"Агым", 03.10.08 - 19-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Туурасынан чайналган тил

Канткенде такталып, тазарып, артыкбаш жүктөрдөн арылат?
Менимче, биз алиге бирибиздин сөзүбүздү бирибиз укпай, жүйөлүү делген сунуштардын өтөсүнө чыкпай, бирибиз төл сөзүбүздүн тамырын тартсак, бирибиз көндүм жолдун нугуна ыктай берип чаржайыт жүрөбүзбү дейм. Демократия дегенге делөөрүп, эмне жазсак баары боло берет деп кеттик окшойт. Мага ошондой сезилет. Болбосо, кийинки бири кем жыйырма жыл ичинде (тил жөнүндө мыйзам
1989-жылы кабыл алынган) тушкелди чачылбай, шар кетчү агымыбызды табат элек го, бир нукка келет элек го!..

Деги мындай башаламандыктын түйүнү эмнеде? Эмне үчүн өз жолубузду түздөй албай жатабыз? Бул көрүнүштүн чечилгис бөгөт болуп жаткан себеби кайсы? Ушул соболдор мени көп ойлонтту. Акыры бир тыянакка келдим, бөгөт да, тоскоолдук да өзүбүз экенбиз. Эртеңибизди ойлонбой эдиреңдеп, аша чаап кетет экенбиз. Бирөө бир терминди айтып койсо, анын туура же калпыс экендигине карабай тушкелди чаптай берет турбайбызбы.
Алыска барбай, алгач кыргыз тили туурасында сөз кылалы. Кыргыз тили-эркек-аял, уул-кыз, кары-жаш дебей жалпы кыргыздардын, кыргыз улутунун тили. Мамлекетибиз-кыргыз мамлекети. Ошондуктан Конституцияда да "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили-кыргыз тили" деп кашкайып жазылып турат. Анан кайдан жүрүп төл тилибиз-кыргыз тилине "эне тил", "мамлекеттик тил" деген терминдер жармашып калды. Ушуну менен биз кыргыз тилин байыттыкпы же кемиттикпи? Менимче, бир кишиге үч ат коюп, үч аты менен тең чакырганда кимисине жооп берерин билбей алдастап калган кишинин кейпин кийгизип койдукпу дейм.
Ойлонолучу: Илимдер академиясында, жогорку окуу жайларында кыргыз тил институттары иштеп, кыргыз тилин изилдеп жатышат, президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясы - мамлекеттик тилди өркүндөтөбүз деген аракетте, республикабыздын мектептеринде эне тилди окутуу менен алек. Чындыгында мамлекеттик тил, эне тил деген башка-башка тилдер жок да, үчөө тең төл тилибиз-кыргыз тили эле го. Мындан ары тергебей өз атынан чакырып "Кыргыз тили" деп эле окутпайбызбы же "мамлекеттик тил", "эне тил" деп койгондон кыргыз тили семирип кеттиби?
Биздин эң байыркы авторлорубуз Жусуп Баласагын менен кашкарлык Мамыттан (Махмуддан) тартып, кийинки эле акын ойчулдарыбыз Молдо Ныяз, Молдо Кылыч, Арстанбек, Жеңижок, Токтогул, Абылкасым Жутакеев, Тоголок Молдо жана башкалардын бизге калтырган чыгармаларынын биринде да "эне тил" деген термин, атүгүл сөз да жок. Азыр болсо бардык мектептерде атайын сабак катары "Эне тил" сабагын окутуп жатабыз. "Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт" деп, гезит беттеринен, радио-теледен күн сайын жарандарыбызды эне тилин үйрөнүүгө чакырабыз. А энеси орус, өзбек, татар, корей, дунган ж. б. улутундагы жарандарыбызды (биздин өлкөдө 80ге жакын улуттардын өкүлдөрү бар эмеспи) эмне кылабыз? Алар биздин (кыргыздардын) эне тилин үйрөнүшү керекпи же өз эне тилдеринби? Алгач айтар сөздү терең ойлонуп, анан кыйкырсак кантет?!..
Анан бул термин деги качан, кайдан чыкты? Менин баамымда, өткөн кылымдын отузунчу жылдарынын башында элибиздин алдыңкы атуулдары Тыныстанов, Арабаев, Карасаев ж. б. сабатсыз кыргыз эли үчүн окуу китептерин жазып башташпады беле. Ошондо орустардын "Родная речь" (бул "речь моего рода" "менин төл тилим" деген түшүнүк, "речь моей матушки" деген жери жок да) деген окуу китебин кыргызча жазууда казак туугандарды туурап "Эне тил" деп которуп алышкан окшойт. Башка элдердин эч биринен эне тил деген түшүнүктү жолуктурбадым.
Мына ушундай башка тилдердеги терминдерди, сөздөрдү олдоксон, терең ойлонулбай которуу кыргыз тилин кыйнап келет. Мисалы: "Жители села Сынташ вышли на пикет" дегенди "Сынташ айылынын жашоочулары пикетке чыгышты" дейбиз. Эмне, жашабоочулары да барбы? Алар кимдер-көрүстөндө жаткандарбы? Ушул жерге "тургундары" деген сөз суранып турбайбы... Же "Ойлоп табуучулар жөнүндө" мыйзамды алалы: биз "изобретать" менен "выдумать" деген орус сөздөрүн бир түшүнүк катары көрүп алдык окшойт. Экөө эки башка-асман менен жердей түшүнүк да. Биринчиси-бир жаңы нерсени, ачылышты жаратуу, а экинчиси болсо бир нерсени ойлоп табуу. Ага ушак, куру жалаа ж.б. да кирип кетиши ыктымал. Эми биз "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп тубуучусу" деген ардактуу наамды чыгарып алдык. Ушуну кайра орусчага которуп көрбөйлүбү-"Заслуженный выдумщик Кыргызской Республики" болуп калып жатпайбы. Бирөөлөр күлбөгөн жери менен күлбөйбү! Ушуну "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген жаратманы" десек үстүнөн чыкмак окшойбуз. Ушул жаратмандык жөнүндөгү мыйзамдын 4-беренесинде да "Автором секретного изобретения признаётся физическое лицо, творческим трудом которого оно создано" ("выдумано" эмес) деп кашкайып жазылып турат го.
Күн сайын гезит беттеринен окуйбуз, радио-теледен жума сайын жылдыздар төлгөсүн угабыз, ошондогу "Водолей" жылдызын "Көнөк" жылдыз деген өз аты турса да орусчадан сөзмө-сөз которуп, "суукуйду", "суупери" деп ар түрлүү атай беребиз. Же "Частный нотариус" дегенди алалы: муну да "Жеке нотариус" же "Жекече нотариус" деп жазып жүрүшөт. Көпчүлүк нотариус да болобу? "Частный" деген "менчик", "өзүмдүк" дегендик. Анын үстүнө нотариус деген кепилдик кагаз берчү мекеме да, ошондуктан-"Частный нотариус" дегенди "Менчик кепилкана" деп эле койбойбузбу!? Мындан башка көрнөк-жарнактардагы алашемдиктерди айта берсек кагаз түтпөс.
Илгертен эле чегара (тоорук) мамлекеттер ортосунда көйгөйлүү маселе болуп келген. Азыр деле илгерки курчтугун жогото элек. Өз чегарабызды өз тилибизде атап алсак, андан өтүп жаткан чет элдик жарандарга тийгизген таасири да арта түшөт эле. Мисалы: "Атбашы заставасы" же "Алай заставасы" деп Советтер Союзунан калган аталыш менен жүрөбүз, аларды "Атбашы тосоту", "Алай тосоту" десек салмагы да, мааниси да арта түшөр беле дейм. Манас эпосунда да "Тоорукту бойлоп баралы, Тосоттон кабар алалы" делет эмеспи...
Азыркы күндөгү "Бешбармак" деген тамактын аталышы да мени ойго салып келет, кандайча, кайдан жүрүп кыргыздын: "Этин салып бышырып, чоң казандан түшүрүп, туурап нарын коюшуп, аябастан тоюшуп" (эл фольклорунан) жеп жүргөн тамагы "бешбармак" аталып калды? Бир колдо беш бармак болмок беле?! Беш манжа болот да. Менимче, жергебизге орустар жаңы келгенде берген сый тамакты кол менен жеп отуруп: "Кушаю пятью пальцами" дегенин бешбармак деп которуп алдык окшойт. Мага ушундай ой келди. Мындай маанисине карабай түзмө-түз которуп алып колдонуп жүргөн сөз айкалыштары оголе көп.
Ушул өңүттөн дагы бир мисал-кайсы китепти же гезиттерди окубайлы, радиону угуп, телекөрсөтүүнү көрбөйлү-баарында: "Баланчаев Түкүнчө баланчанчы жылы туулган" деген түшүнүк үстөккө-босток кайталанып турат. Кулагыбыз канык болуп бүттү. Ойлонбойбуз деле... Бирок, ойлонуп көрөлүчү, кыргыздардын "Баланчанын аялы уул тууптур же кыз тууптур" дегенин уктуңар беле? Мен укпапмын. "Уул төрөптүр, кыз төрөптүр же эгиз төрөптүр" дешчү эле. Малга келгенде: "Баланчанын ую музоо тууптур", "түкүнчөнүн эчкиси үчэм улак тууптур" дешет го. Орустарда адамга да, малга да, а түгүл ойго да бир эле сөз: "родиться" боло берет. Орустар канчыгы эркек күчүк тууса-мальчик, ургаачы болсо-девочка дей беришет эмеспи. Кыргыз кантип ошентип айтсын? Биз, кыргыздар, мал менен адамды ажыратабыз да-мал тууйт, аял төрөйт эмеспи. Же орусча: "у меня родилась мысль" дегенди түзмө-түз: "менде бир ой туулду" деп жүрөбүз. Сөздүккө да ушинтип жазып алганбыз. Кантип ой туулсун? Ой жаралат, келет же пайда болот да. "Менде бир ой пайда болду" же "Мага бир ой келди", "Менде бир жаңы ой жаралды" десек кыргызча болот эле го.
Ушул жерден К. К. Юдахиндин "орусча-кыргызча сөздүгү" туурасындагы

оюмду да айта кетейин. Сөздүктүн өз учурундагы кыргыз элинин маданиятына, адабиятына, тил илимине кошкон салымы баа жеткис, ал бүгүнкү күнү да өзүнүн ак кызматын аткарып жатат. Сөздүк менин да жумушчу-жардамчым. Бирок мезгил токтобойт, "Элүү жылда эл жаңы" эмеспи, биз жаңырдык, тилибиз да кошо жаңырып жатат. Азыр өткөн жетимиш жыл ичинде тилибизге кирген сөздөрдүн бирин да аталган Сөздүктөн табууга мүмкүн эмес, а жаңы кирген сөздөр тилибиздин 35-40 пайызын түзүп калды. Сөздүктө замандын ошол учурдагы деңгээлине жараша туура эмес которулуп же дээрлик которулбай берилген сөздөр да арбын.
...Эми эмне кылуу керек?! Кыргыз тилин чыпкалап, тазарта турган жол барбы? Албетте, бар. Аны үчүн менимче:
- биринчиден, биз гезит-жур-налдардын, радио-теленин журналисттери, жазуучу-котормочулар кыргыз тилине өтө чоң жоопкерчилик менен мамиле кылып, жазган макала-ойтолгоолорубузда кыргыз адабий тилин так сактап, жалпы элге үлгү болушубуз керек;
- экинчиден, тилчи-аалым-дарыбыздан турган атайын комиссия түзүп, К.Юдахиндин "Орусча-кыргызча сөздүгүн" баштан-аяк карап чыгып, бүгүнкү күндүн талабына туура келген керектүү толуктоо-өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Бул иш да кыргыз тилинин мындан аркы өнүгүшүнө таасирлүү түрткү болот эле;
- үчүнчүдөн, КР президентине караштуу тил комиссиясына тил мыйзамын аткарбаган басылмаларга, көрнөк-жарнактар ээлерине акчалай айып сала турган, атүгүл убактылуу жаап сала турган ыйгарым укук берүү керекпи дейм. Болбосо төл тилибизди "төпөштөмөй" улана берет.
Төлөгөн КОЗУБЕКОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер