"Агым", 19.09.08 - 28-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Апта астрологиясы

22-сентябрдан 28-сентябрга чейин
Кой (21.03-20.04)
Турмушта. Ишмердүүлүгүңүздөгү чечкиндүү кадамдар үчүн аптанын биринчи жарымы ийгиликтүү. Коллективдүү иш алпаруунун жыйынтыгы оюңуздагыдай болот.
Сүйүүдө. Апта аралыгында мурда мамилелешип жүргөн адамыңыз менен жолугууңуз күтүлөт.
Акчада. Финансылык маселелердин чечилишин аптанын аягына калтырганыңыз оң.
Букачар (21.04-21.05)
Турмушта. Көңүл чордонунда ишмердүүлүгүңүз болот. Кыйла ийгиликтердин ээси бололасыз. Маанилүү жумуштарды аптанын биринчи жарымында бүтүрүүңүз керек.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңуздагы айрым түшүнбөстүктөрдөн арылуу үчүн убакыт талап кылынат.
Акчада. Апта ортосунда материалдык абалыңыз стабилдешет.
Эгиздер (22.05-21.06)
Турмушта. Аптанын экинчи жарымында чыгармачыл кризиске кабылышыңыз мүмкүн. Кыжаалат болбой, өз саатыңызды күтүңүз. Денсоолугуңузга кам көрүү зарыл.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңузда өзгөрүүлөр байкалып, апта романтикалуу кечтерге бай болот.
Акчада. Көп чыгаша болушуңуз күтүлөт.
Бөйөн (22.06-23.07)
Турмушта. Ремонт, тазалоо иштери үчүн ылайыктуу мезгил. Жакындарыңызга кам көрүүнү унутпаңыз, алар сиздин колдооңузга муктаж. Апта ортосунда иш кагаздарына сак болуңуз.
Сүйүүдө. Түгөйүңүз менен көп убакыт өткөрүү керек, бул ортодогу мамилени бекемдейт.
Акчада. Аптанын биринчи жарымы кредит төлөө, алимент маселелери үчүн ылайыктуу.
Арстан (24.07-23.08)
Турмушта. Жаңы нерселерге умтулууңуз байкалат. Достордун, кесиптештердин жашоосуна, ишмердигине кызыга баштайсыз. Көпчүлүктүн көзүндө болуу сизге оң эмоция тартуулайт.
Сүйүүдө. Апта аралыгындагы таанышуулар алгач жеңил-желпи көрүнгөнү менен кийин олуттуу мамилеге айланышы мүмкүн.
Акчада. Көп каражатты талап кылган оюн-зооктордон баш тартканыңыз оң.
Бийкеч (24.08-23.09)
Турмушта. Көп маселелерди ачык-айрымдыгыңыз менен чече аласыз. Убакытты текке кетирбей, туура пайдаланыңыз. Апта аралыгында жолго чыкпаганыңыз туура болот.
Сүйүүдө. Жакыныңыз менен жалпы кызыкчылыктагы жумуш жасаңыз. Жалгыз бойлорду жаңы таанышуулар күтөт.
Акчада. Кошумча киреше булагына ээ болосуз.
Тараза (24.09-23.10)
Турмушта. Чыгармачылык үчүн ийгиликтүү мезгил. Жашооңузда-гы өзгөрүүлөргө объективдүү мамиле жасай албаганыңыздан улам маанилүү чечимдерди кабыл албай турганыңыз оң.
Сүйүүдө. Өткөнгө өкүнүүдөн эч майнап чыкпайт. Андан көрө алдыны көздөй умтулуу зарыл.
Акчада. Келбетиңизге кам көрүүдө бир топ каражат сарпташыңыз мүмкүн.
Чаян (24.10-22.11)
Турмушта. Жашоого анализ жасап, кетирген кемчиликтериңизди оңдоп-түзөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жакындарыңыздын көңүлүн оорутпаганга аракет кылыңыз.
Сүйүүдө. Романтикалуу кечтер, жолугушуулар маанайыңызды көтөрүп, дем-күч берет.
Акчада. Материалдык абалыңыз бир калыпта.
Жаачы (23.11-21.12)
Турмушта. Апта аралыгында санаалаш, пикирлеш адамдар менен таанышасыз. Эски досторуңуз менен жолугуп, убакытты шаңдуу өткөрөсүз. Пландаган иштерди аягына чыгарууга апта аягы ылайыктуу.
Сүйүүдө. Жаңы түзүлгөн мамилелердин уланышы сиздин чечкиндүүлүгүңүзгө байланыштуу.
Акчада. Каражатты көбүнесе кийим-кече сатып алууга жумшайсыз.
Текечер (22.12-20.01)
Турмушта. Максаттарыңызды так тактап алыңыз. Амбицияларыңыз туурасында коркпостон жетекчилик менен сүйлөшө берсеңиз болот. Формалдуу иштер үчүн апта ортосу ылайыктуу.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңузда олуттуу өзгөрүүлөр болушу күтүлөт.
Акчада. Каражатты максаттуу пайдаланууга аракет кылыңыз. Апта аягында карызга акча берүү сунушталбайт.
Суу пери (21.01-19.02)
Турмушта. Окуп, билим көрөңгөңүздү кеңейтүү үчүн ылайыктуу мезгил. Көп кыймылдоого аракет кылыңыз, бул ден соолукка да пайдалуу. Аптанын биринчи жарымы жолго чыгуу үчүн ийгиликтүү.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңузга саресеп салып, кемчилик менен артыкчылыгын байкап көрүңүз.
Акчада. Каражатты үнөмдүү пайдаланууга туура келет.
Балык (20.02-20.03)
Турмушта. Медициналык процедуралар үчүн ийгиликтүү апта. Жумадагы окуялар сизден чечкиндүүлүктү, кайраттуулукту талап кылат. Пландаган максаттарыңызга жетесиз.
Сүйүүдө. Аптанын экинчи жарымында мамилелердеги кемчиликтерди көрүүгө шарт түзүлөт.
Акчада. Материалдык абалы-ңызды жөнгө салуу үчүн талыкпай иштөөгө туура келет.