"Агым", 31.10.08 - 13-бет: •

Коомдук-саясый гезит
№67, 31.10.08-ж.



  Кыргызча бормула

"Биздики төшкакма кинофестиваль"
Өткөн жумада ШОСко кирген өлкөлөрдүн экинчи эларалык Ысык-Көл кинофестивалы аяктады. Кинофестивалдын баш байгесин Казакстандын атынан кыргыз кинорежиссеру Марат Сарулу "Песнь южных морей" киносу үчүн алды. "Аялдын мыкты ролуна" "Теңири" тасмасында ойногон Альбина Имашева, "Эркектин мыкты ролу" номинациясына "Кош бол, Гүлсары" тасмасында Танабайды ойногон Доктурбек Кыдыралиев татыктуу болду. Ал эми белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаровдун "Белгисиз маршруту" "Дебют" номинациясына арзыды. Темир Бирназаров биз менен ушу кинофестиваль тууралуу ой бөлүштү.

- Сизди "Дебют" менен куттуктап коелубу же...
- Дүйнөлүк чемпионатта жеңип келип, райондук чемпионатта жеңилип калгандай таасир калтырды. Мен бул кинофестивалга катышпай эле коеюн дегем. Аны уюштургандар кечирип коюшсун, бирок мындагыдай бардак былтыр болгон эмес. Кинофестивалга эларалык деген статусту алуунун өз жолу бар. Муну мамкатчы Досбол Нур уулуна да айткам. Францияда кинофестивалдардын эларалык федерациясынын дирекциясы бар. Ошоякка биздин өлкөнүн атынан арыз жазылыш керек. Алар бул жакта согуш жокпу, келгендердин коопсуздугун сактай алышабы, финансы жагын көтөрө алабы деп текшерип, алардын талабына жооп берсе гана кинофестивалга эларалык деген статус берилет. Андан кийин кинофестивалдын концепциясы болуш керек. Мындай статус албай туруп эларалык кинофестиваль өткөрдүк деш биздин билимибиздин жоктугун көрсөтүп, башкаларга уят гана кылат.
- Бирок Америка, Канада,Чехиядан бери бир топ эле кадыр-барктуулар келбедиби. Алардын кинофестивалдын статусунан кабары жокпу?
- Алар биякка келип текшермек беле, билет экен деп ойлошот да. Чакыруу келсе, бара беришет. Мисалы, Астанадагы Евразия эларалык кинофестивалы Борбор Азия өлкөлөрүнүн кинолорун дүйнөгө алып чыгууну көздөсө, Ташкентте студенттердин жана жаштардын кинофестивалы бар. Душанбеде Азия өлкөлөрүнүн эларалык кинофестивалы өтүп турат. Биздики жөн эле кыргызча төш какма кинофестиваль. Ошонүчүн булардын максаты жөн эле акча чачуу гана деп ойлоп каласың.
- Кинофестивалды уюштургандар акчаны кантип чачышты?
- Мисалы, кинофестивалдын директору өзүнүн фильмдерин киргизип, кайра досторун калыстар тобунун мүчөлөрү кылган жорук фестиваль тарыхында болбосо керек.
- Ачык айтпайсызбы, ал ким?
- Силер деле билесиңер да, ал Тынай Ибрагимов. Баягы эле эски кишилер улам жаңы орун алмаштырып, бирок эски талканын эле чалып келатышат. Кинотармак департамент болуп маданият министрлигине кошулган соң, талапка ылайык жаңы система түзүп алабыз го деп ойлогом. Азыр биздин иш жөн салды эле бардак болуп кетип атат. Ушул фестивалдан көрө жаңы, сапаттуу аппаратураларды алып, дүйнөлүк деңгээлге чыга турган фильмдерди тартууга аракет кылсак болмок.
- Сиз Ысыккөл кинофестивалына катышууга чакырылдыңыз беле?
- Эч кандай чакыруу болгон жок. Өткөн жекшембиде кечки саат алтыларда тиш доктурда дарыланып атсам, "тез келе кал" дешти. Ушундай кантип болсун?
- Киноңуз фестивалга катышып атса, кантип эчтеке билбейсиз?
- Кыргыздарда баары болот экен.
- Кинофестиваль ачылганда сахнага чыкпадыңыз беле?
- Эми аны да түзүк айтышпайт. "Саат төрттө Алатоого кел" дешти, аякка барсам филармонияга кетти дегенинен биякка келсем, болуп атыптыр. Темир Бирназаров деп чакырышты, сахнага чыктым. Ошо. Катышкандарды каттоодон өткөрүүнү, кинофестивалдын программасын көргөн жокмун. Кинофестивалды өткөрүү үчүн тияк-биякты көргөн, жасаган ишин түшүнгөн адамдар керек. Укканыма караганда, келгендердин көпчүлүгү уюштуруу иштерине нааразы болуп кетишиптир. Былтыркысы аябай жакшы өтүп, баарыбыз ыраазы болгонбуз. Ошондо мындан ары эларалык деген статусту алуу, керек болсо кинофестивалды "Ак кеме" деп атоо жөнүндө сөз болгон. Анткени ар бир кинофестивалдын өз концепциясына ылайык аттары болот. Биз каражат жагынан казактарга, уюштуруу жагынан тажиктерге жетпейт экенбиз. Биздикилер акча жетпейт эле дей беришет. Быйылкысына былтыркысынан көп акча бөлүнүптүр. Акчадан башка адамдын жөндөмдүүлүгүнө байланышкан нерселер бар да. Эрнст (Абдыжапаров - ред.) мага телефон чалып, "Бул эмне болгон дебют? Булар айласы кеткенде ушуну ойлоп табышыптырбы?" дебатпайбы. Дебют дегени мен үчүн кызык да. Мен Франциядан, Португалиядан, Япониядан, Италиядан сыйлыктарды алдым. Башкалар таанып, баалап атышса, биякта эми жаңы баштап келатат дегендей мамиле кылышат. Буга чейин театрда алты спектакль койдум, алар да көп өлкө кыдырды, сыйлыктарды алды. Бир топ кыска метраждуу тасмаларым бар. "Белгисиз маршрут" биринчи толук метраждуу, бирок сегизинчи тасмам.
- "Белгисиз маршрут" базарга контрабанда жолу менен жайылып кеткени кандай?
- Бул кинонун 3-4 варианты бар эле, ар бирине белги коюлган. Ысык-Көл кинофестивалынын тандоочуларына берген варианты жайылып кетиптир. Бул менин эле эмес, мамлекеттин менчиги. Себеби, ал ага 3 млн.сом коротту. Мамлекеттик мүлккө кол салуу болуп аткан соң, кино башында тургандар буга чара көрүүлөрү керек. Бул ишти финансы полициясы караш керек экен. Аларга арыз жазып, ким, кайсы жерде канчадан сатып атканын билип, дарегин көрсөтсөң, анан барып кармашат экен. Азыркы уурулардын бети жоктугун ушундан көр, кинонун титрлерин бүт оңдоп, мени "Т.Бекназаров" деп чыгарышыптыр. Ал эмес, депутаттарга да алып барып 50 сомдон сатышыптыр. Финансы полициясы жакшы акча табууга ыңгайы келип турат, тапсын, бирок жазаласа да жакшы болот эле. Мисалы, орустар "Ирония судьбы" деген жаңы киносун базарга контрабанда жолу менен ким таратканын катуу изилдешип, акыры Киевден бир кинотеатрдын директору кинонун бир сеансын 2-3 миң долларга сатканын таап, далилдеп чыгышкан соң, директор үч жылга катуу режимге түрмөгө кесилип, үй-мүлкү бүт конфискация болгон.
- Акыркы кезде кино тарткандар көбөйдү. "Кинобизнес өзүн абдан актайт экен, 3-5 миң долларга кино тартсаң, ал үч-төрт эсе актайт экен" дегендерге оюңуз?
- Рынок заманы болгондон кийин биз буларды тыя албайбыз. Бир чети жакшы. Мындайлар башка өлкөлөрдө деле бар. Алардын максаты - акча жасоо гана, фестивалга катышайын дешпейт. Арзан мелодрамаларды, мушташ, порнография, өч алуу деген базар темаларын алып, примитив түрүндө элге көрсөтүшөт. Бирок булардын да эл арасында орду бар. Өзбекстанда мындай кино тартуу үчүн мамлекеттен лицензия алыш керек. Тилекке каршы, элдин аң-сезими ушулардын тасмасына жараша калыптанып жатат. Балким алардын арасынан да кийин мыкты кинорежиссер чыгып калышы мүмкүн.

Аскер САКЫБАЕВА




  Ким арачалайт?

Омор Султанов, Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргыз эл акыны
Жазуучулардын жакасы айрылып калмай болду
- Сизди алдамчылык жол менен Сокулук райондук ички иштер бөлүмү жайгашкан имаратты тартып алганы жатат деп "Ачык саясат" гезити З.Ибраимов, Д.Данияров башында турган 20 кызматкердин колу коюлган деген макала жарыялады. Бул иштин канчалык чындыгы бар?
- Бул имарат алгач "Сонун" деген турмуш-тиричилик үйү болчу. 1992-жылдын 20-июлунда Чүй облустук маммүлк фондунун буйругу менен Ысыккөлдү коргоо эларалык комитетине сатылган. Бул имаратты үзгүлтүксүз иштетип турсун деп Гурба деген дунган жигитке бергенибиз чын. Бирок Гурба Сокулук РИИБ кызматкерлеринин коркутуп-үркүтүүсү менен алардын имаратына бизге сатылган "Сонун" турмуш-тиричилик үйүн алмашып жиберет. Биз муну кийин билип, райондор аралык Чүй экономикалык сотуна кайрылсак, имараттын мыйзамдуу ээси биз экенибизди ырастаган чечим чыгарды. Андан кийин Сокулук РИИБ облустук жана Жогорку сотко кайрылды. Бирок Жогорку сот биздин кызыкчылыгыбызды туура таап, райондор аралык экономикалык соттун чечими күчүндө калтырылып, кайра даттанууга жатпайт деген чечим чыгарды.
Бул иштин башында ыраматылык Чыңгыз Айтматов экөөбүз турганбыз. Бир жолу Чыкеме бул жөнүндө айтсам, ал: "Башка бирөөнүн милициясы болбогондон кийин, аларды чыгарганыбыз уят" деген. Чындыгында чыгарайын деген оюбуз жок. Болгону, ал имараттын ордуна өкмөт шаардан башка жай караштырса дейбиз. Азыр бул боюнча тиешелүү органдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Көрүнүп тургандай биз Гурбанын эмес, Гурба биздин мүлктү мыйзамсыз алмашып жиберген. Эми мен ошол жалган макала жарыялаган "Ачык саясат" гезитин сотко берем.
- "Бей-бечаралар" партиясын жетектеп турганда бечараларга берилген он тракторду ың-жыңсыз жоготуп ийген экенсиз?
- Айыл чарба министрлигине караштуу машиналарды сактоочу жай болчу. Ошол он трактордун биринин дөңгөлөгү, биринин башка жери жок турчу экен. Ошол жерде иштеген Эркебаев деген жигиттен сурасам, бирөөлөр жүктөп кетишиптир. Кийин мен бул тууралуу "Кыргызайылөкмөтүнүн" жетекчиси Эмил Узакбаевге да кайрылсам, "койчу байке, ошол тракторлоруңду" деп оң жооп бербей койгон. Ошентип аларды таппай калдык. Анан мени сатып, жеп ийди деп жүрүшөт. Бул туура эмес.
- Макалада жазылгандай, сиздин билим берүү министрлигинде жана шаардын чок ортосунда офистериңиз бар экен. Анын бирин көңүл ачуучу жай катары пайдаланып жатыпсыз?
- Билим берүү министрлиги берген офисин эбак эле кайра алып алган. Азыр бир гана Жазуучулар союзунун имаратында турам. Башка көңүл ачуучу офисим жок. Мунун баары калп.
- Тоң районундагы 17 гектар жерге орус-казак бизнесмендеринен кардар издеп жаткан чагы деген да маалымат айтылган.
- 17 гектар эмес, 15 гектар. Ал жерге үй салууга болбойт, ошол бойдон турат. Келечекте көлдүн жээгиндеги жаныбарларды топтоп, бак-дарактарын отургузуп, зоопарк кылалы деген оюбуз бар. Биротоло сатып жиберүү эмес, иштетүү максатында кардар издеп жатканым чын. Мунун эмнеси бар экен. Гезитте жазылган калган дооматтардын баары жалган. "Ачык саясат" гезитинин редактору Жээнбеков менен Анатай Өмүрканов дос, жердеш. Анан бул жерден кызматтан түшкөн Сейит Алтымышев деген бала менден кызмат сурап, ортого Асанбек Стамовду да салышкан. Балээнин баары ушунда. Ошого эле ичтери күйүп, таарынып жүрүшөт.

Келдибек НАЗИРОВ