"Агым", 03.10.08 - 28-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Апта астрологиясы

6-октябрдан 12-октябрга чейин
Кой (21.03-20.04)
Турмушта. Ишмердигиңиздин ийгилигин арттырууда чечкиндүүлүк чоң мааниге ээ болот. Бирөөлөрдүн сөзүнө кирбей, өз алдынчалуу болу-ңуз. Иш өтөсүнө чыгууда өзүңүзгө гана ишенгениңиз туура.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңузда пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Жакыныңыз менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө аракеттениңиз.
Акчада. Апта ортосунда пландаштырылбаган иш-чараларга каражат сарпташыңыз ыктымал.
Букачар (21.04-21.05)
Турмушта. Ишмердигиңизге байланышкан иш сапарларыңыз үзүрлүү болот. Көп адамдар менен таанышып, досторуңуздун чөйрөсү кеңейет. Денсоолугуңуз тынчыңызды алышы мүмкүн.
Сүйүүдө. Апта аралыгында жеке мамилелердин чыңдалып, дагы бир баскычка жогорулашына шарт түзүлөт.
Акчада. Материалдык абалыңыз стабилдүү, антсе да ири соода-сатык кылууну кийинки жумага калтырганыңыз оң.
Эгиздер (22.05-21.06)
Турмушта. Тиричилик жумуштарын аткарууда көз - коркок, кол - батыр деген сөздү эстен чыгарбаңыз. Ишмердигиңиздин ийгилигин арттырып, сапатын жакшыртуу үчүн колуңуздан келген гана жумушту аткарыңыз.
Сүйүүдө. Кокусунан болгон жолугушуулар, байланыштар жеке турмушуңузга терс таасирин тийгизиши ыктымал.
Акчада. Кошумча каражатка ээ болуу үчүн негизги жумуштан тыш жумуш менен алектенүүгө туура келет.
Бөйөн (22.06-23.07)
Турмушта. Бүгүнкү күн менен жашап, кубанычтын, жыргалдын даамын татыңыз. Бирок бардык нерсенин чеги болоорун унутпаңыз. Ички туюм ишмердигиңизге жардамчы болалбайт.
Сүйүүдө. Көңүл ачууга, убакытты жеңил-желпи өткөрүүгө ылайыктуу мезгил.
Акчада. Канчалык көп каражат тапсаңыз, аны ошончолук көп сарптоого аргасыз болосуз.
Арстан (24.07-23.08)
Турмушта. Башаламандыкка жол бербеңиз. Бардык окуяга сабырдуу мамиле кылып, ар бир кадамыңызды ойлонуп жасаңыз. Апта аралыгында сот иштери сиздин пайдаңызга чечилет.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңуз бир калыпка түшүп, сизден олуттуу мамилени талап кылат.
Акчада. Ири соода-сатык кылуу үчүн ийгиликтүү убакыт.
Бийкеч (24.08-23.09)
Турмушта. Апта аралыгындагы ар кыл окуяларга тынчсыздануу шаштыңызды кетирип, туура эмес кадамдарга түртүшү ыктымал. Убакыт идеяларыңызды иш жүзүнө ашыруу үчүн эмес, аларды талкуулоо үчүн ылайыктуу.
Сүйүүдө. Учурдагы жеке турмушуңузду көкөлөтүп көккө чыгаруу да, таптакыр жоготуу да өз колуңузда.
Акчада. Каражатты обу жок сарптоону токтотууңуз зарыл.
Тараза (24.09-23.10)
Турмушта. Көпчүлүк үчүн жооп берүү туура эмес экенин унутпаңыз. Өзүмчүлдүк жаңжалдын себепчиси болушу мүмкүн. Диета маселеси аптанын башкы көйгөйүнө айланат.
Сүйүүдө. Жакын адамыңыздын кызыкчылыгын эске алуу көп түшүнбөстүктөрдүн алдын алат.
Акчада. Апта финансылык запас топтоого ылайыктуу.
Чаян (24.10-22.11)
Турмушта. Сизди адаштырууга кызыкдар адамдар болот. Андыктан түшкөн маалыматка дароо ишенип, чечим кабыл албай, алгач аны дыкат текшерүүдөн өткөрүп алуу керек.
Сүйүүдө. Романтикалуу апта. Жакын адамыңыз менен өткөргөн убакыт көпкө эсиңизде сакталат.
Акчада. Аласа-бересе үчүн ылайыксыз мезгил.
Жаачы (23.11-21.12)
Турмушта. Көпчүлүккө аралашпай, өз алдыңызча иш алпаруу өзгөчө натыйжалуу болуп, максаттарыңыздын орундалышын шарттайт. Үйдөн көбүрөөк убакыт өткөрүүгө аракет кылыңыз.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңуздагы пикир келишпестиктерден арылуунун жолу - компромисс.
Акчада. Финансылык пландарды түзүүнү кийинкиге калтыра турганыңыз оң.
Текечер (22.12-20.01)
Турмушта. Куру убада берүү, колуңуздан келбеген жумушка киришүү, окуяны туура эмес баалоо ой-тилегиңиздин кыйрашына апкелет. Алыстан кат-кабар алышыңыз мүмкүн.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңузга кимдир бирөөлөрдүн кийлигишүүсүнө жол бербеңиз.
Акчада. Досторуңуз менен киришкен финансылык авантюралар ишке ашпайт.
Суу пери (21.01-19.02)
Турмушта. Узак сапарга, саякатка чыгууга ылайыктуу мезгил. Болор-болбоско капалануу денсоолугуңузга терс таасирин тийгизет. Аброюңуз үчүн күрөшүүгө туура келет.
Сүйүүдө. Кетирген кемчиликтериңизди сезе билиңиз.
Акчада. Финансылык маселелерди чечүүдө ички туюмуңузга ишеним артуунун кереги жок.
Балык (20.02-20.03)
Турмушта. Обу жок тобокелчиликке барбаңыз, бир топ тоскоолдуктарга туш болушуңуз мүмкүн. Билим көрөңгөңүздү кеңейтүүгө умтулууңуз байкалат. Денсоолугуңузга кам көрүңүз.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңузду калыбына келтирип, мамилелерди бекемдөө үчүн ийгиликтүү убакыт.
Акчада. Материалдык абалы-ңызды стабилдештирүү үчүн талыкпаган эмгек талап кылынат.