"Агым", 26.09.08 - 27-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Диванга кыйшайчы

"Монтекристо" аягы эмне менен бүтөт?
Биртоптон бери ОРТ телеканалында "Монтекристо" сериалы жүрүп жатат. Акыркы кезде орус актерлору катышкан көптөгөн сапаттуу киносериалдардын жарык көрүшүнөн улам, бул индустриянын өтө өнүгүп жатканын байкоого болот. Элдин чоң кызыгуусун жараткан киного атактуу актерлордун катышуусу да "Монтекристо" сериалынын баркын көтөрдү.

Сериал сюжети айтылуу Александр Дюманын "Граф Монте Кристосуна" үстүртөн гана окшош. Негизинен ал акыркы кезде ушундай өңүттө тартылган Аргентина, Мексика жана Португалия өлкөлөрү тарткан сериалдардын бири. Кыскача сюжети мындай: Башкаарман Андрей Крылов (актер Илья Шакунов) Владимир Крылов аттуу белгилүү соттун баласы. Андрей жаңы эле сотко секретарь болуп дайындалып, алдыда жакшы карьера, сүйгөнү Ольга менен (актриса Светлана Антонова) бактылуу турмуш күтүп жаткан. А.Крылов фехтование боюнча да мыкты спортсмен эле. Ошон үчүн ал фехтовальщиктердин мелдешине катышуу үчүн Мароккого келет. Мароккодон ал өз досторунун курмандыгы болуп, түрмөгө түшөт. Атасы В.Крыловду балдарды уурдап сатуу кылмышын изилдеп жатканда ага тиешеси бар Илья Орлов (актер Вениамин Смехов) өлтүртөт. И.Орловдун баласы Максим Орлов мурда Андрейдин эң жакын досу болгон. Максим атасы үчүн жана Андрейдин сүйгөнү Ольгага жетүү үчүн досунун курмандык болушуна кайыл болот.
Ошентип, Андрейди жасалма кылмыш менен Марокко түрмөсүнө он жылга отургузгандан кийин беркилер Андрей өлдү деп ойлошот. Бирок Андрей түрмөдөн Отто аттуу адам менен таанышат. Отто өлөрүндө бир кезде өзү катып койгон байлыктын ачкычын Андрейге берет. Он жылдан кийин Андрей түрмөдөн чыгып, байлыкты таап, Россияга келип миллионер болот да, Орловдордон өч алууну көксөйт. Ал өзүнүн баккан энеси Марияны (актриса Раиса Рязанова), Оттонун досу Лев Рокотовду (актер Андрей Казаков), врач Викторияны (актриса Мария Порошина) жана Романды (актер Михаил Сафронов) таап, аларга өз планын айтып, аларды Илья Орловдун үйбүлөсүнө жакын кылып, анын кылган ишинен маалымат алып турат.
Ресторандардын ээси Илья Орлов - атактуу бизнесмен, уулу Максим Орлов - алдыңкы адвокаттардын бири, жаңыдан саясатка аралаша баштайт. Максим бир кездеги Андрейдин сүйгөнү Ольгага үйлөнүп, Матвей аттуу уулдуу болот. Киносюжет боюнча Максим да, Андрей да, Ольга да бактылуу эмес. Андрей түрмөдө өткөргөн жылдары үчүн, сүйгөнүнөн айрылганы үчүн Орловдон өч алууну көздөйт. Ольга арадан он жыл өтсө да аны гана сүйөрүн, Матвей өзүнүн баласы экенин билет. Илья Орлов бир кезде балдарды чет өлкөлөргө сатып байлык топтоп, ушу тапта Лолита Карасева (актриса Ксения Лаврова) аттуу сулууга үйлөнүү алдында турат. Ата-бала Орловдор жеке турмушта, саясатта дагы жаңы тепкичтерге чыгар алдында түшүнүксүз окуялар болуп, бир кезде өздөрү өлтүрткөн Андрей Крыловду бат-бат эстөөгө туура келет…




  Сандан санга: сериал

Бейтаалай
Назгүл Калмамбетова
Алтынайдын айткан сөзүнө Замира таңгала:
- Данияр экөөңөрдүн ортоңордо бирдеме болду беле, эмне коркуп кеттиң? - деп сурады.
- Эч нерсе болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес. Бир кездерде Данияр менин бактыма балта чапкысы келген. Бирок, анын арам ою ишке ашкан жок. Мен азыр баягы Алтынай эмесмин. Унчукпай отуруп калбайм. Кана, Данияр эмне максат менен келдиң, Алмаз байкенин көзүнчө айтчы? Алмаз байке экөөбүз баш кошконбуз, ортобузда бири-бирибизден жашыра турган эч нерсе жок, - деп кекете сүйлөдү Алтынай. Андан мындай сөз күтпөгөн Данияр Алтынайдын өзгөргөнүн сезе, эмне дээрин билбей Алмаздын алдында тайсалдай түштү.
- Менде эч кандай арам ой жок. Силер менен урушайын деп келген эмесмин. Болгону Алмаз байке менен Замира жеңеге учурашып коеюн деген максатта келгем. Силердин үйбүлөлүк урушуңарды деле уккан эмесмин. Эгерде катуу кетсем кечирип койгула. Алтынай, сени менен өзүнчө беш мүнөткө сүйлөшсөм болобу? - деп ордунан турду Данияр.
- Айта бер, мен Алмаз байкеден эч нерсе жашырбайм, - деди Алтынай.
- Алтынай, барып сүйлөшүп койчу, эмне сөзү бар экен, - деди Алмаз Замиранын көзүнчө баягы кыз кезинде боозутуп таштап кеткенин айтып салбасын деген кыязда.
- Макул, Даниярдын сөзүн угайын. Бирок, эми бул үйгө мен кожойкемин. Адегенде келериңди айтып коюп жүр. Болбосо биздин үйгө келип ынтымагыбызды бузба, - деп Алтынай сыртка чыгып бараткан Даниярдын артынан ээрчиди.
- Ай-ий, мунуң айылдык ушакчы катындан эч айырмасы жок го. Сага тийе албай эле араң турганбы... Сага тийе элек жатып, үйүңө келген конокторду ушундай кабыл алса, катынга жыргаптырсың, куттуктайм! Эми өмүр бою ушул катыныңдын келесоолугунан уялып жүрүп өтөсүң, - деп табалаган Замира ордунан туруп кетти.
???
- Эмнени айтайын дедиң эле? - деди Алтынай Даниярды демитип.
- Менин балам эмне болду?
- Кайсы балаңды айтып атасың?!
- Кайсы болмок эле, акыркы жолу экөөбүз жолугушканда "боюмда бар, мага үйлөн" деп ыйлабадың беле, же калп беле?
- Ооба, калп айтып койгом. Болдубу?!
- Сенин боюңда бар болчу, мен ишенбейм. Кана менин балам, же мобул үйдөгү кичинекей бала экөөбүздүн балабызбы? - деп шектүү карады Данияр.
- Каяктагыны айтпачы… Кет үйүңө, экинчи келбе, эгерде дагы ушинтип келе турган болсоң, Алмаз байкеге айтып, сенин ата-энең менен башкача сүйлөшөт, - деди да Алтынай үйгө кирип кетти. Даниярдын үйдөгү кичинекей бала меники эмеспи деген сөзүн угуп, эмнегедир Алтынайда да шектенүү пайда болду. Ашканада ойлуу отурган Алмаздын жанына келип:
- Ата-энемдин астынан качан өтөсүз? - деп сурады.
- Замирага үй алып берип, өзүнчө бөлгөндөн кийин экөөбүз ачыкка чыгабыз.
- Менин сизде бир өтүнүчүм бар…
- Эмне өтүнүч?
- Мен акмактын жаштык кылып таштап кеткен баламды издесемби деген оюм бар. Сиз жардам бересизби? - деп көзүнүн кычыгына жаш толо түштү.
- Аны мен да ойлогом. Сөзсүз издейбиз. Кудай буюруп табылып калса, Актанга биртууган кылып алабыз. Сен мага дагы бала төрөп бересиң. Андан көрө качан, кайсы төрөтканада төрөдүң эле, балаңдын өзгөчө белгилери бар беле, баарын эстеп мага жазып бер. Мен эртеңден баштап сураштыра баштайын, - деди Алмаз Алтынайды эркелете саамайынан сылап.
- Чын элеби? Анда мен азыр эле жазып берем, - деп Алтынай ары жактан кагаз, ручка алып баарын жаза баштады. Акырында кичинекей баласына Алтынбек деген атты кагазга жазып, жалаяктарынын арасына салып койгонунан бери жазды. - Сиз кандай дейсиз, баламды кимдир бирөөлөр багып алышы мүмкүнбү? Эгер алар багып алышып, мага бербей коюшса, же из жашырып кетишсе кантем? - деди ыйламсырап.
- Коркпо, колубуздан келишинче издегенге аракеттенебиз, - деп жооткотту Алмаз.