"Агым", 12.09.08 - 3-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Ысык-Көл Россия аскер полигонуна айланды
Кайсы душмандан коргонуп?..

Кереметтүү Ысык-Көлдү ыйык тутуп, улуттук сыймык даражасында даңктап келебиз. Ошол ыйык туткан жерибизди утурумдук муктаждыктарга туткун кылып, табиятын талкалап, жаратылышын кантип жабыркатып атканыбызды айтпай эле коелу. Айткан менен майнап чыкпайт.
Ал аз келгенсип, Россиянын Канттагы аскерий базасынын согуштук МИГ самолеттору кээде бирден, кээде экиден, кээде 4-5тен көлдү айлана катарлап учуп, аяктын элинин, эс алып жүргөндөрдүн, жолдо бараткан туристтердин жүрөгүн солк эттирип, үрөйүн учура баштады.
Тоо этектеринде чыныбы же машыктыргычыбы, айтор дүңгүрөп бомба жарылып, Кант авиабазасынын истребителдер эскадрильясынан ракеталар атылууда. Он миң, жүз миңдеген кой, козуларды батырган Күңгөй Алатоо жайыттары, байыркы дээрлик Балыкчы шаарынын мал-жаны азайып баратат. Шаар элинин чаңкоосун басып, айыл жерлерин сугатка кандырган Калмак ашуу кашка суусу бул темп менен жүрүп отурсак, эртең эле ок-дары, газ, авиакеросин, бомбулардан ууланган "башка" сууга айланат. Балыкчылыктар ошол кашка суунун шаарга жетишин канча жылдан бери күтүп келет, тилекке каршы бул тейинде күткөнү күл болот го?..
МИГдердин ичин жалынга айлантып, үн жеткис учуруп аткан жүздөгөн тонна керосин жүздөгөн тонна зыяндуу заттарды иштеп чыгып (дагы суу болбой, буу болгонуна шүгүрчүлүк), жайлоолор менен көлдүн абасына чачарын бүгүнкү күндө мектеп окуучусу деле билет. Бул адамга психофизиологиялык жактан эле жагымсыз эмес, эң оболу бүт жан-жаныбарларды, анын ичинен "кыргыз бермети" делген көлүбүздүн жаратылышын жайлайт, демек облусту мындай кой, мүлдө республика экономикасына зыян келтирет.
Элестетип көргүлө: өзү алакандай Кыргызстандын алаканынын отунда көзмончоктой көл турат. Аны биз өзүбүз аеосуз булгап атканыбыз аз келгенсип, согуш сыноосу менен уулаганга да жол берип атабыз. Эмненин урматына? Дүйнөдө сейрек кездешчү керемет көл көзүбүзгө көп көрүнүп атабы? Көлдүн бүт кереметин кетирип, балыгын, алтын чабактарын, форелдерин "тап душманындай" тазалап, өмүр бою кесел, радиоактивдүү шартта жашагыбыз келип атабы? Айланасындагы аскер сынак эле эмес, көл астында сыналып аткан Россия торпедолору, үстүндөгү торпедо катерлери, Кумтөрдүн түбөлүк аккан радиоактивдүү "жугундулары" ушуну айттырат…
Балыкчы шаарынын үстүнөн МИГдер жакын учуп өтсө тооктор кепесине батпай, ит байкуштар жашынарга жер таппай калат. Ар дайым кургак желаргы согуп турган Балыкчынын абасы быйыл болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Жайдын кайнап турган мезгилинде үшүк жүрүп, жамгыр ойдо жок жерден чакалап төгүп, эс алууга келгендердин эсин эки кылды. Тогуз жолдун тоомунан ары-бери өткөндөр "Балыкчыңар эмне, бомба сынап, ракета жардырчу полигонго айланганбы? Самолеттор Тамчыдан учуп атабы?" деп таңгалат. Кыязы, алар Тамчыда аэропорт жаңы курула баштаганын билбесе керек. А ал бүткөндөн кийин эмне болору белгисиз. Аэропорт бүтсө, самолеттор көлдүн түбүнөн учуп-конот.
Чындыгында эле россиялыктар менен Россия басмасөзү "өлүк шаары" деп койгон Балыкчынын эртеңки тагдыры эмне болот? Кыргыздар айткандай "өлгөндүн үстүнө көмгөн" болобузбу? Балыкчылыктардын ага жеткидей айыбы деле жок эле…
Ошентип суроо туулат: кайсы душмандан коргоо максатында көзгө басар көлүбүздү согуш куралдарын сынай турган полигонго айландырып атабыз?
Талгар АДЕНОВ, "Эл көзөмөлү" коомдук уюмунун жетекчиси, Балыкчы




Кулчулук куйдан кутулмайын полигон болгонубуз болгон

Көп айтылып, көп жазылды. Бирок кайталагандан келме бузулбайт. Кыргызстан Россиянын аскерий полигонуна айланганы качан. Канттагы согуштук авиабаза кеңейгенден кеңейип, көбөйгөндөн көбөйүп, бери жактагы калааны кадимкидей жакалап калды. Анан согуш куралдарын Ысык-Көлгө сынабаганда, кайда сынайт?
Жети-Өгүз районундагы Карабулуң жарым аралчасында "Брюза-1" аскер полигону өткөн кылымдын 50-жылынын жарымынан бери деңиз согуш куралдарын жасап, сынап атыр. Алакандай көлдү ары-бери сапырып аткан торпедо дегенибиз ошол. Койсары курортун ошонун урматына атсарайга айлантканбыз. Жети-Өгүздүн жүздөгөн гектир эң чүйгүн жерин ошол полигон чычкан мурдун өткөрбөй курчап жатат. Эсиңизде болсо, СССР кулар алдында улуттук аң-сезим, намыс-ар ойгонуп, согуш торпедосу Ысык-Көлдөн терең десе терең, кенен десе кенен Байкалда неге сыналбайт да, Кыргызстанда сыналат маанисинде маселе көтөргөн коомдук кыймыл чыккан. Кыргыз бийлиги Россия торпедолорун алып кетти таризинде каргыш тиштегенге чейин барган. Көрсө, карандай калп экен. Андан бери деле күпүлдөтүп сынап атканы дайын болгонуна 1-2 жыл болду. СССР кулап, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгону эске алынбаптыр. Орус туугандар ошондой, бир кыялы кармаса, Брежневдин небак өлгөнүн да унутуп коет.
Эң негизгиси, Кыргызстанда Россияга болгон кулчулук психология күч. Эски коркок-билиштик инстинкти өчөлек. Эсеби маселең, СССР кулагандан кийин бардык объектилер ошол жайгашкан республиканын юридикциясына өтсүн деген келишим бар болчу. Мисалы, Казакстан аскерий техникалардан баштап, атом куралдарына чейин алып калды. Кийин куралсыз мамлекетке айланабыз лозунгу менен аларды жарыя жок кылып, жаңылбасам, АКШдан миллиондорду санатып алды. Украина деле ошондой. Совет бийлигинен калган аскердик-техникалык арсеналдарды модерндештирип, ушу тапта Россияга жемин жедирбей тирешип турат. Кечээ Грузия согушунда орус аскер элитасы кыйкырып чыкты, грузиндерди Украина курал-жарак, техника менен жабдыптыр деп. Таанып атышат.
Ошентип алгачкы президент Акаев "Брюза-1ди" Кыргызстан юридикциясына алдырбаптыр. Албетте "куру аякка" эместир. 1997-жылы гана келишим түзүлүп, Россия "Брюза-1" жана Чүйдөгү Чалдыбар менен Спартак кыштагында жайгашкан үч аскерий объектиси үчүн жылына 4,5 млн. доллар (!) аренда акы төлөмөк. Анысы дагы кыргыздардан кадр даярдадык, техника бердик (албетте, эски) ж.б. шылтоолор менен жоюлуп келет. Жети-Өгүз калкына жери үчүн компенсация төлөнөт маанисиндеги келишим аткарылган жок. Баса, эгемендиктен соң да Россия торпедолору Ысык-Көлдө сыналып, Жети-Өгүздүн жүздөгөн гектир жери али аскер полигону катары тордолуп жатканы дал ушул жергиликтүү калктын нааразылыгы астында ачыкка чыкты.
Менин билишимче, ШОСтун өткөн жылдагы Бишкек саммитинин алдында Россиянын Кыргызстандагы аскер контингенти 50%га, бара-бара эки эсеге көбөйөт деген маалымат тараган. Бул албетте, эң оболу Кант аскерий базасына тиешелүү. Анын канчасы аткарылып, канчасы аткарылбаганын билбейм.
Алакандай Кыргызстан үчүн аябагандай чоң бул аскер базасы үчүн да Россия бир тыйын аренда акы төлөбөй тургандыгын менин билишимче, депутат Кубанычбек Исабеков биринчи шардана кылды. Тескерисинче, ал базанын электр, суу, коммуналдык кызмат ж.б. акысы жарды Кыргызстандын мойнунда экен. Коомчулукта, басма сөздө эмне үчүн төлөнбөйт деген маселе козголду эле, кыргыз бийлиги анткени алар Коллективдүү коопсуздук уюму келишимине (ОДКБ) кирген мамлекеттерди сырткы душмандардан коргоо максатында турат маанисинде жооп айтты сыяктанат. Карапайым түшүнүк менен айтканда.
Коопсуздук сактаганы албетте жакшы. Бирок суроо туулат: ОДКБ аскер күчү эмне үчүн жалаң Россия аскер контингентинен туруп, сөзсүз түрдө Кыргызстанда жайгашууга тийиш? "Эл көзөмөлү" коомдук уюмунун жетекчиси маселени туура коюп атат: булар Кыргызстанды кай мамлекет кол салуусунан коргойт? Кытайдынбы? Мүмкүн. Антейин десең, ОДКБ мүчөлөрүнүн Белоруссиядан башкасы Кытай менен бир уюмда - ШОСто турат. Менин оюмча, орус аскер күчүнүн Кыргызстанга жайгашышы Россия кызыкчылыгынан башка эч нерсе көздөбөйт. Логика ушуну айтат.
Экинчиден, менин билишимче, ОДКБнын өз бюджети бар. Ага кирген мамлекеттер мүчөлүк акы төлөйт. Демек, бюджетте ОДКБ аскер күчүн жайгаштыруу, ар кандай кызматтар менен камсыз кылуу маселелери да каралган болуу керек. Анда ал каражат эмне үчүн жалгыз Кыргызстандын мойнуна жүктөлүүгө тийиш? Маселен, Казакстан да ОДКБ мүчөсү, бирок ошол эле уюмдагы Россиядан Байкоңур үчүн жылына жүздөгөн миллион доллар аренда акы алат. Ошол эле уюмдун мүчөсү Тажикстанда Россия аскер күчү арбын жайгашканына байланыштуу Россия тажиктердин экономикасынын жөндөлүшүнө кадыресе салым кошуп атат.
Кечээ С.Кожомиякин деген журналист жердешибиз жазды: "Иш жүзү далилдеп койду, буларды чыныгы дос санаш кыйын экен". "Булар" дегени ШОС мүчөлөрү, анын ичинен Кыргызстан. "Иш жүзү" дегени Россия-Грузия согушу. ШОСтун "чыныгы достук" ишеничтен кеткени - Россия айткан соң алар Түштүк Осетия менен Абхазиянын көзкарандысыздыгын тааныйбыз деп жапырт кол көтөрүшү керек экен. Бул эми улуу дөөлөтчүл шовинизм абсурду. Жөнөкөй мисал: Россия, мейли, агрессор дейли, Грузияга согуш ачканда же тигил эки мамлекетти тааныганда ШОСтон макулдук сураган жок…
Бул анын тегерегинде айтыш уюштуралы деген кеп эмес. Айтайын дегеним, мамлекеттер ортосунда достук болбойт, кызыкчылык болот деген көөнө сөздү дагы эске салуу. Эсеби маселең, союз кулаган соң Кыргызстан Россияга 100 млн. доллардын аржак-бержагында карыз болгон. Карыз эмнеден чыккандыгын майдалап отурбайлы, кызыккандар экономист С.Орозбаковдун "Развитие от кризиса до кризиса" (Б.,07) деген китебинен негиздүү жооп табат. Бир сөз менен айтканда, 1992-жылы Кыргызстан рубль зонасында турганда Россия өкмөтүнүн сабатсыз акча саясатынан чыккан карыз. Андай карызды рубль зонасындагы башка республикалар төлөгөн эмес, аткез берген, Россия өкмөтүнүн катачылыгы катары. Кыргызстан гана ушул кезге чейин ал карызды төлөөнүн аракетин жасап, ар кандай өндүрүш, ишканаларын сунуш кылып келет. Алардан башка колунда накта валюта жок. Россия албайт же кечпейт. Ошентип айланып отуруп ал карыз ушул тапта 200 млн. долларга жетти дешет.
(Уландысы 14-бетте)