"Агым", 03.10.08 - 9-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Бомбейкат

Атанын баласы элең
Карынын өзүн… капка сал!

Ысык-Көлдүн Тоң районунун Улуу согуштун катышуучулары, демек, эң жашы 82ден өткөн, тиши күбүлгөн, кулагы каңырыш, бутта кубат, белде күч жок карыялары өлкө президентине эмес, өкмөт башына эмес, атанын уулу катары биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге кайрылабыз.
Урматтуу Искендербек уулубуз, силер айткан "азык-түлүк кризисинен" кийин биз, карылар, өтө кыйын акыбалда калдык. Ундун баасын түшүрөбүз дедиңер эле, түшүрбөй дүмүрөң калгыла, баасы баягы асмандаган бойдон. Өкмөтүң муну бүт дүйнөдө ушундай болуп атат деп койду. Биз жаман көзайнегибиз менен гезиттерди окуп атырбыз: бардык жерде баа түштү. Бизде гана дүркүрөп өсүп атат. Экономика министри А.Жапаров дагы өсөт, билгениңерди кылгыла дегендей көзгө зекиди. Азамат экен. Дүйнөдө ушундай дейт. Ушундай болсо кыргыздын тоосу көчүп кеткен жок, жайыты турат, 5-6 миллиондон ашуун кой-эчки, ондогон миллион бодо мал кайда кетип атат? Ундун бир мүшөгү (45 кг) 1500 сомдон түшпөдү, эттин кили 200 сомдун тегерегинде. Биздин басымдуу көпчүлүгүбүз ашып кетсе 3-3,5 миң сомдун тегерегинде пенсия алабыз. Андан ашык алгандар жокко эсе. Ун менен эле этти эсептеп көр: мыктысынган пенсиябыз канчасына жетет? Ал аз келгенсип, кечээ жакында өкмөт башы Игорь Чудинов электр жылыткычын 2009-жылдын апрелине чейин пайдаланууга тыюу саламын деп жарыя кылды. Бул опуза кайсы мыйзамга туура келет? Бул эми көмүрүң жок болсо кышында тоңуп өлө бер дегенге тете кеп. Көмүр алайын десең, айланайын Рысбектин уулу, атаң пенсияга жакшы эле акча менен чыккан болуу керек, аныкы да жетмек эмес. Президент Бакиев айтпады беле, сауналарды, казинолорду, жалапкана, мейманкана, кафе-ресторандарды, Ысык-Көлдөгү, Бишкектеги кансарайларды, Ататүрк паркындагы мыйзамсыз салынган аксөөктөрдүн аксарайларынын жарыгын өчүрсөк, карапайым калкка шоола тиет деп. Анысы кайда? Эң негизгиси, бизге окшогон карыларды тирүүлөй эле көөмп саласыңарбы?

Турсун МАМБЕТТУРДИЕВ,
Бокеш АЛДАШЕВ, Сапа АСАНАЛИЕВ ж.б. Улуу согуштун 20 майыбы кол койгон.
?"Соопкер" соттор
Баткенди "балчылдатып" атышат

Мен 12 жылдан бери Кадамжай районунда адвокат болуп иштейм. Жапарова Айымбүбү деген аял Кадамжай керек-жарак коомунда 13 жыл төрайымдык кылып, мамлекет мүлкүнүн 90 пайызын сатып, оңой олжого туйтунган деген маалымат бар эл арасында. Аны ары-бери жазгырыш үчүн жамааттык чогулуш токтомдорун жалган түзүп, керектүү документтерди өз пайдасына тууралап туздаган. Бул айымга толгон-токой даттануу болгонуна карабастан, Кадамжай райондук прокуратурасы 6 жыл дегенде араң кылмыш ишин козгоду. Анткени, бул айым эсеп-кысап, күч органдарын колго алып койгон. Жанагы миллиондогон сомдордун илеби эле кыргыз бийлигинин оозун Ошту каратары белгилүү. Акыры кылмыш иши козголуп, беш статья боюнча айып тагылып далилденсе да, Жапарова Айымбүбү соттон суудан таза акталып чыкты. Республика мыйзамы, аны жанталашып жактаган Айымбүбү айымдын үстүнөн даттанган ондогон адамдар алсыздык кылды. Анткенибиз аудит текшерүүсү 750 миң сомду Жапарованын мойнуна койгон. Баткен райондор аралык соту муну да жокко чыгарды. Соттук кароодо биз Жапарованын жегени 750 миң сом эмес, 14 миллион экенин далилдеп, кайрадан тергөөгө жөнөтүүнү сурандык, бирок Жапарованын мүмкүн, жалданма соту ал сунушубузду четке какты.
Ошентип, Жапарова акчанын амири менен сот жообунан таптакыр кутулду. Жапарова кооператив жетекчилигинен түшкөн соң, эмгек жамааты мени төрагалыкка шайлады. Ушул күндөн баштап менин артымдан куугунтук уланып келет. Кадамжай РИИБ тергөөчүсү мага жок жерден кылмыш ишин козгоп, акча бербесең каматып салам дегенге барды. Улам сотко чакырып, бирок эч нерсе далилдей албай атышат. Ооба, тоок уурдагандар камакта жатат. Арийне акчаң болсо, мыйзамдын ар кандай түрлөрү "чпоку" экен…

Маматкадыр АБДУГАПАРОВ, Баткен облусу
?Алло, Ажо!
Алымбаевге алы жетер күч барбы?
А.А.Алымбаев 1993-2004-жылдары Бишкек ?2 төрөт үйүндө башврач болуп иштеген. Ошол аралыкта жасаган кылыгынын былыгы чыгып, кызматтан бошогон. Башкача айтканда, төрөт үйүнө тиешелүү аймакты мыйзамсыз сатып жиберген. Бир кезде лаборатория жайгашкан имарат анын колу менен "Стольный" соода борборуна айланган. Төрөт үй аймагына мончо-сауна курдуруп, өз куржунун толтурган. Андан башка төрөгөндөрдөн канчалык "төл" алганын айтып отурбайлы. Баш бухгалтерликке жердеши С.Ашуубаеваны орноштуруп, өкмөттүн жарыбаган каражатын канчалык ашаганын төмөнкү фактылар эле аныктайт:
- балдар бөлүмүндө Белашова деген пенсиячы айлык алат;
- Г.Аипова деген врач-педиатр өзү жок болгону менен сөлөкөтү кол коюп, айлык акы алат;
- балдар реанимациясында быйылкы февралдан августка чейин врач И.М.Герасименко иштелди делинет, бирок айлык акысын А.Жайнакова алат;
- төрөт үйүнүн тизмесинде А.Н.Кузнецов деген бар. Бирок ал 2005-жылдан бери иштебейт. Анткен менен айлык алат;
- ал эми Г.В.Толстогунов жөнүндө сөз башка. Ал бир жарым жылдан бери Россияда жашайт. А айлык акысын Г.М.Тууганбаева алат.
Биз чекесин эле айтып атабыз. Урматтуу президент, атайын комиссия уюштуруп, бул аарынын уюгундай уюган коррупциянын бетин ачпасаңыз болбойт. Биз сиздин жүргүзүп аткан экономикалык ж.б. багыттарыңызга нааразы эмеспиз. Бирок акыйкат жүзүн ачууга сиздин укугуңуз да, милдетиңиз да бар экендигине ишенебиз.

Г.Исакова, Р.Бейшеналиева, А.Курамаева, Ф.Турусбекова, С.Леонова, Р.Калиева, Л.Калиничева, К.Аманбаева
?Өлкө президентине!
Жер үлүшүн жалаң илик-жармалар жиликтеп алууда

Урматтуу Курманбек Салиевич! Биз, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылынын тургундары сизге кайрылууга аргасызбыз. Анткени прокуратурага, айыл кеңешине, Чүй обладминистрация жетекчисине, финансы полициясына кайрыла берип, түңүлүп бүттүк. Анын дээрлик бардыгы будамайланып же таптакыр эле жоопсуз калды. Мисалы, КР Жогорку Кеңешинин регионалдык өнүгүү жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу комитети биздин арыздын негизи бардыгын, Байтик айылында жер үлүшүн бөлүштүрүүдө мыйзамга туура келбеген жоруктар жасалып атканын белгилеп, Аламүдүн райпрокурору А.К.Бакачиевге ушул жылдын 10-июлунда атайын кат менен кайрылган. Бирок жооп болгон жок. Байтик айыл өкмөтү КР жер мыйзамын бузуп аткандыгы тууралуу республиканын Мамрегистр инспекциясынын КР депутаты А.М.Салымбековго жазган жообу да "жоопсуз" колубузда турат ж.б.
Ошондуктан урматтуу президент, УКК, финансы полициясы, ИИМ ГУБДП, Генпрокуратура, ММК өкүлдөрүнөн жана жергиликтүү эл делегациясынан куралган комиссия түзүп, ак-карабызды ажыратып, өлкөбүздүн бир бурчунда өтүп жаткан алдым-жуттумдуктун алкымын тыюуга жардам берет деген жалгыз таянычыбыз сизсиз.
Иштин жөнү мындай. Салтанат Жумашева Байтик айыл өкмөтүнө башчы болгону айланасына айрым жергиликтүү депутаттар, ыстарчындар, мектеп деректири элдин көзүн жазгыруу максатында өзү түзгөн демилгелүү топ демиштер өкүлдөрүнөн комиссия түзүп алып, ар топурагы алтынга тете Байтик жерин ага-тууган, жерге-жээн, илик-жармаларына каалагандай калчап бөлүп, базардагыдай соодалап жатышат. Натыйжада мурдагы жер үлүшү, кыймылсыз мүлкү барлар, акимдердин, депутаттардын ИИМ, прокуратура кызматкерлеринин жана жогоруда айткан комиссия өкүлдөрүнүн ага-туугандары, балдары "Арнамыс" партиясынын лидерлери жер үлүшүнө ээ болуп, 10-15 жылдан бери өчүрөттө турган биз, жүздөгөн айыл тургундары, көп балалуу үйбүлөлөр куружалак калуудабыз. Мисалы, "Арнамыс" партиясынын лидерлери Эмил Алиев менен Сапар Баялиев кантип айылга каттала калды жана эмненин негизинде жер үлүшүн алды деген суроого өкмөт башы С.Жумашева ал аймакта бир жыл жашагандар жер алууга акылуу, демек, өчүрөт боюнча берилди маанисинде жооп берет (м., "Вечерний Бишкек" 6.08.08 гезити). А биз, бери калганда 10 жылдап өчүрөттө тургандарчы? Алар эмненин негизинде мамрегистрден, адрес бюросунан справка алганын күч органдары текшерип көрсө болмок.
Ал эми Жумашеванын өзүнүн "Аксарай тибинде" эки кабат үйү бар. Ванна, туалет, суусу ичинде, бардык кабатында антресолдор, балкон, веранда дегендей. Чарба курулуштары жайында 8-10 сотых жери турат. Ошого карабай кызыл сызыкта турган 0,03 га жер алды. Аны кай документтин негизинде бекемдегенин мындан байкаса болот: Аламүдүн мамрегистринин башбухгалтеринин туугандары Бекесариев Табылдыга, Бекесариева Анарага жер мыйзамсыз бөлүнсө, небереси Мураталиев Алтынбекке өчүрөтсүз берилген. Депутат, ошол эле учурда орто мектептин деректири Зейнеб Кожомкулова биртууган сиңдисине жер аянтын мыйзамсыз алып берсе, депутат Нурлан Моңолдорбеков инисине, депутат Үзүр Райымбеков досу, Россия жараны Марат Өмүралиевге алып берген. Айтор, санай берсе көп. Эң кызыгы, ЖК комитети атайын адистер менен текшерте келсе, кийинки мезгилде жер алган 90 кишинин ичинен төрт гана кишинин документтери даярдалган. Калганыныкы жок. Комиссияга Мамрегистр жана архитектура өкүлдөрү кирген эмес. Депутат Р.Абдырахманова кол койгон катты кошо тиркейбиз. Жер алгандардын көпчүлүгү аны кайра шашылыш соодалап атат. Анткени Байтик айылында жер өтө кымбат. Мындай арам ишке аралашкандардын ичинде жогоруда кеп кылган комиссия мүчөлөрү, айыл өкмөт мүчөлөрү бар. Ошондуктан алар иштин көзүн будамайлап, чогулуш ж.б. акцияларды өткөртпөй, алардын "саясатына" кайыр айтып, каш кайтаргандарды куугун-сүргүнгө алып келет.
134 кишинин колу коюлган кат редакцияда. Кат көлөмү чоң болгондуктан кыскартылды. Ага бардык документер, Байтик айылынан мыйзамсыз жер алган 38 кишинин аты-жөнү, кантип алганы, ким менен кандай байланышы бардыгы толук жазылган. Гезит көлөмү анын бардыгын басууга мүмкүнчүлүк бербеди.
?Кызыл камчыданбы?..
ИИМ жетекчиси генерал Конгантиевге кулаккагыш

Каракулжа районунун Ылайталаа айылында жашаган Садиев Төлөмүштү ушул эле айылдын участкалык милийсасы Данияр Камчыбеков жанжөкөрлөрү менен жалган жерден айып таап, райондук милийса бөлүмүнө камаган. Бул ушул жылдын 19-сентябры, күндүзгү саат 12 чен эле. Буга чейин дени куландан соо Т.Садиевди эртеси таңкы саат 5 ченде райондук оорукананын реанимация бөлүмүнө алып барышат. Ал ошол жерден оозу-мурдунан кан кетип, тилден калат, эч кимди тааныбаган акыбалга жетет. Дарыгерлердин айтымында, ийне саялы дешсе, тамыры таптакыр табылбайт. Ошентип 20-сентябрь күнү кайрале ошол саат 12 ченде каза тапты. Денесинде бир соо жер жок, бүт көгала. Ушунун өзү эле кызыл шапкечендердин кызыл камчысынан каза болгон деген ойго түртөт. Бирок раймилиция жетекчилери чындыктын көзүн будамайлап, кайра маркумдун бетине көө жабуу аракетинде. Маркумдун өлүмү жөнүндө гезиттерге кенен жарыялоону да эп көрүп турабыз.
Урматтуу министр, ишти өзүңүз көзөмөлгө алып, маркумдун өлүмүн мыйзам чегинде так жана даана аныктатып берүүңүздү өтүнөбүз.
Маркумдун үйбүлөсү жана айылдаштарынын атынан катка 150 киши кол койгон.