"Агым", 12.09.08 - 5-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Хайл, Сайракан!


Сая-саалы
Баягы эле суу талаш
Суунун чын ээси ким жана аны кантип бөлүшөбүз кыязында жакында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөт мүчөлөрүнүн Алматыдагы жыйыны майнапсыз аяктады. Өзбек ашыналар Нарын менен Сыр-Дарыя жалпыныкы десе, казак-кыргыз биригип "андай болмайдыга" өтүп, бул деген саясат, аны ТИМдерге берели да, азыр элди кантип кыштан аман алып чыгууну ойлойлу деп туруп алышты. Акыры бул чатактуу узун кепти 18-сентябрда Алматыда уланталы деп чечишти.

Ты-Ты-Ты (Теленин телегейи тегизделүүдө)
Мурда Карыпкуловдун "кара жащиги" аталып, кийин экс-мамкатчынын аркасы менен "Осмонакун-шоуга" айланган УТРКда чыныгы реформа эми башталгандай. Ага көрөрман журтчулугунун жылуу пикирлери, анан, ажонун өгүнү айтканы далил. Ошол реформа тууралуу биздин мурдагы кожоюн, азыр УТРК башчысы М.Эшимканов "Азаттыкка" кеп куруп берсе, аны "Асман" гезити огобетер асмандатып ийиптир.

Тар замандын кейипкерлери
Мурдагы "Алиби", азыркы "Ачык коом" гезитинин башредактору, белгилүү жаш саясатчы Равшан Жээнбековдун атасы Бабырбек Жээнбеков камактан бошотулду. Аны күйөрмандары "ураалап" тосуп алышты. Айтмакчы, ал киши ажонун үй-бүлө мүчөсү тууралуу жалган маалымат таратты деп айыпталып, бул үчүн 1 миллион сомго жыгылган. Сот чечимин аткарбаганы үчүн камалган болчу. Ушундай эле сот чечимине дуушар болушкан "Де-факто" гезитинин ээлери Жеңишбек Эдигеев менен анын жубайы Чолпон Орозобекова азыр "резервацияда" имиш.

БГУ дагы бир борборго байыды
Кечээ К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде "Русский мир" фондунун орус борбору ачылды. Борбор китепкана-окуу залынан жана аудиториядан турат. БГУдагы ачылыш аземге Россиянын федерация Советинин төрагасы С.Миронов, Билим берүү жана илим министри И.Болжурова, БГУ ректору А.Мусаев катышты. Бул окуу жай буга чейин эле бир топ башка өлкөлөр менен ийгиликтүү иштешип келген.

Өмгөктөгөн өкмөт имиджи
"Акжолчу" депутат С.Кадыралиев премьер-министр И.Чудиновго "Министрлерди теледен чыгып сүйлөгөнгө үйрөтүңүз, болбосо С.Балкыбековго окшогондор өз оюн элге жеткиликтүү түшүндүрө албай жатышат. Өткөндө теледен СДПК лидери Б.Бешимов менен министр С.Балкыбеков айтышып, бу тармакты министр эмей эле депутат Бешимов тейлеп аткандай таасир калтырды" деди.




Крим-аалы
Зордукчул аңгилер
10-сентябрь күнү Бишкек шаарынын жашоочусу, он сегиз жаштагы Б.К. милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтуусунда, 7-сентябрь күнү таламандын так түшүндө Көк-Жар кичирайонунан азиат улутундагы үч жигит "Ауди" автомашинасына күч менен салып, белгисиз жакка алып барып, коркутуп зордукташкан. Арадан көп өтпөй зордукчул аңгилер Э.Ибралиев, У.Турдуходжаев, Н.Маанаевдер колго түшүштү.

Кошунасын өлтүргөн канкор
8-сентябрда Жайыл районунун Алексеевка айылынын тургуну, 37 жаштагы Д.Дуюновдун жансыз денеси өз үйүнөн табылган. Сотмедэкспертизанын жыйынтыгы боюнча маркумду кимдир бирөө бычак менен сайып өлтүргөн экен. Ошол эле күнү маркумдун кошунасы, 34 жаштагы В.Булатов изкубарлардын тузагына илинди. Көрсө, В.Булатов мас абалында кошунасы Д.Дуюновду бычактап өлтүрүп, из жашырып кеткен экен. Азыр В.Булатовдун үстүнөн кылмыш иши козголду.

Чин Чундан жиндисуу
КРнын Мамлекеттик алкоагенттигинин регион боюнча кызматкерлери Ош жана Баткен облустарындагы базарларда эч кандай лицензиясы жок, контрабандалык жол менен келген кытай арагын саткан кытай жараны Чин Чунду кармашкан. Жалпы суммасы 96800 сомду түзгөн 255 даана бөтөлкө (135литр) эч кандай акциздик маркасы жок сатыкка чыккан. Учурда кытай жаранынын үстүнөн Ош шаарынын финансы полициясы кылмыш ишин козгоду.

Тозоктун төрүнө барчу Мамыров
8-сентябрда кечки саат 21.30да Бишкек-Ош автожолунан белгисиз маркадагы автомашина 66 жаштагы Т.Качкановду койдуруп, жабырлануучуга жардам берүүнүн ордуна куйругун түйүп качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден дароо көз жумган. "Кан кое бербейт" демекчи, эртеси эле 9-сентябрда "Мерседес Бенц" автомашинасынын айдоочусу А.Мамыров кармалды.

Таанып-билгендер кайрылгыла
Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндөгү "Батыш автобекетинин" маңдайынан саат 11.30дар чамасында "Тойота-Айс" автомашинасы жөө бараткан кишини койдуруп кеткен. Жабырлануучу кырсык болгон жерден дароо көз жумган. Учурда маркумдун аты-жөнү ким экени такталалек. Маркумдун өзгөчө белгилери: азиат улутундагы 50-55тер чамасындагы аял, бою 165 см, мүчө-келбети толук, чачы кара, үстүндө күрөң түстөгү свитер, көк түстөгү көйнөк, кочкул күрөң түстөгү шым, бутунда күрөң туфли. Эгерде сүрөттөгү аялдын ким экенин таанып-билгендер болсо төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 53-01-84, 53-01-96, 53-01-81.




И- тагдаалы
Сөөк эми сууйт
24-августта авиакырсыктан каза болгондордун саны белгилүү болду. "Боинг" самолетунда 90 адам болуп, анын 64ү өлүп, 26сы тирүү калган. Бул маалымат Иранда жасалган ДНК-анализден улам такталды. 42 ирандыктын денеси өз өлкөсүнө жөнөтүлдү. Азыр бир ирандыктын сөөгүн жеткирүүдөн проблема чыкты, ал Ирандын да, Канаданын да гражданы болгондуктан, эки өлкөдө тең аялы болуп, сөөктү канадалык аялы алгысы келген. Ушу тапта Бишкектеги өлүкканадан кыргызстандыктардын сөөктөрү туугандарына берилүүдө.

Жогорку Кеңеш кимге баш ийет?
Россиянын федерация Советинин төрагасы Сергей Миронов Бишкекке келип, "орус тилине колдоо көрсөткөнүңөргө ыраазыбыз" деп бийликти далыга таптады. ЖК депутаттары менен жолугушканда ал Кавказдагы абал боюнча өз маалыматын берди. "Акжолчу" депутат Эрик Арсалиев "Россиянын делегациясы Кавказ жаңжалы боюнча Жогорку Кеңеш өз пикирин билдирсин деп кысымга алган жок" деп билдирди. Кызык, Жогорку Кеңеш канчадан бери Россия Федерациясынын бөлүмү болуп калган?

Көмүр чыккан жеринде таңсык
Нарын облгубернатору Өмүрбек Субаналиев Жумгалдын Башкууганды айылында кышка даярдык боюнча штабдын көчмө жыйынын өткөрдү. Жыйынга тиешелүү жетекчилер, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору катышты. Ушу кезде Каракечеде көмүр казып жаткан "Шарбон" фирмасынын иши сынга алынды. Жумгал району көмүр менен он гана пайыз камсыз болгон. Жергиликтүү жетекчилер мындай иштесе "Шарбон" ишти үзгүлтүккө учуратарын, андан көрө "Бешсары" фирмасы менен иштөө пайдалуу экенин айтышты. Губернатор кышка чейин Нарын облусун көмүр менен камсыз кылуу чечилерин билдирди.

Элчиде эмне айып?
Кыргызстандын Индиядагы элчиси Ирина Оролбаевага кол салынды. 8-сентябрдан 9уна оогон түнү И.Оролбаева Эркиндик бульварындагы квартирасында экенинде үйүнө кылмышкер кирген. Элчи ага каршылык көрсөтсө, кылмышкер аны бычак менен бир нече жолу сайган. Оролбаева азыр ооруканада жатат. Кылмыш иши козголуп, тергөөчүлөр бир нече версияны иштеп жатышат.

Кино көргүң келсе, көлгө бар
Кинодүйнөсүнө сүңгүп, ажайып тасмаларды гана көрбөстөн, 14 мамлекеттен келчү атактуу режиссерлор, актерлор менен да жолугуу мүмкүнчүлүгү киносүйүүчүлөрдү күтүп турат. Дегенибиз, Маданият жана маалымат министрлиги менен "Кыргызкино" улуттук концерни 19-26-октябрда Шанхай кызматташтык уюмуна катышкан өлкөлөрдүн 2-эларалык Ысык-Көл кинофестивалын өткөрүүгө камылга көрүүдө. Фестивалга кыскаметраждуу, даректүү жана көркөм жанрдагы тасмалар коюлат.





Марат КАЙЫПОВ

Юстиция министри кечээ өлкө президентине отставкага кетүү жөнүндө арыз жазыптыр десек, жок, мен жөн гана териштирип көрүү жөнүндө суранганмын маанисинде кыргыз ММКсын мыш кылган. Бүгүн АКИpress аркылуу ГУИН эки кызматкери түрмөчүлөрдүн колунан каза табар замат отставка бергемин деп чыкты. Баса айтарыбыз, мамлекет башчысы катышкан өкмөт отурумунда телевидение аркылуу бүт Кыргызстан алдында айыбын айтып, абийирин аштай төккөн соң. Айтымында, үч жылдан бери эми араң эсине келип, үйбүлөсүн "үтүктөөнү" ойлонгон экен. Канчанчы катыны менен экендиги белгисиз. Анткенибиз, министр болгону көп катын алууга мыйзам токуу аракетинен башка көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жасаган жок.