"Агым", 24.10.08 - 13-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу дилбаян

НЭНА:
"Эң катаал сынчыларым - ата-энем"
Эларалык сынактарга катышуу бул бийкечтин хоббисине айланган. Анын ырын тыңдагандан мурун биз "Нэна аттуу кыз баланча сынактан мындай сыйлыкка татыптыр" деп угуп калчубуз. Нэна ким? Кайдан чыкты? Бардык маалыматты ырчы кыз өзү баян салып берсин.

19 жыл мурун жарык дүйнөгө келгем. Төрт биртуугандын үчүнчүсүмүн. Эркелигим бар, балким, ашкан эркемин. Бишкек шаарындагы №71, 76 мектептерин артыкчылык күбөлүгү менен бүтүргөм. Учурда эки окуу жайда - Эларалык Финансы Академиясы жана Консерваторияда билим алып жатам.
Теледе да аз-маз иштеп калдым. Продюсерим Назира Раимкулова медиаконсалтингдик компанияны жетектейт. Мен да ошол жерде эмгектенем. Бир канча теледолбоору бар. ЭлТР каналында "Город детей" балдар көрсөтүүсүн алпарчумун. Анда балдардын социалдык көйгөйлөрү чагылдырылчу. Азырынча ал берүү токтоп турат, бирок, жыл жаңырары менен балким, кайрадан экранга чыгып калар.
Эстрадада акырындан өнөрүмдү көрсөтүп келатам. Бул өнөр каныбызда бар. Атам аябай жакшы ырдайт. Ал үч биртууган. Улуу агасы - тенор, атам - баритон, кичүүсүнүкү - бас. Кудай атайын ушундай бөлүштүрүп койгондой. Көп аспаптарда ойношот. Өзүмдүн улуу байкем музыкант, пианист. Экинчи агамдын музыкалык табити жакшы, аспаптарда ойнойт, бирок, спортсмен. Мен эч бир аспапта ойной албайм, бирок, нервге ушундай ойнойм. Ыр десе жанымды берем. Кичүү сиңдим 9 жашта. Ал да ырга жакын окшойт. Чоңойгондо ким болорун сурасак, "Нэна болом. "Нарындан жазган салам кат" деп ырдайм. Славян базарына барам" дейт. Азыркыга чейин ага үлгү болуп келаткансыйм. Апам музыкалык сынчы, анан жакшы бийлейт.
Ырга аралашкыча эле дайым көңүл борборунда жүрчүмүн. Табиятымдан ушундаймын. Балабакча, мектеп, айтор, кайда болбосун, Нэна сөзсүз көзгө урунчу. Чоң сахнага чыгып ырдасам деп кыялданчумун, бирок, сыртка чыгып, кыргыздын намысын коргорумду эч ойлогон эмесмин.
Ырчылар баары "мен-мен" деген адамдар. Андайлардын баарынын башы бир казанда кайнабайт. Ар кимдин өз жолу болот. Бул жагынан өз жолумду таап кеттим десем болот. Ырларымдын көбүнүн автору - продюсерим Назира Раимкулова. Бул киши менин кеңешчим да, курбум да, гримерум да, бир сөз менен айтканда, чыгармачылыктагы экинчи энем. Азыр элге таанылып, сиздерге баян салып жатканым да ушул адамдын эмгегинин үзүрү. Анын продюсердик борборунда мен гана эмес, Алексей Пак деген жигит, Айыма деген наристе бар. Новосибирскиде өтчү "Байчечекей" конкурсуна дал ушул наристе Айыма аттанат. Эмки жылы "Славян базарынын" балдар конкурсуна да катышып калышы мүмкүн.
Жарым жылдын ичинде беш конкурска катышыпмын. Алгач "Урал Моңо" - 2-орун, "Славян базары" - дипломант, "Чыгыш базары" - 3-орун, "Чолпон Жылдыз" республикалык тандоо турунда көрөрмандардын купулуна толдум. Бешинчи жолу - Шымкентте өткөн "Менин Казакстаным" аттуу эларалык сынакта 3-орунду ээледим. Эки жылдан кийин "Евровидениеден" байге алып келейин, ээ?!
Кийинки айда дагы бир эларалык сынакка чакыруу алганбыз. Бирок, аны биз Ислам Акматовго берели деп чечтик. Анткени, конкурстан конкурска барып жүрүп, элге отчет берүүгө тийишмин. Азыр ошонун камындабыз. Андан соң, Кыргызстанды кыдырып чыгам. Атымды угуп жүргөн менен эл менин сынактарда ырдап келаткан гана ырымды билишет. Бирок, репертуарымда 20га чукул ыр бар. Анын баарын элге ырдесте катары сунам.
Өзүмдү укмуш сулуу деп деле эсептебейм. Бирок, сыртка сынактарга барып калганымда мага кыргыздын чүрөгү келгендей мамиле кылышат. Кайда барбайын сезим арнаган жигиттерге кезигем. Шымкенттен келгениме эки жумага жакындап калды. СМСтер азыркыга дейре тына элек. Назира эжеге куда түшкөндөр канча. Биз тамашалап кыргыздын кыздарынын калыңын аябай көп өлчөмдө санап берип койсок, ишенип алышып: "бир канча жумушта иштешибиз керек турбайбы" деп калышат. Бакудан бир жигит колумду сурады эле, Назира эже ага тамашалай: "Нефть мунарасын" даярдап кой деген. Албетте, тамаша сөз. Бирок, мүнөзүмдүн ачыктыгы менен баары менен бат тил табышып кетем.
Жакында шаардык кеңешке болгон шайлоодо бир жаш жигитке колдоо иретинде рекламалык сүрөттөрүндө бирге түшкөн элем. Ал менин чыгармачылыгымды бааларын айтып, сунуш кылган. Кудай жалгап, ал жигит шайланыптыр. Айрым тааныштарым Нэна талапкерлигин койгон го деп ойлошкон экен.
Стилист Замира Молдошева айткандай, эларалык сынак менин хоббиме айланып калган. Мындан ары да кыргыздын намысын коргой бермекчимин. Мага жолукканда, ал-жайымды билерден мурун тааныштарым: "Эми кайда, кайсы сынакка барасың?" деп сурашчу болду. Октябрда Омардын концертине конок катары катышабыз, андан кийин өзүбүздө чоң милдет турат. Тушоо кесүү концертимден соң Кыргызстанды бир кыдырып келип, декабрда Францияда өтө турган "Жылдыздарга карай жол" деген конкурска аттанабыз.
Тушоо кесүү концертиме көптөн күткөн адамдарым келатат. Алар мага бирден-бир эң катаал сынчылар. Аябагандай ири маданий иш-чарага айлантууга да күчүм жетери бышык, себеби, алыстан келаткан ата-энем мага энергия береринен шегим жок. Алар бир топ жылдан бери Владивостокто турушат. Чыгармачылыктагы тушоо тоюм аларсыз өткөнү болбос.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы