"Агым", 14.10.08 - 4-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кыянат кайым

Кыргызстан четөлкөлөргө уран изилдөөгө 50 лицензия эмнеге берди?
Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин маалыматына ылайык, азыр урандын запасын изилдөө үчүн кыргызстандык жана чет өлкөлүк инвесторлорго элүүдөн ашуун лицензия берилген. Урандын баасы дүйнөлүк рынокто болуп көрбөгөндөй өстү. Анткени өнүккөн өлкөлөр мунай менен газга караганда ядролук отунга көп көңүл бурушууда.

Кыргызстан уранга өтө бай. Советтик мезгилде уран өндүрүү боюнча жүздөгөн кендер иштеген. Азыр канадалыктар Көкөмерен, Барскоон тарапты изилдесе, австриялыктар Ысыккөлдүн Калмаксуусунда урандын алгачкы үлгүсүн алуу үчүн бургулоо иштерин жүргүзүшүүдө. Уран кендерин кайрадан ачуу экологияга оңбогондой зыян келтириши айтпаса деле түшүнүктүү. Советтик мезгилде Кыргызстандагы экологиялык абал Москваны такыр кызыктырбаганы менен кез-кез көзөмөлдөп турган.
Ушу тапта бир эле Баткен облусундагы сымап, сурьма кендеринин зыянын жаратылыш эле эмес, адамдар да тартып жатат. Дүйнөлүк тажрыйбада сымап кенинде иштеген шахтерлор 10 жылда пенсияга чыгып, калган өмүрүн коопсуз, экологиясы таза аймакта өткөрүшү керек. Бирок сымап кени Айдаркен шаарчасынан 100 метр алыстыкта жайланышкан. Ал эми Майлысуу шаарчасында көмүлгөн уран калдыктары бүтүндөй Орто Азия мамлекеттерине коркунуч туудуруп турганы жөнүндө сөз болгону менен алгылыктуу аракеттер көрүлбөй келет. Майлысуу экологиясы өтө коркунучтуу деген Чернобыль сыяктуу дүйнөдөгү он шаардын катарында экенин өзүбүз билбесек, дүйнөлүк коомчулук жакшы билет. Эгер Майлысуудагы отуздан ашуун уран калдыктары көмүлгөн жайлар табигый кырсыктан же башка себептен улам дарыяга агып түшчү болсо, Өзбекстан менен Казакстанда жашаган миллиондогон элдин өмүрү коркунучка дуушар болуп, өлүү аймакка айланышы кеп эмес. Коркунучтуу заттардын калдыктары бир эле Кадамжай, Майлысуу менен эле чектелбейт. Бир кезде уран өндүрүлгөн Минкуш, Кажысай, Шакафтардагы көмүлгөн калдыктар да адам өмүрүнө дамамат коркунуч туудуруп, Кыргызстандын асманын күңүрттөп турат.
Бүгүн уранды изилдөөгө лицензия алган чет өлкөлүк инвесторлор эгер кенди иштетчү болсо жер астында жабык түрдө өндүрүп, экологияга зыян келтирбейбиз деп ишендирүүдө. Мындай ыкма дүйнөлүк тажрыйбада болгону менен такыр эле коопсуз болот деп айтуу кыйын. Анткени чет өлкөлүктөр уранды бир гана акча табуу максатында изилдөөдө. Биздин жаратылышыбыз, элдин келечеги аларды ойлондурбайт. Муну Кумтөрдүн мисалынан көрсөк болот. Экологияны кыйратып, токойлорду кууратканы аз келгенсип ал үчүн акча төлөөдөн баш тартып жатышпайбы. Эң өкүнүчтүүсү, жер астындагы кендерибиз дүйнө эли үчүн ачык болду. Алтын казса да, уран казса да лицензия бериле берет. Ким келип, ким алып жатканы менен эч кимдин иши жок. Анан эле биздин кендерге чет өлкөлүк бирөөлөр кожоюн болуп колдон-колго өткөрүп, Лондондун биржаларында сатып жатканына таң каласың. Кыргызстандын кендери уникалдуу. Уран чыккан жерден алтын, күмүш ж.б. сейрек кездешүүчү кендер да чыгат. Мисалы, Кумтөрдөн бир эле алтын чыкпай, күмүш, темир ж.б. металлдар чыга турганын он жылдан кийин билдик. Бир кезде Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы болуп иштеген Турдакун Усубалиев Ысыккөлдө урандын 20 миң, торийдин 50 миң запасы бар экенин айтып келип, экологиялык залакасын ойлонбогон чиновниктер муну иштетүүгө белсенип турганына кейиген.
Азыр биз бир кезде жер үстүндө көмүлгөн уран калдыктарынын азабын тартып жатканда, уран изилдөөгө уруксат кылынган 50 лицензияны берүүнүн кереги бар беле? Иши кылып кендерди чалгындоо, иштетүү иштери Кыргызстанда башаламан жүргүзүлүүдө. Бирөө таш кесип сатып жатса, бирөө цемент сырьесун, бирөө топурак сатып, ар ким каалаганын жасап турган чагы. Бул боюнча Жогорку Кеңештин отун-энергетика, кендерди пайдалануу комитети да алгылыктуу иштерди жасап жатат дегенден алыспыз. Анткени жанагы уран изилдөөгө лицензия сураган чет өлкөлүктөр Кыргызстанга жөн жеринен келген жок. Урандан атом бомбасы жасалат, атом электр станциялары курулат. Андыктан эртеби-кечпи адам өмүрүнө коркунуч туудурган бул кендер да ачылып калчу күн алыс эмес.
Азыр Кыргызстандагы уран калдыктарынан тазалоо үчүн бизге Дүйнөлүк банк, Евросоюз, АКШ департаменти ж.б. бир катар дүйнөлүк уюмдар, Япония акча бөлүп коопсуздугубузду ойлоп жатканда, биз уран изилдөөгө лицензия берип, болбой эле өлкөбүздү ууландырууга шашуудабыз. Ансыз деле бизде 145 миллион тоннадан ашуун радиоактивдүү уран калдыктары бар. Россия Карабалта тоокен комбинатын 1,8 млн. АКШ долларына сатып алып, уран иштетүүнү жандандыруу аракетин көрүүдө. Коомчулук, оппозиция дегендер буга тынчсызданган жок. Кайра анча инвестиция келмей болду, мынча кредит бермей болду деп, кол чаап, кубаттап турушат.

Келдибек НАЗИРОВ




  Андай теппей, мындай теп

Гезитибиздин өткөн санында ЖК депутаты Нургазы Айдаров жөнүндө маалымат жарыяланган. Анда Н.Айдаров "шпиондун" ролун аткарып, парламенттеги сөздү кайнатасына (Үсөн аке Сыдыков) ташып турары имиш айтылган. Күнү кечээ эл өкүлү редакциябызга кайрылып, бул такталбаган маалымат экенин, "Акжолдун" позициясынан тайбастыгын жана "шпиондун" ролун аткаруу ниети жоктугун чакан маегинде билдирди.

"Акжолчу" депутат кайнатасы менен катташпайт
- Мен саясатта жаңы адам эмесмин. Буга чейин Эл өкүлдөр жыйынында депутат болгом. Силердин гезитти сыйлайм жана ар бир санын күтүп окуйм. Ошентсе да, мен жөнүндө маалыматты тактап берсеңер жакшы болмок. Ооба, Үсөн Сыдыкович менин кайнатам экенин танбайм. Жубайым экөөбүз үч баланы тарбиялап атабыз. Бирок, акыркы үч жылдан бери ал киши менен байланышым үзүлгөн. Буга биринчиден, үй-бүлөлүк карым-катнаш, экинчиден, саясый көзкараштарыбыз эки ача болгону себепкер. Албетте, Ү.Сыдыков саясатта өз орду бар инсан, менин жардамыма муктаж эмес. Эгерде, ал экөөбүздүн мамилебиз жылуу болсо, анда "Жаңы Кыргызстандын" парламенттеги "чалгынчысы" кылышса жарашмак. Акыркы үч жылда жолукмак тургай, жада калса телефон аркылуу байланышканыбыз жок. "Акжолчулардын" ыркы кетип, сиздер жазгандай "шпиондор" арабызда тымызын маалымат ташып жүрсө, андай эки жүздүү кесиптешимди мен да сыйлабас элем.
- "Жаңы Кыргызстандын" айрым мүчөлөрү "Акжол" партиясынан шайланып келип, парламентте отурганы жөнүндө Ү.Сыдыков биздин гезитке берген маегинде билдирген (№22 (574)). Сиздин айтканыңызга караганда, "акжолчулардын" арасында "Жаңы Кыргызстандын" мүчөлөрү жок экен да?
- Ал жөнүндө кабардар эмесмин. Андыктан, андай-мындай деп оюмду билдиргеним акыйкаттыкка жатпайт. Бир гана айтарым, "Акжол" чыныгы элдик партия экендигин далилдеп, бүгүнкү күндө карапайым калктын мүдөөсүнө шайкеш келе турган мыйзамдарды кабыл алуунун үстүндө иштеп атат. Карапайым калк менен тыгыз байланышта иштеп, аларды көңүл сыртында калтырганыбыз жок. Бул, "Акжол" партиясы келечекте эл ишенимин толугу менен актай тургандыгын далилдейт.
- Бирок, энергетика кризиси, тамак-аш наркынын асмандашы жана эңшерилген экономикабыз - бүгүнкү жашоо картинабыздын "мышык ыйлар" абалда тургандыгынын башкы белгиси эмеспи?
- Ушул суроону берериңизди күткөм. Өткөн жылы парттизме менен шайлоо өтүп, парламентте "Акжол" көпчүлүктү түздү. Кетирген кемчиликтер жок деп айтпайм, бар. Сиз айткан тамак-аш наркынын жогорулашы - дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу. Энергетикалык кризиске кабылганыбыздын себеби көп. Алсак, быйыл Токтогул каскадына суу былтыркыга караганда аз келди. Ошол эле өнүккөн АКШ, Россия өлкөлөрү учурда экономикалык кризис менен күрөшүп аткан чагы. Анын кесепети бизге да тийбей койгон жок. Бирок, "көч бара-бара түзөлөт" деген накыл кепти унутпасак. Эртеңки жаркын келечектен үмүтүм чоң.
- Учурда саясый кырдаал курчуп, оппозициянын айбаты күчтүү. Бийликчил депутат катары, жалпы эле саясый кырдаалга кандай баа берет элеңиз?
- Демократиялык коомдо жашап аткандан кийин, түрдүү пикирлердин айтылары - нормалдуу көрүнүш. Бирок, саясый кырдаал курчуп кетти дегениңизге кошулбайм. Өткөн жылдардагыдай пикет-митинг "илдетинен" арылганыбыз - мамлекетибиз жаңы нукка, өнүгүү жолуна түшкөнүн айгинелейт. Кечээле бийликте отуруп, жылуу креслосунан айрылган соң "оппозиционермин" деп төш кагып чыгуунун кереги барбы? Азыркы оппозициячыл саясатчылардын көпчүлүгү бийликтин бийик тепкичинде жүрүштү. Бүгүн көтөрүп чыккан көйгөйлөрдү, суроо-талаптарды ошондо чечсе болбойт беле? Адам баласынын табияты ушундай: иш кылганча, бирөөнү сындаганды жакшы көрөбүз. Минтип саясый кырдаал турукташып баратканда, бөлүнүп-жарылбайле койсок. Анын ордуна "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак" жакшы болот эле.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ