"Агым", 19.09.08 - 20-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жаны тынбаган Жанызак

Мыкты чыгармага конкурс жарыялайт
Бир жылдан бери тобокел деп башка авторлордун көркөм китептерин чыгара баштадым. Баратбай Аракеевдин жана Айгүл Шаршендин китептери каны жерге тамбай өтүп жатты…
Бирок, анан Баратбай Караколго кетип калыптыр. Айгүл болсо соодага кирип кетип, мени да, окурманды да жетимсиретип салды. Айла жок, автор издей баштап, бир досумдун кеңеши менен Жазуучулар союзуна бардым. Көркөм чыгармаларга конкурс жарыялоо боюнча сунушумду айтсам, ал жердегилер адегенде макул болушту эле, кийин кайра айнып калышыптыр.
"Агымга" бардым. Аердегилерге айтсам: "текстиңизди апкелиңиз, жарыялап берели. Бирок тандашып бералбайбыз, өзүңүз тандаңыз" дешти. "Макул" дедим. Мынакей конкурстун тексти:
Чоң атам Жанызак атындагы көркөм адабий конкурс
Конкурска катышуучу чыгармаларды кабыл алуу
2008-жылдын 30-ноябрына чейин.
Конкурстун жыйынтыгы
2008-жылдын 17-декабрында чыгарылат
Сыйлыктар
2008-жылдын 25-декабрында кудай буюрган жерде тапшырылат.
Чыгармаларды конкурска кабыл алуучу емейл_дарек:
janyzak@mail.ru
телефон: 0777 329784
Конкурстун шарттары:
1. Конкурска катышуучу чыгармаларды авторлор электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө тийиш же телефон аркылуу сүйлөшүп, мага өздөрү тапшырат;
2. Бир автор эки чыгармага чейин сунуш кылууга укуктуу жана ар бир чыгарманын көлөмү 45 миңден 55 миңге чейин сөздү камтышы керек. Же А5 форматындагы китептин көлөмү менен эсептегенде 160 беттен турууга тийиш. Эсептөөлөрдү Word программасында Сервис тизмесиндеги Статистика буйруксабынан билсе болот.
3. Конкурска катыша турган чыгармаларда Өө, Үү, Ңң тамгалары сөзсүз туура жазылууга тийиш.
4. Махабат, адамдар ортосундагы мамиле, курч окуяны камтыган, детектив жанрындагы чыгармаларга артыкчылык берилет.
Конкурста орун алган чыгармалар үчүн берилчү сыйлыктар:
1-орунга - 10000 (он миң) сом жана 50 китеп;
2-орунга - 7000 (жети миң) сом жана 30 китеп;
3-орунга - 5000 (беш миң) сом жана 20 китеп.
Кызыктыруучу эки сыйлык: кокус чыгарууга ылайыктуу китеп болуп калса, чыгарылган китептен 100 нуска берилет.

Жаныбек ЖАНЫЗАК, басмачы




  Спорт агымы

Спорт да саясаттын курмандыгы
Спорт да дүйнөлүк саясаттын каш-кабагы-на жараша өзгөрүлүп турат. Каршылашкан өлкөлөр спорт мааракеси өтчү өлкөдөгү оюндардан баш тартып, өз спортчуларын жөнөтпөө (бойкот жарыялоо) өткөн кылымдын 30-жылдарынан эле башталган. Катышуудан баш тартуу менен эле чектелбей, спорт оюндары өтүп аткан жерде спортчуларга кол салуу, жардыруу сыяктуу мыкаачылыктар спорт тарыхында көп. Спорт өз сүйүүчүлөрүнүн кумарын кандырган оюн эле эмес, бизнестин да чоң түрү. Дал ушуну менен байлар миллиарддаган акчаларды таап күн көрөт.
Тарыхта Олимпиада оюндарынын дээрлик баары тынч өткөн эмес. Кечээки эле Пекин олимпиадасында эркин демократиялык мамлекет болобуз деген Тибет, Тайвань Кытайдын коммунисттик режимине каршы болуп, Пекинде өтчү олимпиадага тоскоолдук кылышты. Олимпиадалык от Лондон көчөлөрүндө келе жатканда Пекин олимпиадасына каршы чыккандар от көтөрүп бараткан адамдардын колунан жулуп кетүүгө аракет жасашты. Натыйжада олимпиада оту төрт жолу өчүрүлүп, акыры автобус менен аэропортко жеткирилди. Мындай окуя Францияда да кайталанып, тибеттик студенттер жаңжал салышты.

Алгачкы баш тартуунун тарыхы
1935-жылы Германияда еврейлерди куугунтуктоо башталып, натыйжада ар кайсы өлкөдө жашаган еврей улутундагы спортчулар Берлинге келүүдөн баш тартышкан.
1956-жылы Австралиянын аймагына чет өлкөдөн жаныбарларды, үй жаныбарларын алып өтүү мыйзамы катуу болгондуктан, алар ат оюндарын өткөрүшкөн эмес. Натыйжада, спорттун бул түрү Швецияда өткөн.
Бирок, ошол жылы Олимпиадага Австралия күнөөлүү болбосо деле ага ар кайсы мамлекеттер үч топко бөлүнүп, баруудан баш тартышкан. Биринчи топто Египет, Франция жана Улуу Британия талашкан Суэц каналына байланыштуу Мельбурндагы оюндарга Египет, Ирак жана Ливан катышкан эмес. Экинчи топто аскерлер Венгриядагы көтөрүлүштү баскандыгы үчүн Нидерландия, Испания жана Швейцария баш тарткан. Үчүнчү топ оюнга аз убакыт калганда Кытай Республикасы катышуудан баш тарткан. Анткени, Эларалык олимпиада комитети (ЭОК) Тайвань олимпиада комитетин таанып, булар өзүнчө команда болуп барган.

Кан төгүү менен башталган Олимпиада
1968-жылы Мехикодо оюндун ачылышына он күн калганда Борбордук аянтта полиция менен демонстрацияга чыккан студенттердин ортосунда тирешүү болуп, полиция студенттерге ок аткан. Мында көптөгөн улан-кыздардын өмүрү кыйылган. Бул жөнүндөгү маалымат азыркы күнгө чейин так эмес. Бирок, ок атылганы чындык. Студенттер политехникалык окуу жайды басып алып, саясый эркиндикти сураган согушчандарга каршы чыгышкан. Өкмөт алардан коргонуу максатында ок атканбыз деп кутулган.
Бирок, анда да спорт майрамы саясатсыз өткөн эмес. Чырдын башкы күнөөкөрлөрү америкалык кара түстөгү спортчулар Томми Смит менен Джон Карлос болгон. Алар Американын гимни ойнолуп жаткан учурда колдоруна кара мээлей кийип салют катары өйдө көтөрүшкөн. Жыйынтыгында спортто саясый акцияларга жол жок деген шылтоо менен экөө тең Америка командасынан чыгарылган.
Ал эми байгелүү орунга ээ болгон чехословакиялык Вера Чаславска аттуу гимнаст кыз өз өлкөсүнө кирген советтик аскерлерге каршы болуп, СССРдин гимни ойнолуп атканда ардак тактада артын карап туруп алган. Вера ошол бойдон көп жылдар бою чет өлкөгө чыккан эмес.
1976-жылы Монреаль олимпиадасына Африка мамлекеттери катышуудан баш тартышкан. Ошол учурда Түштүк Африканын апартеиддик саясатына байланыштуу 1964-жылдан баштап Олимпиадалык оюндарга катышууга тыюу салынган. Монреаль оюндарына кытайлык спортчулар да катышкан эмес. Анткени ЭОК Кытайды олимпиаданын жалгыз мыйзамдуу өкүлү деп таап, жыйынтыгында Кытай да, Тайвань да барган эмес.

Орус мамалагын көргүсү келбегендер
1980-жылдын башында АКШ "Советтик аскерлер бир айдын ичинде Ооганстандан чыгып кетпесе, Америка Кошмо Штаты Москвадагы олимпиадалык оюндарга катышпайт" деп жарыялаган. Бирок бул негизги себеп эмес эле. Ага чейин деле Москвадагы оюндарга бойкот жарыялоо боюнча билдирүүлөр жасалган. Айтсак, Британиянын либералдык партиясы советтик диссиденттердин куугунтукталышына каршы болсо, Израиль өкмөтү АКШдагы еврейлер уюмунун колдоосуна таянып, СССРде жашаган еврейлердин чет өлкөгө чыгуусунун чектелишине байланыштуу олимпиаданын Москвада өтүүсүнө каршы болгон. Ошондуктан Ооганстансыз деле башка бир себеп сөзсүз табылмак. Москва олимпиадасына келбей калган 29 өлкө Филадельфияда өздөрүнчө оюн өткөргөн. Алар негизинен АКШ, Канада, Кытай, Египет, Таиланд, ГДР ж.б.
Москвада өткөн олимпиада СССР КГБсынын бекем көзөмөлүндө туруп, Олимпиаданын символу мамалак болгон.

Москванын көргөзмөсү
Ага удаа эле төрт жылдан кийин СССР Лос-Анжелес олимпиадасынан баш тартып, спортчулардын коопсуздугуна талаптагыдай жооп бералбайт деген шылтоону бетке кармашты. Бул бир чети туура болгон. Мисалы, Америкада "Советтердин ишине тыюу салынсын" деген уюмдардын иштерине уруксат берилген. Ошол жылдагы Олимпиадага социалисттик өлкөлөрдүн көпчүлүгү катышкан, өздөрүнчө оюн уюштурган. Мунун баары СССРдин амири, Москванын көрсөтмөсү менен болгон.

Акыры эларалык түшүнүккө ээ болду
1988-жылы Сеул оюндарынын алдында Советтик Куралдуу Күчтөр Түштүк Кореянын самолетун атып салган. Анүстүнө социалисттик өлкөлөр ал учурда Түштүк Кореяны мамлекет катары таанышкан эмес.
Формалдуу түрдө бойкот кылган Түштүк Корея, Куба, Эфиопия жана Никарагуа болду. Бизге кошулгула деген Пхеньяндын өтүнүчүн идеологиялык союздаштары уккан эмес. Кайра куруу жүрүп жаткан СССР да, реформага барган Кытайда сунушту четке каккан. Ал эми 1992-жылы Барселонада өткөн оюндар спорттогу баш тартууларга чекит койду. Бул оюнга бардык өлкөлөр толугу менен келишкен.Бул салт бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Келдибек НАЗИРОВ