"Агым", 31.10.08 - 2-бет: •

Коомдук-саясый гезит
№67, 31.10.08-ж.




Эмнесинен шек санап атат, ыя?

Эл өкүлүнүн мурдагы кесиптеши ушинтип айтты. "Азырынча атымды атабай тургула. Улугбек достун "косяктарын" убагы келгенде ачыкка чыгарам" кыязында убада кылды. Анын айтканына ишенсек, 3-чакырылыштагы айрым депутаттар өткөн жылкы шайлоонун алдында бийлик менен соодалашып, "Ак жолдун" катарына кирип он орун алмак болушат. Зулпукардын уулу Улугбек мырза касам ичип, ант бергенинен танып, чөнтөктөштөрүн чөмөлөгө үйүп баса бериптир. Экс-кан досу өткөн күндөрдөн кеп козгоп, биздин эле эмес, жамы журттун жадына фактылар менен салам деп туру.

Кыргызстан биздин калаабыз, кенгуру минип барабыз!

Биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев, ЖК депутаты Бегалы Наргозуев күнү кечээ Австралиядан кайтып келди. Эл өкүлүнүн сапардан кийинки саамалыктарын сурасак, "Австралиядагы Муррей жана Дарлинг дарыяларынын нугун Токтогул каскадына буруп, энергетикалык кризистен чыксак болот экен" деп тамаша чалды. Бегалы мырзанын кенгурулардын мекенинен көргөн кызыктарын гезитибиздин келерки санынан окуйсуздар.

Катын албай, аким ал!

Токтогул районунун акимдигине Таалай Чотоевди президенттин жардамчысы Айбек Алыбаев отургузганын гезитибиздин ?61 (613) санында жазганбыз. Эми Таалай мырзанын дагы бир секрети секирип чыкты. Кезинде сүлкүлдөгөн жаш кызды алакачып алып, андан эки кыздуу болгон соң куйругун шуу түйүптүр. Анысына мейли. Бирок, кан-жанынан жаралган кыздарына кагаз жүзүндө болсо да каралашып койсо, алар караар беле, карабас беле? Ай, шегибиз бар. Көртурмуштун айынан Таалай Коеновичтин биринчи жубайы Россияда иштеп жүрү.

Текебаев каяктан, а да биздин саяктан

Айтылуу Үсөн аке Сыдыков үкалары: экс-коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков, Ош губернатору Аалы Карашевдин атасы Азим Карашев жана "Атамекен" партиясынын төрага орунбасары Дүйшөн Чотоновду коштоп, Кыргызстанды түрө кыдырып жүрү. Жапжаңы эки "Жип" менен. Өткөн жумада Базар-Коргон районунда эл менен жолугушуп: "Өмүрбекти (Текебаев дегени) начар адам экен десем, мыкты жигит турбайбы. Эмки президенттик шайлоодо Текебаевди колдойм. Буюрса, ал болочоктогу журт башчысы..." сыпатында күпүлдөптүр. Андан кийинки сапары Кара-Кулжанын Калинин айылында уланып, "65 жашты багынтканыма карабай, бийликке таасирим күч. "Манас" аэропортун жетектеген уулум Бакытты (Сыдыков) кызматтан алып, анын ордуна депутат Наргозуевди дайындашыптыр. Бир саатка жеткирбей уулумду кайра ордуна койдум" кыязында "беш өрдөгүн" учуруп, төш какканы аксакалга абийир алып келеби?
Ал эми Нарынга барып: "Менин түбүм саяк. Азыркы президентти кызматка мен алып келгем. Үчүнчү президент саяктан чыгыш керек" дегени эмнени каңкуулайт? Же Базар-Коргондогу жолугушууда Текебаевди болочок ажо кылганы аны саяк санаганыбы? Айтор, ушул үч окуя эле Үсөн аке Сыдыковдун канча жүзү бар экенин айгинелеп турат.

Кабилованын кашы болгону менен…

Арыз-арманын тасмага түшүрүп, Россияны көздөй сызган Клара Кабилова экс-президент А.Акаевдин "жолугуп сүйлөшөлү" сыпатындагы сунушуна моюн толгоп, жакында эле Маскөөдө болуп кайткан оппозиция лидерлери менен да жолугушкан эмес. Тескерисинче, БШКнын мурдагы төрайымы бийликтен кечирим суроого ниеттенип, Акүйдөгү таасирдүү фигуралардын бирине улам-улам звандап атканы маалым. Акүйдөгү күбүр-шыбырды эшитсек, Клара айым жакын арада ШКУ мамлекеттеринин бирине элчилик кызматка кетет имиш.

Кыргыз "Наполеону" Еленадан эмнесин көрсөтөт?

Акыркы маалыматтарга караганда, Аскар Акаев орус элита өкүлдөрү менен байма-бай жолугуп, азыркы кыргыз бийлигин ээрден оодаруу амалын көрүп атыптыр. Анын жаңы жылга чейин орус президентинин кабыл алуусунда болорун Москвага барып келген оппозиция делегаттары: "Эч кимге оозуңдан чыгарба" деп шыбырап атып, бүт Кыргызстанга жайып жиберишти.

Ысык чайдын заманы өткөн…

"Бирдиктүү Кыргызстандын" аксакал мүчөсү Т.Усубалиев агентин (Амангелди Муралиев) академик Жамин Акималиевге жөнөтөт. "Бизге кошулуңуз, азыркы бийликке сес көрсөтөлү" кыязында сунуш кылып. Ж.Акималиевдин баш тартканына жини шакардай кайнаганбы, айтор, М.Миррахимов менен коштошуу зыйнатында Турдакун аксакал академикти биртоп жемеге алыптыр, "тияктыктарга кошулуп кеттиң" кыязында. Муну уккандар "жарыктык киши үйүндө эле ысык чайын ичип отурбайбы" деп баш чайкашууда.
Айтмакчы, экс-премьер министр А.Муралиев санаалашы Осмонакун Ибраимовдон кантип кутулуунун жолун таппай жүргөнүн эшиттик. Экс-мамкатчынын эл алдында гана эмес, өз командасында да аброю жок экендигинин бир далилиби?