"Агым", 17.10.08 - 8-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Кайдасың?.." телекөрсөтүүсү - "Агымда"

"Издейм сени, арасынан элдердин…"
Биз ар бир чыгарылышта адам тагдырына кайдыгер карабоо керектин айтып келебиз. Чоңбу, кичинеби, байбы, кедейби - өлкөбүздө жашаган баардык адамдардын укугу бирдей экени маалым. Ал тургай кимдир-бирөөнүн бузулган укугун калыбына келтирүү үчүн экинчи бирөөлөр аракет кылган учурлар да бар. Мындай жагдайда жеке адамдардан сырткары өкмөттүк эмес уюмдар жана КР улуттук "Кызыл Ай" коому дагы аракет жүргүзөт. "Кайдасың?.." программасы сентябрь айынан баштап аталган коом менен байланышты да колго алды.

КР "Кызыл ай" коомунун иликтөө кызматынын координатору Салтанат Абдыжапарова:
- Улуттук "Кызыл ай" коомунун иликтөө кызматы эл аралык "Кызыл крест" коому менен тыгыз байланышта иштеп келет. Башкы штаб квартира болуп, борбордук иликтөө кызматы Швейцария өлкөсүндө 1870-жылы уюшулуп, азыркы учурда дүйнөнүн 184 "Кызыл ай" жана "Кызыл крест" коомун көзөмөлдөп турат. Андагы издөө кызматында ушул убакытка чейин чогулган документтердин карточкалык базасы чоң жардамын берет. КР "Кызыл ай" коомунун иликтөө кызматынын жыйынтыгында бир нече чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанда эмгектенген дос-туугандарын табууга мүмкүндүк алышкан.
20 жылдан кийинки табышуу
Гирма 1988-жылы Эфиопия өлкөсүнөн Фрунзе шаарына келип, окуу жайлардын биринде окуп жүргөн.Ошол жылдары анын өлкөсүндө граждандык согуш чыгып, ата-энеси, биртуугандары менен байланышы үзүлөт.Тилекке каршы, ошол күндөн ушул күнгө чейин жакындарынын дарегин билбей катташа алган эмес. Жакында эле Кыргызстандагы "Кызыл ай" иликтөө кызматынын жардамы менен Гирманын жакындарынын тизмеси такталып, даректери берилди.
Программага түшкөн кайрылуулардын ичинде дайынсыз жоголгондордон тышкары, ар кандай себептер менен узак жылдар көрүшпөй калып, бири-бирин издегендер да бар. Кыргызстандын ичинде жашап туруп, мындай тагдырга туш болгондор маалымат жетээр менен жолукканга ашыгышат. Ал эми чет өлкөлөрдө туруктуу жашап калган мекендештерибиз үчүн бетме-бет жолугуу бир кыйла убаракерчиликти талап кылат.
Албетте, алыстагы туугандар менен бетме-бет жолугушууга мүмкүнчүлүк болбогон менен, техникалык мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жок дегенде бири-биринин үнүн угуп, телефон аркылуу амандашып, кат-кабар алышып туруусуна өбөлгө түзгөн учурлары бар. Мындан бир жыл мурда Кытайда жашаган боордошторубуз Кыргызстандагы туугандарын издеп кайрылып, көп узабай телефон аркылуу баарлашышкан.
Улуттук каналдын укуктук программаларынын башкы редактору Нышанбек Кочкоров 2007-жылы кезектеги эмгек эс алуу мөөнөтүн Кытай жергесинде өткөрүп, ал жердеги көктеректик мекендештерибиздин Кыргызстанга келип жашап калышкан уул-кыздарына, ата-тегине жөнөткөн аманат-саламдарын ала келген.
Кытайдагы Лот карыя уулун Көлдөн тапты
80 жаштагы Лот карыянын баласы Калмакбай 1956-жылы Текесте туулган. Кийин чоң атасы менен Кыргызстанга кайтып, Көлдүн Аксуу районуна отурукташып, Кытайдагы жакындары менен кат-кабар алышып турушчу. 1996-жылдан баштап эмнегедир ортодогу байланыш үзүлгөн. Эки айлык иликтөө иштеринин натыйжасында Калмакбай ага алыстагы атасы менен амандык сурашып, бир сыйра кубанып алышты. Ал эми кырчындай кыз кезинде Кыргызстанга келген Канымжан апа көйкөлгөн Көктеректи тасмадан көрүп, 40 жылдан бери сакталган бугун көз жашы менен чыгарып алыптыр.
Нургожо ажы Мустайыл уулу кытайлык кыргыз туугандардын тилегин орундатат
"Кайдасың?.." программасына алгачкы жолу Кытайда жашаган боордошторубуздун салам-дубайын Көлдүн Түп районунда жашаган 70 жаштагы Нургожо ажы Мусталый уулу жеткирген болучу. Эки өлкөдө жашап, бири-бири менен кабарлашпай калган боордошторубуздун сагыныч-тилегин орундатууда бул аксакалдын салымы чоң. Кытайга жөнөп жатканда ал жакка баруучу чакан жүк менен Нургожо атанын каттар менен аманат салынган атайын баштыгы кошо барып, кайтканда ошончо жүк менен кошо келет. Үстүбүздөгү жылдын май айында Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун тургуну Иманалиева Салыйкан апанын каты түшкөн. Ал Кытайда калган ата-энесин жана биртуугандарын издеп улуттук "Кызыл ай" коомуна жана тышкы иштер министрлигине кайрылгандыгын, алардан оңчулуктуу жооп ала албай жаткандыгын жазган. Иликтөө иштеринин натыйжасында катта жазылган адамдардын даректери такталып, Нургожо ата аркылуу кат Кытай жергесине жөнөтүлгөн. Нургожо ата Салыйкан апанын биртууган сиңдиси Азимканга жолугуп, сиңдисине берип жиберген чакан аманат менен кошо араб тамгалары менен жазылган катты алып келип окуп берди.
Кытайда калган туугандар
Мындан 3 ай мурун биздин дарекке Кытайда жашаган казак боордошторубуздан дагы кайрылуу түшкөн. Анда Кытайдын Кулжа облусунан 78 жыл мурда Кыргызстанга көчүп келген Өскөнбай аттуу адамдын үй-бүлөсүн издөө жөнүндө айтылган. Катта Өскөнбай атанын Кытайда калган эки карындашы казак үй-бүлөгө келин болгондугу жазылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында изделген адамдар табылып, алардын салам-дубайы тартылган тасма дагы ушул Өскөнбай аксакал аркылуу Кытайга жөнөтүлгөн. Буга жооп катары Кытайдын Иле облусундагы Күнөс ооданында тартылып, даярдалган чакан тасма "Кайдасың?.."студиясына келген. Учурда издешкен эки тарап бири-бири менен байланышта.
Кытайда жашап, Кыргызстандагы тууган-уругун издегендердин көпчүлүгү өз жек-жааттарын эмнегедир Көл тарапта деп божомолдошот. "Бул божомолдун чындыкка жакындыгы барбы?" деген суроо менен санжырачы Совхозбек атага кайрылганыбызда, ал бугу уруусунун түпкү ата-тегинен баштап, жер-жерлердеги бүгүнкү урпактарына чейин узун сабак кеп айтып, Кытайдан келгендердин басымдуу бөлүгү чындап эле Көл өрөөнүн жердей тургандыгын түшүндүрдү.
"Ата-журтка оюм жетип, кол жетпей..."
"Арыба, Көл эне! Балдарыңдын тагдырын илим менен өнөргө, тынчтык менен байлыкка, ынтымак-ырашкерликке, дагы жамы жакшылыкка жылоолоп, кырк айрык сууң өзүңө күргүштөп ийип, түбөлүк бөксөрбөй, чайпалбай турсаң экен!"- деген саптар менен баштап, алты барак ак кагазга ички бугун түшүргөн кат ээси аны кайсы биртууганынын атына эмес жалпы кыргыз элине, кыргыз элинин керемет көлүнө багыштаптыр. Көрсө, алардын касиеттүү Көлүбүзгө болгон кусалыгы да бекеринен эмес экен. Ата-журттун барк-баасын андан алыста жүргөн адам жакшылап сезет окшобойбу. Ой жеткен менен кол жетпей, боорум деп боздогон кыргыздар Кытайда эле эмес, Түркияда, Ооганстанда, Пакистанда, атургай карыш турган Өзбекстанда ондоп саналат. Алардын өз элине болгон сагыныч-кусасы айтып бүткүс. Чет элде жашаган ошол боордошторубузду боорго тартуу ниетинде мындан эки жыл мурда КР Жогорку Кеңеши "Кайрылман" аттуу мыйзамды кабыл алышкан. Өлкө башчысы тарабынан бекитилип, кол коюлган мыйзам ордунан козголсо, бири-бирин издеген кыргыздын саны азаяр беле?..
"Агымдын" бул санында көптөн бери бирин-бири издеп жүргөн жердештерибиздин жакындарын табышып, байланышкандыгы тууралуу маалыматтарын бердик. Эгерде сиз да кимдир бирөөлөрдү издөөгө салып таппай жүрсөңүз, төмөнкү дарек боюнча байланышып, телефон чалып, маалымат алсаңыз болот: Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 59. "Кайдасың?.." программасы. Телефону: 65-84-83, Нуркамал Асканова, Мухтар Жаркулов. Электрондук дарек:Kaidasyn@mail.ru

Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА