"Агым", 12.09.08 - 7-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сейил маек

Музыкант мыйзамчы
Ибрагим ЖУНУСОВ:
"Музыканы сатып кетсем, ырларым мени кечирбейт"
Бул ирет "сейилге" Жогорку Кеңеш депутаты,
КР эл артисти Ибрагим ЖУНУСОВду чакырдык. Саясаттан азмаз аралаштыра, көбүнесе чыгарма-чылыктан кеп козгодук көрүнөт. Көз жүгүртүп коюңуз, окурман.

- Сахнада жылдыз адамга саясатта да жылдызга айлануу кыйынчылык туудурбаса керек, кандай дейсиз?..
- Экөөнүн окшош жактары арбын. Музыка дүйнөсүндө обон жаратсам, бул жерде мыйзам жазам. Мурдагыдай эле азыр да микрофон менен иштейм. Айрым саясатчылар микрофонго келгенде сүрдөп калышат. Же өтө нахалмынбы, менде сүрдөө деген таптакыр жок. Сахнада да элге кызмат кылышым керек эле, парламентте да эл менен иштешем. Сахнага караганда бул жерде оңоюрак, бирок, саясатта музыкага караганда ыплас көрүнүштөр көп экен.
- Чыгармачыл дүйнө ыплас саясаттан залал тартпайбы?
- Бул чөйрө өзүнөн өзү ыплас эмес, аны андагы саясатчылар булгайт. Таза адамдар көбүрөк келсе, бул жер да тазарат. Мен ошону тазартайын деген оюм бар.
Чыгармачылыкта да бут тосуулар жасалат. Жаңыдан чыгып келатканымда далай эле болуптур. Ырларымды чыгарбай, "Эламандын" клибин архивден өчүрүп салышкан учурлар бар. Белгилүү бир деңгээлге чыккандан кийин андай көрүнүштөр байкалбай калды. Бирок, андай нерселер мени тескерисинче чыйралтат. Саясатта да деле ошол. Мага карата не деген кеп айтылбасын, мен үчүн пайда гана алып келет. Башка жактагыдай биздин чыгармачыл дүйнөдө аягына дейре кектешмей жок, ушак же жаман айтып коюу менен чектелишет. Ал эми саясатта аягына чейин барышат. Айырмасы ошол.
- Саясат тилин өздөштүрүп калдыңызбы?
- 2000-жылдан бери эле саясатка аралашып жүрөм. Себеби, менин жашоо-турмушум, күнүмдүк ишим саясатка аралашууга аргасыз кылды. Эгерде мен саясатка кызыкпасам, саясат мени менен алектенип кое турган убакка келип калгам. Көп жыл декан, андан кийин проректор болуп жүрдүм. Мугалим, студенттер саясат туурасында сурап калышса, билбей турганым уят деп өзүмдү мурдатан даярдагам. 2000-жылдан бери деген себебим, ошол жылы депутаттыкка койгом, демек, ага чейин эле менде саясатка кызыгуу пайда болгон. Бир мандаттуу шайлоодо 1,5 пайыз менен утулуп калган болсом, Кудай насип этип, парламенттен орун алдым. Мурдагы артисттин парламентке келгени алгач көп сөздөрдү жаратты. Атургай кесиптештеримдин арасында айтылган күбүр-шыбыр кептерди уккам. Анткени, мындай көрүнүш башка өлкөлөрдө кездешкени менен, биздин тарыхта болгон эмес. Бирок, бир айдын ичинде татыктуу экендигимди көрсөтө алдым. Элдин да, кесиптештеримдин да мен туурасындагы пикирлери өзгөрдү. Бир жолу Оштон машине жуудуруп атсам, бир өзбек жигит келип, мени, менин ырларымды бүт үйбүлөсү менен жакшы көрөрүн айтып, аябай мактап кирди. Аңгыча машине жууп аткан бала кокустан биз тарапка суу чачыратып алса, жанагы өзбек аны: "Артист экенсиң го" деп сөгүп атат. Үйлөнүп аткан маалда да Чынаранын ата-энеси: "Артистке тиесиңби? Бактысыз болуп каласың" дешкен. Алардын үйүндө мен төртүнчү күйөөбаламын. Өзүмдү эң жаман көргөн күйөөбаладай сезген элем ошондо. Бир-эки айдан кийин сүймөнчүккө айландым, ушул убакка дейре ошол калыбымда экендигимди так билем. Саясатта да ошондой болду, башта жакшы кабылдашкан эмес эле, мен өзүм иштей аларымды далилдедим.
- Депутат болгону муза таштап кеткен жокпу?
- Парламентке келишиме ысымым себепкер болду да, туурабы? Ибрагим Жунусов деген ат бар үчүн партия чакырды. Мени көп партиялар чакырып, алдыңкы орундарды убада кылышкан. Атым жок болгондо мени эч ким чакырбайт эле. Ал эми ысымымды жаратып берген - музыка. Эгер музыканы сатып кетсем, анда ырларым мени кечирбейт.
- Андан бери жаралган ырлар барбы?
- Эки ыр жаралды, бири - "Алдей апа, уктагын" деген романс. Алдей ырын эне баласына гана ырдайт. А мен апама айттым, стандартты буздум. Анткени, ал кишинин көзү өтүп кетти. Роза Шакирова "Үйлөнүү той" деген ырымды аткарып жүрөт. Жаңы ырлар да бар, аларды октябрда бере турган концертимде ырдап чыгам.
- Улам жаңы жаралган ырга болгон сүйүнүч канчага созулат?
- Убактылуу. Обон жазарда бир чекит көрүнөт. Ошол чекитке жетишке аракет жасайсың. Ошол музыка кулакка, анан көкүрөккө угулат. Жазылып бүтүп, ырдалгандан кийин да жанагы караан дагы нары жылып кетет. Кайра умтуласың ага. Ошол караан жоголбосо дейм. "Эң жакшы көргөн ырыңыз кайсы?" деген суроо көп берилет го, менимче, андай ырды али жазалек окшойм.
- Октябрда концерт берем деп атасыз, депутаттын концерт бериши саясый иш-чарага айланып кетпейби?
- Жок, накта чыгармачыл кече болот. Депутаттар деле эсалганды жакшы көрөт. Анүстүнө мен башкаларчылап улам-улам эмес, бир жылда бир концерт берүү менен Ибрагим бар экенин эскертип гана коем. Анткени, сахнадан кетпей жүргөндөр арасында аксакал болуп калбадыкпы.
- Мурда Бишкекке гастролдоп же бир иш менен гана келсеңиз, эми турукташып иш алпарып атасыз. Оштогу турмуш менен борбор калаадагы жашоону кандай айырмалайт элеңиз?
- Чындыгын айтканда, Ошту абдан жакшы көрөм. Бишкекти жаман дегеним эмес, Ошко аябай көнүп калгам. Ыраматылык жазуучу Мырза Акбаровдун: "Оштон учарым менен Ошту сагынам" дегени бар эле, а мен Ошто туруп, Ошту сагынам. 1978-жылдан бери Ошто тургам, биринчи ирет башка жакка көчкөнүм ушул. Бир айда бир-эки барам. Бишкекке караганда Ошто улууларды урматтоо, сый көрсөтүү, аксакал кеби деген баалуулуктар сакталган, жат көрүнүштөр аз. Мындай региондордо байкалат да, Бишкектен ошондойду көралбайм.
Уландысы 16-бетте