"Агым", 19.09.08 - 10-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Улукмандан улама

Эл баатыры, академик Мамбет МАМАКЕЕВ эмнеге сүйүнөт жана эмнеге күйүнөт
Адамдын жаны кыйналмайынча врачты эстебейт эмеспи. Жаны көзүнө көрүнгөндө дүйнөнүн бардык кызыгы бир тең, чымындай жаныңды алып калуучу шыпаагер бир тең болот. Академик-хирург Мамбет Мамакеевди тааныбагандар болбосо керек. Он беш миңден ашуун адамдын өмүрүн операциялык жол менен сактап калган 81 жаштагы Мамбет аганын кезектеги операциясына катышууга мүмкүнчүлүк алдым. Өтүндө ташы бар аялды өзүнүн шакирттери менен бирдикте жарым саат убакыттын ичинде операция жасады. Кан жыттанган операциялык столдон үч оорулуунун ден соолугуна шыпаа болуп, демейдеги көнүмүш ишин аяктап кабинетине келди. "Акыркы убакта кыргыздар улгайган ата-энесин карабай калышты,- деп оор үшкүрүндү Мамбет агай. - Өткөндө жетимиштен ашып калган кемпир келиптир. Ичегиси ириңдеп чирип кеткенче балдары үйүндө алып жатышкан экен. Операция жасадым. Эми улгайган адамдын жараты да бүтүш кыйын. Балдарын урушсам, унчугушпайт. Карабаганыңар үчүн энеңердин атынан сотко берем дедим" дейт. Мамбет агайды андан ары маекке тарттым.

- Мамбет агай, өткөн өмүрүңүзгө саресеп салып, артыңызды кылчайып караганда эмнелер көз алдыңызга тартылат?
- Бала чагым Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында өттү. Биз өрөөн боюнча өтө кедей элек. Энем он жети бала төрөп, андан тирүү калганы үчөөбүз. 1946-жылга чейин биздин үйдө малдын түгү да болгон эмес. Кардыбыз тоюп таттуу тамак, жонубуз бүтөлүп кийим-кече көрбөдүк. Ошол жокчулук-жакырчылыктын айынан энемдин балдарынын көпчүлүгү жашында көз жумуп, жаны бектерибиз калсак керек. Чоң атам Акун өтө мээнеткеч киши эле. Ал эми чоң энем Алтике өлөөр-өлгүчө "Каличам!" деп боздоп-сыздап жүрүп өттү. Бир күнү атамдан эмне үчүн чоң энем ушинтип ыйлай берет деп сурасам, ал: "1916-жылы кыргыздар Кытайга үркүп барганда ачарчылыктын айынан 13 жашар Калича деген кызын бир чака унга бир уйгур сатып алып калган дейт. Үркүндөн кайра кайтканда, энем байкуш жолдон өлөм деп эчен жолу жулунуп, боюнан түшүп, араң жаны калыптыр" деди. Кийинчерек Үрүмчүдөн ошол Калича эжебизден кат келиптир. Конверттин ичинде үч-төрт баласы менен абышка-кемпирдин сүрөтү жүрөт. Жакында уруксат сурап, силерге барып учурашып келем деп жазыптыр. Бирок, Кытай менен мамилебиз бузулуп, ошол бойдон эженин дайыны чыкпай кетти. Балалыгыбыз оор мезгилге туш келип, каалагандай билим алууга ыңгайлуу шарт болгон эмес. Классташтарымдын арасынан мектепти аяктар менен эле үйлөнүп алгандар да болду. Менин да жактырып, сүйлөшүп жүргөн кызым бар эле. Анын энеси үйүндө үрүп чыгар ити жок, сени кантип бакмак эле деп кызын бербей койгон. Азыр ошол кыздын энесине миң мертебе ыраазы болом. Эгерде ал кызын мага бергенде мен эч качан шаарга келип окуп, билим алмак эмесмин. Шаарга келип, окууга тапшырганда орусча эки сөз да билчү эмесмин. Тил билбегендин айынан бир топ балдар окуусун таштап кетти. Көкбеттер эле калдык. Айылдын турмушу мындан да кыйын, артка жол жок экенин билем. Ошентип кыйналып жүрүп институтту да аяктадым.
- Жардам берген адам болгон жокпу?
- Бир жолу Ош жакта иштеген агалар Фрунзеге келип калды. 1946-жылдары болсо керек. Мага жолугуп, жылаңайлак жүргөнүмдү көрүп боору ооруду окшойт, бутуңа бирдеме сатып берейин деди. Ошол кездеги сүйүнгөнүмдү сөз менен айтып жеткире албайм. Дүкөндөрдү кыдырып, калың батинке таптык. Кийип көрсөм бутумду кысып батпайт. Мен муну батырам дедим да эшикке чыгып суу кечип, батинкени тепкилей баштадым. Агам бутуң өлөт дейт. Эч нерсе болбойт деп тепкилеп отуруп эптеп батырдым. Эгерде эртеси кетип калса, бут кийими жок калам деп корктум. Түнү менен аны суулап эптеп чойдум. Ошол батинкени эки жыл кийдим.
- Өмүрүңүздө көп адамдын өмүрүн сактап калдыңыз, операциядан баш тартып, өлүмгө моюн сунуп берген адамды кездештире алдыңызбы?
- Мен врач-хирург катары узак жашагандарга ар кандай операцияларды жасап келем. Мындан үч-төрт жыл мурун катуу оору 112деги кемпирди алып келишиптир. Картайып калды, операция жасабай эле койсо эмне болот дешти туугандары. Андай болсо эмне алып келдиңер, үйүңөрдөн эле тумчуктуруп өлтүрсөңөр болмок дедим. Кемпирге балдарыңыз болбой атат деп айтсам, ал: "Айланайын мен кыйналып атам, булардын боору оорубайт, жаса" деди. Операция жасап, 12 күндөн кийин ооруканадан жакшынакай чыгып кетти. Ушул кезге чейин улгайган адамдардын: "Балам, жашым жетти, көрөрүн көрдүм, ичерин ичтим, мени эми тим эле кой" деген сөзүн уккан жокмун. Көрдүңөрбү, физиологиялык жактан карылык болгону менен адам баласы жашоону көксөгөнү көксөгөн.
- Көз жума турган адамды бир көрүп эле билсе болобу?
- Жандын күзгүсү - көз. Мына 57 жылдан бери иштеп атам, ушунча убакыттын ичинде оорулууну биринчи эле көргөндө анын кандай абалда экенин көзү айтат. Биздин хирургияда 95 пайыз өлөт деп келген оорулууда 5 пайыз жашап кеткенге мүмкүнчүлүгү болсо, сөзсүз түрдө операция жасалат. Мындай оору көп кездешет. Мисалы, рак оорусу менен келгендер болот, анын денеси катып, өөрчүшүп кетет. Булардын териси менен сөөгү гана калат, ушунчалык кыйналып, сүйлөп, акыл-эси менен көз жумушат. Алардын жаны канчалык кыйналып турса да өлөйүн деп эч ойлобойт. Ошон үчүн жан таттуу. Москвалык академик-профессор кыйналган адамдарды көрүп, ушундай үмүтсүз ооруларды жөн эле уктатып койсо деген сунуш киргизсе, аны катуу талашкан. Ошондуктан кандай гана оору болбосун баарыбир жардам бериш керек.
- Жашыңыз сексенден ашса да басканыңыз жеңил, өз жашыңыздан кыйла жаш көрүнөсүз, мунун кандай рецеби бар?..
- Көпчүлүк кантип сексенге чыктың, жашың окшобойт, бизге ошол рецебиңди айтып койбойсуңбу дешет. Мунун эч кандай рецеби жок, ушул жашка чейин тамак тандабайм. Кудай жалгап, тамеки да кармап көргөн эмесмин, ичкилик да ичпейм. Операциядан кийин оорулуулардын туугандары ушул жерде ыраазычылыгын айтып, арак-шарабын көтөрүп келишет. Эгерде ошолорду ээрчип кете берсе, жарым жылда даяр алкоголик чыгат. Ушунча жашка келгени өзүмдү дайыма сергек сезем. Анын сыры ушул - ичиңе былык-кир сактабай бетке айтып, так, таза жүрсөң, өз жаныңды бапестесең эле узак жашайсың. Анүстүнө жаштайыман эртең мененки таңкы алтыда турам. Абдан аз уктайм. Бир сыйра чуркап, көнүгүүлөр менен машыгып, таза аба жутуп, муздак сууга жуунам.
- Столуңуздун үстүндө Улуу рамазан айынын орозо календары турат. Медицинада Кудай жок деп, көпчүлүк учурда илимге таяп, атеист болушат эмеспи…
- Ооруган кишилер кыйналганда Кудай эсине түшөт. Кудайын тааныбагандар деле бар. Мен оорукананын территориясына мечит салдырдым. Туш-туштан келип, ким уруксат берди дегендер да болду. Омбудсмен жума сайын келип, биздин мечитке намаз окуп кетет. Бул жерде күн-түнү дебей оорулуулар жүрүшөт. Көпчүлүгү Кудайга ишенген мусулмандар. Азыр мечитке кирип-чыгып, анан операция жасай бериңиз дешет. Жыл сайын орозо кармачу элем, быйыл жүйөөлүү себептерге байланыштуу кармабай калдым.
- Жашоодо пенде катары эмнеге көп кейийсиз да, эмнеге сүйүнөсүз?
- Кейигеним - врачка кечигип кайрылган оорулуулар көп. Аларды операция жасап, бутунан тургузуу өтө оор, татаал процесс. Ал оорулуу айыгып кетмейинче, күнү-түнү дебей оюңдун баары ошодо болот. Бизге оор абалында келип, көз жумуп калса, өзүбүздө күнөө болуп калды, кеч кайрылдык деген сөздү бир да кишиден уга элекмин. Алар оорулууну алып барсак эле ошол жерден союп өлтүрүп салышты деп айтышат. Өмүрүмдө жалгыз гана бир кишинин туурасын айтканын уктум. Кыргыз эл артисти ыраматылык Муратбек Рыскулов сокур ичеги болуп, үйүндө үч-төрт күн айыгып кетемби деп жата бериптир. Ошол киши гана өлөрүндө айтты: "Мамбет, жакшы келаттың эле, бир жаманатты кылып кетмей болдум" деп. Бул укмуш сөз. Муратбек Рыскуловду акыркы сапарга узатууга баргандарга да байбичеси, Сабира Күмүшалиева: "Муратбектин өзүндө күнөө болуп калды. Доктурга барбай, үйдө жатып алып, сокур ичегиси жарылганда анан барды" деп айтыптыр. Эгерде баардыгы кечикпей, өз убагында келсе оорулуу үчүн да, врачтар үчүн да жеңил болот. Мени дагы кейиткен нерсе, кыргыздын бир айыкпас оорусу - көралбастык, ичитарлык. Биздеги эң жаман эки оору ушул. Ал эми кубана турган нерсе - менин колуман чыккан профессор, илимпоз мыкты окуучуларым бар. Алар абдан ынтымактуу. Азыр мени ушунчалык аяшат. Эч бир жамандыгын көрсөтпөй жашырып, айтканымды аткарып турушат. Ошондуктан ийгилик болуп атса керек. Азыр баардык операцияны менин тарбиялаган балдарым жасашат. Илгеркидей мени күнүгө ойготмой жок.Эгерде Мамакеев өзү жасасын деп суранган оорулуулар болсо, анда өзүм жасайм.
- Уулдарыңыз да ата жолун улап, врачтык кесипти аркалап келишет…
- Эки уулум бар. Улуусу 45ке чыгып калды, ушул жерде диагностикалык борбордо УЗИде иштейт. Илимдин кандидаты. Анын эки уулу бар, бири медакадемияда 6-курста, экинчиси Славян университетинде 4-курста окуйт. Бир неберем үйлөнүп, эки айлык чөбөрөбүз бар. Экинчи уулум да илимдин доктору, профессор. Жакшы кызматтарда иштейт.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, т.:66-55-82