"Агым", 26.09.08 - 18-бет: • Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Оюн айтам деп...

Көпчүлүккө "Министрдин кызынын махабаты" кинотасмасы менен таанылган ырчы, режиссер Рустам Аташев жакында "Эркектер" аттуу фильм тартып бүтүп, эл алдына көрсөтүү камылгасында турат. Жыл сайын улам бир фильмди жарыкка чыгарып, элге тартуулаган Рустамдан жаңы тасмасынын тарыхын учкай кеп кылдык.

Рустам Аташев:
"Эркектер" фильминде эркектердин айыбы төгүлөт
- Рустам, жаңы фильмди кантип, кимдин чыгармасынын негизинде тарттың?
- Сөздү "Министрдин кызынын махабатынан" баштайынчы. Бул фильмге автор жагынан эле эмес, актерлор жагынан да нааразычылыктар болуп атты. "Мен киного тартылып, популярдуу жылдыз болгум келет" деп артыман кубалап жүрүп тартылгандар бар. Аны киного тартып, жылдыз кылып, ушундай деңгээлге чыгаргандан кийин кайра гонорар бербей койду деп соодалашып сөз кылгандар болду. "Чакыруу билет" мага аз бердиң, мага көңүл бөлбөй койдуң дегендер да чыгышты. "Министрдин кызынын махабатына" эл жакшы келип, акча жакшы эле түшүп атты. Ошону көрүп алардын ою бузулдубу, айтор, киного кантип жалдырап тартылганын унутуп коюшуп, көралбастык, ичитардык кылып, бир энчиге отургузу келгендер дагы четтен чыкты. Ошондуктан жаңы кинону эч кимге көзкарандысыз тартып көрөйүн деп чечтим. Чыгарманын сценарийин өзүм жазып, өзүм продюсер болуп, эч кимден акча да сураган жокмун.
- "Министрдин кызынын махабатындагы" актерлор бул киного тартылган жокпу?
- Болгону эки студент Нурбек менен Бурхан экөө ошол эле ат менен бул фильмде да комедиялык ролдо ойношот. Бул эки студент биринчи фильмден экинчи фильмге аралашып кеткендей образды жаратышат. А башка ролдордо таптакыр башка, жаңы актерлор тартылды. Булар да баягы системадай келишим жок тартылышты.
- Алар "жылдыз" болгондон кийин сени менен соодалашып, акча сурабайбы деп чочулаган жоксуңбу?
- Чочулаган жокмун. Бул адамдын өзүнүн деңгээли, адамдык сапатынан болсо керек деп ойлойм. Азыркы тартылган фильмдеги артисттердин арасынан деле чыгышы мүмкүн. Мисалы, "Министрдин кызынын махабатынан" деле, ушул күнгө чейин ыраазычылыгын билдиргендер бар. Келишим түзүлгөн күндө деле ушундай пикир келишпестиктер боло берет. Мурдагы актерлордон бөлөк да элдин арасынан таланттуу артисттер чыгалат, өзүм деле чыгарма жазып, эч кимдин жардамысыз эле кино тарталам деп далилдегим келди. Канчалык деңгээлде эл баалайт, аны убакыт көрсөтөт.
- Кинонун кыскача сюжети кандай, эмне жөнүндө?
- Кино "Эркектер" деп аталат. Бул кинокомедия, үйбүлөлүү эркектердин чыныгы кыял-жоруктары жөнүндө тартылган. Себеби, турмуштагы көп кызыктуу окуялар үйбүлөлүк мамиледен чыгат экен. Достордун арасында жүргөндө аялына калп айтам деп кармалып, уят болгондорун айтып берген кызыктуу, күлкүлүү учурлар көп болгон. Экинчиден, ушундай кызганычтын айынан көп эле үйбүлөлүк турмуш бузулганына күбөмүн. Демек, үйбүлөдө ушундай түшүнбөстүктөр көп болот экен. Бул көйгөйдү трагедия эмес, тамаша иретинде жумшартып, башкаларга сабак болчу максатында тарттык.
- Жолдошторуман уккан окуяларды чагылдырдым деп атпайсыңбы, а өзүңдүн башыңан өткөргөн эпизоддон кирдиби?
- Өзүн эркек деп эсептеген адам, сөзсүз түрдө кандайдыр бир деңгээлде ушундай окуяга туш келет. Балким түшүнбөстүктөн да ушундайга илинип калышы мүмкүн. Ошондуктан, бул менин же досторумдун эле башынан өткөн окуялар деп айтсак кыска болуп калат. Негизи эле жалпы үйбүлөлүү эркектерге тиешелүү.
- Бул жерден эркектерди актап, аялдарды күнөөлөп койгон жоксуңбу?
- Жок, тескерисинче, мен балким эркектердин сырын ачып коюшум мүмкүн. Мисалы, кыздар бул фильмди көргөндөн кийин: "Ий, эркектер ушундай турбайбы аларга ишенбеш керек экен", деп калышы мүмкүн. Бирок, ошол эле учурда эркектер андай эмес, мындай учурлар болот, бирок, кечирим сурап оңолушат деген ойду берет. Аялдардын жаман жагын берген жокмун. Мисалы, аялдардын арасында деле күйөөсүнүн көзүнө чөп салгандар көп. Бирок, бул жердеги максат, биз ал жөнүндө ойлонбошубуз да, көрсөтпөшүбүз керек. Анткени, биздин менталитетибизге жараша, кыргыздын аялдары андайга барбаш керек.
- А кыргыз эркектеричи? Алар кыргыздын эле аялдарына барышат да?
- Мен кыргыздын аялдарын жаман жолго барбайт, таза деп эсептейм. Балким биздин эркектер күйөөсү бар аялдар эмес, башы бош жаш кыз-келиндерге барышат. Негизи кинодо ошондой эркектердин жаш кыздар менен жүргөнү чагылдырылат.
- Ушул кинону тартууда өзүңө кандай тажрыйба алдым деп ойлойсуң?
- Бул менин төртүнчү кином болгондуктан, демек, төрт эсе тажрыйба топтолду десем болот. Азыр оңой жактарын ойлонуп, актерлорду тандоодо да көз каныгып, кандай адам кандай образга туура келерин дароо эле билип калдым. Элдин табитин тереңирек түшүнүп жакшы сценарий жазууга аракеттендим. Элге юмордук сюжет көбүрөк жагат экен. "Министрдин кызынын махабатындагы" юморлор да чыгармадан сырткары менин идеям болчу. Негизи өзүм юмор жанрына жакынмын. Мурунку фильмдеги көрүүчүлөрдөн жаккан жерин сурасам, комедияларын сөз кылышат. Ошого байланыштуу бул фильм Кыргызстандагы биринчи, чыныгы курч мүнөздөгү комедия десем болот.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА










??.??