"Агым", 17.10.08 - 2-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


"Агым-пресс" билдирет:
Сказ о том, как олигарх Сариев объявляя шах кыргызской демократии, сам себе поставил мат?

Минтип орусча ырдап ийгенибиздин жөнү жөнөкөй. "Акшумкарчы" Т.Сариев китеп-эскерме жазыптыр. Орусча. "Шах кыргызской демократии" деп аталат экен. Чыгармасынын боегу кургай электе Темир Аргенбаевич "бийлик бут тосуп атып араң чыгардым" маанисинде буулугуп алды. Антип "бут тостуртуп" мамлекеттик "Учкун" басмасына жалдырабай, чөнтөгүндө миллиондогон доллары турганда Темикең битирленбей эле менчик, кымбат ишканаларга бастырса болмок экен.
Бир сыйра окуп чыктык. Көзгө оркойгону - автор "мен, мен жана мен!" эле дей бергени. Анан өзүнөн башка Кулов, Бакиев, Атамбаев, Текебаев ж.б. каармандарды бокочолонтуп кара түс менен сыза бергени - окуган адамга жаман, муздак таасир калтырды. Кыскасы, гезитибиздин кийинки санында Сариевдин "шедеврине" кененирээк токтолобуз.

ОРТ менен достошуп, "Азаттыкка" далысын салган Эшимкановго эмне болду?

Маалым болгондой, эки жумадан бери Улуттук биринчи каналдын телесинен "Ыңгайсыз суроолор" менен "Азаттык+" көрсөтүүлөрү, радиосунан "Азаттыктын" жаңылыктары түгөлү менен кан буугандай токтоп чыкпай турат. Экс-кожоюнубуз Эшимканов августта Прага шаарына барып, америкалыктар менен мамилени бекемдеп келгендей болду эле, анан калса өзү да сөз эркиндигин кадырлаган курч журналист, эркин көзкарашы үчүн нечен жыл бийликтен кордук көргөн редактор катары таанылган Мелис Асаналиевичке түшүнүп-түшүнбөй кайрылсак: "Америкалыктар бизге 170 миң доллардан ашык карыз болуп калышты. Ошонусун төлөгөндөн кийин сүйлөшөбүз" деген "чорт" жообун кайтарды.
Ал эми кечээ кечки алтыларда Орусиянын ОРТ каналы менен (мурда реклама боюнча гана макулдашты эле) тыгыз кызматташуу жөнүндө келишимге кол койгонун эшиттик. Бушка эмес, Мелис мырза Медведевге жүз бурду деп түшүнөбүзбү?

Арстан жараланды деп чаңырган чөөлөр

"Бакиевдин жанжөкөрлөрү кача баштаптыр", "Эки айга жетпей ажону Акүйдөн кууп чыгышат экен", "Германиядан кайра оор операция болгону жатыптыр", "Бир тууган үкалары менен да тил табышпаптыр" деген саман жөөтуман сөздөр коомчулукту аралап, айрыкча оппозиция тарап уу-дуу ушак таратып турган чагы. Салыштырып баксак, "арстан (ажо) жараланды, чоң ууга чыгууга (бийликти бекемдөөгө) чамасы жетпей калды деп чөөлөр (оңдогу-солдогу саясатчы сөрөйлөр) токой жаңырта улушуп, оңтою келсе кожоюнду каап-тиштеп тыткылап кетүүгө араң тургандай..." мультиктин элеси көзгө тартылат. Гороскобу боюнча дайын арстан К.Бакиев болсо бүгүн эл-журтка Кайрылуу жасайт.

Парламентте "стукачтар" барбы?

ИИМ башчысы М.Конгантиев 5 эл өкүлүнө: И.Масалиев, Х.Коркмазов, Б.Сан, Р.Тагаев жана А.Сабировго "Кылмышкерлерди издөөгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйлады. Парламенттеги коллегалары арасында экс-кызыл шапкечендер отурганын билип: "Биз жөнүндө маалыматтарды ким ташып атат деп баш катырып атсак, көрсө силер тымызын жайлап жүргөн турбайсыңарбы…" маанисинде тамашага чалышты.

Элүү жылда... алганың да жаңы

Кечээ эки парламентарий: "акжолчу" Р.Тагаев менен "социал-демократ" М.Жураев эл ортону элүүнү багынтышты. Мурат мырза жакын санаалаш кесиптештерин кабинетине чакырып, Баткендин палоосун басып, чакан тойчук өткөрдү. Анан шашкан боюнча үйүнө жөнөптүр. Көрсө, быйыл М.Жураев төшөк жаңыртып, жаңы келинчектүү болгон. Чамасы, юбилейи тууралуу жаш колуктусуна отчет берейин десе керек. Ал эми Р.Тагаев элүү жылдыгын "Алтын казына" ресторанында белгилеп, келген меймандар биртоп "бөтөштүн" башын сындырып, үйлөрүнө "кырк жылкысын" айдап кайтышты дешет жакшылыкка күбө болгондор.

Шерине по-парламентски!

Бейшембиде ЖКнын жыйырмадай депутаты иш убактысынан кийин бейформал, галстуксуз мамиле түзүү үчүн өз ара ынтымак түзүп, "Старый город" ресторанында чай ичишти. Кээбир маалымат каражаттары жазгандай эт жеш үчүн эмес, бош убакта өлкөдөгү экономикалык-саясый кырдаал жана дүйнөлүк процесстер боюнча пикир алышуу максатында. Парламентте тебишип, оппозиция-позиция маанайын жараткан "Ак жол" менен СДПК депуттары минтип бирге шерине уюштурганына караганда бир билгендери бар го?..

"Кызыл-күрөңдөрдүн" ичара күрөшү

ЖКнын Эмгек жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жетекчиси Н.Байлонун башына кара булут айланган кези. Өзүнүн коммунист-фракциялаштары Николай Ивановичтин ишине канааттанбай, аны кетирип, ордуна Бүмайрам Мамасеитованы дайындоого аракет кылып атышат.

Түштөн түшпөгөн МЧС

Билесиңер, МЧС - бул Медет Чоканович Садыркулов. Ушундай окуяны көрдүңөр беле? Түштөрүнөн кетпей, хор менен ыйлашып, жер сабашып, президенттик администрация жетекчисине таш ыргытпаган саясатчыны өлкөбүздөн табыш өтө кыйындап баратат. Оппозициясы-ям өкүрүп атыр, Үсөн аке Сыдыковдун жетегиндеги ажонун аткаминерлери-ям боздоп атыр: "Айланайын, Курманбек Салиевич, бир эле арманыбыз - ушу Садыркуловдон куткара көрүңүз!" дешип. Биз болсо билген эки факторду гана кыйыталы: 1) МЧС кетсе Акүйдөн - президенттин бийлиги оңбогондой бошоңдойт. 2) Улутуна асылабызбы же мурутунабы, бирок Садыркуловдой уюштургуч (орговик), стратег саясатчыны күндүзү чырак менен да издесең табыш кыйын. Демек: Бул аткаминерди ээрден оодарууну көксөгөндөрдүн бир гана максаты бар - Бакиевдин өзүн кетириш үчүн ушинтип ач-айкырыкты салып атышпайбы!

Бакиевдин жанына күчтүү журналисттерди ким топтоп атат?

Узун кепке түшпөйлү. Кыргызстанда таланты, калеми, интеллект байлыгы менен баштары көрүнгөн журналисттердин тыңчыкмалары азыркы президенттин командасында жүрүшкөнү эмнени билдирет? Эсеби маселен, З.Сыдыкова (АКШда), К.Мамбеталиев (Англияда), Р.Приживойт (Австрияда) элчилер, М.Эшимканов (УТРК), Н.Айып ("Кыргызкабар"), О.Малеваная (5-канал), К.Молдокасымов ("Кыргыз туусу")... Кечээ болсо океандын ары жагынан (АКШда атактуу Интернет-сайты менен таанылган) Улан Мелисбек Мекенине келип, жумурияттын патент тармагын башкарып кирди. Океңдерден бирөө айтып атпайбы ушу тизмени келтирип алып: "А не такой уж он простоватый, Ваш кыргызский президент?!" деп.