"Агым", 26.09.08 - 6-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ыя?

Арстанбек НОГОЕВ,
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри:
"Арак заводун ачкан аткан жокмун"

Өкмөт башчысы И.Чудиновдун парламенттик фракциялар менен жолугушуусундагы "быйыл 800 миң тонна дан жыйнайбыз" деген маалыматына көпчүлүк депутаттар күмөнсүрөө менен карашты. Ушул жана башка маселелерди тактоо үчүн Айыл чарба министрине кайрылдык.
- Арстанбек Иманкулович, картөшкөдөн спирт өндүрүп, андан арак жасоо боюнча иш баштаганы жатыпсыз. Муну кандайча жүзөгө ашырганы турасыз?
- Негизинен арак, тамеки, туз, ширеңке сыяктуу керектелүүчү нерселер казнаны толтурууда чоң салым кошот. Бул боюнча мен Норвегиянын элчиси менен сүйлөштүм. Буюрса, айлана жашыл түскө кулпунган май айында ал киши норвегиялык бизнесмен инвесторлорду алып келмей болду. Эгер бул ишке ашып калса, картөшкө өндүргөн дыйкандар үчүн абдан жакшы болмок. Муну көпчүлүк түшүнбөй эле "Ногоев арак завод ачканы жатат" деп чыгышты. Бул туура эмес. Картөшкөнү кайра иштетүү эң ириде Кыргызстандын экономикасы үчүн керек.
- Дан өндүрүү быйыл 800 миң тонна болот деп ишендирдиңиздер. Бул чындыкка төп келеби?
- Төп келет. Биринчиден, биз айыл өкмөттөрүнүн, райондун маалыматтарына таянабыз. Азыр дан арпаны кошкондо 900 миң тоннадан ашты. Ал эми арпасыз 735 миң тонна. Оруп-жыйуу иштери толук бүтөлек. Жалпысынан буудай 392 миң гектар себилген. Экинчи бир туура маалыматты биз статистикалык комитеттен алабыз. Алар маалыматты изилдөөдө өздөрүнүн усулдук ыкмаларына таянат. Начар, орто, жакшы чарбаларды изилдеп, өздөрүнүн бүтүмүн чыгарышат. Ал эми советтик мезгилде бир эле тараза болчу. Ошондуктан жыйналган дан боюнча болгон маалымат чындыкка төп келет.
- Эмне болгон күндө да Айыл чарба министрлигинин дарегине өтө көп сын айтылып жүрөт.
- Бул өтө жакшы. Сын айтылса, демек, мен иштеп аткан экенмин. Экинчиден, азык-түлүк коопсуздугу курч болуп тургандыктан да айыл чарбасына көп көңүл бурулууда. Андыктан сын эле айта бербей, жардам беришсе дурус болмок. Мен кызматташам деген адамдардын баарына кол сунууга даярмын.
- Коңшу өлкөлөрдөн кошумча буудай алып келүү маселеси кандай чечилүүдө?
- Азыр алып келем деген бизнесмендер аябай көп. Керек болсо жүз миң, эки жүз миң тоннага чейин алып келебиз дегендер болууда. Биздин рынок ачык болгондуктан, эч кимге тоскоол жок. Буудайды алып келип арзан наркта сатса, элибиз үчүн жакшы. Буюрса, дан азыктары боюнча маселе болбойт. Биз дагы четтен буудай келет деп кол куушуруп отуруп калбай, күздүк айдоону жогорку деңгээлде жүргүзүүгө белсенип жатабыз.

Келдибек НАЗИРОВ





"Чү" дегенде жаңылган,
Мэр-ский өңдүү Нариман!
Бишкек шаарынын мэрлигине отурганына 100 күндөн ашкан Нариман Түлеевге окурмандарыбыздан түшкөн суроолор жамгырдай эле төгүлүп атат. Басмасөз катчысына байланышсак мамлекеттик кыргыз тилин билбеген неме экен, "обращайтесь письменно" деп телефонун ыргытты. "Түз байланышка" чакырганга ниеттенсек, "Вечерний Бишкек" басылмасына гана чыгат экен. Не демекпиз, гезит бетинен "письменно" кайрылууну чечтик. Нариман мырза жооп берсе - токтоосуз жарыялаганга даярбыз, "неудобный" суроолорго чычалап дагы "чорт" этсе - анысына да даярбыз.

N№-1
Акаев доорунда "Кыргызтемирди" тескеп, өлкөнүн болгон темир-тезегин Кытайга сатып, экс-ханзаада Айдарчик менен шилекей алышып, өңгөлөрдүн түшүнө кирбеген байлык топтогонуңуз чынбы?

N№-2
2005-жылдын 24-мартында элге каршы аттанган "ак кепкачандарды" башкарып, анүчүн ички иштер кызматы кылмыш ишин козгоп, Бишкекке сырттан учуп келгениңизде аз жерден колуңузга кишен салынбай, жаңы бийликтеги жердеш байкелериңиз куткарып калгандары эсиңиздеби?

N№-3
"Сапатком" байланыш түйүнү, "Доскредо" банкы, "Монарх" көңүл ачуучу жайы Н.Түлеевдин менчиги экенин коомчулук түгөл билет, андан сырткары, "Кыргызтемир", "Кыргыз темиржол" тармагындагы үлкөн бизнесиңиз жөнүндө каңшаар кеп жетишерлик. Мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзам боюнча расмий декларацияны неге толтурбайсыз, ачык жарыялабайсыз?

N№-4
Былтыркы оппозициянын апрель митингиси өтүп жатканда Элдик Фронтко жең ичинен финансылык чоң жардам бергениңизди далилдеген күбөлөр бар, "секрет" болбосо андай кошсаясатыңыздын жандырмагы каякта?

N№-5
Сүйлөө речиңизди, логикалык ой жүгүртүүңүздү кандай акылдуу устат өстүрдү экен? Дегенибиз, көпчүлүк алдында "народ вас порвет" ("тытат"), "у него такие косяки", "сделал пальцы веером", "президент - мой отец, а я - его сын", "не собираюсь я выдвигаться в президенты или в премьер-министры", "мне предложили масловый авто "Кадиллак" и 150 тысяч долларов взятки" (бу соңку билдирүүңүз үчүн прокуратура "кылмышты жашырганы үчүн" статьясы менен Сизге кылмыш ишин козгобогону түшүнүксүз!) деген деңгээлдеги сөздөр бакыйган борбор шаардын мэринин оозунан чыгып атканы - кандай маданиятты каңкуулайт?

N№-6
Жазында финполиция тарабынан "Замандаш" партиясынын лидери М.Өмүракунов он күнгө убактылуу камакка алынганда, Муктар иниңизди темир тордон чыгаруу кепилдиги үчүн анын туугандарынан ортомчулук озуйпаңызга канча каражат сурадыңыз эле?

N№-7
Мэр-ский ишмердигиңизди кадрдык башаламандыктан баштаганыңыз кайда алып бараар экен? Маселен, темир бизнесиңизден бери жөпжөнөкөй, чай ташыган жардамчыңыз В.Корниенкону бакыйган вице-мэрликке (туракжай тармагын тейлеген) отургузганыңыз?

N№-8
Быйылкы жайда жеке шоопуруңузду белгисиз бирөөлөр өкүртө сабап, колу-бутун байлап БЧК суусуна ыргытып ийсе да унчукпадыңыз, кылмыш ишин козготкондон корктуңуз. Мунун сыры эмнеде, кимдин алдында "косяк" кетирдиңиз эле?

N№-9
Нарындагы жакын туугандарыңыз - обладминистрациянын аппарат жетекчиси А.Апсаматов менен окружком төрагасы М.Кадыркулов Сизге таянып алышып, өткөндө президент К.Бакиев Нарын шаарынын мэрлигине сунуштаган талапкерге адегенде "хоп, майли" деп жүгүнүп атышып, добушка келгенде торойто чабышты дагы, эми түштөн кийин "губернатор бизди куугунтуктап атат" деп ач айкырык салышууда. Это тоже "двойной стандарт по-тулеевски"?

N№-10
5-октябрда Бишкек шаар кеңешинин депутаттары шайланат. Чөкө таандай чурулдаган талапкерлердин көпчүлүгүнөн элдин башы маң, аким, ТОС, мугалим, врач, милиция, салык, шаардык бийлик структурадагылардын бардыгы түркүн "ак" тизмелерден аллергиялары кармаган учур. Дээрлик бардык округдарда "мен Нариман Түлеевдин кишисимин!" деп жүздөн ашуун талапкер мэрдин мандатын көтөрө чаап жүргөндөрү кандай жорук? "Борбордун кожоюну - мына менмин!" деп өпкө каккан чолок амбициянын айынан от чыгып кетип жүрбөсүн?
Эркин ПИРИМОВ