"Агым", 31.10.08 - 4-бет: •

Коомдук-саясый гезит
№67, 31.10.08-ж.




СДПК партиясынын лидери Алмаз АТАМБАЕВге
1. Жогорку Кеңеш-тин төрага орунбасары Кубанычбек Исабеков "Алмаз Атамбаев өкмөт башында турганда "Центерра ИНК" менен түзүлгөн келишимде четтен келген 60 млн. АКШ доллары боюнча шектүү мандем бар" деген сөзүнө бир жылдан бери ачык жооп бербей жүргөнүңүз кандай?
2. Өкмөт башында турганда "менин уруум тейит, андыктан Бакиевдер менен тууганмын" деп баткендик туугандарыңызга мактанып алып, кызматтан кеткенден кийин "бул бийлик Кокон хандыгын курганы жатат" деп жар салганыңыз абийириңизге туура келеби?
3. Сиз жетектеген партиянын мүчөсү, ЖК депутаттары Руслан Шабатоев, Ж.Жээнбековдун уулу Б.Амиржановдун табышмактуу жоголушу, Э.Байсалов, Ө.Бабанов ж.б. партия мүчөлөрүнүн караланып коомчулуктан четтеп жатканына кимди күнөөлөйсүз?

Эсеп палатасынын төрагасы Искендер ГАИПКУЛОВго
1. Сиз келгени Эсеп палатасындагы кызматкерлер аудиттик текшерүүлөрдү ойдогудай жүргүзбөй, айрыкча Жогорку Кеңешти текшерүүдө көп мыйзам бузууларга барып жатканын жаап-жашырып, анысы аз келгенсип, кызматкерлериңиз мас абалында машине айдап, МАИ кызматкерлерин коркутканына кандай жооп бересиз?
2. Айдаркен поселогундагы борбордук жылытуучу түйүнүн (котелныйды) бир кезде сатып алган экенсиз. Эми ошону бирөөнүн колу менен темиринен тарта кышына чейин сатып, орду-түбү менен талкалап жоготконуңуз чынбы? Мындан канча пайда көрдүңүз?
3. Кайрадан Жогорку Кеңештин колдоосу менен Эсеп палатасынын жетекчилигине келдиңиз. Эгер жашыруун болбосо, депутаттардын ишеними сиз үчүн канчага турду? "Куру аякка бата жүрбөйт" деп айтылат эмеспи…

Энергетика жана отун ресурстар министри Сапарбек БАЛКЫБЕКОВго
1. Былтыркы кышта өзбектер менен казактар "силер сууну секундуна 850 литрден агызып жатасыңар, 650 литрден ашуун кое бербешиңер керек" деп канча жолу заркакшап безилдешти. Ошондо миллиарддаган куб сууну неге кое бердиңиз? Мунун натыйжасында "Шардарыя" суу сактагычында авариялык кырдаал түзүлүп, он метрге жакын муз тоңгонун кыргыздар билбесе, өзбектер менен казактар жакшы билет. Чын эле кыш бою аккан ошол сууга бир тыйын акы албай агызылдыбы?
2. Жарыкты өчүрүүнүн негизги максаты сууну үнөмдөө деп элге түшүндүрөсүз. Бирок Токтогул суу сактагычында үч айдан бери суунун бир карыш да көтөрүлбөгөнүнө не дейсиз?
3. Жарыкты өчүрүү 1-ноябрда токтойт деп элди ишендирип коюп, эми 3-ноябрга жылдырдыңыз. Бирок өчүрүү кышы бою улантыла берерин четке каккан жоксуз. Балкыбековдун кайсы сөзүнө ишенсе болот?

Акыйкатчы Турсунбек АКУНга
1. Бир кезде "Хизб-ут Тахрир" партиясынын мүчөлөрүн коргоп, аларга тийбөө керек деп чыктыңыз эле. Ысык-Көлгө болгон ошол сапарыңызда "хизбутчулардын" чайын ичип, алардын "белегин" алганыңыз чынбы?
2. "Акыйкатчы болгон соң акчаны үнөмдөйм" деп коюп, ат тезегин кургатпай чет өлкөлөргө чыгып, атургай Пекинге атайын олимпиаданы көргөнү барып, "Кытайда камалган кыргыз жарандарынын укугун коргоп келдим" деген шылтооңузга ким ишенет?
Келдибек НАЗИРОВ




  Үч кошкон собол

АКШ, комсомол, Миррахимов
Жакында АКШда бийлик алмашат. Аны менен кошо алардын тышкы саясаты, айрыкча бизге байланыштуу саясаты өзгөрүшү мүмкүнбү?
Айрым гезиттер Ленин комсомолу түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгын асман айга жеткире белгилешти. Азыркы заманга, дегеле аркы заманга анын зарылчылыгы кайсы? Себеби ал эртеңки эле муун эмес, бүгүнкү муундун да эсинде жок.
Ушу айда кайсы окуя эсиңизде сакталып калды?

Жыпар Жекшеев, ЮНЕСКО алдындагы улуттук комиссия жетекчиси:
АКШда эки партиянын кимиси бийликке келбесин, баарыбир чоң өзгөрүү болгонун байкай элекпиз. Демократиялык партия менен республикалык партиянын айырмасы аз эле. Республикачылар байларды колдошот, демократтары ортозаар карапайым адамдарга таянышат. Демократтар келсе Иранга карата агрессивдүү саясат өзгөрүшү мүмкүн. Бизге карата саясаты ошондой эле калат го.
Эч зарылчылыгы жок эле. Комсомол деген жөн эле тепкич болуп, партиянын кол баласы катары кызмат кылчу да, анын резерви болуп турчу. Өздөрүн ушунча даңазалаганы парадокс.
Бул айда депутаттын уурдалышы, депутаттын баласынын уурдалышы менен, энергокризистин айынан жарыктын он сааттан өчкөнү менен эсте калды.

Жамин Акималиев, академик:
Менимче, бийликке кимиси келбесин, тышкы саясатта чоң өзгөрүү болбойт. Анткени, АКШ системасы өзгөрбөйт да. Барак Обама келсе Ирактагы согуш токтомок. Бирок ал деле Ооганстанга аскерлерди көбөйтөм дебатпайбы. Кыргызстан үчүн АКШда бийлик алмашкандан чоң өзгөрүү деле болбойт.
Комсомол биздин тарыхыбыз. Биздин муундун жаштыгы комсомол менен өткөн. Бирок ал көп учурда саясый курал болгон. Комсомол азыркы заманга туура келбейт. Азыркы жаштардын уюмдары эркин, башкача болушу керек.
Кардиолог Миррахимовдун кайтыш болгону менен эсте калды. Ал Кыргызстан үчүн чоң эмгек кылган. Жүрөк оорулуулар үчүн эле эмес, интеллигенция үчүн да чоң жоготуу болду.

Нарынбек Молдобаев, "Акжол" фракциясы:
Бийликке тигиниси келсе да, беркиниси келсе да АКШ тышкы саясатында эч өзгөрүү болбойт.
Эми комсомолдор үчүн жөн эле ностальгия болду го. Булардын майрамын бүт коомчулук эмес, өздөрү эле белгилешпедиби.
Бул ай глобалдуу финансы кризиси, доллардын өсүшү менен эсте калды.

Аскер САКЫБАЕВА