергия алып, 248 млн. долларыбыз чөнтөктө калып атпайбы. Не дегенде, азыркы күндө тоолордо суу көбөйгөн жок, азайгандын үстүнө азайып барат. Көлөмү аз болсо, суу тоңуп калат. Кышында суусу тоңуп, энергия бербеген майда ГЭСтердин кереги барбы? Анын ордуна чакан жылуулук станцияларын курушубуз керек. Маселен, бизде 70тей көмүрдүн кени болсо, алардын 14-15и гана иштеп атат. Ошол көмүр чыккан шахталардын жанына майда ТЭЦтерди курсак, чакан ГЭСтин курулушуна караганда чыгымы аз болот, убакыттан да утабыз.
Ал эми "башкара албай калдык, жеке менчикке өткөрүш керек" дегендери адамды аргасыздан мыйыгынан жылмайтат. Ошол эле "Түндүкэлектро" ишканасын убагында жетектеген адам бүгүн минтип министрлик креслодо отурат. Же болбосо, мурдагы энергетика министри учурда өкмөттү жетектеп атат. Эгерде, алар башкаруу ыкмасын билбесе, кызматтан кызматка жогорулайт беле? Андыктан, мамлекет башкара албайт, жеке менчикке бериш керек деген ой негизинен чоң жоготууга алып келиши мүмкүн.
Ноябрдан тартып жарык өчпөйт деп убада берип атышат. Жеке мен буга ишенбейм. Мунун артында чоң оюн жаткандай. Маселен, кычыраган кыш айларында электр энергиясы менен камсыз боло албайбыз. Айла жок, коңшу өлкөлөрдөн сатып алууга туура келет. Андай болсо бир кВт/саатын 4 сомго чейин сатып алууга туура келет деп атышат. Карапайым калк аргасыздан буга да макул болушат. Быйылкы кыштан аман-эсен чыксак, электр станцияларын сатып алгандар ушул тарифти сактап калышы мүмкүн. Бул, буга чейин энергетика тармагынан байып келген адамдардын капчыгы дагы да калыңдайт дегенди түшүндүрөт…

Нурканбек КЕРИМБАЕВ