"Агым", 10.10.08 - 3-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жарык жок, көмүр жок, уят жок...

Октябрь саясатынын 11 соболу
Эски заман ырынан:
Бириндейин, экиндейин, үчүндөйүн, төртүндөйүн, бешиндейин, алтындайын,
Агатайын, каратайын, өгүз өлдү, бука калды,
Булдургуч, чулдургуч, өкүл кыз, көчүк кыс, сен туруп, сен чык!

Үчмушкөтөрдүн үшкүрүгүнөн
"Жаман иттин аты Бөрүбасар" демекчи, ниети эски таардай жыртылган, аталышы гана "Жаңы Кыргызстан" партиясы түшүнөн чочугансып, 7-октябрда шашылыш жыйын өткөрүшүп, жергиликтүү шайлоону туздашып, өлкөдөгү кырдаалды талкуулашып, саясый чечим кабылдашты. Партиянын атасы - ажонун ардактуу кеңешчиси Үсөн Сыдыков, генералдык катчылыгына - ажонун алдындагы коопсуздук кеңеш катчысы Исмаил Исаков, анын орун басарлыгына - юстициянын экс-министри Марат Кайыпов шайланышты. Эң башкысы, буларың өлкөдөгү саясый абал өзгөрбөсө, электроэнергияны өчүрүү, азык-түлүк кымбатташы токтобосо, коррупция тереңдей берсе, ноябрдын этегинде "Жаңы Кыргызстан" бүткүл өлкөдө нааразылык акциясын башташат экен. Муну уккан оппозициянын оозу Ошту карап, анан эстерин жыйган соң шатырата кол чаап ийишти. Кептин ток этерин айтканда, бул эргул үч мушкөтөр президент Бакиевге (болгондо да "прямой боссуна") азуу шакылдатышып, ачык чабуулга өтүштү.

Иттин өлүгү кайда көмүлгөн?

Себептерин алыстан издебейли. М.Кайыпов юстиция тармагын сызга отургузганы үчүн Акүйдүн жетинчи кабатынан өлөрчө тил угуп, бүт Кыргызстан элинин көзүнчө шымы шыпырылган чыткурсактай шүмүрөйүп, көчүгүнө чыбык чабылгандай абийири төгүлүп, ичиндеги заары ажого каршы жыландыкындай чачырап турган маалы. Анан ушу Таштандын баласы чыгарабы бизди кризистен? Чунак жигит, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактамыш этип, жок дегенде жарым жыл унчукпай турса боло! Коргоо министрлигинин май токочтуу миллиондорунан кол жууп калган И.Исаковду да бир чети түшүнсө болот, бүгүн минтип колго суу куйган баладай Совбездин жембаштыгын көтөрүп мусапырланып турса. Анан калса беш күн мурда административдик жыйында К.Бакиев: "ТЭЦ, цемент заводдорун текшергендин ордуна, коопсуздук боюнча түз милдетиңди аткарып, Ноокатка барып, диний экстремизмге көз салбайсыңбы?" деп Исмаилди катуураак зекип койгон экен, чынтийбестиги кармаган генерал мырза дароо Үсөн акесине даттанып чуркап барып атпайбы! "Биздин партия өкмөттү башкарууга даяр!" деп күүлөнгөнүнө караганда Исаков Маскөөдөгү Кубанычбек Апастын катарына кошулчудай кейиптенип калган сымал. Алайдын Нура айылындагы шайлоочулар кырсыктан шейит кетип атса, бул генерал сөрөй кичи Мекенине барып койгондон эрингени - эмнени каңкуулайт? Ал энди Үсөн аке Сыдыковдун "основной" эки ичкүптүсү бар эмеспи. Биринчиси - бу аксакал жөн калбай, өзүн түштүктүн "негласный ханы" сезип, "24-марттагы окуянын авторумун" деп бекем ишенип, 1990-жылдагы Ош окуясы убагынан келаткан интрига өнөрүнөн алигүнчө арыла албай, анан калса президенттик администрация жетекчилик кызматынын тамтыракайын чыгарып, отставкага айласыз кеткенден бери түн уйкусунан калып жүрбөйбү, жарыктык киши?! Экинчиси - уулу Бакыт Сыдыков экөө "Манас" аэропортун башкаргандан бери көңүлдөрү ток, чөнтөктөрү кыйла кампайып калды эле. Жакында кашайып эсеп палатасынын төрагасы И.Гайыпкулов парламент трибунасынан аэропорттогу финансылык итапкан мыйзам тебелемейлерди айтып, кылмыш ишин козгоо зарылдыгын "балп!" эттирди. Үсөн аке баласынын жеп-ичкени үчүн кызарып-уялып калгандын ордуна, М.Садыркуловдон көрүп, ызырынып, айланып келип Бакиевдин өзүн коркутуп, кызылкулак шантаж жолуна түшүп, "эгер балама кылмыш иши козголсо, моминтип мазгиңди чага берем!" кыязындагы долулугун карматкан чагы. Анан ушундай адам ойлойбу элдин тагдырын?

Топчуке, Зайнидин жана Бегалынын калыстыгы

Ажону кечээ мактап, бүгүн өкүртө сындап жүрсө да Т.Тургуналиев тиги үчөөнүн жоругун айыптап чыкты. "Үч жыл тезек терип жүрүштүбү, акылдарына эми келиштиби?" маанисинде. Дегиңкисин эле, "бийликте жүрүп эле отставкага кетээри менен оппозициялык жолду тандагандык - наадан, ыплас көрүнүш" деп баалады Топчуке тиги үчмушкөтөрдүн көздөрү күтүүсүздөн "ачылганын".
ЖоКе депутаттары З.Курманов: "Бул билдирүү мамлекет башчысы менен анын шакирттеринин ортосундагы ажырымды билдирбейт деп ойлойм. Мен айтаар элем, кокусунан кошулуп калган кокуйгүндөр менен ажонун чыныгы жанжөкөрлөрүнүн арасындагы жарака небак эле башталган. А бу таптакыр эки башка көрүнүштөр" десе, анын кесиптеши Б.Наргозуев: "мурда мен мындай айың кептерге ишенчү эмесмин. Эми чүмбөттөрүн сыйрышпадыбы. Бирок, булар адегенде отставкага кетип туруп, ажого каршы билдирүү жасашса жигитчилик болмок. Эми кантип Акүйдүн 7-кабатында отурушат, мамлекет башчысынын командасында?" деди.

Кларамания же Манька а-блигация

Боршайкомдун экс-төрайымы "жылкы теппей, жылан чакпай" видеокайрылуусун калтырып, Маскөөгө качып кетиши - көпчүлүк күткөндөй бомба сыяктуу жарылбай эле, рогатка менен чымчык аткан тестиердин ойнуна окшоп калды. Оппозиция жээгиндегилер "чабал өрдөк мурда учкан" кейипкердин образын кийип, саясый үлкөн оюнчулардын капканына кантип түшүп калгандарын өздөрү да аңдабай калышты. Текебаев жана анын командасы какшагандай, "Кларамания" шоусунда саясый куугунтуктун, коркутмайдын жыты да жок болуп чыкты. Эки мисал тарталы. Жекшенкулов күпүлдөгөн: 8-октябрда Кабилова Орусия борборунан сенсациялык билдирүүсүн жөнөтөт деп. Клара айым менен биз дагы байланыштык. Жөнөтпөйт экен. Антип эч кимге убада дагы бербептир. Экинчиси - видеоматериалды Текебаев алганын, Клара менен кенен аңгеме-дүкөн курганын билдирген. Кабилова андай болбогонун, оппозицияга жолобогонун, алардын колуна кантип тийгенин билбегенин Акыйкатчы Т.Акунга расмий кабарлаптыр. Андан тышкары: Кабилова билдирүүсүн 21-сентябрда эле алиги эле Ү.Сыдыков менен И.Исаковго бергенин, алар "Даназык" офисинде жолуккандары айкын болду. Эмнегедир бул эки аткаминер ажого ал окуяны айтышкан эмес. Кийинкиси версия түрүндө: экс-төрайым Бишкектен 250 миң долларга үй алганын, камактагы И.Кадырбеков экөөнүн финансылык байланышы, 7-8 жыл илгери Орусияда иштеп жүрүшкөндө Клара менен Үсөн аке Сыдыковдун мамилелери өтө жакын болгону, бүгүнкү учурда Кабилова Маскөө шаарында кайсы олигархтын кайсы үйүндө кандай шартта жашап атканы жөнүндө кызыктуу материалдар бар.
Окемдердин "Место встречи изменить нельзя" атактуу киносу бар эмеспи. Ошондо "Манька Облигация" кличкалуу көчө кызы милицияга кармалып, Жеглов-Высоцкийге түшүнүк жазганда "А-аблигация что-ли?" деп күлдүрдү эле. Анын сыңарындай, Маскөөлөп качкан жагынан, "аблигациялап" күлдүргөн боюнча, "У Клары украли кораллы" деп тапанданып иймейден кыкеңдер уста болуп баратабызбы, ыя?




Сөзсүз сүрөт шиңгил-деринен
Садыркулов кантип Текебаевге тийишти?
Үч күн мурда Базаркоргондон М.Садыркулов кокусунан Ө.Текебаевге жолугуп калып: "Өмүке, куттуктайм, оппозиция арасына Үсөн акедей карт бөрүнүн кошулушу менен! Эми итиңер накта чөп жегени калыптыр го" деп тамашалаптыр.

Аксакал менен ушакташкан Данчик
Маркум Мухаммед Ибрагимовго эстелик ачуу зыйнатында Э.Ибраимова, Ч.Баекова ж.б. расмий өкүлдөр эскерүү сөздөрүн төгүп атышса, катар отурушкан Үсөн Сыдыков менен Данчик (Д.Үсөнов) жанындагыларды эч элес алышпай, ынак абысындардай шыбырашып, эл тараар-тараганча жомоктору бүтпөдү. Эки сөздөрүнүн биринде "Жаңы Кыргызстан", Бакиев, Садыркулов, Максим деп какшанып жатышты.

Атышып кетишпесе экен!
Эл оозунда элек жок. Эки баш кошулган жерде Ж.Бакиев + М.Конгантиев + М.Суталинов кошулмасы, М.Бакиев+М.Садыркулов тандеми. Булардын ортосундагы тымызын күрөшүү. Күрөш туу чокусуна жетип баратканын эске алсак, кан төгүлүп атышып кетишпесе болду!

Энелери эркек төрөгөндөй сүйүнгөн оппозиция
Оппозициячыл азаматтар Текебаев, Сариев, Бекназаров энелери эркек төрөгөндөй эле кудуңдашып, оңго-солго интервью таратышып, кечээле жек көрүшүп жүргөн "Жаңы Кыргызстанды" апендинин кызындай макташууда.

Эшимканов менен Суваналиев кимди уктатпай атат?
Үйбүлөнүн жакын адамы Ю.Тойчубеков "эврикалаган" сунуш киргизиптир: "Максим инибиз менен Садыркуловду алсыратыш үчүн эки "опасный" оюнчуну бийлик короосунан чыгаралы. УТРК гендиректору М.Эшимканов менен Нарын губернатору Ө.Суваналиевди. Эң коркунучтуулары ушулар. Керек болсо көздөрүн тазалаш керек!" деп күпүлдөптүр.

Президент бир ай Германияда дарыланат
Саммит меймандарын узаткан соң Курманбек Салиевич 17-октябрда элге расмий кайрылуусун жасайт. Андан соң дарылануусун улантуу үчүн Германияга баруусу күтүлөт.

Жол издейли!
А жарык, көмүр, азык-түлүк, табигат кырсыктары төбөдөн салаңдап турат. Кайда бараар экенбиз?

Аман Акматов