"Агым", 10.10.08 - 28-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Апта астрологиясы

13-октябрдан 19-октябрга чейин
Кой (21.03-20.04)
Турмушта. Коллективдүү иш-чаралар үчүн ийгиликтүү убакыт. Пикирлештерден турган команда кыйла жеңиштерге жетишет. Ишмердүүлүк чечкиндүү кадамдарды талап кылат.
Сүйүүдө. Жеке мамилелердин өнүгүшү үчүн ийгиликтүү апта. Ой-кыялдарыңызды ортого салуудан тартынбаңыз.
Акчада. Материалдык абалыңыз бир калыпта. Апта ортосунда кошумча киреше булагына ээ болосуз.
Букачар (21.04-21.05)
Турмушта. Саламаттыгыңызга кам көрүүгө ылайыктуу шарттар түзүлөт. Тынчыңызды алган дарт дене оорусу эмес, жан дүйнө илдети. Кесиптештер менен жакын мамиле түзүлөт.
Сүйүүдө. Түшүнбөстүктөн жеке мамилелерде пикир келишпестиктер пайда болушу мүмкүн.
Акчада. Ийгиликтүү ишмердигиңиз айлык акыңыздын жогорулашын шарттайт.
Эгиздер (22.05-21.06)
Турмушта. Чыгармачылык үчүн ылайыктуу мезгил. Илимий изилдөө иштеринде, спортто алгы ийгиликтердин ээси болосуз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууга аракеттениңиз.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңуздагы жакшы кабар, жакыныңыздын жылуу сөзү оптимисттик маанай жаратат.
Акчада. Финансылык көйгөйлөр-дү чечүүгө апта ортосун тандап алсаңыз болот.
Бөйөн (22.06-23.07)
Турмушта. Ремонт, курулуш иштерин баштасаңыз болот. Иш кагаздары менен иштөөдө сак болуу кажет. Бардык маалыматты алгач текшерип көрүңүз. Эмгегиңиз үзүрлүү болот.
Сүйүүдө. Үйбүлө ичиндеги түшүнбөстүктөрдөн арылууга, көйгөйлөрдү чечүүгө ылайыктуу мезгил.
Акчада. Апта аралыгында кредит, ижара, мурас маселелери сиздин пайдаңызга чечилет.
Арстан (24.07-23.08)
Турмушта. Иш сапарга чыгышыңыз күтүлөт. Ийгилик кушу сиз тарапта, андыктан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай пайдаланып калыңыз. Өнөктөштөрүңүз менен сиз каалагандай алака түзүлөт.
Сүйүүдө. Жакын адамыңызга көбүрөөк көңүл буруп, бирге убакыт өткөрүүгө аракет кылыңыз.
Акчада. Материалдык абалыңызды жакшыртууга мыкты шарттар түзүлөт.
Бийкеч (24.08-23.09)
Турмушта. Мурда маани бербеген, көңүл бөлбөгөн нерселерге көз карашыңыз өзгөрүшү мүмкүн. апта ашыкча салмак менен күрөшүү, жаңы диета баштоо үчүн ылайыктуу.
Сүйүүдө. Өзүмчүлдүк, өз кызыкчылыгыңызды жогору коюу жеке турмушуңузга залал тийгизиши ыктымал.
Акчада. Каражат аптанын башкы маселесине айланат. Кейибеңиз, ийгилик сиз тарапта.
Тараза (24.09-23.10)
Турмушта. Чыгармачылыгыңыз-ды сынга алып чыгууга мезгил жетти. Көпчүлүктүн көңүл чордонунда болосуз, демек жөндөм-шыгыңызды пайдаланып, колуңуздан көп нерсе келээрин далилдесеңиз болот.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңуздагы оош-кыйышка көңүл оорутпаңыз. Мунун бардыгы убактылуу көрүнүш.
Акчада. Каражатты өзүңүзгө сарптоо туура. Дүкөн кыдырыңыз, соода кылып, көңүлүңүздү көтөрүңүз.
Чаян (24.10-22.11)
Турмушта. Ишмердигиңизден бир аз тыныгуу алып, эс алганыңыз оң. Жашооңузга саресеп салып, ийгилигиңиз менен кемчиликтериңизди аныктоого ылайыктуу убакыт.
Сүйүүдө. Үйбүлөлүк мамилелерди калыбына келтирүүгө, чыңдоого шарт түзүлөт.
Акчада. Финансылык абалыңыз туруктуу. Ири соода-сатыкты кийинкиге калтырууңуз кажет.
Жаачы (23.11-21.12)
Турмушта. Апта достор менен баарлашууга бай болот. Бирок алардын бардык айткандарына ишене берүү туура эмес. Ишмердүүлүккө байланышкан жаңы идеялар пайда болот.
Сүйүүдө. Жеке мамилелерде өкүм сүргөн пикир келишпестиетерден арылуу өз колуңузда.
Акчада. Материалдык абалыңыз өз калыбына келет.
Текечер (22.12-20.01)
Турмушта. Максаттарыңызды так аныктап алуу зарыл. Апта ортосунда денсоолугуңуз тынчыңызды алышы мүмкүн. Иште чечкиндүү болууңуз талап кылынат
Сүйүүдө. Аракеттериңизден улам аброюңуз көтөрүлөт.
Акчада. Материалдык абалыңызды жакшыртууга көрүлгөн чаралар өз жемишин бере баштайт.
Суу пери (21.01-19.02)
Турмушта. Жаңы нерсеге умтулууңуз байкалат. Китеп окуу, өз алдыңызча иш алпаруу үчүн ийгиликтүү убакыт. Апта аягында конокко барууңуз күтүлөт. Болгону жол жүрүүдө сак болуңуз.
Сүйүүдө. Олуттуу кадамга ашыкпаңыз. Шашкан шайтандын иши экенин унутпоо керек.
Акчада. Пландаштырылгандан көп акча каражатын сарпташыңыз мүмкүн.
Балык (20.02-20.03)
Турмушта. Ички туюмуңузга ишеним артыңыз. Көзү ачыктарга, элдик дарыгерлерге кайрылуу үчүн ийгиликтүү апта. Ишмердикте жетекчилик менен бир нече ирет жолугушууңуз мүмкүн.
Сүйүүдө. Жеке мамилелерди бийиктикке чыгарууга, бекемдөөгө мыкты шарттар түзүлөт.
Акчада. Апта инвестиция ишмердиги, кредит маселеси үчүн ылайыктуу.