"Агым", 12.09.08 - 4-бет: • Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


ЗНАКОМСТВА

  Россиянын сыры СССРден маалым

Билеги күчтүүлөр да бирди көрөт
Дүйнөдөгү азыркы абал, Грузия-Осетия-Россия согушу, алардын Кыргызстанга таасири жөнүндө саясат таануу илиминин кандидаты Орозбек МОЛДАЛИЕВ менен маектештик

- Орозбек мырза, Россия ММКсы Грузия Түштүк Осетияга көпкөнүнөн кол салгандай, Саакашвилини акылынан айныган адам катары көрсөтүп жатканы кандай? Дегеле бул жаңжал эмнеден чыкты?
- Согуш али бүтөлек. Буга чейинки иштер ушуга алып келаткан. Империя кыйраганда жер талаш, согуш, башаламандыктар болот. Дагы жакшы, СССР тынчтык жолу менен тарады. Буга КМШ түзүмү буфер болду. Азыр КМШ өлкөлөрү деле кол кармашымыш болуп турганы менен биримдиги жок, ажырашып кеталбай турат. Булардын мамилеси бая көп жыл жашаган эрди-катындай да. КМШ түзүмүн ажырашуунун цивилизациялуу жолу деп атап жүрүшөт. Ушундай ажырашуу учурундагы келишпестиктин бири - Грузия-Россия жаңжалы.
Тарыхты барактасак да христиан өлкөлөрү болгондуктан, экөөнүн мамилеси абдан жакшы эле. СССР тарагандан кийин Россия базаларын Грузиядан чыгаруу, Грузиядагы мурдагы бийликтин алмашуусун Россиядан көрүп жүрүшөт. Анткени, Георгадзе Россияга качып кеткен. Шеварднадзеге да кол салууну Россия жасаган деп ойлошот. Убагында Абхазия, Ажария Грузиядан бөлүнөбүз деп чыкканда Россия аларга моралдык-материалдык жардам көрсөтүп, ошогезде абхаздар Россия жарандыгын алышкан. Жарандык берүү деген жөнөкөй маселе эмес. Грузия буга нааразы болгон, өз жарандарын коргойбуз деп Россия бир кезде жаңжал чыгарарын ошондо эле сезген. 2004-жылы Грузияда ыңкылап болду. Саакашвили келгени Грузиянын территориясын чогултуп, бириктиребиз деген маселени катуу койду. Ажария бөлүнгөнү турганда Саакашвили танка минип аякка өзү барып, сепаратисттерди тыйып, аны Грузияга кошуп алды. Ажарлар мусулман болгону менен жазуусу, тили грузиндер менен бир. Абхазия маселеси чечилбей калган. Грузия ушуга КМШ таасир берет го деп үмүттөнгөн. Үмүт акталган жок. Саакашвилини телемонтаж менен акылынан айныган адам көрсөтүп жатышканы түшүнүктүү.
- Россия да жөн турбаса керек…
- Агезде Россиянын өзүндө проблема көп болчу. Алар чечен согушун араң дегенде басышты. Ушундан кийин Россия жаңы концепция иштеп чыкты. Анда жакынкы мамлекеттерди өз айланасына топтоо стратегиясына басым жасалды. Муну конфедерациялардын конфедерациясын түзүү десек ылайык болот. Моделин иштеп чыгышып, азыр аны Приднестровьеге колдонгону турушат. Бул модель ишке ашса, анда Молдова менен Приднестровье ортосунда конфедерация түзүлөт. Ийгиликтүү иштеп кетсе, андан ары Азербайжан менен Карабахка да колдонушат. Эгер иш ушундай өңүттө жүрсө Молдова Грузияга ыктай баштайт. Ансыз деле Грузия, Украина, Азербайжан, Молдова биригип, Россияга өтө жакын эмес мамлекеттер уюмун - ГУАМ түзүп алышкан. Булар ошол эле учурда КМШ курамында, бирок КМШ жыйындарына кааласа катышат, каалабаса айрым маселелерге өзгөчө пикирлерин билдирип турушат. Буга Өзбекстан да кирип, 2005-жылкы окуядан кийин кайра чыкты. Россия болсо Молдова менен Азербайжан ГУАМдан чыгып, КМШга биротоло келсе дейт. Ал Ортазия өлкөлөрүнүн конфедерациясын кошуп, мурдагы союздун таасирине жеткиси келип жатат.
- Убагында Феликс Кулов да Россияга конфедерация болуп кошулбайлыбы деп чыкканы эсибизде.
- Кулов аны жөн эле айткан эмес. Бизде ушундай маанайдагы адамдар көп. Россия андайларды саясый жагынан эле эмес, башка жолдор менен да колдоп турат. Биздин оппозицияда да биртоп адамдар Россия колдоосу менен иштеп, бийликке кыр көрсөтүүдө. Кээ бир саясатчылар улуттун кызыкчылыгы деп өз кызыкчылыгын коргоп, Кыргызстанды бир жакка кошуп берип, анан бийликке келгенден да кайра тартыштпайт. Ошон үчүн Түштүк Осетиядагыдай жаңжал чыгып атат. Мында чоң геосаясый кызыкчылыктар бар. Болгону ортодо осетиндер кырылды. Чеченстан өз алдынча болоюн деди эле, тукумкурут болордо айла жок Россия курамында кала берди. Грузия да Түштүк Осетияга ушундай саясат жүргүзөйүн десе, ага болбойт экен. Өлкө бүтүндүгүн камсыз кылуу Россияга болот экен да, Грузияга болбойт турбайбы. Россия Осетияны конфедерация кылып өзүнө кошуп алгысы келип атат.
- Бир кезде Ельцин учурунда "Ортазиянын бизге кереги жок" деген саясат жүрбөдү беле?
- Ал Россиянын мурдагы стратегиясы эле, эч иштебей койду. Ельциндин тушунда Россия Европага кошулабыз, НАТОго мүчө болуп, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киребиз дешкен, Ортазияга көңүл бурбай калышкан. Азыр эми алыстап кеттиңер деп бизди күнөөлөп жатышпайбы. Мурда Россиянын абалы начар эле, нефть кымбаттаганы ал күчтөнүп, башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигише баштады. Авторитардык мамлекеттер күчөгөндө сөзсүз саясый, аскердик экспансия болот.
- Мындай экспансиялардан коргонуунун кандай жолу бар?
- Биз Латын Америка өлкөлөрү сыяктуу суверенитетибизди коргошубуз керек. Алар Америка күчөп келатканда аны менен ар кандай келишим, макулдашууларды эларалык укук, нормалардын негизинде бекемдеп алышкан. Ушулардын негизинде алар өз коопсуздугун камсыздап алышкан. Америка аларга эмне үчүн колсалалбайт? Демократиялык өлкөнүн жакшы сапаты - ал эларалык келишимдерди сактайт. АКШ Конгресси да бийликтин олуттуу кадамдарына макулдук бериши керек. Биз дагы регионалдык союз түзүп, өз суверенитетибизди, коопсуздугубузду сактообуз зарыл. Назарбаев Борборазия союзун түзөлү деп дайыма айтып келет. Регион бирге болмоюнча ар бир өлкө өз коопсуздугун сактоого дарамети жетпейт. Мурда регионалдык союз бар эле, Россия ага адегенде байкоочу, анан мүчө катары киргенден кийин аны жоюп, ЕврАзЭС менен эле оокат кылалы деп койду. Биздикилер ушу жерден чоң жаңылышты. "Бул регионалдык уюм, силер байкоочу гана болгула, мүчө болоруңарды аныктай элекпиз" деп тура беришсе болмок. Эгер регионалдык союз болгондо, тигиндей жаңжал чыкканда чогуу акылдашып, бир пикирди айтышмак. Борборазия региону бириксе, 60 млн. эл чоң күч болуп, аны БУУ, башка эларалык уюмдар да таанымак. Регионалдык союз түзүлмөйүнчө Борборазияда коопсуздук болбойт.
- Бул жакшы идея. Бирок региондон мурда улуттун өзүнүн потенциалы да күчтүү болуусу керек го.
- Улуттук кызыкчылыкты коргоодо Грузиянын мыкты жактары бар. Мына, В.Кикабидзе, Н.Брегвадзе деген атактуу грузин ырчылары концерттерин бербей, берген орденин албай коюшту. Бул өз улуту үчүн күйгөндүк эмей эмне? Кокус бизде ушундай болсо, "концерттин билеттерин сатып жибердим эле, ырдабасам болбойт" дегендер чыгарына ишенем. Дагы бир мисал, Брежнев 1972-жылкы Конституцияны кабыл алдырып жатканда "биз совет элибиз, тилибиз орус тили деп жазылсын" дегенде ага каршы Грузияда студенттер көчөгө чыгышкан. Алар "Грузияда грузин тили деп жазылсын" деген талапты коюшуп, Конституцияга чын эле ошентип жаздырышкан.
Бизде бирибиз Американы, экинчибиз Россияны, үчүнчүбүз такыр башка жакты самап отурабыз. Бирөө акча берип койсо, ошонун сөзүн сүйлөп тим болбой, өз атасын сатууга даярлар андан көп. Биздин шаарларыбыз эле эмес, айылдарыбыз Россия таасиринен чыгалек. Анан эмнебизге мактанабыз? Кыргыз тили мамлекеттик тил болгон менен кыргызча өткөн бир жыйынды айта аласызбы? Көзкарандысыздыктын биринчи белгиси - территориясы, тили, желеги, герби, гимни да. Өзүбүздү өзүбүз сыйлап, барктабасак, башкалар тебелей беришет. Мына, өткөндө Князев деген теледен "Кыргызстандын саясаты - проституция саясаты" деди. Анын ою боюнча, Кыргызстан Осетия менен Абхазияны тааныбай койсо эле ошондой болуп калат экен. Биздин бийлик эркин гезиттерди муунтканга кыйын, а бүткүл улутту, өлкөнү кемсинткен Князевге эмне үчүн алы жетпейт? Анткени ал орус, артында Россия турат. Кыргыздар ушу күнгө чейин өз үйбүлөбүзгө өзүбүз кожоюн эмеспиз. Прибалтика өлкөлөрү "коноктор, биздин үйгө көпкө туруп калдыңар, кеткиле" деп эле кууп чыгышты эле, орустар дагы эле аларга жармашып атышат. Жакында бир россиялык саясат таануучу "Прибалтикадагы орустардын абалы жакшы, Ортазиядагы орустардын абалы өтө начар" деп интернетке жазып чыкты. Орустар бизде кантип начар жашап атканына түшүнбөй калдым. Россия бизге теңата эмес, дайыма кемсинткен мамиле жасайт. Мисалы, ШОСтун чечими менен Бишкекте регионалдык терроризмге каршы уюмдун борбору ачылды. Өзбекстан "ушу борбор бизде болсо жакшы болот эле" деди эле, Россия өз демилгеси менен ал борборду Өзбекстанга көчүрүп жиберди. Бул Кыргызстандын аброюна канча доо кетирди. Башкалар "Кыргызстан менен эсептешпей койсо деле болот турбайбы" деген ойдо калышты. Биз Россияга жүгүнүп, орус тилине расмий статус берип өгүлүп-бүгүлүп турсак да, башкалардын миллиарддаган карызын кечет, а биздин 190-200 млн. доллар карызды кечпейт. Анысы аз келгенсип, "Американын базасын чыгаргыла" деп кысым көрсөтөт. Кантта болгон окуядан Россия элчилиги кандай чуу көтөрдү. Андайда Канттагы база Россияныкы, а акы төлөгөнгө келгенде ал база ОДКБныкы, б.а., баарыбыздыкы болуп калат.
- Россиянын ШОСтон, ОДКБдан колдоо таптык дегенин кандай түшүнүүгө болот?
- ШОС аны эч качан колдобойт, себеби, ШОСтун кожоюну Кытай. Эң биринчи принциби - терроризмге, экстремизмге, сепаратизмге каршы болуп атса, сепаратизмди колдомок беле. Бул маселеде Борборазия президенттери туура эле чечим кылышты. Анткени Өзбекстанда Каракалпакстан, Тажикстанда Тоолуу Бадахшан автономдук облустары бар. Эртеңки күнү булар эмне деп чыгышары белгисиз. Өлкөнүн көзкарандысыздыгын сөзсүз таануу же тааныбоо керек эмес. Унчукпай койсо деле болот. Ушу тапта бизди Кытай, Америка, башка өлкөлөр "булар өз алдынча көзкарандысыз өлкө боло алабы же дагы эле Россиянын жетегинде келатабы?" деп сынап турушат. Бул биздин тышкы саясатыбыздын деңгээлине байланыштуу.
Негизи согуш башталганда биринчи чындык өлөт, анан дезинформация башталат. Анүстүнө биз Грузиядан, башка өлкөлөрдөн маалымат алалбай, жалаң Россиянын маалыматын алып жатабыз. Россия, орой айтканда, НАТОго киребиз деген Грузиянын акесин таанытып коелу, НАТОго киргиси келген башкалар да биле жүрсүн деген акцияны өткөрүштү.
- Жакында Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтөт. Бул эмне бериши мүмкүн?
- Бул саммиттин мөөнөтү жогорудагыдай маселелерге байланыштуу жылышы мүмкүн. Анткени, айрым эксперттердин божомолу боюнча ушу саммит менен КМШ тарап кетүү коркунучунда турат. Дароо тарабаса да, ажырым чоңоюп, пикир келишпестиктер көбөйөт. Ансыз деле бул бекем уюм эмес, себеби эч маселе чечпейт. Ошон үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйын кийинчерек болушу мүмкүн.

Аскер
САКЫБАЕВА





а ­е¦Є.НҐй«