"Агым", 19.09.08 - 7-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жерпай

Темир САРИЕВ:
"Элдин эркине каршы саясаттын келечеги жок"
Күз түшкөнү коомчулук опурталдуу саясый жаңылыкты оппозициядан күтүп калды. Эл арасын ушак-айың аралап, "митингге баланча киши чыгат экен. Тиги облустан мынча, бул облустан мынча киши көтөрүлөт" деген дүрбөлөңдүү сөздөр чыгып, бир аз болсо да бийликти сестентүүдө. Ошол эле учурда "оппозициянын кудурети кетти, биримдиктин жоктугунан бөлүнүп, ар ким өз оокаты менен алектенип жүрөт" деген пикирлер да жок эмес. Оппозициянын күзгү аракетин билүү максатында биз "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир САРИЕВди кепке тарттык.
- Темир Аргенбаевич, 2005-жылдан бери оппозиция башчыларынын катарында туруктуу келе жатасыз. Чын эле азыркы бийлик менен келише албайсызбы? Эгер бийлик тарабынан кайсы бир кызмат сунушталса барат белеңиз?
- Туруктуулук - бул адамдын өзүнөн. Мага буга чейин деле бийлик тарабынан кызмат сунушталган. Бирок ички дүйнөм, кабыргам менен кеңешип, сунуштардан баш тарттым. Саясатчы жок дегенде бир-эки кадам алдынан көрүш керек. Эгер кызматка барсам, мага ыйгарым укуктар берилеби, бүгүнкү саясат менен көзкарашым шайкеш келеби сыяктуу маселелер ойлонтту. Менин кызматка барбай койгонум, иштей албайт дегендик эмес. Эгер кызматка келсем майын чыгарып иштөөгө көзүм да, илим-билим да, тажрыйбам да жетет.
- Анда азыркы президент менен иштеше албайм деген купуя оюңузду түшүнсө болот экен да?
- Менин негизги көзкарашым азыркы расмий бийликтин жасап жаткан саясаты менен төп келишпейт. Болгону ушул, биз эч качан бүт баарын жалгыз кишиге байлабашыбыз керек. Эгер саясатта, экономикада ж.б. маселелерде көзкарашыбыз төп келсе, барып иштесе болот.
- Эки жыл удаасы менен бир канча митинг, нааразылык акциялары уюштурулду, сиз алардын көч башында жүрдүңүз. Ошол акциялар, сиздин оюңузча, туура болгонбу?
- Убакыт өткөндөн кийин иликтеп жыйынтык чыгарганга мүмкүнчүлүк алдык. Эки жылда өткөн жолубуз 15-20 жылга тете болду. Эң алгач 2006-жылы 8-апрелде жөө жүрүшкө чыкканбыз. Аныбыз криминалга каршы болчу. Андан кийин "Реформа үчүн" кыймылы тарабынан үч жолу митинг өттү. Кандайдыр бир жетишкендиктер бар. Анткени ар бир митингдин артынан президент өзүнүн саясатын өзгөрткөнгө мажбур болду. Сиздин сурооңузга мен мындай жооп берет элем: коом ар дайым кыймылда болот. Бүгүн оппозиция жеңилип калды, Сариев жеңилип калды деген туура эмес. Биздин кыймыл-аракетибизден мамлекет утуш керек. Эгер оппозиция бир кишини бийликке жеткирсе, аны оппозициянын жеңиши деп түшүнбөш керек. Менин эң бир өкүнгөнүм - азыр биз убакыттан уттуруп жатабыз. Уткан эч ким жок. Адам өмүрү кыска, ар бир адам жакшы жашап өтсөм деп тилек кылат. Биздин негизги максатыбыз ушуга багытталышы керек.
- Өкмөт экономикада өсүш бар деп жатат, муну менен сиз макулсузбу?
- Экономикалык акыбалыбыз өтө оор. Бардык тармакта кыйынчылыкка кептелди. Биздин иликтөөбүз ушундай. Адистердин айтуусу боюнча тышкы саясатыбыз да ойдогудай эмес. Турмуш болгондон кийин кыйынчылык болот дечи. Бирок аларды чече билүү керек. Тилекке каршы, мындай болбой жатат. Саясый кризистин жана башка кризистердин башкы себеби, бийликтин бир колго топтолгону, тең салмактуулуктун жоктугу. Президент түзгөн партия парламентке келди. Жогорку Кеңештин ар бир жыйынында талкуу, талаш-тартыш болушу шарт. Парламенттин табияты ушундай. Жеңишке жетишкен партия өкмөттү түзгөндөн кийин аны бекем көзөмөлдөп турушу керек. Тилекке каршы, биз бул жерден атаандаштыкты жоготтук. Азыркы Адилет министрлигиндеги абал көзөмөлдүн, атаандаштыктын жоктугунан келип чыкты. Анткени М.Кайыпов саясат менен гана алек болуп, президентти коргоп сүйлөп, ошону жумушум деп түшүнгөн. Ал эми негизги аткарыла турган иштер жасалбай калган. Ошон үчүн бүгүнкү абал түзүлдү. Акырында былгып жаткан иштер ириң толгон жарадай жарылды. Көзөмөлдүн жоктугунан өзүнүн туугандарын, классташтарын кызматка алып келип, министрликти өзүнүн чарбасына айлантып алган. Энергетика тармагы да көзөмөлдүн, мамлекеттик башкаруунун жоктугунан кейиштүү абалга кептелди. Апрель айынан бери жарыкты өчүргөн менен жоготуу кыскарган жок. Жанагы жоготуу, уурдоо деген такыр жоголуш керек болчу. Эмне үчүн жоголбой жатат, аны ким сурайт, акча кимдин чөнтөгүнө кетип жатат? Анткени ошол тармакта иштеген министрлердин, жетекчилердин жоопкерчилиги жок. Муну алдакачан коопсуздук кеңешинде талкуулап, күнөөлүүлөрдү жазага тартыш керек болчу. Кыргыз экономикасынын флагманы - энергетиканын кейпи бул болсо, башка тармактар боюнча сөз кылуунун кереги да жок. Энергетиканы бир эле адам башкарат. Эски бийлик тушунда да, азыр да. Фамилиясы - Ширшов. Буга президенттин да, премьердин да алы жетпейт.
- Адатта оппозиция жазында жана күзүндө кандайдыр бир саясый иш-чараларды белгилейт. Быйылкы күздөн эмнени күтсөк болот?
- Чынын айтайын, азыр эл аралап, алар менен жолугуп сүйлөшсөм бир эле суроосу бар, ал: "каякка баратабыз" жана "качан митингге чыгабыз" деген. Эгер бүгүнкү бийлик акыбалды терең түшүнүп, элди мобилизациялап, бардык күчтөрдү биримдикке чакырып, ачык-айкын саясат кылса, абалдан чыгуунун бул бир жолу. Анда биз оорду, кыйынчылыкты бирге көтөрүп кете алабыз. Эгерим мындай болбой, "булардыкы туура эмес, биздики гана туура" десе, өтө кыйын акыбалга келебиз.
- Демек, митинг болот деңизчи?
- Бүгүнкү саясатты өзгөртүүнүн эки жолу бар: биринчиси, өтө радикалдуу күчтөр митингге чыгып, бийликти басып алуу. Экинчиси, Кыргызстандын бүт аймагында эл көтөрүлүп, жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып, өкмөттү курап, андан кийин президенттик шайлоо өткөрүү.
- Ушундай саясый акциялар аркылуу бийликти оодармак түгүл огобетер күчтөндүрүп албайсыздарбы?
- Азыр кээ бир саясат таануучулар муну айтып эле жүрүшөт. Ошол эле мезгилде алар биз тоталитардык, анан калса авторитардык режимге баратканыбызды белгилешет. Бул жолду болтурбай коюуга бир гана күч бар, ал - элдин күчү. Мен буга эл менен ар бир жолугушуудан кийин терең ишенем. Буюрса, элибиз тоталитардык жолго барууга жол бербейт. Убагында А.Акаевдин бийлиги да абдан күчтүү болчу. Бирок ошого карабай 2005-жылдагы март окуясы жүз берди. Эл муну унуталек. Эгер тоталитардык бийлик курабыз десек, эң ириде элдин демин өчүрбөш керек. Элдин демин өчүрсөк, мамлекетти жоготорубуз ачык. Дүйнөдөгү чоң империялардын, мамлекеттердин жоголушун изилдей келгенде, алардын армиясынын азайышы эмес, же башка кыйынчылыктардын болуп жатканынан эмес, элдин духунун өчүп калганынан болгон. Ошондуктан элдин эркине каршы саясаттын келечеги жок.
- Сариевдин Текебаев менен мамилеси качып, Мадумаров менен биригиптир, күзүндө Түндүктү Сариев, Түштүктү Мадумаров көтөрөт дегенге не дейсиз?
- Өтө орой суроо бердиңиз, ошондуктан мен да орой жооп берейин. Түшүнүп турам, сиз да муну эл ичиндеги сөздөн улам айтып жатасыз. Үч жарым жылдан бери "Сариев Түштүккө каршы экен" деп мени бокочо көрсөтүп келишти. Бирок бул бүгүнкү күндө ырасталган жок. Мен Түндүк-Түштүккө эмес, өзүмдү кыргыздын патриот жигитимин деп эсептейм. Эч качан Түндүк-Түштүктү карама-каршы койгон эмесмин. Муну убакыт бекем далилдеди. Азыр мага Түштүк тараптан көп адамдар жолугууга келип жатат. Алар мага дем берип, духумду көтөрүп жатат. Сариев менен Мадумаровду макулдаштырган сөз калп. Мадумаров болобу, башка болобу, анын жасаган иши менин көзкарашым менен дал келсе, мен ал адам менен биригүүгө даярмын.
Мадумаров менен мен 90-жылдан бери таанышып, жакшы жолдош болуп келгенбиз. Убагында көзкараштарыбыз дал келбей, пикир келишпестиктер болгон. Ал үч жарым жыл мурун өз саясатын, өз багытын тандап алган. Эми ал ошол жолунан четтеп, бүгүнкү бийликтин саясатына канааттанбаса, биздин идеяларды тандаса, көрө жатарбыз.
Текебаев жөнүндө айтайын. Эми саясатчы болгондон кийин кээ бир маселеде пикир келишпестиктер болот. Бирок негизги маселеде Кыргызстандын өнүгүү багытында талаш-тартыш жок. Буга биздин шайлоо алдындагы бирдиктүү оппозициялык тизме менен чыкканыбыз күбө. Бул ошол ушак-айыңдарга жооп болуш керек. Эртең дагы кандайдыр бир орчундуу саясый окуя болуп калса, биз чогуу чыкканга даярбыз. Саясат деген ушундай, анда түбөлүк дос болбойт. Убагында мен бүгүнкү президент Бакиев менен деле абдан тыгыз мамиледе жүрдүм. Губернатор, премьер-министр, депутат болуп иштеп турганда байланышыбыз жакшы болчу. Бирөөгө кандайдыр бир сын айтып койсоң эле душман болду деген өнөкөттөн арылышыбыз керек.
- Макул, кечээ эле "Бакиев кетсин" деп кыйкырган оппозициядагы досторуңуз бүгүн бийликтин ар кайсы бутактарында иштеп жатат. Буга кандай карайсыз?
- Биринчиден, президент негизги бийлик философиясын принципке кабыл алган адам катары кээ бир кадамдарга барганын белгилей кетишибиз керек. Ал кадамдардын бири кечээ радикал оппоненттерин өзүнүн жанжөкөрүнө айландырып, саясатын ошолордун колу менен жүргүздү. Бул кээ бир учурда анын ийкемдүүлүгүн, чечкиндүүлүгүн далилдейт. Президенттин мындай кадамы көп адамдар үчүн күтүүсүз болгон. Саясат чөйрөсүндө кандайдыр бир утушка ээ болду. Экинчиден, мунун моралдык жагы бар. Турмуш деген көп кырдуу. Саясатчы асмандан түшүп келген жок, ал деле кыргыз элинин арасынан чыккан. Беш кол тең эмес. Коом ар дайым кыймылда болгон соң, кээ бир саясатчылар көзкарашын өзгөртөт. Мен буга туура түшүнөм. Кызматка барган соң жалгыз адамга эмес, эл үчүн иштесе түшүнөм. Тескерисинче, алар өз кызыкчылыктарын өйдө коюп, мансап издеп калган учурлары көп. Ал эми кечээки өзүнүн жолдошторун сынга алып кошоматтанса, мазактаса, өзү айткан принциптерден тайса, аракети мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болбосо, анда бул - чыккынчылык. Баары убакыт өткөндөн кийин талданып, татыктуу баасын алат.

Маектешкен Келдибек НАЗИРОВ