"Агым", 19.09.08 - 29-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Пайшамба

"Сюрприз"
"Бишкек ситиден" бейиштин азыгы делген мөлтүрөгөн жүзүмдөн, бал татыган шабдаалыдан, бир бөтөлкө мыкты вино жана куйкалаган тоокту шашпай тандаган Алтынай базардан чыкты. Бир чети ушундай кыжылдаган базардын жанында кантип эле бейиштин төрү болсун деп таңгала айтылган дарек боюнча үйгө келип, квартира коңгуроосун басты. Эшикти чачы ийнине түшкөн, үстүнө шайы халат жамынган сымбаттуу жигит ачты.

- Аа, келдиңизби, кириңиз.
Эшик төрүнө чейин жакшынакай жасалгаланган бир бөлмө квартиранын эшиги жабылаары менен мемиреген тынчтык ээлеп, залдан жай музыка угулуп турду. Бири-бирин сынай караган сымбаттуу эркек менен андан жашы бир топ улуу көрүнсө да мүчөсү келишкен татынакай келин унчукпай ашканага киришти. Жымжырттыктан чыгуу үчүн:
- Темир, экөөбүз эми таанышкан кыз-жигит болбой ачык эле сүйлөшүп отуралы. Эгер мен каалабасам бул жерге келбейт элем. Кана, биягыңды көрөйүнчү, - деп Алтынай артка кайрылып залдын эшигин ачты да:
- Оу, бул жер жөн эле сексодром го, - дегенче артынан кучактаган жаш жигит келиндин мойнунан жыттап:
- Сизге аябай даярданбадымбы, - деди. Зал ичинин жарымы жатууга ылайыкталып, бери жагында баш жагы өзүнөн көтөрүлүп турган дагы бир кичирээк диван, бөлмөнүн жарыгы төбөсүнөн өчүп-күйүп, терезени калың күрөң пардалар жаап турат. Аймалап, андан арылап бараткан жигитти келин акырын түртүп:
- Шашпа, алдыда дагы он эки саатыбыз бар, - деп ашканага алып кирди. Аялдык кылып ала келген тамак-ашын чыгарып, шкафтан койкойгон бокалдарды алып чыгып, тоок этин майдалап, жүзүм, шабдаалыны жууп, ортого койду. Келин кыймылын көз албай карап турган жигит унчукпай келип кучактап, экөө көпкө чейин өбүшүп турушту...
- Телефондон сүйлөшкөндө эле көкүрөгүңүздөн чыккан демден сиздин кандай аял экениңизди билгем...
- Төшөктө деле "сиз" дей бересиңби?
- Аа, койдум, жаным, койдум...
Темир он жашка кичүү болсо да, Алтынайдын мүчө келбети жаш кыздардыкындай экенин, тирелген көкүрөгү эркек аттуунун көзүнөн кетпей турганын, бул аялда башкаларда жок от бар экенин билип, кызып баратты... Сезимтал адамбы же эчтеке туйбас немеби деп баятан өзүн жоготпой турган Алтынай жаш жигиттин көз карашынан, кармалаган колдорунан анын чын эле жакшы көрүп, ошол учурда сүйүп да турганын сезди. Шыпырылып жерге түшкөн халат тоскоол болбой, келин эми өзү эңсеп келген жигиттин күнгө күйгөн денесине сугун артып, олбурлуу колдорун кошо кармалап, эченден бери тыйып келаткан ыкласы ээ-жаа бербей, жигиттин койнуна төгүлгүсү келип турду... Жигит да келиндин ар мүчөсүн аймалап, аялдын мас кыла турган жытына арбалып, аны шашпай чечиндирди.
Экөө баш аягы билинбеген жайга жатары менен ысып-күйгөн денелер туруштук бералбады... Келин жаш жигиттин өзүнө да, күчүнө да багынып, ага жалынып жатты. Жаш жигит келиндин дем алганынан анын лаззат эшиги эми ачылганын, кумардын төрүнө али убакыт бар экенин сезип, өзүн колго алып, келиндин сулуу жүзүнөн, кумарлуу көздөрүнөн өөп, эрдинен соруп, кайрадан дене күүсүн кызытты... Бир топтон кийин аялдын жалынычы күчөп, бара-бара үн чыкпай калды... Кумардын туу чокусуна чыгуу кыйын, кайра кайтыш оңой белем, адегенде аялга тил бүттү:
- Жаным, кандайсың?
- Укмуш, сендей сезимтал жанды жолуктура элек элем.
- Аял кааласа каалагандай болалат, эркек дайыма өзү каалагандай болбойт, ушуну билесиңби?
- Мүмкүн. Бирок азыркы экөөбүздүкүндөй сезим, ышкыбыздын дал келгени сейрек болорун да билем.
- Аялдарды көп көргөн окшойсуң ээ.
- Ооба, бирок сени биринчи көрдүм.
Экөө шашпай туруп, душ алдына чогуу туруп жуунушту да, сүлгү жамынган тейде ашканага киришти.
- Мына эми, курсак чындап ачты.
- Адегенде мен бергенди жесең, бат тоесуң.
Алтынай менен Темир алгачкы таанышкан күндү эстешти. Экөө бири-бирин "Бакыт өргөсүнүн" алдынан көрүшкөн. Алтынайдын таежесинин кызы Темирдин досуна турмушка чыгып, эки тарап эки жашка каалоо-тилек айтышып бир топко турушкан. Кызгылт-күрөң кечки көйнөк кийип, башкалардан бөтөнчө жасанган Алтынай кечигип келип, эки жашка куттук айтып, алардын жанында турган чачы ийнине түшкөн жигитти байкаган да эмес. Кечинде өзүнө тигилип бир топко тиктеген узун чач жигитти демейки көп эркектин бири көрүп, Алтынай ал кечте көңүлү куунак отурган. Бир жумадан кийин келиндин көптөн бери эркек чалбаган квартирасынын телефону шыңгырап, жалгыз жашаган неме бейтааныш жигит менен бир топко сүйлөшкөн. Көрсө, ошо тойдогу Алтынайдын болгон кыймылын бүт сүрөттөп, айрыкча жагымдуу күлкүсүн, ачык-айрым мүнөзүн байкаган жигит келинди жактырып калганын айтат. Төрөбөй турганынан күйөөсү менен ажырашып, он жылдан бери жалгыз жашаган келин жигиттин сөзүнө шаңкылдаган тамаша менен жооп берип, жигитти тыйды. Темир адегенде унчуккан жок. Жумушун, денсоолугун, маанайын сурап, күн алыс телефон чалып, Алтынайга кызыктуу анекдот айтып берип, сөз аягында улутунуп гана трубканы коюп койчу. Таежесиникине барган Алтынай бая тойдо түшкөн сүрөттөрдү көрүп жатып, Темирди сүрөттөн бат эле таап, көпкө карап турду. Оңой жигит эместигин, өзүнө анын көңүл кушу түшүп калганын туйду. Бир чети өзүнүн да аялдык кызыгуусу ойгонуп, ичинен "эмнеси бар экен?" деп калчу болду. Акыркы кезде абдан жакын мамиледе жүргөн Султандан кол үзгөнүнө да билинбей жарым жыл болуптур. Телефон чалышуудан бир ай өткөндөн кийин эркек-аялдын кадимкидей сүйлөшкөн деңгээлине жетип, каалоо-эңсөөлөрүн жашырбай айтышып калгандан кийин, Темир "сюрприз болот жакында" деп калды. Ошо "сюрприз" бүгүн болуп, Темир шаардагы жеке мейманканаларды тандап жүрүп, каалаганын тапкандан кийин Алтынайды чакырган.
Келин акырын келип жигитти кучактап, оозунан өптү. Жигит да келинди аймалап, анын колун ылдый жиберип, көпкө рахаттанып алкымынан жыттап турду... Бир маалда Алтынайды так көтөрүп, залга алып кирди да, дароо жаткырбастан, бери жактагы кичине диванга отургузду. Кыйшайып жата кеткен келиндин бир бутун өз мойнуна артып, көкүрөгүнөн аймалап кирди. Алтынай тез эле көзү тунарып, өзүн жоготуп баратканын билди... Аялдын назик үнү бирде коюулап, бирде бастап, бири-бирине эрип кеткен эркек-аял бир топто өздөрүнө келишти...
- Арыктап кеткенсиң бейм, бет сөөгүң чыга түшүптүр, - Алтынай Темирдин жаагын сылады.
- Сенин да көзүңдөгү сурмаң коюулана түшүптүр.
- Демек, бул эмненин белгиси?
- Бу деген мобунун белгиси, - деп Темир Алтынайдын манжаларын бирден өөп, кайрадан бекем кучактап өпкүлөй баштады.
- Сен экөөбүз башка көрүшпөйт окшойбуз ээ?
- Эмнеге? Мындан ары күнүгө көрүшүп турабыз.
- Бирок бүгүнкүдөй "сюрприз" дайым эле болбойт да.
- Ар күндү кызыктуу кылсак болот, жаным.
Алтынай буга чейин бир да эркекке бүгүнкүдөй эркелебегенин, дене кумарына батуу ушунчалык таттуу экенин биринчи жолу сезгендей болду.

Гүлмайрам, Бишкек




  Справочный бүйрө

Буттун дарты
С.: - Согончогум грибок болуп жаңы эле дарыландым. Эмне болуп бул балээге жолуктум, билбейм. Ушул дарт жөнүндө жазсаңар.
Нурлан, Каракулжа району
П.: - Согончоктогу грибок оорусу эки жол менен жугат. Биринчи, ооруган адам менен контакт болгондо. Экинчиси, анын буюмдары, кийимдери аркылуу. Мончодон, ваннадан да жугушу толук мүмкүн. Грибоктун өөрчүшүнө буттун көп тердеши же тескерисинче өтө кургактыгы, гигиенаны сактабагандык, психо-эмоционалдык оорчулуктар таасир берет. Грибоктун негизги белгиси, буттун манжалары кычышат, ысыйт, терисинде жаракалар пайда болуп, канайт. Бул дарттын алдын алыш үчүн гигиенаны сактап, байпакты күндө алмаштырып, бутту самындап жууш керек.
Ичкилик
С.: - Ичкилик жыныстык жактан терс таасир берет деп эле жазып атасыңар. Бирок кантип эле жок дегенде кенедей да пайдасы болбосун? Кээ бир эркектер ичип алышып эле, күпүлдөп иш кылып атышат го?
Жолдошбай, Нарын облусу

П.: - Алкоголь - эгер чен-өлчөмү менен ичсе, жыныстык катнашууга кадимкидей жардамы тиет. Айрыкча кан басымы төмөндөп кеткен, же болбосо өзүнөн-өзү корунган, тартынчаак, шекшинген адамдар үчүн бир-эки рюмка ичкилик ичип койсо болот. Анткени, алкоголь ачуу демделген чай же кофе сыяктуу эле жыныстык мүчөгө кан жүгүртүүнү күчөтөт. Демек, эрекцияны жакшыртат. Айрыкча, жанагыдай нерви бош, корунчаак, тартынчаак, шекшинчээк адамдардын вегетативдик нерв системасынын чыңалышын бошоңдотуп, көңүлүн көтөрөт.
А кокус ичимдик ашыгырак ичилип калса, анда эркектин жыныстык кумарлануусун күчөтөт да, тескерисинче эрекциясын бошоңдотот. Эрекциянын бошоңдугу же таптакыр эле жоктугу жыныстык катнашка кирүүгө мүмкүндүк бербейт. Өнөкөткө айланган аракечтерде жыныстык кумарлануунун күчтүүлүгү, бирок жыныстык катнашууга жөндөмсүздүгү байкалып, ал бара-бара өтө оор психоздорго чейин алып келет. Кээде жыныстык өксүктүк оор кылмыштарга, атүгүл киши өлтүрүүгө кириптер кылат. Бир сөз менен айтканда, ичкиликти чен-өлчөмсүз ичүү, дарыны көп пайдалануу кандай уу болсо, ошондой эле натыйжаны берет.