"Агым", 03.10.08 - 27-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шыпаагер

Медер БИШКЕК
Тай-цзи медитациясы
Ци-гун терапия
(Башы өткөн санда)
Эгерде адам баласы ден соолук чыңдоо көнүгүүлөрү менен машыкса, анда дары ичүүнүн кажети жок.
Абу-али-ибн-Сина
Кытай элинин ден соолугун чыңдап, өмүрүн узартып, жашоосун жаңыртып жана турмушунун көркүн ачып турган бир сырдуу байлыгы - бул алардын кыймыл көнүгүүлөрү. Ал көнүгүүлөрдүн ичинен эң эле таасирдүүсү жана популярдуусу - Ци-гун менен Тай-цзи.
Европада "Ци-гун - XXI кылымдын медицинасы" деп аташат. Америкада, Канадада, Англияда ж.б. Европа өлкөлөрүндө Ци-гун илимий-изилдөөчү борборлору, институттары ачылып, ооруну алдын алууда жана дарылоодо кеңири пайдаланып жатышат. 1978-жылы Прага шаарында, 1975-жылы Мароккодо жана Римде Ци-гун боюнча чоң эларалык конференциялар өткөн. Европада, Азияда, Африкада, Латын жана Түндүк Америкада бир топ Ци-гун изилдөө-илимий ишканалары ачылып, 2 млн. адис даярдалган.
Онтарио провинциясында 300дөн ашуун врачтардан турган канадалык медициналык коому Ци-гунга атайын көңүл буруп, бүгүнкү күндө адистер ар кыл ооруларды дарылоого колдонушууда. Бүткүл дүйнөгө таанылган, 1974-жылы физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Джосефсон жана 1977-жылы химия боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты болгон Брагоукин экөө да Ци-гун проблемаларын изилдөө конференцияларына катышкан. Бредли аттуу америкалык врач Ци-гун менен 114 оорулууну дарылап, эксперимент жасаган. Пациенттердин абалы 8-12 жумадан кийин абдан жакшырган.
Кыргызстанда жана Россияда автордун устаты Исаков Макен мырзанын практикасында да абдан көп мисал боло турган учурлар бар. Алсак, бронхит, астма, кант диабети, куяң, геморрой, жүрөк оорулары жана башка оорулардан жүздөгөн кишилер айыгып кетишкен. Анын окуучусу - мен - ушул китептин автору да Ци-гун терапия, тай-цзи терапия, йога терапия жана автор өзү негиздеген "Император (Каган) массаж" (чекит массаж) ыкмалары менен 1997-жылдан 2007-жылдын аралыгында ар кандай өнөкөт түрүнө өткөн же медицинада толук айыкпай же таптакыр жыйынтык чыкпай калган полиартрит, артрит, куяң, омурткалардын дисктеринин грыжасын, остеохондроз, бронхит, гайморит, гипертония, нефрит, простатит, импотенция, баш оору, жүрөк ооруларын, невроз, уйкусуздук сыяктуу ж.б. ооруларга каршы колдонуп, оң таасирин көз көрүнөө байкап, дале ишин улантып келатат. Андан сырткары, Ош шаарындагы медициналык окуу жайында эксперименттик-практикалык окуу программасын киргизүүгө мүмкүнчүлүк болду. Окуу жайдын директору - Абдасбек Эшбаев, жыйырма беш чакты мугалим медиктери менен бирге автордун жетекчилиги астында, тай-цзи терапия, ци-гун терапия семинарын өтүп, отуз мүнөттүк документалдуу фильм тартууга өзү демилге көтөрүп, Абдасбек мырза да медицина илимине дагы бир ирет өз салымын кошту.
2006-жылы биздин медицина илимий статистикалык далилдерин бергенде: "Кыргызстан калкынын 10%ынын гана ден соолугу чың" деп чыкты. Демек, 90% элдин ден соолугу начар экен. Бул деген эмнени билдирет? Медицинада, башкасын айтпаганда, профилактикага көңүл буруу өтө начар дегенди билдирбейби? Адамдын колунан келбеген нерсе жок. Баары - аракеттен! Эмне үчүн абасы булганган, элинин саны көп, жери тар "стресстин атаманы" жашаган Японияда - элдер дүйнөдөгү №1 узак жашаган элге айланат да, абасы 100% таза (Япония менен салыштырмалуу), суусу таза, жери кеңири, эли азырынча аз мамлекетте - бизде калктын 90%ы ооруш керек?! Эмне үчүн профилактикага көңүл бурбайбыз? Түшүнүктүү, операцияда, дары-дармектерде чоң бизнес бар. Бирок анчалык бири-бирибизди сындырып, бири-бирибиздин өмүрүбүздү кыскарта берүүнүн эмне кереги бар? Кыргызда "Бирөөгө ор казсаң, өзүң түшөсүң" деген акылман сөз бар. Бул Теңирдин, табигаттын закону. Сен күчтүү врач болуп, 6 ай, 1 жылда операциясыз айыктырса боло турган ооруну шашып бизнеске азгырылып операция кылып, тигил кишинин убалына калып жатпайсыңбы?! Бир күнү сенин да жакын адамыңды ошондой эле операция менен сенин эле досторуң жазалап салары мүмкүн. Бул турмушта биздин ар бир ой, ар бир сөз, ар бир кылган кыймыл-аракетибиз бумеранг сыяктуу кайтып келет эмеспи.
"Дары оорудан да жаман болот" деп Бэкон айткан экен. Биздин медицина мамлекеттик деңгээлде дары-дармексиз, операциясыз айыктыруу жолдорун издеп, профилактиканы 1-орунга коюшу керек. Автор муну менен операциянын же дары-медикаменттеринин таптакыр кереги жок дегенден алыс. Албетте, Кыргызстанда медицина жакшы өнүккөн. Кээ бир чет өлкөлүк кишилер атайын Кыргызстанга келип операция жасатып, айыгып кетип атышат.




  Сандан санга: сериал

Бейтаалай
Назгүл Калмамбетова
Алтынай менен Даниярдын сөзүнөн бир нерсени шектенген Замира өзүнчө ойлонуп калды. Эмнеси болсо да Даниярга жолугуп, андан Алтынай жөнүндө суроону чечти. Бөлмөсүнө барып, Даниярдын кол телефонуна чалды да жолугушуп, сүйлөшүү тууралуу сунушун айтты. Алтынайдын Алмазга турмушка чыгып, керсейе сүйлөгөнүнө ызаланып калган Данияр дароо эле Замира менен жолугушууга макулдугун берди. Алмаз менин бир кездеги сүйгөнүмө үйлөнүп алса, эмне үчүн мен анын ажырашкан аялына ашык болбошум керек, сулуу десе сулуу, акылдуу, маданияттуу, бул жагынан Алтынайдан алда канча өйдө деп өзүнчө ойлонуп баратты Данияр.
???
Алмаз эртеси жумушка барып, бир кезде Алтынай баласын таштап кеткен төрөтканага телефон чалды. Төрөтканада баласын таштай качкан күкүк энелер көп болбосо да, анда-санда кайталанып тургандыктан, ошол күнкү төрөлгөн балдардын ичинен бирөө таштанды болгонун айтышты. Бирок, ал баланы ымыркайлар үйүнө өткөрүп жибергендерин да кошумчалашты. Ымыркайлар үйүнө телефон чалып, Алтынайдын таштанды баласы тууралуу сурады эле, жетекчиси "андай маалыматтарды бербейбиз" деген жоопту айтты. Бул иш телефон менен чечилбесин билип, ымыркайлар үйүнө эртеси Алтынайды ээрчитип барууну ойлоду. Анан Замира экөө бала багып алабыз деп ошол ымыркайлар үйүнө барганын эстеди. Ал баланы биз сыяктуу балага зар болгон үйбүлө багып алган болсо, анда аны табуу кыйын экенин да сезди. Бирок, эмнеси болсо да издеп көрүүнү чечти.
Кечинде жумуштан келгенден кийин Алтынайга иштин чоо-жайын түшүндүрүп, экөө эртеси ымыркайлар үйүнө бармай болушту. Алтынайдын жүрөгү элеп-желеп болуп, баламды таап каламбы деген үмүткө жетелене, "эгерде таап калсам, Актан менен биртууган кылып, экөөнү ажыратпай багат элем" деп кыялданып турду. Баласынын туулганын эсептесе, Актан менен тең чамалаш болуп калат экен. Эси-дарты, оюнун баардыгы таштанды баласында болуп, анын эртерээк аман-эсен табылышын Кудайдан тилеп атты.
???
Замира эртең менен туруп, кулактандыруу боюнча үй издегени кеттим деген шылтоону айтып, Данияр менен жолугушууга жөнөдү. Экөө болжошкон жерден жолугушту. Данияр Замирага өзгөчө көңүл бөлүп, колуна чоң букет гүл кармап тосуп алды.
- Ай-ий, бул магабы? - деди жагымдуу белекти алган Замира.
- Ооба, сиздей сулуу айымга сулуу гүлдү тандап алдым, - деди Данияр бир кезде Алтынайга айткан сөзүн кайталап.
- Ыракмат, бирок, Алмаз байкең гүлдү кайдан алдың, ким берди десе эмне дейм?
- Андан эмнеге чочулап атасыз? Ал деле сиздин көзүңүзчө үйүңүздөгү малайыңызга үйлөнүп алыптыр го. Ага дагы эле кайда басып-турганыңыздан бери отчет берип турасызбы? Сиздин башыңыз бош да, эмне үчүн сизге гүл же башка белек бере турган мырза болбошу керек? Же эмне, сиз мырзаларга жакпай турган аялсызбы? - деди Данияр шыпылдай. Анын сөзүн уккан Замира чын эле дегендей башын ийкеди.
- Мен сени менен сүйлөшөйүн деп атайы чакыргам. Мага Алтынай жөнүндө билгениңдин баарын ачык айтып берчи. Аны кайдан тааныйсың, кандай жигиттер менен жүрчү, буга чейин эмне иш менен алектенчү, айтор, эмнени билсең баарын айт, - деди Замира. Алмаз менен Алтынайга ызаланып калган Данияр жан-дили менен Замирага оюнан чыгарган калптарды кошуп айтып берди:
- Алтынай менен университетте окуп жүргөндө капысынан таанышып калганбыз. Жеңил ойлуу, далай эркектердин оюнчугу болгонун көрүп эле жүрчүмүн. Ага кызыгып, бир жолу колдонуп алайын деген эркектердин арасында чынын айтсам, мен да бар элем. Башка эркектер сыяктуу эле аны далай жолу пайдаландым. Бир караган кишиге айылдык, эч нерсени түшүнбөгөн баео, таза кыз көрүнгөнү менен, анын кылыктары көчөдөгү сойку кыздардан ашып түшөт. Далай эркектерди жыргаткан Алтынай бир күнү мага ыйлап келиптир "боюмда бар, мага үйлөн" деп. Ар кимдин оюнчугу, эрмеги болуп жүргөн кыздын боюндагы баласы меники экенине кантип ишенмек элем. Ага үйлөнбөсүмдү айтып, бала меники эмес десем, догурунуп, сенин балаң деп, айтор, мага турмушка чыкканга аябай аракет жасады. Элестетсеңиз, биринчиден, ата-энем ага уруксат бербейт болчу. Экинчиден, мен ар кайсы эркектин алдында тарп болуп жаткан кызга билип туруп кантип үйлөнмөк элем. Айтор, ал өлөм деп коркутуп жүрүп, акыры мен андан кол үздүм. Баягы аны курчап, тегеректеп жүргөн эркектер боюнда бар экенин уккандан кийин качып жоголушту. Курсактагы баласын төрөдүбү же алдырып салдыбы, билбейм. Айтор, ошол боюнча байланышыбыз үзүлүп калган. Андан кийин силердикинен көрдүм, - деди Данияр. Бул сөздөрдү уккан Замиранын жүзүндө жылмаюу пайда болду.
- А менин тиги келесоо эрим Алтынайды сүттөн ак деп айга-күнгө теңеп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй, үйлөнөм деп атпайбы, анын көзүн ачыш керек! - деди Замира.