"Агым", 12.09.08 - 30-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

2-сентябрда "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз.

П-687. Шаар мэри Нариман уулум, кудай сага кубат берсин. Жакшы иштерди жасап атасың, эсиркеп кетпе. Мен апаң катары айтарым, борбор деген борбордой болуш керек. Чет өлкөлүктөр да биринчи борборго келишет. "Эшигин көрүп, төрүнө өт" деген кеп бар. Шаар ичиндеги байкуш столбаларга ар кыл кагаздар, афишалар чапталып, айрылып, салбырап шаардын көркүн кетирип бүттү. Ошого чара көр, уулум. Касийпа апаң.
П-688. Арман. Үйлөнөйүн дейм, кыз жакпайт. Досторум менен туугандарым ар кимди көрсөтүшөт, аларды чанам. Ушинтип жүрүп жалгыз өтөмбү деп капаланчу болдум. Жашым отузга чукулдап калды. Мирлан.
П-689. Быйыл Кыргызстандын башка аймактарында дан эгиндин түшүмү кандай болду экен, билбейм. Биздин Атбашыда тезек менен көңдүн түшүмү өтө мол болду. Короолорго кирсең кыгы кыктай, жампасы жампадай тизилип, көздүн жоосун алат. Унга бартер кылабыз. Алмаз.
П-690. Орто Азия жана Казакстан боюнча арзан жана ток шаар Токмокко Исаев Канатбек мырзанын мэр болушу менен куттуктайм. Жашоодогу бардык жакшылыктарды, чыгармачылык ийгилик каалайм. Канатбек мырза, суранарым, менин дагы сунуш-долбоорлорумду иш жүзүнө ашырууга аракет кылсаңар. Жаш экенсиз, буюрса, Токмокту 2-3 жылда үлгүлүү шаарга айлантасыңар деп ойлойм. Жакшы каалоолорум менен Дада.
П-691. Асел, сага салам жолдойм. Сагындым, сүйөрүмдү унутпа. Самар.
П-692. Улуу кишини силер, кичүүлөр, уялбай эле сиз деп, көп болсо сиздер деп, өзүңөрдөн кичүүлөрдү силер деп, жалгыз болсо сен деп кыргыз тилде таза сүйлөй бергиле. Караш Насер.
П-693. Светофордон өтүүчүлөр, туура жашыл светте - жол силердики. Машиналардын ушунчалык көп болуп, жолго батпаганына байланыштуу шыпылдап тез-тез өтүп койсоңор. Тим эле театрга бараткансып созулуп, бир кадамды төрт жолу аттайсыңар. Караш Насер.
П-694. Ортоңку муундун обончу, ырчы, эстрада жылдыздары, жаңы чыгып келаткан ырчыларды жаныңарга жолотпой жеридиңер эле. Эми эмне болду? Ома, Омар, Нэна, Гүлзинатты көрүп үнүңөр өчтү го. Силерге кааларыбыз: аман болуп, день рождения-концерттериңерди өткөрүп жүрө бергиле. Томас Мальдина.
П-695. Кылымдап калган мураска / Жер-суулар жатат сатылып / "Токтот, бийлик" дегенди / Айталбайт бирөө батынып / Көр оокат үчүн чет элге / Көптөрү кетти чачылып. Сейдана Бейшебекова.
П-696. Досубуз Нурланды 13-сентябрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Бар бол, бай бол! Куба, Рахат.
П-697. Фатима алтын эже, Турсун аба / Кубантты кулунуңар жарын ала / Келин кут болуп, чойсун сабыңарды / Каркыра-турна сымак өргө ага! Эркин Жаныбеков.
П-698. 70-80-жылдардагы "Мыскыл жана тамашаны" азыркы куудул менен куудул-сөрөйлөр ишпалдасын чыгарып, ашмалтайын ашатып бүтүштү. Силер элди күлдүрбөй эле кыйналган элдин кыжырына тийип бүттүңөр. Күлкүнү таштап, өзүңөрчө оокат кылгыла. Пияз, темир, эт саткыла. Ал колуңардан келбесе, мончо ачып, пахта айдагыла. Силерге жини кашайган Рахматулла Саламаткан.
П-699. Кара тизмеде турган Кыргызстандын самолетторунда кара ящик түгүл, отургучтарында ремень жок болуш керек. Самолетторубуз кара тизмеден чыккыча ат минип, тезек жагып эле үйдө отура туралычы. Алмаз.
П-700. Киндигин көрсөтүп жүргөн кыздар кийин тукумсуз болуп төрөбөй калышат деп өгүнү доктурлар теледен айтып жатышат. Эгер ушу чын болсо, кыргызды курут кыласыңар, кыздар. Эсиңер болсо, этегиңерди эртерээк жапкыла. Колдур.
П-701. Үшүп атам. Күздүн ушинтип күтүүсүз бат эле кирип келээрин билсем, жайдан мынча тажабайт элем. Мээрим.
П-702. Баарынан да Түлеев атасын таап жакшы болуптур, жетимсиребей. Биздин оокат эптеп өтөөр, башкысы Нариман мырза атакесин таап алганына абдан кубанып атабыз. Жаныбек.
П-703. Гүлзинат, эмнеси болсо да азаматсың. Сени фестивалдан көрүп абдан сыймыктандым. Болот.
П-704. Премьер-министрлик деле оор кызмат тура. Комсомолдон үйрөнө албаган кыргыз тилин Чудинов мырза тили катып калганда кантип үйрөнөт. Сарсанаа болгонум эле ушул. Игорь мырза кыргызчаны үйрөнгүчө эле пенсияга чыгып кетет го. Не болсо да премьер-министрибиз үчүн Асанкайгы болуп бүттүм. Дада.
П-705. Курманбек Салиевич, сизден күткөн үмүт ишке ашпай калды. Бир эле мисал. Элимдин жакырчылыгы аз келгенсип, караңгыны башка салдыңыз. Эгерде свет өз элиңе жетпесе, эмне үчүн Афганистан менен Пакистанга электр сатасыңар. Чиновниктер буга күнөөлүү болсо эмне үчүн жумуштан албайсыз? Мында жашыруун сыр бар окшойт. Жообун күтөбүз. Акылай апа, пенсионер.
П-706. Руслан байке, кайдасыз. Мени бешинчи күнү эстеп калчу элеңиз. Көптөн бери дайныңыз чыкпай калды го. Алтынай.
П-707. Иштеп эле жүрөм, иштеп эле жүрөм. Бирок мен канча көп иштеген сайын баягы эле байлар менен чиновниктердин байлыктары көбөйүп, телеэкран менен беттери бир болуп сүйлөп коюп жүрүшөт. Түшүнсөм буюрбасын. Түшүндүрүп койгулачы, байболгурлар. Жөнөкөй жумушчу кыргыз.
П-708. Оппозиция жана бийликтегилерге! Күзүндө жөжөнү санайбыз дедиңиздер эле. Кыш эрте түшөрүн эстеңиздер. Жөжөлөрүңөр суукка чыдабай калбасын. Болдукан.
П-709. Табышкан бирин-бири эңсеп, самап / Балдарым, жаш жубайлар Назик, Самат / Жашаган жолу ата-энеңердин / Силерге болсун дайым үлгү, сабак. Эркин Жаныбеков.
П-710. Олимпиаданын ачылышындагы парадда биздин спортсмендерибизди дүрбү менен карап таппай жаттык эле. Кудай жалгап, Бегалиев менен Түмөнбаев дүрбү менен жер караган бетибизди эл каратып намысты колго алып беришип, абийирибизди жаппадыбы. Өмүрлүү болгула. Алмаз.
Жеңүүчүбүз - тезекти унга алмаштырууга даяр Алмаз (П-689), редакция менен байланышыңыз.

Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА