"Агым", 19.09.08 - 6-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Уят-ыйман кеткенде

Министр да ушундай калпычы болобу?
Өткөн ишембиде Транспорт министри Нурлан Сулайманов өзү баш болуп "Манас" аэропортуна жайнаган журналисттерди чакырып: "Мына көргүлө, биз жаңы "Боинг" самолетун сатып алдык, азыр Дубайдан учуп келди. Бир жарым жылдан бери Германиянын фирмалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ушул самолетту сатып алдык. Бул кыргыздын биринчи "Боинг" самолету, дагы экини алабыз" деп бүт уят-сыйытты жыйыштырып коюп калп айтып, телеэкрандарга өзүн пиар кылып мактанып атты. Журналисттер менен алардын репортаждарын көргөн, окуган коомчулук буга ишенип алышканы менен, ошол жерде турган авиаторлор жакасын кармап, жерге түкүрүп жатышты: "шумдугуң кур, аттуу-баштуу киши да ушундай калпычы болобу жанын жеп, айтканынын баары калп, аны өзү да билип турат, эртең эле элге, президентке уят болорун ойлобойбу. Муну кайсы кара теке сүзгөн, же элдин көзүнчө шагы сынбасын деп айталбайсың…"
Чындыгында бул эскилиги жеткен самолеттун тарыхы кыргыз авиаторлоруна аттын кашкасындай маалым. Заводдук серия номуру 23516/1257 бортун "Боинг" заводу 1986-жылдын 21-июлунда чыгарып, аны 1986-жылдын 4-августунда америкалык "Вестерн эйрланс" авиакомпаниясы сатып алган. Бул компаниядан 1987-жылдын 1-апрелинде ошол эле америкалык дагы бир авиакомпания "Дельта эйрланс" алып, америкалык граждандык авиация бийлиги берген N242WA мамлекеттик номуру менен 2006-жылдын май айына чейин 20 жыл эксплуатациялагандан кийин эскирди деп жарактан чыгарышып, таштандыга токтотуп коюшкан. Ошол жерде россиялыктар түзүп, бирок Кыргызстанда катталган "Eastok Avia" ("Исток авиа") компаниясы арзанга сатып алып, оңдоп-түздөп Кыргызстанга алып келишет да, 2006-жылдын декабрынан кыргыз граждандык авиация департаментинен каттоодон өткөрүп, ЕХ-735 мамлекеттик номурун алышат. Кыргызстандан иш таппай айласы кеткен "Исток авиа" 2007-жылдын 1-июнунан тартып бул самолетту Тажикстанга алпарып кошунга каттоого тургузуп, Тажикстан граждандык авиация бийлигинен ЕҮ-531 мамлекеттик номурун алып, Дүйшөмбү шаарынан Афганистанга, араб мамлекеттерине уча баштайт. Бирок жүргүнчүлөр толуп-толбой, иш бирде болуп, бирде жок жүдөп жүрүшкөндө быйыл 24-августтагы авиакатастрофадан кийин айласы алты кеткен министр элдин көзүн будамайлап "иштеп атам" деген түр көрсөтүү максатында ушундай алдаркөсөлүк ишке барып олтурат.
"Исток авиа" авиакомпаниясынын самолетторунун баары ошол силер телевизордон көргөн түстө: жону ак, ал эми курсагы менен куйругу көккө боелот. Бул формадагы түс атайын авиациялык бийликтер тарабынан ар бир авиакомпания үчүн ар башка бекитилет. Дубайдан самолеттун ак жонуна "Кыргызстан" деп жаздырып, ал эми көк куйругуна "АК" деген авиакомпаниянын эн белгисин койдуруп айдатып келип, уялбай сатып алдык деп жар салып жатышат. Жадагалса ЕҮ-531 деген мамлекеттик номуру да өзгөрбөй Тажикстандыкы бойдон калган. Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айталы, ЕХ деген латын эки тамга менен башталган учактардын номурларынын баары Кыргызстандыкы, ал эми ЕҮ менен башталган учактар Тажикстандыкы. Бул коддорду да ар бир мамлекет үчүн эларалык граждандык авиация уюму атайын ыйгарып, бири-бирине окшошпой, ар мамлекеттики ар башка болот.
Эми ушу эки жыл мурда эле Кыргызстанга бизде эле катталган "Исток авиа" авиакомпаниясы апкелип каттаткан самолетту жаңы сатып алдык деп элди алдаганга министрге эмне күч келди? Андан да өкүнүчтүүсү, бул "сатып алдык" деп бет тырмагандык сөз чынында бул жөнөкөй эле ижарага алынган самолет. Кыргызстандын "Исток авиа" компаниясынан дагы бир "Кыргызстан" авиакомпаниясы ижарага алып олтурат. Болгондо да кургак ижара, самолет да, аны башкарган экипаж да "Исток авианыкы". Мындай ижараны "Кыргызстан" авиакомпаниясы эле эмес, акча төлөгөн ар бир турфирма да алалат. Ким акча төлөсө "Исток авиа" ижарага бере берет, кааласаң Москвага, кааласаң Дубайга уч, болгону ар бир рейске алдынала акчасын төлөп кой. Муну Кыргызстандагы көп авиакомпаниялар практикалашат.
Өзүңүздөр көрдүңүздөр, "сатып алдык" дешкени менен "али баасын быча элекпиз" дешет. Кайсы жинди (айрыкча булар айткандай, германиялык болсо) баасын бычпай самолетун ижарага кармата коет, саттык деп. Калптын да чеги болот да!
Андан көрө министр Сулайманов былтыркы 2007-жылдын мамлекеттик бюджетинен жакшы самолет сатып алгыла деп Транспорт министрлигине бөлүп берген 14 миллион доллар акчага эмнеге алигүнчө жаңы учак алалбайт? Эми ушунча даяр акчага жакшы самолет апкеле албаган чиновниктердин деңгээли кандай экенин өзүңүздөр эле түшүнүңүздөр.

Мурат ЖУМАБАЕВ, Бишкек





М.Кайыповдун ордуна Э.Сатыбалдиев барабы?
Кызматтан кайыган Адилет министри М.Кайыповдун ордуна ЖК депутаты Л.Сыдыкова менен Башпрокурор Э.Сатыбалдиев "кудаланып" атыптыр. Прокурор мырза министр болуп кетсе, анын ордун Чүй облпрокурору Т.Сөлпиев ээлейт имиш.

Кош, түбөлүк 4-чакырылыш!
Эл өкүлү Айгүл Байбураева быйыл жазында орус улутундагы жигит менен кол кармашып, турмуш жолуна аттанган эле. Депутаттар жайкы каникулдан кайтып, сессия башталганы Айгүл айымдан дайын чыкпайт. Көрсө, жалындаган махабаттын натыйжасында боюна бүтүп, бешик боого даярданып аткан экен. Эми Бекиш акенин кызы декрет алып, 1,5 жыл кызматка чыкпайт. Андан кийин 3 жылдык акы төлөнбөөчү отпуска алса, ЖКнын 4-чакырылышы дагы сапарын карытат.

60 жашта "Эл артистиги" берилбейби?
Өткөн жекшемби күнү атактуу кыргыз ырчысы Гүлсүн Мамашова пайгамбар куракты багындырып, дүңгүрөгөн чоң той өткөрдү. Алтымыш жаштын урматына аксылык жердештери жылкысын сойсо, ресторанга кеткен чыгымды Ж.Бакиев көтөргөн. Гүлсүн эненин жакшылыгына Үсөн аке Сыдыков баш, К.Жумалиев төш болуп, кыргыздын мурдагы маданият министрлери түгөл келишти. Арак-шарап суудай агып, айрымдары үйүнө "кырк жылкысын" айдап кайтышты. Минтип ажонун үкасы колдогонуна карабай, Г.Мамашова "Эл артисти" наамына татый элек.

МЧСти багынта албай…
Ү.Сыдыков, А.Маду-маров, А.Келдибеков, М.Султанов баштаган саясый топ президенттик администрация башчысы М.Садыркуловго катуу чабуул жасашты эле. "Бул тирешүүнүн аягы эмне менен бүтөр экен?" деп күтүп калганбыз. Негедир, аларыңдын үнү чыкпай, дымып калды. Чамасы, президент "косяктарын" көздөрүнө көргөзүп, талуу жеринен бурап койгондой.

Аштын арты той
Профессор Сабырбек Жумабеков айтылуу Таласка алты дубандан адам чакырып, атасына аш берди. Тигилген бозүйлөргө (ондон ашык) конок батпай, союлган үч жылкы таман чыгып, кадимки Көкөтөйдүн ашынан кем калышкан жок. Министр, депутат өңдүү чокусу көрүнгөн чоңдордун баары келип, аштын арты тойго айланып, бир кумардан чыгышты.

С.Кадыралиев С.Ибрагимовдун каерин чукуду?
Гезитибиздин өткөн санында депутат Сергей Ибрагимов Өзгөндүн тоолорунан мрамор таштарды соодалап, аны кесиптеши Санжарбек Кадыралиев "крышовать" этип атканын жазганбыз. Күнү кечээ Санжарбек үкабыз редакцияга звандап: "… тескерисинче, Ибрагимовдун айыбын чукуп, парламентте айтып чыкпадымбы" дейт каргылданып.

Америкага суутуп коюптурбу?!
Оппозиция лидерлеринин бири А.Жекшенкулов океандын ар жагына журт которуп кетерин гезиттердин бири жазган. Үйбүлөсү менен. Окуянын чын-бышыгын билүү максатында экс-министр менен байланышсак: "АКШга бышырып коюптурбу?! Мен Кыргызстанды таштап эч жакка кетпейм. Элим үчүн кыла турган иштер көп" деп жооп берди. Анан дагы, биздин башредакторду сотко бербегенин, "Агымга" көзү түз экенин жашырган жок.

"Агым-пресс"