"Агым", 03.10.08 - 25-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

"Агымдын" кат куржуну адаттагыдай окурман журтунун арзуу каттарына, арман саптарына, бакытка балкыган, эстегенде жүрөк эзген окуя баяндарына, же бирөөгө болгон таарынычына, бугуна, көкүрөктө катылган сырына, көөдөндөгү кайгы-муңуна ачык. Аралык араңарды бөлүп турса да - жандүйнөңөр шерик болсун! Ал эми "Жаншерик" рубрикасы ортоңорго орток болсун.

Жаншерик
батыштан соккон шамал...
35 жыл бирге жашаган жубайыма кат
Экөөбүздү алгач тааныштыргандан кийин бир нече жолу жолугуштук. Жакпай калдың. Уруша кеткенибизге карабай алакачып кеттиң. Балалуу болгондон кийин да ажырашайын десем атам каршы чыкты. Себеби, сен дайыма жаркылдап жүрчүсүң. Өзгөчө менин төркүндөрүмдүн алдында. Алгач тынч эле жашаганыбыз менен, иче баштаганыңдан баштап ырк кетти. Беш балалуу болгуча үйгө жете албадык. Атамдын жардамы менен тапкан акчага бир жаман "Жигули" алып, аның бир айдан кийин сарайда калды. Машинеге дагы карызыбыз бар эле, 6 айлык наристеме карабай 7 кап жаңгак тердим. Аны сен алып келем деп кармалып, 558 сом штраф төлөмөр болдук. Ушул акча үчүн токойго 10 ай бекер иштедиң. Өткөн жашообузду эстесем, иренжиткен жоруктарың, сай-сөөктү сыздаткан сөздөрүң келет. Төрт жашар уулубуз мага болушуп бутуңа жармашканда көмөлөтө тепкениң, сопсоо туруп ачууң менен тамак ичип отурган үстөлдү көңтөрүп жибергенде, чайнектеги кайнак суу кудай жалгап балдарга тийбей, менин бутума төгүлүп, көп убакытка чейин аксап жүргөнүм, ж.б.ж.б. Ошондо күйүп калган бутумду көрүп туруп кечирим сурап койгон эмессиң. Түштүктөн Бишкекке көчүп келгенде болгон акчабызды шарик ойноткон балдарга алдырдың. Чөнтөктө 1 сомубуз жок калган ошол күндөр-ай!
Балдар чоңоюп, иштешип үй алдык. Өздөрүнө да үй алганга жарап калганда чоң тоскоолдук кылдың. Мына эми баары Россияда жүрүшөт. Мен болсо өзүң билгендей Батыштамын. Бул жакта арак ичишпейт. Эркектери иштеп үйбүлөсүн багат экен. Аялдары үй менен, бала менен алек. Артка кылчайып, экөөбүз жашаган 35 жылдын ичинен жаркын күндөрдү көрө албайм. Азыр деле жөнөткөн акчама ичип алып телефон чалганыңчы… Буулуккан бугумду төгүп, сага жазган катым ушул.
ТОЛУНАЙ, Анталия




жанмаанай
Кечир, кыйбасым...
Ойлоп көрсөм, турмушубуз кайрылып келгис күндөргө, жашоонун ачуу-таттуусуна бай келет эмеспи. Албетте, эсиңде - жүрөгүңдөн орун алган элестер…

Бүгүн сен үчүн гана жазгым келди. Бала кезден чогуу өскөн парталаш, менин эң жакын досум! Сен мага өзүңдүн жөнөкөйлүгүң, адамгерчилигиң менен жөн гана дос катары жакчусуң, азыр деле ошондой сезим… Бирок, акыркы жолугушуубуз саны жок санааларга чулгап кетти. Жолугушууга чакырганыңда жашооңдо өзгөрүүлөр болгону жатса керек деген сүйүнүчтө баргам. Көптөн бери көрүшө да, чер жазыша сүйлөшө да элек эмес белек. Ошондо негедир бир нерсеге бушайман болуп отурдуң. Бир чети чочулап, ден соолугуң, иштериң тууралуу сурамжылагандан кийин тынч гана сенден сөз күтүп отуруп калдым. Мындай абалыңды ушуга чейин эч качан көргөн эмесмин. Иштин чоо-жайын укканымда, биртоп нес болуп, эмне дээримди билбей жүрөгүм мыжылып турду. Сени ичимден аяп кеттим. Ушунча жыл… кантип?..
Сенин мага болгон аруу сезимиңди мен кантип байкаган жокмун? Канча жыл бою жүрөгүңө арман тартуула-гандыгым үчүн кечир. Эгер сезимиңди билсем, балким жүрөгүңдү сыздаткан сырларымды айтпас белем. Өткөндө эмне деп айтарымды билбей, сени кандай абалда калып, кантип чыдап жүргөнүңө түшүнө албай, "кийинчерээк сүйлөшөлүчү, шашып аттым эле" деген шылтоону айтып, кете бердим. Көз жашымды тыя албай, аео сезимдин кучагынан чыгалбай бараттым. Андан бери бир жумадай өттү, досторуң сенин айылга кетип калганыңды айтышты.
Баарына түшүнүп, бардыгын сезип турам, сен менин эң жакын кыйбас досумсуң. Жашоомдун ачуу-таттуусунун күбөсү да, жөлөгү да сенсиң. Ишенем, сага деген аруу сезимин арнап жүргөн, сени карегиндей көргөн бийкеч сени күтүп жүргөндүр.
Мен тек гана сенин парталаш, калемдеш досуңмун. Кечир мени, жүрөгүмдүн ачкычы башка адамда экендигин сен жакшы билесиң.
АЛИЯ





лирика
Сезимдеги сен
Билбей жүрөм сени эмне деп аташты,
"Күнүм" десем күн да батат эмеспи.
"Жашоом" десем, жашоо, өмүр кыска да,
Эч нерсе жок сага тете теңешчү.
"Гүлүм" десем, гүл да куурайт билесиң,
Күндө карап баксаң деле соолуйт да.
"Жаным" десем, жандилимден жалбырттап,
Каран күн ай, аны да ажал тооруйт да!

…Көздөрүңдө кубаныч бар, кайгы бар,
Көркөмүң бар өчөр кезде жандырар.
Асылдарды алсыраткан кээде эле,
Алай-дүлөй бул дүйнөнүн айбы бар.
Эмне кайгы? Ойлондурган сулууну,
Эмне муң ал? Тоскон жанган нуруңду.
Мүмкүн жолдон адаштырган сүйүүдүр,
Мүмкүн бирөө билбей жүрөт күнүңдү.

Анарбек АКМАТБЕКОВ,
ИИМ подполковниги,
Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү




Орусиядан салам!
Кыздарыбызды салып бергенди токтотолу!
Ассолому алейкум, урматтуу "Агым" гезитинин жамааты. Баарыңарга ийгилик каалоо менен салам жолдоп, сиздерге Москва шаарынан жазып атам. Мен бул жерде жүрүп элимдин тагдырына кайдыгер карабай, атайын макала жөнөтүп отурам.

Мындан 4-5 жыл мурун экинчи курста окуп жүргөндө философиянын тарыхынан сабак берген агайыбыз Асылбек Алиевич өзүнүн студенттик доорунда студенттик отрядды жетектеп Якутияга барганын айтып, якут элинин жалпы турмушуна, каада-салтына, өйдө-төмөн жактарына кеңири токтолуп, сөз арасында аракка өтө жакын экендигин кошумчалай, студенттик бал күндөрдүн кызыгына тойбой жүргөн жаш, күчкө толгон биздин жигиттер күнүгө кечинде оюн-зоокторду уюштуруп, жергиликтүү якут кыздары менен каалашынча ойноп-күлгөнүн айтканда, биз "якут жигиттери кызганып, ортодо пикир келишпестиктер болгон жокпу?" деп сураганбыз. Анда агайыбыз "якут жигиттери өтө көп ичип, кыздардын муктаждыктарын эч бир тараптан канааттандыра албагандыктан, кадыры өтө төмөн түшүп, кыздары аларды теңине албайт экен. А жигиттери кызганмак турсун, намыс, улуттук ар дегенди да унутуп, бир гана ачуу суунун артынан түшүп алыптыр" деп айткан эле.
Бул окуяны эскерип отурганымдын себеби, учурда Москва шаарында иштеп жүргөн башка улуттун өкүлдөрү сөзсүз түрдө өз улутташтарына кыргыздар жөнүндө жогорудагы агайыбыздын баянындай кылып айтышы толук мүмкүн. Бул чындык. Бүгүнкү күндө Москва шаарында кыргыз жигиттери (баары эле эмес, бирок аз деп айтууга да болбойт) көзү кызарып мас абалында отурса, жанынан эч кимди көзүнө илбестен кыргыздын суйкайган бир сулуусу түркпү, тажикпи, өзбекпи, айтор, ким болбосун чөнтөгүндө акчасы бар бөтөн улуттун жигиттери менен баратканын көрөсүң. Мындан да өкүнүчтүүсү, ушундай болуп жаткан терс жосундарды жоюуга аракет жасап, арактан алыс болуп, чымыркана иштеп башкаларды ээрчип кеткен кыздарды өзүнө багынтууга далалаттанбастан, арак артынан из кууган жигиттерибизге эмне дээриңди билбейсиң. Ушундай көрүнүштөрдү көрүп туруп, чындап эле кыргыз элим тарбиядан алыс калып, намыссыз эл болуп калганбы деп күйүнөм. Болбосо бир ууч эл болсок, мамлекетибиз экономикалык оор кырдаалда турса оозубузду ачпай көзүбүздү ачып, башыбызды бириктирип, улуттук намысыбызды баарынан бийик коюп, моралдык кризиске жол койбосок болмок.
Москва шаарына иштегени жаңы келип, ишке чыккан алгачкы күнү түшкү тамактануу учурунда сүйлөшүп отурсак, жанымдагы бир кыргыз жигит "жакында иштешкенге аялымды чакырам" деп калды. Ошондо каршысында отурган тажик улутундагы Рустам аттуу жигит таңгала карап, аялыңды эмнеге чакырасың, ал сага өзүн арнаса, бала төрөп берсе, үй жумуштарын толугу менен аткарса, эми ал да аз келгенсип бул жакка чакырып, өзүң менен кошо теңме-тең иштеткиң барбы. Анда сенин эркектигиң кайсы?" деди. Сөз туура жана таамай айтылгандыктан, ошол жерде отурган 5-6 кыргыз жигит бир тажикке жүйөлүү жооп айталбадык. Чын, бизден - кыргыз эркектеринен эрк кетип, айласыздан өзүбүз көтөрө турган жүктү аялдарыбыз көтөрүүдө. Бул жакшы көрүнүш эмес. Ар ким өз орду менен болсо, үйбүлө да, мамлекет да бекем болот. Бул жерде жүрүп көзүң көр, кулагың дүлөй болбосо, жүрөгүндө улуту үчүн күйгөн жалыны бар ар бир кыргыз үчүн өтө оор. Себеби, кыз-келиндер турмуш кура элеги да, үйбүлөсү бары деле эртеңки күндү эрөөнгө албастан тамеки тартып, спирт ичимдиктерин ичип сайрандап жүргөн убагы (дагы да айтам, баары эмес, бирок аз деп айтууга да болбойт).
Ак нан жебесек, кара нан жээрбиз. Бирок, үйбүлөнү материалдык жактан камсыздоо биздин мойнубуздагы милдет экенин көз жаздымга калтырып, аялдарыбызды жалгыз бой талаага жөнөтүп, ал аз келгенсип кыздарыбызды кошуп берип, башка улуттун жигиттеринин колуна салып бергенди токтотолу. Үйдөгү отун-суубуз белен болбосо, эртеңки күнүбүз үчүн бүгүн камдуу болбосок, анда топураган чоң тойдун, ысырапка толгон тажиянын, өмүргө балта чапкан суудай аккан арактын кимге кереги бар?
Мамашарип ЫСМАНОВ, Москва шаары