"Агым", 31.10.08 - 11-бет: •

Коомдук-саясый гезит
№67, 31.10.08-ж.



 "Кайдасың?.." телекөрсөтүүсү - "Агымда"

"Издейм сени арасынан элдердин"

Адамдардын жашоодон дайынсыз жоголуп кетишинин себептерин санап түгөтө албайбыз. "Кайдасың?.." көрсөтүүсүнө кайрылган, келип түшкөн каттардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Санаага батып, арыз-муңун айтып келген адамдардын жоголгон жакындарынын тагдырын гезит бетине жарыялап, аларга мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче жардам берүүгө аракет кылабыз.

Урматбек кызы Назик
1990-жылы Бишкек шаарында туулган. Кара-Балта шаарындагы ?12 мектептин 9-классын аяктаган. Оң көзүнүн кирпиктери ак. 2007-жылдын 19-август күнү түш чендерде үйүнөн чыккан бойдон келген эмес.

Нурсайдин уулу Азамат
1980-жылы Ат-Башы районунда туулган. 2007-жылдын ноябрь айында Бишкекке келген. 1-декабрь күнү автовокзалдан инисин узатып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Мойнок Төңтөртов
1936-жылы Талас облусундагы Бакайата районунда туулган. 2007-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарындагы Батыш автовокзалына келип түшүп, үйүнө барган эмес. Көрүүсү начар болгондуктан адашып калып, кимдир-бирөөнүн кароосунда жүрүшү мүмкүн деген божомол бар.

Кочкорбай Эшматов
1963-жылы Ноокат районунда туулган. 2001-жылдын август айында Россияга кетүү үчүн Кара-Балтадагы досторуна жолукканы кеткен бойдон кабарсыз.
Кочкорбайдын дайынын билгендер болсо кабарлашат деген үмүттөбүз.

Махабат Токтобекова
1982-жылы Бишкек шаарында туулган. 2008-жылдын 27-июнь күнү түшкү саат он экилер чамасында Дима аттуу таанышы менен "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанынан түшүп калган бойдон дайынсыз. Эки айдан кийин аны Совет-Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн жанынан көргөндөр болгон. Так маалымат айткандарды чоң сүйүнчү күтөт.

Программага түшкөн кайрылуулардын дээрлик 70-80 пайызын республиканын булуң-бурчунан келген каттар түзөт. Кезектеги кат алыстан эмес, Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринен эле жөнөтүлүптүр.

Карлыгач Түмөнбаева
Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылынын тургуну Карлыгач Түмөнбаева бизге жөнөткөн катында туугандарына өзүнүн кайда экендигин кабарлап коюуну өтүнгөн. Анын айтымында, агасы Касенбаев Кубан Жеңиш айылында жашайт. Жээндери Нурлан, Алмаз Асанкожоевдер жана Рыскүл Жети-Өгүздүн Покровка айылында турушат. Бул маалыматты уккан Карлыгачтын жакындары тезинен бизге байланышка чыксаңыздар болот. Карлыгачтын толук дареги биздин редакцияда.

Кенжебүбү Кашкаева
Сокулук районундагы Асылбаш айылында 1941-жылы туулган. 67 жаштагы Кашкаева Кенжебүбүнү туугандары издейт. Ал мурда Аламүдүн районундагы Орто-Алыш айылында жашаган. Бейшен, Колхозбек деген агалары болгон. Азыр Колхозбектин кыздары Бишкекте турушат. "Урматтуу Кенжебүбү апа! Бул маалыматты уккан болсоңуз бизге байланышыңыз же аны таанып-билгендер кабарлап коюшса деген өтүнүчүбүз бар" деп жазышат жакындары.

Баатырбек Токтобеков
1972-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунунда туулган. Эне үчүн баладан артык эмне бар! Өзүнүн ички дүйнөсүн сыртка чыгаралбай, жүрөгү жараланган бул кат ээси Толгонай Токтобекова алыскы Айдаркен шаарчасынан жазган. Катта уулу Баатырбек Токтобеков жаштардын шарданы менен 1997-жылы айылдан чыгып кеткен. 2001-жылы Казакстандын Чилик районуна караштуу Апсыр-Сай айылынын тургуну Нургелди деген участкалык милициянын үйүндө иштеп жүрөт деген имиштерди уккан. "Эми мен да карыдым. Өмүрүм өтүп кеткенче баламды кучагыма кысып, бир көрсөмбү деген үмүттөмүн" деп зор ишеним менен өз оюн билдирген экен Баатырбектин апасы.

Канат Исаков
1978-жылы 7-сентябрда Нарын шаарында туулган. 2003-жылдын январь айында Бишкек шаарына барып, эжесинин үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз. "Жоголгондон бери санаабыз санга бөлүнүп, издей турган жердин баарына кайрылдык. Канат эч кимге жамандыгы жок, боорукер, жада калса тамеки тартып, арак ичкенден да алыс болчу. Канат, айланайын, апаңды аячы, сени ойлогондо сай сөөгүбүз сыздап, куса болобуз. Деги кай жерде жүрсөң да аман-эсен болсоң экен. Дарегиңди билгизип койсоң боло, биз сени чыдамсыздык менен күтөбүз" деп жазат Канаттын апасы.

Жанарбек Бурханов
Жанарбек 1975-жылы туулган. 1999-жылдын январь айынан бери дайынсыз.

Бири жоголуп, экинчиси издеп, санаага батып кайгырган адамдарыбызга жакындарын табууга жардам берип, бири-бирибизге боорукер болуп, туралбай аткан адамды бутунан тургузуу ар бир пенденин парзы эмеспи. Ошондуктан, кайгырган адамдарга кайдыгер карабай, жогоруда сөз болгон тагдырлар тууралуу билсеңиздер төмөнкү дарек менен байланышсаңыздар болот:
Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 59, "Кайдасың?.." программасы.
Телефону: 65-84-83,
Нуркамал Асканова,
Мухтар Жаркулов.
Электрондук дарек:
kaidasyn @mail.ru

Даярдаган Назгүл
КАЛМАМБЕТОВА