"Агым", 19.09.08 - 27-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жолтикен

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Ирина ОРОЛБАЕВА:
"Эки жолу сайылган "бычак колумду "шылып кетти"
Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрынан тогузуна караган түнү Бишкек шаарынын Эркиндик менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кыргызстандын Индиядагы элчиси Ирина Оролбаеванын үйүнө ууру кирип, бычак менен денесине залакат келтирген. Ооруканада операция болгон Ирина Оролбаеванын абалын сурап, кебин уктук.

- Эс алганы Индиядан келгениме бир жума болгон. Кичине эс алып, дүйшөмбүдөн иш баштайын деген планым бар болчу. Биздин эс алуулардын баары ишке байланыштуу эмеспи. 8-сентябрдан тогузуна караган түнү ушундай кырсык болду. Биздин үй экинчи кабатта болгондуктан терезе-балкондорунда решетка коюлган эмес. Өзүбүздүн элибизден коркмок белек деп апам решетка койдурбай койгон. Түн ичинде уктап жатсам, бир нерселер кылдырап, бирөөнүн басып жүргөн дабышын угуп ордуман турдум. Апам экөөбүз эле болчубуз, улгайган киши түн ортосунда эмнеге турду болду экен деп ойгонуп, коридорго чыксам, колуна бычак кармаган жаш жигит туруптур. Ал дароо эле кол салды. Мен аял киши болсом, күчкө толуп турган жигитке каршылык көрсөтүүгө алым жеткен жок. Экөөбүз кармаша түштүк. Жашы жыйырмалардан өтүп калган шаардык кыргыз жигит экен. Арак ичип алганбы, же наркотик сайынып алганбы, айтор мас сыяктуу абалда болчу. Мени эки жолу бычак менен сайганга үлгүрдү. Бычакты алганга аракет кылып, мизинен кармасам, колумду шылып кетти.
- Кыйкырып, ызы-чуу салып, кошуналарды ойготууга аракет кылдыңызбы?
- Ооба, ууруну коркутайын деп жакшы эле ызы-чуу салдым. Бирок, эң коркконум, үйдө улгайган апама кол салбаса экен деп аны ойготуу максатында кыйкыргам. Апам туруп келгенде ууру кары кишини көрүп, ага тийген жок. Эшикти ачып качып кетти. Аңгыча ызы-чууну угушкан кошуналар келишип, "Тез жардам" менен милицияга телефон чалышты. Мага "тез жардамга" келген кыздардан күнүгө ушундай кылмыштуулук болорун уктум. Мени дароо эле "Мамакеевдин клиникасына" алып келишти. Ошол күнү кабыл албай турган күн экен, ошентсе да Мамакеев түн ортосунда келип, өзүнүн командасы менен операция жасашты. Врачтарга абдан ыраазы болдум.
- Кылмышкер үйдөн эмнени уурдаганга үлгүрдү?
- Акча уурдасамбы деп кирсе керек. Колунда чөнтөк телефону, үйдөн алган акчасы бар экен. Аны дасыккан ууру деп айтууга болбойт. Үйдөн акчадан бөлөк эч нерсе албаптыр, же үлгүрбөй калдыбы, билбейм. Акчаны алганына эле ыраазы болду окшойт. Ошончолук эле акча алгысы келсе, дароо бычактабай, коркутуп-үркүтсө чочулап, коркуп, аны менен кармашмак эмесмин да. Кылмышкер ашкананын терезесинен кирип, бычакты да ошол жактан алыптыр. Шаардын борборунда жашайбыз. Баардыгы жарык. Жаныбызда Башпрокуратура. Эмне кылышты билбей калдык.
- Буга чейин да ушундай уурулук үйүңүздөрдө болгон деген маалыматты алдык эле…
- Былтыр сентябрь айында да үйгө ууру кирген. Бирок, анда үйдө эч ким жок эле. Этият бололу деп, сактанып калганбыз. Бирок, түн ортосунда ушинтип үстүбүзгө кирип келээри эч кимибиздин оюбузга келген эмес. Ошол эле уурубу же башкабы билбейм. Анда да кармалбай калган. Үйдөн уурдап кеткени, майда-чүйдө жылтырак, бижутерия, сөйкө-шакектер болчу. Негизи, ал да дасыккан ууру эмес экени билинген.
- Укук коргоо органдары бул ишти кандай карап атышат?
- Өкүнүчтүүсү - ууру эч кандай жазасыз качып кетти. Бул иш изилденип, кылмышкер кармаларына көзүм жетпейт. Кылмышкердин колунун издери да жакшы билинбей калыптыр, бычак ошол боюнча табылган жок дешти. Индиядагы кесиптештерим, башка элчилер да телефон чалып, ал-абалымды сурап атышат. Мен өзүмдүн өлкөмө келип ушундай окуяга кабылганыма аябай уялып, чет өлкөлүк кесиптештеримдин алдында ыңгайсызданып атам. Аларга актанып: "Кыргызстанда мындай окуя көп болбойт, бул кокустук, бир тарбиясы жок баланын жасаганы" деп айттым.
- Жаштардын уурулукка, кылмышка баруусуна эмне себеп деп ойлойсуз?
- Эми мындай карасаң экономикасы начар көп эле өлкөлөр бар. Бирок, ушунча уурулар жок. Индияда иштеп жүрөм, ал жакта бир миллиард эл бар. Делиде эле он төрт миллион киши жашайт. Мындай кылмыштар гезиттердин беттерине аз чыгат. Ал жакта деле кедейлер көп. Азыркы биздин жаштарда тарбия, же идеология жок. Кыйынчылык бардык мамлекеттин башына түшкөн. Бирок, бул убактылуу гана көрүнүш деп ойлойм. Балдарыбызга туура тарбия беришибиз керек. Бирөөнүкүн уурдабай, өз эмгегиң менен иштеп тап дешибиз керек.

Маектешкен Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Сандан санга: сериал

Бейтаалай
Назгүл Калмамбетова
Ашканада Актанга тамак берип отурган Алтынайдын жанына келген Замира:
- Картаң болсо да бай күйөөгө тиймек болдум деп сүйүнүп атасыңбы? Бирок, мени сыздатып бул үйдөн кетирип, бактылуу болом деп ойлобо! Мен канчалык кыйналсам, Алмаз экөөңөрдү ошончолук каргайм! Эсиңде болсун, эртеби-кечпи сен да менин кейпимди кийесиң! Мейли, азыр экөөңөрдүн ысыгыңар тарай элек. Бирок, ушундай таттуу мезгил да кетет. Ал сени баарыбир менчелик сүйбөйт. Ага оокатка, кара жумушка тың айылдык аял гана керек. Алмаз мени төбөсүнө көтөрүп, үйлөнүү тоюбузда чет мамлекетке чейин сейилдеп барып, күнүгө гүл берип, ресторандарда гана тамактанчубуз. Көрөм, ал сени канчалык деңгээлде барктай аларын. Сени төрөтүп, оокат жасатып үйгө отургузуп коет да, өзү жаш кыздар менен каалагандай көңүл ачып жүрө берет. Ошондо эрдиңди тиштеп теңимди эле тапсам болмок экенмин деп өкүнөсүң. Баары кеч бололекте ойлон, мен сага аялдык гана кеңешимди айтып атам. Алмаз экөөбүз баарыбир ажырашабыз, бирок, сен алдагы жүдөгөн кебетең менен тез эле ажырашарыңды билем, - деп мисирейе чыгып кетти. Замира кеткенден кийин Алтынай ойлонуп калды.

Кечинде жумуштан келген Алмаз Замирага:
- Гезиттерден жарыя боюнча өзүңө үй издей бер. Мен сага акча даярдап атам, - деди. Үчөө ашканада эч нерсе болбогонсуп унчукпай тамактанышты. Аңгыча эшиктин коңгуроосу кагылды. Алтынай эшикти ачса маңдайында мылжыйып Данияр турат. Аны көргөн Алтынайдын жүрөгү башкача согуп, өңү бузула түштү. Эмне дээрин билбей унчукпай туруп калганда Данияр:
- Кандайсың Алтынай, үйдө Алмаз байке менен Замира жеңе барбы? - деди да, Алтынайдын андан аркы сөзүн укпай жөөлөп үйгө кирди. Даниярды көргөн Алмаздын да көңүлү бузулуп, аны суз кабыл алды. Алтынайдан уккан чындыктан улам Алмаз азыр Даниярдан кызгана түштү. Адаттагысындай эле Данияр шыпылдай учурашып, ал-жайды, жаңылыктарды сурап кирди. Замира Данияр менен учурашкандан кийин эле:
- Бизде жаңылык көп. Алмаз байкең экөөбүз ажырашып атабыз, - деди жылмая.
- Коюңузчу кантип эле… - деди Данияр Замиранын сөзүнө анча ишенбей.
- Чын эле, ишенбесең Алтынайдан сура. Ал сага Алмаз экөөнүн кантип баш кошуп алганын айтып берет.
- Эмнени эле былжырап атасың. Жаагыңды жап, болбосо азыр менден бирди көрөсүң! - деп ызырынган Алмаз Замираны акшырая жеп жиберчүдөй карады.
- Эмнеге анчалык кыжырың келип атат? Эртеби-кечпи Алтынай экөөңөрдүн баш кошоруңарды элдин баары билет. Же аны менен ачыкка чыкпай, ойнош болуп жашайын деген оюң барбы?
- Мен эч нерсени түшүнгөн жокмун…- деди Данияр аларды таңгала карап.
- Түшүнбөсөң анда айтып берейин, Алмаз байкең менен Алтынай экөө баш кошуп алышты. Жакында мен бул үйдөн кетем. Үйдөгү ата-энеңе, тааныштарыңа айтып бар. Алмаз үйүндөгү малайына үйлөнүп алыптыр деп. Менин боюмда бар, а Алмаз байкеңе курсактагы баланын кереги жок экен, - деп Замира мыскылдай сүйлөп отурду.
Алтынай менен сүйлөшүп, аны менен кайрадан көңүл ачууну көздөп келген Данияр башка чапкандай эле боло түштү. Бир чети ишенбей, Алтынай менен Алмазды улам-улам карайт.
- Ишендиңби, Данияр… Алтынай экөөбүз баш кошолу деп атабыз. Замира туура айтат. Эртедир-кечтир баарыбир ачыкка чыгабыз, - деди Алмаз биртоптон кийин, эмне дээр экен деген кыязда аны сынай карап.
- А-а… жакшы болгон турбайбы… Алтынай менен жакшылап сүйлөштүңүзбү, анын башка жактырган жигити бар болчу да. Ага эмне деп айтат болду экен… - деди Данияр.
- Эмне болгон жигит? Алтынайдын жигити бар беле? - деп Замиранын чырагына май тамгандай жанталаша сурап кирди.
- Данияр, жетишет! Кайдагыны айтып, менин бактыма дагы балта чабайын деп атасыңбы! Алмаз байке баарын билет, сен антип мени шылдың кылба! Эгерде ушинте берсең, мен сенин ким экениңди элге айтып, абийириңди кетирем! Жанатан бери унчукпай койсо, мени жаманатты кылып, маскаралайын деген оюң барбы! - деп жашка муунган каргылданган үнү менен Алтынай кыйкырып жиберди.