"Агым", 26.09.08 - 23-бет: • Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сахнасынак

Ислам таңкы жылдызды жандырат!
Түрк тилдүү элдер арасындагы "Чолпон Жылдыз" сынагында Кыргызстан намысын Ислам коргой турган болду. Курамы ар кыл тармактан түзүлгөн калыстар тобунун көпчүлүк бөлүгү 11 катышуучу ичинен ушул жаш ырчыга ишеним көрсөттү.
Тандоо турунун өтүшү туурасында уюштуруучулардын, калыстар жана катышуучулар тобунун айрымдарынын пикирине кулак төшөдүк.

"Чолпон Жылдыз" сынагынын музыкалык продюсери жана тандоо турундагы калыстар тобунун мүчөсү Жамиля МУРАТОВА иш-чара пландалгандай деңгээлде өткөнүн белгилейт:
- Калыстар тобунун арбир мүчөсү өз эрки менен баалады. Ал эми ырчылар элге жандуу үн жаңырган накта концертти тартуулады. Баары жогорку деңгээлде даярданып, дал ошол калыбында сахнада өздөрүн көрсөтө алышты. Мен бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиргим келет. Балдарыбыздын күчтүүлүгүнөн улам калыстар тобу бир учурда кандай чечим кабылдарын да билбей калып атты. Жыйынтыгын жарыяларда өзүм да толкунданып, колумдан жеңүүчүнүн аты жашырылган конвертти түшүрүп да алдым. Исламдын атын атаганда ырчы жигит өзү шок абалындагы болгондугу жүзүнөн байкалды. Эми баарылап бул жигитти таптай баштайбыз.
- Исламдын музыкалык билиминин жоктугу чочулатпайбы?
- Залкар музыканттарыбыз да билимсиз болгон. Алардын жараткандан алган таланты залкар деген элдин баасына татыган. Исламда да тубаса талант, Кудай берген мыкты үн бар. Исламга рухтун сергектигин, моралдык күч каалайм. Исламдын мойнунда Кыргызстан намысы турат. Алгачкы кадамды эркек бала жасап атат, менимче, ийгиликтүү болот деп тилек кылалы.
- Эларалык турдун калыстар тобуна Кыргызстандан кайсы өкүл тандалды?
- Азыр такталып атат. Бирок, баарыбыз биздин өкүл өз балабызга добуш бералбасын унутпоого тийишпиз. Мекендештерди Исламды биргеликте сүрөөгө чакырам!
Катышуучулар катарынан жакында эле Сочиде өткөн "Беш жылдыз" сынагына катышып келген Гүлзинатты да көрдүк.
- "Чолпон Жылдыз" конкурсуна тандоо турунда Ислам экөөңөрдүн упайыңар бир чыгып, эксперттин баалоосу менен Исламдын пайдасына чечилген экен. Капачылык жокпу?
- Мен профессионалдык жактан да, курагым боюнча да улуумун. Буга чейин бир топ конкурстарга катышып келгениме эл күбө. Адил Чекиловдун Исламга берген баасы - менимче, анын жаш балага берген мүмкүнчүлүгү. Буга каршылыгым деле жок.
- "Беш жылдыз" сынагына катышып келгенден кийин Гүлзинат бул конкурска катышпай эле койбойт беле" деген пикирлер айтылууда. Өзүң кандай ойдосуң?
- Уюштуруу тобу мени чакырган соң, баш тартпадым.
Чемпион ОМА бул ирет Өмүрбек АНДАШЕВ деген өз ысымы менен ат салышты. Аталган тандоо турунда Ома айрым кемчилик кетиргенин музыканттар белгилешүүдө. Бул туурасында ырчыдан өз оюн сурадык:
- Бул сынакта мен жеңишти көздөгөн эмесмин. Максатым конкурстун деңгээлине салым кошуу болчу. Жигит бирде төө минсе, бирде жөө жүрөт. Мындайга мен "ар дайым жеңе берген адам жеңиштин баркын сезбей калат" деген философия менен мамиле кылам.
Аталган сынакка тандоо турунда смс-добуш менен көрүүчүлөр купулуна толгон ырчы да белгиленмек. 19-сентябрь күнү кечки саат алтыда смс-добуш жыйынтыгы чыгарылып, НЭНА кызыбыз эң көп упай топтогон. Бул ырчы "KG" шоу-борборунун жетекчиси Азамат Курманалиевдин атайын белегине татыды.
Түрк ыр дүйнөсүндө кыргыз туусун желбиретчү Ислам АКМАТОВ жана анын чыгармачылыктагы насаатчысы Мурат ЖОЛУКЕЕВ сынак алдында биз менен төмөнкүчө ой бөлүштү:
- Кандайча болуп 11 катышуучунун арасына кирип калдың эле?
ИСЛАМ: - Конкурс туурасында адегенде чыгармачылыктагы насаатчым - Мурат Жолукеевге айтылыптыр.
Мурат ЖОЛУКЕЕВ: - Уюштуруучулардын бири Жамиля МУРАТОВА мага конкурс өтөрүн кабарлап, "Ислам жакшы ырдайт, ушул тандоого катышып көрбөйбү" деп сунуштап калды. Башта катышууну каалагандардын саны аябагандай көп эле. Жыйынтыгында 11 ырчы тандалып, арасына Ислам кирип калыптыр.
ИСЛАМ: - Катышалы, утсак уттук, утпасак да бул бизге тажрыйба дедик да, күчүбүздү сынап көрдүк.
Мурат ЖОЛУКЕЕВ: - Исламдын эмгекчилдигин мындан көрүңүз, 10 айдын ичинде 12 ыр даярдап коюптур. Баары конкурстун талабына татый турган ырлар экен. Акыркы моментте биз Назгүл НАСИЕВАнын музасынан жана Сейит ЖЭЭНБАЕВдин калеминен жаралган "Кусалык" деген ырга токтолдук.
ИСЛАМ: - Ушул ыр мени марага сүрөдү десем болот. Авторлорго чексиз ыраазычылык билдирем. Профессионалдык деңгээлде жазылган. Конкурстун биринчи бөлүгүндө "Сулууга" деген темпи ылдам ырымды аткардым.
Мурат ЖОЛУКЕЕВ: - Ырчылардын кезегин аныктоо жөрөлгөсүндө Ислам алгачкы болуп чыга турган болуп калды. Адегенде сүйүндүк да, кандай иш-чара болбосун ачуу кыйын эмеспи, андан кайра чочулай түштүк. Тандоо сынагы аябай салтанаттуу ачылды, бул жагынан уюштуруучуларга ыракмат айтсак болот. Кыргызстан гимнин көчөт бала менен Султан Каримов ырдады. Ошондо эле мен кошо сүрдөй баштадым. Министр куттуктоо сөзүн сүйлөгөндөн кийин эле Ислам чыкты. Бирок, татыктуу ырдап койду, бул жагынан Ислам эркектигин көрсөттү.
- Катышуучулар арасында сен тандалгандан кийин эмне кеп болду?
ИСЛАМ: - Ички дүйнөсүн билбейм, бирок, баары куттукташты. Татыктуу экендигимди айтышты.
Мурат ЖОЛУКЕЕВ: - Ислам чыкпаганда балким, мен да тандалган ырчыдан бир кынтык тапмактырмын (күлүп). 11 ырчынын ар бири таланттуу, ар бири күчтүү экен. Биринен бири өтөт. Мен-мен деген, жандуу үн менен ырдай алам дегендер катышты бул сынакка. Ар бири кандай жерде болбосун Кыргызстандын желегин желбиретчүлөр. Исламдын утарына акыркы моментке дейре ишенген эмесмин. Антракт маалында Исламга: "Кандай жыйынтык чыкса да, сынактын даамын татып алдык. Бул жылы болбосо, эмкисине даярданабыз" деп калгам. Экинчи ырын уккандан кийин утпасак болбойт деген ойго өттүм.
ИСЛАМ: - Чындыгында баары күчтүү болчу. Гүлзинат Суранчиева экөөбүздүн упайыбыз бирдей чыккан экен, менин тандалышыма эксперт Адил Чекиловдун добушу таасир этиптир. Бул адамга да ыраазымын. Анткени, бул мага зор ишеним.
Мурат ЖОЛУКЕЕВ: - Бул сынакта "кыргызчылык" деген таптакыр болгон жок. Калыстар тобунун ар бир мүчөсү өз добушун эркин берген экен. Азыркыга дейре ишенип-ишенбей атабыз.
- Бирөө тандоо турунда сени марага сүрөгөн ыр. Элдик ырдан кайсыга көңүл таштап атасың?
ИСЛАМ: - Конкурстун башкы продюсери Актан Исабаев жана музыкалык продюсери Жамиля Муратова менен биргеликте "Гүлгүн жаш" ырына токтолдук. Чындыгында менде элдик ыр аткаруу боюнча тажрыйба аз. Анүстүнө убакыт да чектелүү. Бирок болгон аракетти жумшайм.
Мурат ЖОЛУКЕЕВ: - Ислам бир жылдын ичинде бышып жетилди. Бул ирет сахнадагы бийлегенин көрүп башкалар түгүл мен өзүм таңгалдым. Мурдагы кайкая туруп ыр аткарган Ислам жок. Үнүн баалашканы менен бул балада артистизм жок дешчү баары. Бирок, ал бул жагынан да жөндөмүн далилдеп берди. Интернеттен тапкан маалыматым боюнча, ырчы конкурска бир жума калганда таптакыр ырдабай, өзү көнгөн жайда даярданып, концерттерге чыкпай турушу зарыл экен. Ушул тактика менен кеттик. Сабактан да калып жатты, эми дагы калтырат. Туура түшүнгөндүгү үчүн Ислам окуган окуу жайдын жетекчилигине ыракмат айтабыз.
- Кыргызстан бул сынакта көч баштап атат. Минтип сага ишеним артылды. Уятка калтырганың болбос…
ИСЛАМ: - Албетте, жоопкерчиликти сезип, моралдык жактан да даярданып турам.

Даярдаган
Айнагүл САПАРБЕК кызы










??.??