"Агым", 31.10.08 - 3-бет: •

Коомдук-саясый гезит
№67, 31.10.08-ж.



 Хайл, Сайракан!


Сая-саалы
Сыйданов сыйпалатып атабы, же?
Чүй губернатору кечээ жакында аргасыз алакан жайдырган билдирүү таратты. Анын айтымында, район, облус ойрондорунун кимиси жер алып, кимиси аренда акысын төлөбөй атканы белгисиз экен. Бүт эле чоңдор дешет. Ишенейин десең, эсеби маселең, Аламүдүн районундагы Байтик айылынын байлыгы мол жерлерин өздөрү эле бөлүп алып, айыл элин артка сүрүп салганы, ал тууралуу Чүй облгубернатору Сыйдановго аты-жөнүн көрсөтүп арыздана берип таманы сыйрылганы, алардын бардыгы Сыйдановдун сыйыр же кыйыр туугандары, достору экендиги тууралуу эл арызы бизге көп жарыяланды.

Депутат айымдын ачуусу неге мурдунун учуна чыкты
ЖК депутаты Динара Молдошева Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетовду парламент кеңешмесинде: "жүрүш-турушуңду оңдо, айрыкча айымдарга мамиле жасай бил" маанисинде беттен алды. Тигиниси да кайырмак жутуп алгансып, үн катпады. Көпчүлүк депутаттар аң-таң болгону менен, аржагында бирдемеси бар деген аңыз Көкүйдү үч көтөрүп кетти. Кечээ саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн эларалык гранттардын абалы каралмак.

Т.Акун Т.Бакирди дагы пат кылды
Азыркы Акыйкатчынын айтымында, мурдагы Акыйкатчы Т.Бакир мекемени арызчылардын ажатканасына айлантып эле мурдун чукуп, сакалын сылап жүрө бериптир. Омбудсмен эми гана чыныгы мамлекеттик органга айланып, адам укугун чымылдап коргой баштаган имиш. Адам укугунун концепциясы Кыргызстандагыдай, т.а., Т.Акун кызматка орношкон мезгилдегидей эч бир ааламда иштеп чыгылбаптыр.

АКШ бизди уулуу ун менен алдап атабы?
Жогорку Кеңештин кечээги отурумунда депутат Бакыт Төрөбаев эсеби маселең, ошол мааниде билдирүү менен чыгып, ансыз да элеңдеп турган элдин эсин эки кылды. Анын айтымында, ун АКШдан 2006-жылы эле алынып келиптир. Ал алты ай эле сакталууга тийиш болсо, биз болбой эле ашап атыппыз. Ашаганыбыз курусун, акыр түбү рак оорусунун коркунучуна алып келбесе экен.

Дүйнө арзандап атат.
Кыргызстан кымбаттоодо
Эмне үчүн? Ушул маанидеги маселени кечээ ЖК депутаттары Бейшенбек Абдырасаков менен Осмонбек Артыкбаев көтөрүп чыкты. Андан мурда ЖКнын тиешелүү бөлүмүндө Мамэкономөнүгүү статс-секретары Азиз Салиев да көтөрүп, бул маселени 4-ноябрдагы өкмөт талкуусуна алып чыгабыз деген. Бирок Антимонопол комитети талканга какагансып унчукпайт. Чын да: нефти 120 доллардан 60 долларга түштү, бушель буудай 8ден 5 доллар болуп калды. Кыязы бул жагдайдан май баскан алаканын тердеткен биздин чиновниктер көп болсо керек…




Крим-аалы
Ээнбаш кыздар
Токмок шаарындагы 11-класстын эки окуучу кызы ошол эле мектепте окуган 15 жашар кызды коркутуп курткасын чечип алышкан. Арадан көп өтпөй тоногон куртканы кийип жүргөн кыздардын бири милициянын торуна түшүп, жасаган кылмышын мойнуна алып, жанындагы курбусунун ким экенин, экөө куртканы кантип карактап алганын айтып берди.

Кызындай кызды кордогон аңги
Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургуну 13 жашар өспүрүм кызды үйүнө алдап ээрчитип барып, аны зордуктоого аракет жасаган. Өспүрүм кызга көзү түшкөн аңги изкубарлардын торунан алыс качып кеталбады. Учурда колуна кишен салынып, актанып отурган кези.

Ысык шорпосуз калган уурулар
Кыргызстанда мал уурулук боюнча 68 уюшкан кылмыш тобу кармалды. Бул топко 148 кылмышкер катышкан. Колго түшкөн уурулардын айтымында, малды күндүз ээн талаадан, же түнкүсүн короосунан уурдап кетишчү экен. Ички иштер бөлүмүнүн маалыматына таянсак, жыл башынан бери мал уурулук боюнча 808 факты катталган. Анын 537синин бети ачылган. Учурда оңой олжого туйтунуп, күндө жаш шорпо ичип этке тойгон уурулардын үстүнөн кылмыш иши козголду.

Арабаны койдурган "Ауди"
28-октябрда Бишкек-Чалдовар автожолунда "Ауди-80" автомашинасы көчөдө бейкапар кетип бараткан ат арабаны койдуруп кеткен. Ат арабада эки пенсионер жана өспүрүм бала отуруп келаткан экен. Кырсыктан улам 76 жаштагы пенсионер көз жумуп, экөө оор жаракат алышты.

10 жашар кыз кайда жүргөн?
Бишкек шаарынын жашоочусу Л.Бондаренко милиция кызматкерлерине 10 жашар кызынын дайынсыз жоголгондугу тууралуу арызы менен 22-октябрда кайрылган. Изкубарлардын издөө иш-чараларынын жыйынтыгында өспүрүм кыз ата-энесине аман-эсен кайрылып келди. Анын ушул убакыт аралыгында кайда жүргөндүгү такталууда.

Жол кырсык
29-октябрда түнкү саат экилер чамасында Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн "Ниссан-Примера" автомашинасынын айдоочусу, 26 жаштагы М.Рысбаев рулду башкаралбай жол боюнда турган бакты сүздүрүп алган. Кырсык болгон жерден машинанын айдоочусу дароо көз жумуп, жанындагы жүргүнчү Э.Бурканов оор абалында ооруканага жеткирилди.




И- тагдаалы
ЕС Кыргызстанга чындап жүз бурдубу?
Жакында КР Тышкы иштер министринин орунбасары Э.Ибраимов жетектеген делегация адам укугу боюнча Европа союзунун делегациясы менен жолугушту. Жолугушуу 2007-жылы ЕСтин Борборазия өлкөлөрү боюнча кабыл алынган стратегиясынын негизинде өткөрүлдү. Анда адамдын граждандык, саясый, экономикалык, социалдык жана маданий укуктарын, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жөнүндө сөз болду. ЕС адам укуктарын коргоону жакшыртуу үчүн тажрыйба менен жардамын да аябай турганын билдирди. Мындай диалог келерки жылы Брюсселде өтөт, ал эми жакында граждандык коом менен биргелешкен семинарлар башталат.

Учкучтан башка "крайний" кайдан табылмак?
24-августта Иранга учуп баратып жерге кулаган "Боинг-737" самолету эмнеден улам кырсыкка учураганын изилдөө аяктады. Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин комиссия жетекчиси Леонид Каширскийдин айтымында, самолет учкучтун катасынан улам кырсыкка кабылган. Бул окуянын аягы так ушинтип аяктарын "Агым" ошондо эле жазган. Бечара учкуч "крайний" болуп чыга келди.

Кыргыздар, кыраакы бол, жер титирейт дейби?
Ош жана Баткен облустарында 2012-жылга чейин дагы катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Андыктан адамдар ар нерсеге даяр болушу керектигин сейсмология институтунун деректири К.Абдрахматов билдирди. Ал эми Түндүктө, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жердин катуу силкинүүлөрү 2010-2016-жылдарга туура келет. Окумуштуулардын айтканын эске албай, жер муштап кала бербей, кырсыктын алдын алганды үйрөнсөк жакшы болор эле.

Айткандын оозу жаман
ИИМде өткөн коллегиянын жыйынтыгы боюнча, акыркы кезде диний экстремизм күчөгөнү байкалган. Көптөгөн диний адабияттар менен бирге түрдүү курал-жарактар, жардыруучу заттар да акыркы кезде көп табылган. Ушундан улам бара-бара диний экстремизм адамдар ортосуна от жагып, позиция-оппозиция жок эле тирешүү башталып кетпесе болду. Бул жөнүндө айтылып эле келатат, бирок бир да жолу конкреттүү эч нерсе жасала элек. Кеч болуп калбаса экен.

Артык болот деп…
Өткөндө "Агымга" "Балыкчынын эл көзөмөлү" уюмунун сын макаласы жарыяланган. Анда автордун жаңылыштыгы менен мэр Шаболотовдун ордуна мурдагы мэр Т.Үсөнов деп кеткен. Териштирип көрсөк, Т.Үсөновдо кылдай да күнөө жок экен. Биз аны түзөтөбүз деп атып, макаланын авторунун айтканын кайталап алыппыз. Мурдагы мэр Т.Үсөновдон автор менен бирдикте кечирим сурайбыз.

"Эски дептерди" "Агымдан" алгыла
Урматтуу ыр күйөрмандары, биздин Алыкенин (Алым Токтомушевдин) "Эски дептер" аттуу жаңы чыккан китеби редакцияда. Сатып алууну каалагандар болсо, 665842, 665764 телефондору менен байланышыңыздар.