"Агым", 17.10.08 - 17-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Соопарк

Мал аман болсо, жан аман!

Маектеш жөнүндө маалымат
Жумаканов Калысбек Туратбекович, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы мамлекеттик Ветеринария департаментинин баш деректири, ветеринария илиминин кандидаты.

- Калысбек Туратбекович, өлкөдөгү Ветеринария тармагы бүгүнкү оош-кыйыш мезгилде кандай күн кечирип жатат?
- Ветеринария дүйнөлүк практикада стратегиялык зор мааниси бар тармак. Адамдардын өмүрүнө коркунуч келтире турган жалпы оорулардын 70 пайызы малдан жугат. Мал чарбасынан алынуучу продукциялар азык-түлүктүн жана кайра иштетүүчү өнөржайынын негизи. Демек, мамлекеттин экономикасынын негизин да түзөт. Табигый шартыбызга жана эзелки ата-бабабыздан келе жаткан мал багууга байланышкан кесибибизге байланыштуу мал чарбасы биздин өлкө үчүн өзгөчө тармак. Айыл жериндеги үч миллиондогон адам кайсы бир деңгээлде мал менен байланышы бар. Бекеринен биздин ата-бабаларыбыз учурашканда "мал-жан аманбы" деп сурашпаган. Биздин жайыттар, кокту-колот кыштоолор табигый банк, ал эми төрт түлүк малды ага салып койгон акча каражаты деп түшүнсө болот. Ветеринариянын улут үчүн стратегиялык мааниси абдан чоң экендигин ушундан түшүнсө болот. Ал эми ветеринариянын биздеги бүгүнкү абалына келсек, өлкөдөгү жугуштуу мал ылаңдарын көзөмөлдөө жана ага каршы профилактикалык алдын алуу иштерин уюштуруу, жүргүзүү деңгээли эпизоотиялык кырдаалдын оң же терс болушун аныктайт. Кийинки жылдары ветеринардык кызматка өз деңгээлинде көңүл бурулбай келгендиктен, мамлекеттик ветеринариянын абалы, анын материалдык базасы өтө төмөн деңгээлде десек болот. Аны чет элден келген ветеринардык эксперттер да ырастоодо.
- Азыркы учурдагы сибир кулгунасынын көбөйүшүнө ушул жагдай да себеп болуп атса керек.
- Албетте. Экинчиден бул тармакта кадр саясаты туура эмес жүргүзүлөт. Жетекчилер бир жылга жетпей алмашылып турат. Акыркы он жылдын ичинде 11 жетекчи алмашты. Кызматка ветеринардык кызматтан алыстап кеткен адамдар дайындалган учур арбын болуп келди ушуга чейин. Алардын көпчүлүгү азыркы дүйнөлүк ветеринариянын талабын түшүнбөй, эски ыкма боюнча иш алып барышкан. Ушул тартип менен ондогон жылдардан бери эчким эчнерсеге жооп бербей келген, ал эми иш болсо ордунан жылбай, кайра артка кеткен.
Ветеринариядагы мыйзамдык, укуктук актылардын эскилиги жана азыркы глобализация мезгилиндеги күндө өзгөрүп жаткан жаңы шарттарга, базар мамилелеринин талаптарына шайкеш келбегендиги ветеринариянын бутун тушап, алга жылууга тоскоолдук кылып келди.
Ветеринария тармагына мамлекеттик бюджеттен жыл сайын жетишсиз акча каражатынын бөлүнүшү да терс таасир тийгизүүдө. Алдынала түзүлгөн эсептерге ылайык, 2008-жылы эпизоотияга каршы иштерди уюштурууга, вакцина жана башка каражаттарды сатып алууга 126 млн. сом керектеле турган болсо, 52 млн.сом гана бөлүндү.
Мамлекеттик ветеринардык кызматкерлердин эмгек маянасынын өтө төмөндүгү, социалдык жактан корголбошу да көптөгөн профессионалдуу адистерди ишин таштап кетүүгө аргасыз кылды. Азыркы улуттук статистика комитетинин каттоосунда турган малга эсептегенде ветеринардык адистер менен камсыз болуу 29 пайызды гана түзөт. Акыркы ондогон жылдар ичинде окуу жайын бүткөн бир дагы жаш адис айыл жерине барып жумушка орношкон эмес. Ветеринардык адистердин орточо жашы 45-50 жашты түзүп калды. Эртеңки күнү биздин ордубузга кимдер иштейт? Анткени ветеринардык кесиптин аброю өтө төмөн.
Азыркы иштеп жаткан ветеринарлардын билим деңгээли өтө төмөндөп кетти. Акыркы 20 жылдан бери бир дагы ветеринардык адис билимин жогорулатуучу атайын курстардан окуган эмес. Совет бийлиги убагындагы мындай курстар кийин иштебей калды. Ушунун натыйжасында айыл жериндеги менчик ветеринардык адистер гана эмес, район, шаарлардагы мамлекеттик кызматта иштеген ветеринарлар да жаңы чыгып пайдаланып жаткан дары-дармектер, күндө мутациялык өзгөрүүгө дуушар болуп, жаңы ооруларды козгоп жаткан вирус, бактериялар тууралуу жана башка ветеринариядагы өзгөрүүлөрдөн артта калууда. Чынын айтсам, бай фермерлердин билими кээ бир ветеринардык адистерден жогору болуп кетти. Жалпысынан айтканда, мал ээлерине, фермерлерге сапаттуу ветеринардык кызмат көрсөтүү өз деңгээлинде эмес.
Ветеринариянын ишине терс таасир тийгизген дагы бир жагдай - адамдык фактор. Колхоз-совхоздордун тарашы менен айыл жериндеги көптөгөн адамдар мал ээлери болуп калышты. Мурун малдын багылышына жана анын ден соолугуна чарбанын жетекчилери, малчарба адистери, аздыр-көптүр түшүнүгү бар малчы-чабандар жооп беришсе, азыр баары эле фермер болуп кетишти. Көпчүлүгүнүн ветеринариядагы алдын-алуучу профилактикалык иштерге түшүнүгү жок. Түшүнгөндөрү эч кандай маани беришпейт. Малдын денсоолугу үчүн бир сом жумшабай туруп эле миңдеген сом пайда алгысы келишет. Дүйнөлүк Ветеринардык кодексте көрсөтүлгөн "малдын денсоолугу үчүн анын ээси жоопкер" деген талап аткарылбайт. Тескерисинче, ветеринардык-санитардык талаптар одоно бузулуп, эпизоотиялык кырдаалдын татаалдашына алып келүүдө.
Мисалы, сибир кулгунасы боюнча түзүлгөн кырдаал. Быйылкы жылы 50дөн ашык адам сибир кулгунасына күмөндөлүп ооруканага жаткырылган. Баардык учурларда мал ээлери ветеринардык адистерге көрсөтүп, уруксат албай туруп ооруган же өлгөн малды союп, терилерин сыйрып, эттерин таратып жиберишкен. Сибир кулгунасы менен ооруган малдын каны уюбайт жана ар бир тамчы кан менен оорунун козгогучтары тарап, жүздөгөн жылдар топуракта жата берет, анан чөп менен кайра жугат. Өкүнүчтүүсү, кээ бир адамдар билип туруп эле акча үчүн баарын тобокелге салат. Сузак районундагы Ачы айылынын тургуну Жаныбеков Таалай деген жигит сибир кулгунасынан атасы өлгөндөн кийин өзү ооруканада келинчеги менен жатканда мен өзүм барып, дарылоочу врач менен бирге түшүндүрдүм. Он күндөн кийин сакайып чыгып алып, дагы бир ооруп калган малын мал доктурга көрсөтпөй союп, этин тараткан. Башка бирөөгө ишенбейт элем, мен өзүм түшүндүрүп кетсем, анан атасы ушул оорудан каза тапса да коркпой ветеринардык-санитардык тартипти одоно бузуп, кайра 3-4 тууганы менен ооруканага жатты.
- Кызмат ордуңузга байланыштуу бул тарапты жакшыртуу боюнча кандай ойлоруңуз бар?
- Ойлорду коюп, бир жылда жасаган иштерге токтолоюн. Республикадагы ветеринардык абалды көзкарандысыз иликтөө жана ага баа берүү үчүн Эларалык Эпизоотиялык бюронун эксперттерин чакырып, Кыргыз Республикасынын Ветеринардык кызмат деңгээли салыштырмалуу изилденип, баа берилди. Орточо европалык деңгээл 5 болсо, биздики 1 болуп бааланды. Бул көрсөткүч эларалык стандартка жооп бербейт дегенди түшүндүрөт.
Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн ветеринариянын тарыхында биринчи болуп "Ветеринардык кызматта өнүктүрүүнүн 5 жылдык стратегиялык планы" иштелип чыкты жана 25-февралда өкмөттүн токтому менен бекиди. Бул программалык документ 5 жылга пландаштырылды жана муну ишке ашырууга 42 млн.доллар талап кылынат.
Ветеринардык кызматтын дүйнөлүк стандартка жооп бере турган жаңы структурасы иштелип чыкты жана ишке ашырылды. Эң керектүү делген бир катар мыйзам долбоорлору, анын ичинен "Ветеринария жөнүндөгү", "Мал таануу (идентификация) тууралу", ондон ашык инструкциялар, эрежелер даярдалды жана өкмөттүн кароосуна берилди. Стратегиялык планды ишке ашыруу максатында эларалык донор уюмдар (Дүйнөлүк Банк, Европалык кошуун, ФАО, МЭБ) жана мамлекеттер (Швейцария, Ирландия, Латвия, Литва) менен иш алып баруунун негизинде ондогон миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартылып, долбоорлор иштей баштады. Инвестицияларды тартуу менен мамлекеттик ветеринардык кызматтын, ветеринардык лабораториялардын материалдык деңгээли, потенциалы жогорулады.
Көптөгөн ветеринардык адистер, лабораториялык адистер дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнө барып, стажировкадан өтүп, билимдерин жогорулата баштады. Буюрса, эмдиги жылы атайын иштелип чыккан программа аркылуу донорлордун акчасына республикадагы бардык ветеринардык адистерди менчигине карабай атайын курстардан өзүбүздө окутуп, сертификациялайлы деп атабыз.
- Ылаңдарга каршы пайдаланып жаткан дары-дармектердин сапаты тууралуу сөз кылсаңыз.
- Дүйнөнүн алдыңкы өндүрүшүнөн чыгарылган сапаттуу, атайын сертификациядан өткөн дары-дармектер сатылып алынып, атайын муздаткыч орнотулган автоуунаалар менен жер-жерлерге жеткизилип, массалык күзгү эмдөө иштери жүргүзүлө баштады. Бул багытта жүргүзүлгөн иштердин үзүрү кудай буюрса, 2009-жылы көрүнөт. Мунун мисалында быйылкы 2008-жылы шарп ылаңына каршы колдонулган вакцинаны айтсак болот. Ондогон жылдардан бери жыл сайын каптаган шарп ылаңын токтото алдык.
- Бул дарылардын баасы кардарлар үчүн кандай болот?
- Айта кетүүчү нерсе өтө коркунучтуу деп эсептелген 6 ооруга; шарп, кутурма, сибир кулгунасы, койдун күл, чума жана бруцеллез оорусуна вакциналар мамлекет тарабынан эпизоотиялык планга ылайык бекер берилет. Мал ээлери менчик ветеринардык адистерге көрсөткөн кызматы үчүн төлөшөт. Бул кызмат көрсөтүүнүн өлчөмү облустардагы мамлекеттик монополияга каршы саясат комиссияларынын бекитилген баалары боюнча өлчөнөт.
- Жакынкы аралыктагы ишке ашыруучу максатыңыздар?
- Жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте малдын көзөмөлсүз кыймылын, базарлардын талапка ылайык иштешин ирээтке келтирүү башталды. Республиканын бардык райондоруна атайын цифралык код берүү менен өзүнө гана тиешелүү боло тургандай кылып, малга жазылып берилүүчү ветеринардык сертификаттарды таратып бердик. Буюрса, бул иштер ишке ашса ылаңдуу малдын бир жерден экинчи жерге сатылып кетишине көзөмөл жүргүзүлөт жана мал сатуучу базарлар оору таратуучу булак болбой калат.
Мындан сырткары ар бир айылда, чоң-кичинесине карабай жок дегенде бирден ветеринардык клиника ачуу турмуштун талабы болууда. Ветеринардык клиника менен катар ал жерде сапаттуу дары сатуу үчүн аптека, малды асылдандыруу үчүн жасалма уруктандыруучу пункт болушу керек. Бул иштерди ишке ашыруу үчүн донордук уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
- Жергиликтүү бийлик органдарынын жана мал ээлеринин жоопкерчиликтери кандай болуу керек?
- Жакында эпизоотиялык кырдаал өкмөттүк жыйында вице-премьер министр Элмира Ибраимованын башкаруусунда каралды.
Ветеринариядагы орун алган жалпы кемчиликтер айтылды. Туура, азыркы тапта ветеринардык ишти уюштурууда көп кемчиликтер бар. Биз бул кемчиликтерди жоюу боюнча иш жүргүзүп атабыз. Бирок жалгыз Ветеринария кызматы жергиликтүү бийлик органдары медициналык кызмат жана мал ээлеринин түздөн-түз колдоосуз ишти алдыга жылдыра албайт.
Эл арасында ветеринардык кызмат менен бирдикте бул органдардагы ветеринардык-санитардык эрежелердин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүүсү зарыл.
Нурканбек Керимбаев