"Агым", 26.09.08 - 15-бет: • Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Алкымдан азап?..

И.Кадырбеков канткенде суудан таза, сүттөн ак?
Акыркы мезгилде КР өкмөтүнүн архитектура жана курулуш мамагенттигинин мурдагы деректири Ишенбай Кадырбековдун камалуу "ишмердиги" тууралуу калың кеп болууда. Айрыкча оппозициябыз деген мурдагы аткаминерлер аны азыркы бийликке каршы айныгыс аксиома катары пайдаланууга аракет жасап атыр. Ошого байланыштуу кечээ АКИpress маалымат агенттиги Кыргызстан финансы полиция кызматынын (ФПК) билдирүүсүн жарыялады.
ФПК 2008-жылдын 16-апрелинде И.Кадырбековго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде кылмыш иш козгоп, Бишкек шаарынын Ленин райсотуна кайрылган. Ал 10 сутка камакта кармоо тууралуу чечим чыгарган. Ошол эле жылдын 6-майында сот чечим мөөнөтүн 1 айга, б.а., 6-июнга чейин узарткан. 6-июнда И.Кадырбековдун айыбына кошумча айып табылганына байланыштуу аны убактылуу түрмөдө кармоо тартиби 2008-жылдын 16-октябрына чейин узартылган. 26-августта ал мөөнөттү Биринчи май райсоту 26-октябрга чейин узарткан. Ушул тапта тергөө органдары И.Кадырбековдун мыйзам башын аттаган жана башка иштеринин бетин ачып, айныгыс фактылар менен бекемдөө аракетинде.
Ага ФПКнын толук негизи бар. Анткени тергөөнүн жүрүшүндө И.Кадырбековдун мыйзамсыз ишмердигинин толгон-токой изи табылды. Айрымдарын атап өтсөк, КР өкмөтүнүн "Заказчы" тууралуу токтому турганына карабастан, И.Кадырбеков долборлоо жана курулуш уюмдарын ылгап алуу маселелерин толугу менен жеке өзү чечип, ошондой эле ОсОО "Олдомор", АК "Хан-Теңири", ОсОО "Ош-Азат" уюмдарын подрядчик катары тандап алган. Мындан сырткары, ал субподрядчиктерди жеке өзү аныктап, Минфинге курулуштарды каржылоо көлөмү боюнча кат жазып, ага өзү кол коюп, ириде кимге канча каражат бөлүү маселелерин да жеке чечкен.
Ушуга жанаша эле, И.Кадырбековдун сунушу боюнча мектептерди тез курула турган конструкциялар менен куруу каралып, Мамкурулуш жетекчилигинин оңдоолорунан соң ал курулуштарга жумшала турган каражат эки эсеге көбөйгөн.
Мындан сырткары, И.Кадырбеков Минфинге кат жазып, подрядчиктерге бөлүнө турган акча Мамкурулуш аркылуу аткарылган иштердин актысы жок эле которулуп берилишин талап кылган. Мунун өзү инструкцияны орой бузуу болуп саналат. Ошол эле маалда ал подрядчиктер өзүнө субподрядчиктерди тандоодо, башка фирмалардан курулуш материалдарын алуу иштерин менсиз жүргүзбөйсүңөр деп бекем тыюу салган. Ушунун айынан аткарылган иштердин өзүнө турган наркы улам жогорулап олтурган. Көңүлгө ала турган нерсе - каржылоо бүтүндөй мамлекеттин эсебинен жүргүзүлгөн.
Маселен, КР өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-февралындагы көрсөтмөсү боюнча Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарындагы 7 мектеп мамлекеттик бюджет эсебинен куруу белгиленген болчу. Буга 115 млн. сом каралган. Аз өтпөй Мамкурулуштун ходатайствосу боюнча бул сумма 256 млн. 107 миң 610 сомго көбөйтүлгөн. Ал каражаттын 2,9%ы Заказчиктин - Мамкурулуштун аппаратын каржылоого которулуп берилген. Акча бөлүнгөнү менен Мамкурулуш кызматкерлери айтылган курулуштарга көзөмөлдүк жүргүзгөн эмес.
Ошондой эле И.Кадырбеков көзөмөлдөөгө түз милдеттүү болгондугуна карабастан, курулуш конструкцияларына, ички инженердик коммуникацияларга, желдетүү, электр менен жылытуу материалдарын ылгоо боюнча мониторинг жүргүзүлгөн эмес. Ошол себептен мектептерди долборлоодо жана куруу иштеринде өтө орой каталыктар кетирилген. Ошол кемчиликтер азыркы күнгө чейин оңдолууда.
Соттук-курулуш экспертиза комиссиясынын бүтүмүнө ылайык, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы беш мектептин курулушу үчүн эле 18 млн. сомдон ашык каражат ашыкча жумшалган.
Ошондой эле көпчүлүк мектептердин долборлоо-смета документтери ал мектептер курулуп бүткөндөн кийин жасалган. Мындай "кызматы" үчүн долборлоо институту 4 млн. сомду бөктөргөн.
И.Кадырбеков кызмат абалын колдонуу аркылуу Бишкек шаардык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмунун биркатар кызматкерлеринин көмөгүн колдонуп, Жер кодексинин 62-64-статьяларын бузуп, 2004-жылы эки адамдын жер участокторун өзүнө кайра жаздырып алган.
Андан аркысы да кызык. И.Кадырбеков кат жазып (№6-1209 23.10.2007) ага Мамкурулуш директору катары И.Кадырбеков өз катына өзү расмий жооп жазып, Бакаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн аймагында жертөлө гаражы бар көп кабаттуу үй курууга (0,33 га) макулдук берет да, дароо эле Мамкурулуштун алдындагы Мамэкспертиза кызматкерлерин - кол алдындагыларды мажбурлап долборлоо-техникалык чечимин чыгартып алат. Заказчик - өзү.
Мындан сырткары, ал 2004-жылдын 7-майында ошол эле Бакаев көчөсүнөн дагы бир 0,08 гектар жер участогун өзүнө бөлдүртөт.
И.Кадырбеков 2006-жылдын 24-30-ноябрында чакырган тараптын эсебинен Түштүк Кореяга командировкага кетип атып, Мамкурулуштун кассасынан 52,2 миң сом "командировочный" алган. Ал акча кийин эч документтерсиз эле отчеттон чыгарылган.
2007-жылдын январында И.Кадырбеков өз буйругу менен Бишкек мэриясынын алдындагы Шааркурулуш кеңешинин төрагасы - Бишкектин башкы архитектору К.Нарбаевди кызматынан бошотуп, ал орунга өзүн өзү бекиткен. Андан ары, ал кызмат абалы боюнча ага көзкаранды Шааркурулуш кеңешинин кызматкерлеринин колу менен, айталы, өзүнүн аялына тиешелүү ОсОО "Кут-Жол", ОсОО "Айжамал" менчик фирмаларга долбоор түзүп, курулуш салууга уруксат бердирген.
Мындан сырткары, ал Мамкурулуштун лицензиялоо бөлүмүнүн кызматкерлерин мажбурлап, аялы С.Тыныбекова деректир болгон ОсОО "Аймэге" 1-2-деңгээлдеги лицензияларды бердирткен. Бул иштер боюнча өз алдынча кылмыш иши козголду.
И.Кадырбеков "кабагы түз эмес" кызматкерлерди мыйзамсыз иштен бошотуп, алар сот чечими менен кайра кызматка алынышы милдеттүү болгонуна карабай, ал сот актыларын аткаруудан баш тарткан. Мына ушул былык-чылыктын баары Эсеп палатасынын текшерүүсүндө да аныгына чыккан. Мына ушундай…




  Капырай!

Оппозиция Түштүктө жанданабы?

Айтылуу Азимбек Бекназаров абакта жаткан Ишенбай Кадырбековго адвокат болуу менен бирге орозо чыккандан кийин кандайдыр бир нааразылык акциялары болорун байма-бай кабарлап келет.
Ошол эле учурда И.Кадырбеков шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталды. Албетте анын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныктайт. Бирок бул аракет дагы саясый оюндун бир түрү. Ишенбай мырза шайланбай калса, бийлик анын сүрүнөн коркуп атайын өткөрбөй койду деп айта жүргөнгө жакшы. Биринчиден, Кадырбековду сүттөн ак болчу эле, ошого карабай ага кылмыш иши козголду дегенге эч ким ишенбейт. Анткени ал кызматтан кетип, абакка түшкөндөн кийин гана оппозиция өкүлдөрүнө кол сунуп, коммунисттерди жардамга чакырып олтурат.
Оппозиция ичинде азыр биригүү аракети көрүлүп, имиш кептердин арбып турган кези. Угушубузга караганда кызматтан кол жууган Адахам Мадумаров, Данияр Үсөнов, Бектур Асанов да оппозиция катарына кошулат. Айрыкча Мадумаров менен Асановду оппозициядагылар жылуу тосот. Анткени буга чейин Түштүктөн көрүнүктүү өкүл болбой жаткан. "Митинг өткөрчү болушса кар күрөтөм" деген Данияр мырзага оппозициянын таарынычтары болгон менен ыйлаганы бир, кошкон кошогу ар түрдүү болуп турган чакта Адахам мырзанын аброю үчүн буга деле көз жумушат.
Ошентип, үч жылда А.Бекназаров, М.Абдылдаев, А.Атамбаев, А.Мадумаров, Б.Асанов, Д.Үсөнов, И.Кадырбеков сыяктуу бийлик короосунан чыккан оппозиционерлер пайда болду. Бул жаңылык эмес, илгертеден ушундай болгон, боло бермекчи. Бирок, А.Мадумаров, Б.Асанов, Д.Үсөнов, И.Кадырбеков кызматта турганда кандай иштеди, эмне жумуш бүткөрдү, көз карашы кандай эле деген суроолордун тегерегинде ой жүгүрткөнүбүз оң. Анткени булардын көпчүлүгү жакшы иштеп жаткан жеримден түртө салышты дегендей өз кемчиликтерин моюнга алгысы келбей турат.
Канткен менен Адахам мырзанын көнүмүш жолду тандап оппозицияга өтүшү ага аброй алып келбейт. Ал кошулбай жатып А.Бекназаров "Каркыра менен Ысык-Көлдөгү пансионаттарды өткөрүп берди" деген кекээр кептин башын чыгарды. Ал эми Адахам мырза мындай токонаалатты ар кимден уга берүүнү каалабайт. Сөзү бийик чыгып, оппозиция ичинде баркы көтөрүлүп баратса бул кепти Сариев же Текебаев айтып коюшу мүмкүн. Андыктан Мадумаровдун оппозицияга кошулушу да арсар. Ал эми өзү төрөлгөн райондо аздыр-көптүр баркы бар Бектур Асанов ыңгайлуу учурду күтүп, Текебаевдин же Жусупжан Жээнбековдун артынан ээрчий бериши мүмкүн. Булар эле эмес, А.Бекназаров менен да тил табышып, таарынычын айтып алууга жөндөмү бар.
Азырынча оппозициядагылар Түндүктөн кам санабайт. Эгер Үсөн Сыдыков, А.Бекназаров, А.Мадумаров, Б.Асанов, Ө.Текебаев, Б.Бешимов, А.Артыков ж.б. бириксе, оппозициянын иши Түштүктө да кеңири жанданышы мүмкүн. Эл А.Бекназаров менен Ү.Сыдыков, А.Мадумаровго аз болсо да кулак салат.

Аскул КЕНЖЕБАЕВ










??.??