"Агым", 03.10.08 - 14-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Кайдасың?.." телекөрсөтүүсү - "Агымда"

"Издейм сени арасынан элдердин"

Дүйнөдө баңгизат жана курал сатуудан кем калбаган дагы бир криминалдуу тармак - бул адам сатуу. Адам укугун одоно бузуп, демократиялык, укуктук доордо кадимки кул ээлөөчүлүк замандагыдай адам сатуу бүгүнкү 21-кылымда да глобалдуу маселе катары көтөрүлүп жатат.
Эларалык уюмдардын байкоолорунда дүйнө жүзүндө жыл сайын 600 миңден 800 миңге чейин эркек, аял жана балдар адам сатуунун курмандыктары болушат. Бул сандын болжол менен 80 пайызы аялдар жана кыздар, алардын 50 пайызга жакынын жашы жете электер түзөт.
Ал эми чет өлкөдөн бизге келип иштемиш болуп жаткандардын этегине жыгылып, аларга мыйзамдуу жубай болдук, эми жакында мени өз өлкөсүнө алып кетмекчи деп көкүрөгүндө кайсы бир белгисиз элдин келини болуп жүргөндөр да жок эмес. Андайлар бактылуу болуп кетишсе анда жакшы эмеспи, эгер эртең эле чет элде же үй-бүлөдөн жок, же документтен жок көчөдө калышпаса деген эле көкүрөктөгү күдүк ойду аларга билдирип койгубуз келет.
Эгерде чет өлкөлүк жаранга турмушка чыккыңыз келсе 189 түз байланыш телефонуна чалып, пайдалуу маалымат алсаңыз болот. Нарын жана Баткен шаарлары үчүн 104 телефону иштейт.
Айрым мыйзамсыз фирмалар чет өлкөдөн жогорку маяналуу иш орундарын таап, жайгаштырабыз деген шылтоо менен массалык маалымат каражаттарына жарыяларды беришип, кызмат акысы жана жол киреси үчүн 4000-5000 доллардан алып узатып жиберишет. Ал эми аларга ишенип, жөнөп кеткендер адам сатуу курмандыгына айланышат.
Ушундай тагдырларга туш болгондор ата-энесине, жакындарына өз кабарын билдире албай, иш издеп кетип дайынсыз жоголгондордун санын толуктоодо.
Эгерде кимдир-бирөөлөр чет өлкөдөн жумуш сунуш кылган болсо, өз өлкөңдөн укуктук маалымат алганга аракет кыл! Керектүү кеп-кеңешти КР миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинен алууга болот.
Же түз байланыш телефонуна чалып, пайдалуу маалыматыңызды алыңыз! Кайталайбыз, тел.: 189, Баткен жана Нарын шаарлары үчүн 104
Эми республикабызда дайынсыз жоголду деп каттоодо тургандар кимдер экендигине назар салалы.




Манасов Нурлан Калдарбаевич,1984-жылы туулган.
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун тургуну. 2006-жылы ноябрь айында Бишкек шаарына кеткен бойдон кабарсыз.

Молдалиев Туратбек Кубанычбекович, 1978-жылы туулган.
Жумгал районундагы Доскулу айылынын тургуну. 2004-жылы ноябрь айында Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушунан чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Энеси Аюпова Гүлжамалды, эжеси Деркембаева Зифаны жана башка бир туугандарын Зейнеп апа издейт.
- Мен айтайын деген окуя тээ кан күйгөн согушка чейинки жылдарга туура келет. Ачарчылык менен куугунтуктун учурунда туугандарым эмнелерди башынан өткөргөнүн айтуунун деле кажети жоктур. Ошол 30- жылдарда Деркембаев Мамбет аттуу менин атам Токмок шаарында живсырьену башкарыптыр. Көп узабай, өзүнөн 2-3 жаш улуу Аюпова Гүлжамалга үйлөнгөн экен. Ошондо Гүлжамал эки эркек баласын ээрчите келген эле дешет билгендер. Атам экөө 1935-жылы Зифа аттуу кыздуу болушат. Эки жылдан кийин, тагырак айтканда, 1937-жылы мен төрөлүп, Зейнеп деген ысым беришет. Эмнегедир мени төрөлөөрүм менен чоң энем алып кетиптир. Мен эки жашка чыкканда кош бойлуу апам менен атам ажырашып, кийин атам согушка кетип кайтпай калат. Ошондо апам эркек балалуу болгонун уккандар бар... Азыр энемдин көзү өтсө дагы, ошол эркек иним менен Зифа эжем бар чыгаар. Токмоктун эле тегерегинде жашап жүрбөсүн деген илгери үмүт көкүрөгүмдө сакталып келет. Балким менин бул кайрылуумду эжем менен инимдин урпактары укса, кудай буюруп жолугуп калсак арманым болбос,- деп жазат 70 жаштагы Мамбетова Зейнеп.

Жаныбек кызы Мээрим апасы Шакиева Айгүлдү, сиңдиси Айгеримди издейт.
Он бир айлык ымыркайында чоң энесинин колуна келген Мээрим азыр 14 жашка чыкты. Атасы Жаныбек үй-бүлө күтүп, үч балалуу болду. Ал эми апасы Айгүл жана аны менен бирге кеткен сиңдиси Айгерим кайда экени белгисиз. Эки жыл мурда кыш мезгилинде Алүмүдүн базарында жолуктук деп туугандары айтып келишкен. "Андан бери эки жыл билинбей өтүп кетти. Апамдын Шакиева Айгүл Аскаровна экенин билемин, сиңдимдин аты Айгерим. Мен аларды аябай сагындым, көрүп, кучагыма кысып, сагынычымды жазгым келет," - дейт Сокулук районундагы Шопоков шаарынан келген Жаныбек кызы Мээрим. Бул Айгеримдин кичине кезиндеги сүрөтү.

1972-жылы туулган токтогулдук Азакеев Уланды апасы Калипа издейт.
Биздин дарекке жүрөк оорутуп, көңүл чөктүргөн дагы бир кат келди. Токтогул районунун Бала-Чычкан айылында жашаган Калипа эне жокчулуктун айынан жол кире үчүн баш калкалаган үйүн сатып, келин-уулун Бишкекке жөнөткөнүн жазыптыр. 2001-жылы келинчеги менен кеткен Уланбектен эмдигиче дайын жок. Келинчеги Индира менен ажырашып, шаарда жалгыз жүргөндүгүн таанып-билгендер Калийпа апага маалымдашат. Артынан издеп келген агасы Аманкул кайра айылына кетерге каражаты жок, аргасыз курулушта иштеп, кырсыкка кабылып, 3 жылдан бери ооруканадан оорукананы кыдырып, андан бетер азапка малынганын айтат… "400 сом пенсиям ачка калсам да уулумду издегени жок дегенде жолума жараса кана", - деп кейип-кепчийт карыганда үй-жайсыз, ар кимдин бошогон үйүндө күн кечирип келген Калипа апа. Ал аз келгенсип балдарынын бири дайынсыз, бири оорукчан болуп калгандыгы эле эне үчүн канчалык азап экендиги белгилүү эмеспи. Токтогулдук Уланбекти тааныгандар болсо, анын улгайган апасын аяп, кабар билдирет го деген үмүттөбүз.

Тойчиев Бегалы, 1973-жылы туулган.
- Биз он жылдан ашуун убакыттан бери биртууганыбыз Тойчиев Бегалыны издеп келебиз, - деп жазат жоголгон жигиттин агасы. - Ал 1997-жылдын декабрь айынын орто ченинде Бишкектин Боталиев (мурунку Херсонский) көчөсүндө жайгашкан ?243 үйдөн таң эрте чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Балким, көпчүлүк кыргыздарга окшоп Россияга же Казакстанга кетип калгандыр деген ойдо Россиянын ар кайсы шаарларында иштеген туугандарыбыз, тааныштарыбыз ж.б. адамдардан сураштырып, эмдигиче дайынын билбейбиз. Мен өзүм атайын Казакстанды да кыдырып көрдүм, эч дайыны чыкпады. Албетте, ойго жаман нерселер да келбей койбойт экен. Ошондон улам өлүкканалардан бери кыдырып издеп, кайсы жерде кишинин сөөгү табылыптыр десе ошол жерге барабыз. Арга кеткенде көзачык дегендерге кайрылсак, баары тең эртеби-кечпи бир күнү кайрылып келет дешсе, аман болуп келип калаар деген үмүткө жетеленип жашап келатабыз. Байкуш апам эстеген сайын жүрөгү сыздап ыйласа эч нерсе айталбай, биз да кошулуп ыйлап калабыз.
Жогоруда сөз болгон тагдырлар тууралуу кабардар болсоңуздар төмөнкү дарек менен байланышып, телефон чалсаңыздар болот: Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 59. "Кайдасың?.." программасы. Телефону: 65-84-83, Нуркамал Асканова,
Мухтар Жаркулов.
Электрондук дарек: kaidasyn@mail.ru
Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА