"Агым", 05.09.08 - 24-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кыргыз тилинен төөматек

Оромпой тепкен орфография
2002-жылдын 28-июнунда КР ЖК "Кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясы жөнүндө" токтом кабыл алды. Анда 1953-жылы кабыл алынган орфография эрежелерине оңдоолор, өзгөртүүлөр киргизилген. 2002-жылы кыргыз өкмөтү бекиткен орфография эрежелери коомчулукка сиңген жок. Мугалимдер, окуучулар кыйналды, ага каршы көптөгөн ой-пикирлер айтылып, жарыяланды деп, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 14 адамдан турган комиссия түзүп, ал иштеп чыккан долбоорду ЖоКеге сунуш кылып, ЖоКе аны буйдалбай карап, бекитип берди. Ошентип, кыргыз тилинин орфографиясы кайра өзгөрүп, толукталды. Орфографияны кайра оңдоого эмне себеп болгонун териштирдик.

Азимжан Ибраимов, Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия секретары:
- Жаңы редакцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү ал кабыл алынгандан тарта көтөрүлүп келатат. Анын максаты деле жакшы, бирок аны саналуу илимпоздор ошогездеги мамлекеттик катчы менен макулдашып ЖКга өткөрүп ийишкен.
- Эмне үчүн?
- Андагы татаал энчилүү аттардын, кошмок сөздөрдүн жазылышы талаш жаратат. Анткени ар бир аталыштын этимологиялык мааниси бар. Келечек муундун жер-суу аталыштарынын тарыхый аттарын билүүгө укугу барбы? Бар. Мисалы, Төө-Ашуу, Тору-Айгыр, Куу-Уул деген сөздөрдү кошуп жазганда мааниси өзгөрүп кетип жатпайбы. Экинчиден, кошмок сөздөр жаңы эреже боюнча кошулуп жазылганда, мааниси өзгөрүп кетип жатат. Биздин комиссия эл аралаганда көп сөз, жеме уктук. Кыргыз тилин окуткан мугалимдер "окуучулар эскиче да, жаңыча да жазса туура деп калдык, анткени өзүбүз так билбей калдык" дешти. Көп адамдар "башыбызды маң кылбай оңдосоңор боло, биз Ысыккөлдү, Алатообузду бүжүрөтпөй, эки бөлүп дардайтып жазгыбыз келет" дешти. Биз тил, адабият институтунун нанын тартып албай эле, элден келген кат, сунуш пикирлерди эске алдык.
- 2002-жылдагы жаңы редакцияга тиешеси бар окумуштуулар Б.Орузбаева, Т.Акматов, С.Мусаев силердин жыйынга чакырылган эмес турбайбы.
- Мусаев жыйынга катышкан. Баары эле чакырылган. "Макул" деп коюп келишпесе, эмне кылабыз. Мен тил, адабият институтуна расмий түрдө долбоорду жиберип, сунуштарды бергиле дегенбиз. Эч ким эчтеке берген жок. ЖоКеге түшкөндө деле беришсе болмок. 2008-жылдын 26-июнунда кабыл алынган эрежеде болгону, татаал энчилүү аттарды жана кошмок сөздөрдү бөлүп жазууга өзгөрүү кирип, дефис менен жазуу эрежелери кошулду.
Тилди эч ким энчилөөгө акысы жок, анын ээси кыргыз эли. Биз болгону элдин оюн ишке ашырдык.
- Алты жыл ичинде бир топ окуу китептери басылды да. Аларды оңдоо жагы кандай болот?
- Ушу кезге чейин мектеп окуучулары фонддун 70 пайызын түзгөн эски китептер менен эле окуп келишкен. Алар 1953-жылдагы орфография менен басылган. Жаңырганы 20-30 пайызды гана түзөт. Буларды оңдоого болот.
- Сиз жогоруда үч-төрт окумуштуу мамлекеттик катчы менен биригип алып, жаңы редакцияны ЖКдан өткөртүп алган дегенди эмнеге таянып айтып жатасыз?
- Илимпоздордун дымагы күчтүү болуп, илимге жаңылык киргизгиси келет. Балким орфография ошонун курмандыгы болгондур. Мен жогорудагы үч окумуштууну тең сыйлайм. Бирок жаңы эрежелерден сабаттуумун деген мен чаташып калбадымбы.




Берки тараптын пикирин билели деп тилчи, окумуштуу Сыртбай Мусаевди кепке тарттык.
- Орфография-да субъективизм көп болот. "Көнүп калганбыз, традиция экен" дегендей. К.Тыныстанов атылып кеткенден кийин, 1938-жылы тил мыйзамына, ыргагына ылайыксыз нерселерди Батманов баштаган окумуштуулар саясатка ылайыктап кабыл алышкан. Кийин 1940-жылы, кайра 1953-жылы жаңы орфография эрежелерин кабыл алышып, жаңыларына эскилер негиз болуп берген. "Улутчул" аталгандан алыс болуш үчүн, көп сөздөр орусча кандай болсо ошондой жазабыз деп чыгышкан. Орустар болсо башка тилден кирген сөздөрдү өздөрүнө ылайыктап киргизишти. 1953-жылы улуу орус эли деген ураан күчөп турганда, орфография да бир топ катачылыктар менен кабыл алынган. Аны кабыл алгандар бир топ маселелерди терең изилдешкен эмес. Орус тилинен кирген сөздү кандай кирсе ошондой жазуу тил мыйзамына каршы келет. Эмне үчүн орус тилинен кирген сөздөр кыргыз тилинде өзгөртүлбөй жазылышы керек да, башка, мисалы, англис тилинен кирген сөздөр өзгөртүлүп жазылышы керек? Мындайда ар бир жаңы кирген сөздү тил мыйзамына ылайыктап жазуу биринчи орунда туруш керек. Мисалы, газета деп жазабыз, гезит деп айтабыз. Жалалабат, Каракол, Атбашы деген аттар 1934-38-40-жылдардагы эрежелерде бириктирилип жазылса, 1953-жылы гана бөлүнүп жазылып турат. Бөлүп жазуудагы негизги принцип - жер, суу аттары эки же бир нече сөздөн турса дефис менен бөлүп, чоң тамга менен жазуу гана. Түрк тилдеринин ичинен кыргыз тилинде гана сингармонизм мыйзамы катуу сакталат. 2002-жылдагы жаңы орфография эрежелеринде энчилүү кошмок сөздөрдү, жалпы кошмок сөздөрдү кошуп жазуу жана орус тилинен кирген сөздөрдү кыргыз тилине ылайыктап жазуу жөнүндөгү үч гана өзгөрүү кирген, калганы 1953-жылдагы эреже боюнча калган.
- 2002-жылкы жаңы эрежелерди эл кабыл алган жок, тил элдин энчиси, элди талкуулатпай туруп кабыл алып коюшкан дебатышпайбы?
- Орфографияга өзгөрүүлөрдү киргизүү аракети 1985-жылы эле башталып, бул боюнча беш-алты жыл ичинде 360 макала жарык көргөн. Негизги маселе: куйруктууларды киргизүү (к, г, ж), орус сөздөрүн которуп жазуу, иоттошкон тамгаларды алып салуу жана жалпы кошмок сөздөрдү бириктирип жазуу деген төрт талап коюлган. 1995-жылы эле жаңы редакция иштелип чыккан, бирок бекибей жатты. Осмонакун Ибраимов катчы кезинде академиянын кичи залына 90дой окумуштуу-жазуучуларды жыйып, жаңы редакциянын ар бир статьясына кол көтөртүп атып, 2002-жылы орфографиянын жаңы редакциясы кабыл алынган. Мен Көлдө иштечү элем, чакыруу менен келип, ошо жыйында ар бир статья боюнча комментарий берип чыктым. 34 тыбышты ошондо да компромисс жолу менен макулдашканбыз. Кыргызда ц, щ деген тыбыштар жок, бүгүн да булар мен үчүн кыргыздыкы эмес. Ошондо эле жаңы кабыл алынган эреженин 20 пайызына каршы болгом. Мисалы, иттин, мышыктын атын эмне үчүн чоң тамга менен жазабыз да, элдин, уруунун атын "сарыбагыш", "моңолдор" деп кичине тамга менен жазабыз? Тил маселесин кол көтөрүү менен эмес, илимий талкуу менен гана чечүүгө болот. Ташбоо Жумагуловдун агезде дайыны жок эле, кийин эле кыйын тилчи болуп чыга келди. Ошогезде эмнеге өз оюн айткан эмес? Тил комиссиясында отургандардын көбү орфографиянын тарыхын билишпейт. Ошон үчүн жанагыдай сөздөр чыгып жатат. Ошо жыйында биз тилчибиз, сөздү тил мыйзамына ылайыктап гана жазып берели деп чечкенбиз.
- Ысык-Көлдү кошуп жазса чалкыбай, Ала-Тоону бириктирсе тообуз кичирейип калат дегендерге не дейсиз?
- Тил үчүн бул болбогон нерсе, буга күлкүң гана келет. Андан көрө, эл ушуга көнүп калыптыр деп ачык айтышса жакшы болмок. Бөлүп же чогуу жазгандан эч нерсе өзгөрбөйт. Кошмок сөздөрдү лексикалашып кеткенине байланыштуу гана чогуу жазалы дегенбиз. Мисалы, алпкаракуш, колбашчы, жолбашчы, тиригарак деген сөздөр бир маани билдирет. Тилчи тил мыйзамын жазбайт, болгону тилдеги өзгөрүүлөрдү, жаңылыктарды элге ачып берет.
- Кийинки комиссия сизди иштешүүгө чакырды беле?
- Жок. Тил комиссиясы окумуштууларды бири-бирине каршы кылбай, чогуу иштесе жакшы болмок. Эми тилчилер эки жылдан кийин кайра жаңы эреже иштеп чыгып бекиттирбейт деп ким кепил болот? Негизи, эрежелерди министрликтин буйругу менен деле өзгөртүүгө болот. Эгемендүү өлкө болгондон кийин, илгери улутчул болуудан корккондордун каталарын оңдоо керек эле да.


Сүйүнтбек Ибраимов,
филология илим доктору:
- Элүү жылдан ашык мыкты иштеп келген орфографиябыз эмне үчүн жарабай калат? Орфография боюнча Карасаевден өткөн кеменгер болгон эмес. Ал: "Орфографиянын бир эле эрежесин же алфавиттин бир эле тамгасын өзгөртсөк, окуу, басма ишине аябагандай бүлүк түшөт" деген.
- Окумуштуулардын дымагынан улам орфография өзгөрүп жатат дешет. Сиздин оюңузча, Б.Орузбаева, Т.Акматовдун дымагы күчтүүбү?
- С.Мусаев үчөөнүн дымагы өтө катуу болуп кетип, ошонүчүн абал жакшы эмес.
- Сиз кийинки комиссиянын төрагасы болупсуз. Долбоорду иштеп атканда үчөөнүн оюн уккан жоксуздарбы?
- Комиссиянын атынан чакырсак такыр келбей коюшту. Булар алп кара куш, көз айнек, ден соолук дегенди бирге жазабыз дешет. Биз ошолорду бөлөлү дедик.
- 2015-жылы дагы бирөөлөр орфографияны өзгөртөбүз десечи?
- Өзгөртпөсүн. Жазуу деген консервативдүү болуш керек. Ушу үчөө 1995-жылы А.Жумагуловго кол койдуруп, кайра дагы өзгөртүүлөрдү киргизип, 2002-жылкы жаңы редакцияны чыгарышты. Мунун эмне кереги бар эле? Биздин оюбузча, 1953-жылдагы орфография туура. Тигилер сөздүн айтылышына таянып жатышат. Бул туура эмес, тилдин айтылышы бир башка, жазылышы бир башка болот. Сүйлөп атканда сөздөр ар кандай угула берет. Жазганда ошолорду бир эрежеге баш ийдирүү керек.

Тилибиздин абалы ансыз деле начарлап баратканда, алты жылда орфографиянын эки өзгөргөнү, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылды. Бир топ окумуштуулар менен сүйлөшсөм, бири-биринин пикирин укпай, "ал ким экен, орфографияны менден кыйын билген киши жок" деген тирешүү маанайын байкадым. Кыргыз тилин башка улуттар үйрөнмөк тургай, кыргыздардын башын айланткан мындай абалда тилибиз өнүкпөй эле өзүнөн-өзү жоголот го. Кыргыз тилин көрүнгөн мекеме комиссия түзүп, өзгөртө берүүгө укугу болсо, анда килейген академияны, тил, адабият институтун кармап не кылабыз?

Аскер САКЫБАЕВА