"Агым", 12.09.08 - 22-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Элета

Жүр, ээрчишип кетели өрүкзардан…
Жашоо-шарттын начардыгы, жөнөкөй эле сууга болгон муктаждык, жолдун алыстыгы баткендиктерди өз жеринен кетүүгө аргасыз кылууда. "Ата-баба жашап келген, киндик кан тамган жер деп кыска өмүрдө качанга чейин чыдайбыз. Ушул бойдон жүрүп отурса, балдарыбыз да биз көргөн күндү көрүп кор болушат, кетебиз" дейт баткендиктер. Ошол эле убакта өзбек менен тажик туугандар кыргыз жерин метрлеп болсо да имерип алууда.

Арзан ырыскы
Быйыл Баткенде өрүктүн түшүмү мол болду. Баткендиктер өрүктү ырыскыбыз деп түшүнөт. Даамы таттууларын күкүрткө ыштабай күнгө кургатып как кылып алышат. Анан жыл бою дасторкондон өрүк үзүлбөй, келген коноктун алдына коюлат. Илгертеден бери ушундай: күн сайын өрүк менен чай ичишип, данегин чагып жешет. Каатчылык жылдары өрүк элди ачкачылыктан сактаган. Кайнатып ширесин ичип, андан кубат алышкан. Өрүктүн түрү көп. Эң эле жакшысы - кандек өрүк. Оозуңа салсаң момпосуйдай эрийт. Ошого жараша өрүктүн түйшүгү да арбын. Убагында кагын кургатып албасаң эзилип кетет. Андыктан таң заардан баштап кечке чейин бала-чака өрүктүн астында болот. Базарга сатыла турганын күкүрттүн түтүнүнө ыштап, данегинен ажыратышат. Өрүктүн ар бир даанасы эки-үч сыйра колдон өтүп капка салынгандан соң гана өрүктүн үзүрүн көрчү мезгил келет.
Ошентип Баткен өзүнүн өрүгү менен даңазалуу. Дүйнөдө жападан жалгыз Карабулак айлында өскөн Айгүл менен даңазалуу. Бирок ошол дарылык касиети баа жеткис өрүктү сатуу жагы көйгөйлүү маселе. Бул жөнүндө биздин өкмөт көп сөз кылганы менен көзгө көрүнөрлүк аракет жок. Акчага муктаж карайлаган эл дагы эле ортомчу алып-сатарлардын көзүн карап, алардын оозунан чыккан наркка макул болуп арзан кармата беришүүдө. Азыр бир кило өрүктүн баасы Бишкекте 120-200 сомдун тегерегинде. Россияда 400-600 рублден, кээ бир облустарда 800-900 рубль дешет. Ал эми Баткенде 50 сомго да жетпейт. Кыргыздар алса бир жөн, жүз пайыз өрүктү өзбектер менен тажиктер сатып алып, Россияга жөнөтүшөт. Бул жагынан кыргыз өкмөтү баткендиктерге ошо өзбек менен тажикче да күйбөй турат. Жергиликтүү губернатор, акимдер аман эле болсун. Болбосо өрүктүн түшүмү мол болору май айында эле билинген. Чет өлкөгө сатууга дарамети жетпесе, Россия менен Казакстандын өкмөтү менен макулдашып, килосун жок дегенде 100 сомдон сатып берсе, элдин төбөсү көккө жетмек. Азырынча өрүк мол болгону менен, эл анын үзүрүн көрбөй турат.

Шектүү машинелер жана МАИ
Ошол эле учурда Кадамжай районуна Бишкектен миңдеген оор жүк ташуучу машинелер күн сайын каттап, Өзбекстандан мөмө-жемиш алып чыгышат. Бирок эмне алып чыкканы белгисиз. Анткени көпчүлүк машинелер бажыканада, чегара постторуна токтобой, номурларын ылай менен чаптап өтүшөт. Буга кабатыр болгон жергиликтүү эл ошол көрүнүштү видеотасмага тартып, машинелердин жолун бөгөшкөн. Анткени жүк тартып бараткан унаада курал-жарак, баңгизат ж.б. мыйзамсыз нерселер болушу мүмкүн деп күмөнсүрөшкөн. Бирок Кадамжай РИИБ кызматкерлери элдин талабын эске албай, жолдогу элди топтой ыргытып, номурун ылай менен чаптаган машинелерди өткөрүп жиберишкен. Бул жерде Кадамжай РИИБ начальниги, полковник Бакыт Матмусаев номурун жашырып, мыйзамды одоно бузган айдоочуларга эч бир чара колдонбой, тескерисинче, аларды азыр да калкалап турат. Бир эле Б.Матмусаев эмес, жүк ташыган бул машинелер кербенин "крышовать" эткен өтө чоң кызматтагы адамдардын аты угулат.

Аял жакшы - эл жакшы
Баткенде мээнеткеч адамдар оголе көп. Айрыкча аялдардын озунуп чыкканы кубандырат. Ошондой аялдардын бири Кызылбел айылынын тургуну Мастира Надирова. Ал өзү демилге көтөрүп, айылга 19 млн. 386 миң сомдук инвестиция тартып, элди таза суу менен камсыз кылууга жетишкен. Мастира эже Баткендеги көп эркектерге караганда атуулдук сезими күчтүү. Кызылбел айлынын түндүк-батыш тарабы Тажикстан менен чектешет. Алардын жыл сайын мемиреп жылып келатканы жакшылыктын жышааны эмес. Мастира эже ушуга кабатыр. Ошол эле мезгилде миңдеген баткендиктер Чүй бооруна көчүп келип, калктын саны четинен суюлууда. Ошон үчүн ал Кызылбел айылы менен Достук айылын кошуп, өзүнчө айыл өкмөтүн түзүүнү жогору жактан суранып, президентке жазган катын мага кийирип кой деп өтүндү.

Баткен, Баткен десе эле...
Алыскы бир кыргыздын боз тамдары салынган айылды элестеткен туура эмес. Азыр Баткен облусунун курамында Кызылкыя шаары, шаар тибиндеги Кан, Айдаркен, Кадамжай сыяктуу шаарчалар бар. Убагында Кызылкыядан жогорку сапаттагы көмүр казылып, союздун булуң-бурчуна жөнөтүлүп турган. Бут кийим тигүүчү фабрика, кыш заводу ж.б. ондогон ири ишканалар калкты жумуш менен камсыздап, турмуш-тиричилик мыкты эле. Азыр анын бири жок.
Адилеттүүлүк менен айта кеткен абзел. Азыр Кызылкыяда кыш заводу иштеп, анда 300 адам эмгектенет. Аны иштетип жаткан "Нур-КМ" акционердик коому. Кирпич заводун бузуп талкалабай сактап калышкан. Азыркы спикер Айтибай Тагаев ушул ишкананы жетектеген. Жогорку Кеңештин төрагасы болгонго чейин бул киши жөнүндө сөз да жок болчу. Төрага болгондон кийин гана артынан өйдө-төмөн сөздөр айтыла баштады. Бирок Кызылкыянын калкы А.Тагаевге ыраазы. Анткени элдин суроо-талабына жараша каалаган өлчөмдө кирпич чыгарып берүүгө "Нур КМдин" мүмкүнчүлүгү бар. Анан калса жалпы Түштүк боюнча эки кыш заводу болсо, бири ушул. Баткен облусу боюнча жападан жалгыз туруктуу иштеген ишкана да "Нур КМ".

Гайпкуловдун изи бар…
Бузуп талкалоо иши Баткенде азыр деле ийгиликтүү уланууда. Жай бою Айдаркен шаарчасындагы жылуулук берүү түйүнүн, башкы имараты менен кошо талкалашып, кирпичин кирпичтей, темирин темирдей сатышты. Буга Кадамжай район жетекчилиги да, Айдаркен шаарчасынын өкмөтү да унчукпады. Элдин арыз-муңун уккан жан болбоду. Анткени баары мыйзамдуу имиш. Сыягы сатып алган киши келишимди бузуп-талкалайм деп түзсө керек. Сурамжылай келсек, бул иштин башында Эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гайпкулов туруптур. Эми Гайпкулов болобу, башка болобу, болор иш болду. Кызылдай акчалар бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп, аш болуп кетти. Бирок Айдаркендин, андагы 20 миң элдин тагдырын эч ким ойлободу. Жылуулук түйүнү кыйрагандан кийин көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүндөгү трубалар тонолору анык. Азыр электр жарыгы өчүрүлө баштады. Эми кышында Айдаркендеги төрт-беш кабаттуу үйлөргө буржуйка мештери коюлуп, ар бир квартирадан түтүн чыгарын элестете бериңиз. Бузуп-талкалагандар бул аракети менен элди көчүрүүгө түртүп жатпайбы.

Оозу бошосо эле жейт
Айдаркен сымап комбинаты да жетер чегине жетип бүткөн. Ал дагы жабылуунун же сатылуунун алдында турат. Дүйнөлүк рынокто сымапка суроо-талап көп болгону менен кыргыз өкмөтү Айдаркен сымап комбинатын такыр эле иштете албай койду. Андагы шахтерлордун айтуусуна караганда, баарына анда иштеп кеткен деректирлер күнөөлүү. Башкача айтканда, өткөндөгүлөр да, азыркысы да жегич. Анткени союз убагында Айдаркен түздөн-түз Москванын көзөмөлүндө болуп, керектүү нерсенин баары менен камсыз болгон. Темир материалдын бардык түрү, техника, станоктор, деги койчу, сонундун баары Айдаркенден табылчу. Ошол эле түстүү металл менен салынган спорт комплексин азыркы ЖК депутаты Аскарбек Шадиев Баткенде губернатор болуп турган кезинде бузуп, машинеге жүктөп, Бишкекке алып баса берген.

Тойчубековдон тооп, Ногоевден…
Баткендиктер келген-кеткен жетекчилерди көп деле эстебейт. Бирок губернатордун орунбасары болуп иштеген азыркы финансы-көзөмөлдөө кызматынын деректири Юруслан Тойчубековду дайыма сөз кылышат. Анткени бул киши кыргыздын жолун бөгөгөн Өзбекстан менен Тажикстандын ондон ашуун чегара постторун алдырып салыптыр. Эгер Ю.Тойчубеков болбосо, шорубуз шорподой кайнамак деп азыр да алкап жүрүшөт.
Азыркы айылчарба министри Арстанбек Ногоев Баткен жергесин көрүп келгенден кийин "Биз аракетти өлкөнүн Түндүгүнө эмес, Түштүгүнө көп жумшашыбыз керек экен" деп айтканы эсимде. Анткени азыр Түштүктө ак калпак кийген кыргыздан ала топу кийген пенде көп. Күн санап кыргыз жеринен кыргыздар суюлуп жатат. Соода-сатыкты өзбектин суму ээлеп алган. Кыргыз жеринен мунай менен газды жердин түбү менен алып кетип атат өзбек агайиндер.
Баткендин азыркы баяны ушу. Айта берсе арыз-муңдун аягы түгөнбөйт. Жергиликтүү калк райондун акимин же губернаторду иштегени келди деп түшүнбөйт, жегени келди дешет.

Келдибек НАЗИРОВ