"Агым", 05.09.08 - 17-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Бишкекский гуманитарный университет

Международная программа двойных дипломов:
БГУ (Кыргызстан), ПГУ (США)
Магистр Бизнес Администрирования (МВА) США
в Бишкекском гуманитарном университете
В последние годы в мировой системе высшего образования активно развивается такая форма сотрудничества университетов, как реализация международных программ двойных и совместных дипломов. Бишкекский гуманитарный университет ведет активную и целенаправленную работу в этом направлении. Благодаря его усилиям сегодня у кыргызстанцев появилась прекрасная возможность получить одновременно кыргызское и американское образование и дипломы - США и Кыргызстана. А это открывает новые грани международного сотрудничества, создает условия для роста качества отечественных образовательных программ, их привлекательности и конкурентоспособности, и является еще одним шагом интеграции Кыргызстана в мировое образовательное пространство.

Бишкекский гуманитарный университет (БГУ) совместно с Питтсбургским государственным университетом (ПГУ), штат Канзас, США, на основе заключенного Меморандума, объявляет прием в магистратуру - Магистр бизнес администрирования (МВА) .
Учебный план МВА составлен с учетом требований Государственных образовательных стандартов КР, а также системы образования США, по принципам дуальных программ.
Программа предусматривает обучение в течение 2 лет: 1 год - в БГУ, 1 год - в США. По окончании будут выдаваться диплом государственного образца Кыргызской Республики, а также Питтсбургского государственного университета с присвоением степени магистра ПГУ США.
На программу МВА принимаются лица, имеющие дипломы бакалавра, или дипломированного специалиста.
Обучение - на контрактной основе. Язык обучения - английский и русский.
Учебный процесс обеспечивается профессорско-преподавательским составом из числа высококвалифицированных специалистов Кыргызстана и США.
В целях введения инвариантности профессиональных образовательных программ для подготовки специалистов с учетом мировой практики данная программа поддержана Министерством образования и науки КР.

Прием документов осуществляется с 25 августа 2008г.
Адрес: г. Бишкек, пр. Мира 27, Бишкекский гуманитарный университет
тел.: 49-40-56, 49-48-35, 49-40-46.




  Сахнасынак

КМШ жана Балтия өлкөлөрү арасындагы "Беш жылдыз" телефестивалы соңуна чыгып, Кыргызстан намысын коргогон Гүлзинат Суранчиева Сочи шаарынын атайын сыйлыгына татып, каалаган учурунда, каалаган эсалуу жайында демалууга жолдомо алып кайтты. Ырчы кыз жана "Беш жылдыз-2008" боюнча Улуттук биринчи каналдын координатору Айнура ТОКТОШЕВА сынактан кийинки ойлорунан бөлүшүштү.

Айнура ТОКТОШЕВА:
"Беш жылдыздын бири - кыргыз"
- Адатта кыргыз артисттери чет жерде далай тоскоолдукка кабылышарын айтып калышат го. Силер кыйынчылык тарткан жоксуңарбы?
- Баары жайында эле болду, алгач барганыбызда бизди Кыргызстан элчилиги жана фестивалдын уюштуруучулары тосуп алды. "Останкинодон" алыс эмес мейманканага жайгаштырышты. Өзбекстандын гана катышпай калганы табышмак бойдон калды. Балким алар калыстар тобуна төрагалык кылган Иосиф Кобзондун Ортазияга болгон мамилесин билип катышпай койгондур. Ал эми Грузиянын катышпагандыгынын себеби түшүнүктүү, болбосо калган бардык республикалардан өкүлдөр келишти. Жаңы барганыбыздан бир саат өтпөй даярдыктар башталды. "Фабрика звезд" долбоорундагы жылдыздуу үйдө түнкү 2лерге чейин даярданып аттык. Фестивалдын гимни жазылды. Төрт күнкү репетициядан кийин эле кимдин ким экени аныкталып калды. 11 өлкөдөн төрт жылдыз алдыга чыгып калды - Армениядан - Рамзик, Россиядан - "Кватро", Латвия - Амбер жана биздин Гүлзинат.
- Жыйынтыкка келгенде тескерисинче…
- Негедир конкурс Сочиге жеткенде саясатташтырып жиберишти. Москвадагы басмасөз жыйынында бир гана атайын сыйлык ыйгарылып, калгандарынын баары смс-добуш берүү менен жүрөт деп айтылган. Ортазияга жетим баладай мамиле жасалгандыгын башта сезгенибиз менен көп оюбузга албайлы дегенбиз. Жыйынтыкка көңүлүбүз чөккөн жок, себеби, биздин кызыбыз кыргыз намысын татыктуу коргоп берди.
- Рейтинг боюнча Гүлзинат төртүнчү орунда келатпады беле?
- Атургай, смс-добуш берүү боюнча да Гүлзинат төртүнчү орунда болчу. Бирөө гран-приге илингенде, биринчи орунга чыккан үч катышуучунун бири - Гүлзинат болмок. Расмий түрдө Сочи шаарынын сыйлыгы берилгенине күбө болдуңар.
- Тажикстандык Тахмина жанагы сиз айткан төрт жылдыздын ичинде болбосо, кайдан баш байгеге илинип калды?
- 19 гана жашта экен. Балким, жаштыгы менен, балким, саясат жүрдүбү, ким билет. Профессионалдык жактан ал кыз үчүнчү орунга да татыбайт эле. Менимче, мында ким кандай ырдап чыкты эмес, кимдин артында ким турат, кандай сүйлөшүү жүрдү, кайсы мамлекет деген маселе чечип кетет экен. Кыйын политологдор конкурсанттарды карабай эле, мамлекеттердин тизмесин карап туруп гана анализ берип коймок болуш керек.
- Эгер ушундай саясат жүрө турган болсо, анда катышуунун кандай зарылдыгы бар?
- Биз катышабыз. Эгер саясат улана бере турган болсо, бир чоң саясатчыны алпарабыз. Теледолбоор болгондуктан, биз аларга ишендик эле.
- Россиянын 1-каналы калыстар тобуна эч кандай таасир эталбадыбы?
- Уюштуруучуларда күнөө жок. Бул башкы калыс И.Кобзондун чечими. Ошол жердегилер деле А.Пугачева келгенде башкача болмок деп жатышты.
- Башкы калыс И.Кобзон менен Актандын ортосунда "Грузия-Түштүк Осетия конфликти боюнча позицияңарды билдирген эмессиңер" дегендей сөз болгону чынбы?
(Уландысы 32-бетте)